Menu

Centerra Gold Inc.

Centerra Gold Inc. акционерлеринин кезексиз жыйналышы Кумтөр кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргызстан менен макулдашуунун шарттарын бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Centerra Gold Inc. акционерлеринин 2022-жылдын 25-июлунда өткөн кезексиз жыйналышынын Кумтөр алтын кени боюнча өз ара дооматтарды глобалдык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен макулдашуунун шарттарын бекитүү боюнча чечимин колдоого алат.

Макулдашууну аткаруу алгоритмине ылайык, Кумтөрдү кыргыз тараптын толук контролуна өткөрүп берүүнү тариздөө жол-жобосун аяктоо боюнча бир нече техникалык жол-жоболор калды.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдеги элге кайрылуусунда Кумтөр кенин Кыргыз Республикасына кайтаруу жөнүндө түзүлгөн макулдашууну өлкөнүн ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүүдөгү чечүүчү учур катары атаган.

Түзүлгөн макулдашуу төмөнкүдөй пункттарды камтыйт:

Кумтөр кени толугу менен кыргыз тараптын контролуна өтөт. Ошол эле учурда кыргыз тарап 2021-жылдын 15-майынан тартып алынган бардык пайданы өзүндө калтырат.

Мындан тышкары, Centerra Gold Inc. 11 млн АКШ долларына жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет.

Ошондой эле Centerra Gold Inc тарабынан кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

Кыргыз Республикасына ошондой эле 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү Кумтөр кени боюнча рекультивациялоо фондун башкаруу да өткөрүлүп берилет.

Centerra Gold Inc. 2021-жылдын май айында жеткирилген алтындын партиясы үчүн 29 млн АКШ долларын төлөтүү жөнүндө талаптан баш тартат жана кыргыз тарапка каршы АКШда, Швецияда жана Канадада демилгеленген бардык сот процесстерин токтотот.

Centerra Gold Inc. "Кыргызалтынга" каршы арбитраж сотуна кайрылды

Centerra Gold Inc. компаниясы 7-июлда кыргыз өкмөтүнө каршы арбитраж сотуна кошумча арыз жазганын кабарлады. Компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө доо арыз “Центерранын” ири акционери “Кыргызалтын” ишканансына каршы жазылганы айтылат.

“Центерра” “Кыргызалтын” кенге ээлик кылуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү менен жең ичинен сүйлөшүп алган деп эсептейт.

“Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүн жана “Кыргызалтын” ишканасын алтын кенди тартып алуудагы аракеттеринин натыйжасында учураган бардык чыгымдар үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн умтулат жана улутташтырууга жол бербөөгө аракет кылат”, – деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.

Кыргызстан май айында “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизип, өзүнө алган. Канадалык компания бул эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирген.

17-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

12-майда ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми “Центерра Голд” 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган. Centerra Gold мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын “Центерра Голд” компаниясы 31-майда жарыялаган.

Компания Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөп, ошого жооп жана кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чара катары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын билдирди. Кыргыз өкмөтү ортодогу инвестициялык келишимди бузганын белгиледи.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню