Menu

Bombardier Challenger учагы

Мамлекеттик делегациялардын чет жакка сапарлары үчүн жаңы учак сатып алынат

Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет элдик сапары үчүн жаңы учак сатып алуу чечимин кабыл алды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев менчик учакты лизингге алуу иши аяктап жатканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот. Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө сапарлары үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы”, – деп жазды Султанбаев.

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Катарга болгон иш сапарына менчик учак менен кеткени талкуу жараткан. Жергиликтүү басылмалар мамлекет башчынын Бишкек-Доха сапары 25-30 миң долларга бааланганын жазышкан.
20-сентябрда президент АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, сыноо режиминде барып келгени, кыргыз тарап күйүүчү майын гана камсыздап бергени расмий кабарланган.

Меню