Menu

COVID-19

АКШ COVID-19дун келип чыгышы тууралуу Чалгын кызматынын маалыматтарын ачыктайт

АКШнын президенти Жо Байден чалгындоо кызматтарын COVID-19дун келип чыгышы тууралуу болушунча көбүрөөк маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттендирген мыйзамга кол койду.

“Биз COVID-19дун келип чыгышы, анын ичинде коронавирустун Ухань шаарындагы вирусология институту менен ыктымал байланышын аныкташыбыз керек. COVID-19 боюнча болушунча көбүрөөк маалыматты ачыктоо тууралуу Конгресстин максатын колдойм. Бирок маалыматтар толук жарыяланбайт, анткени ал улуттук коопсуздукка зыян алып келиши мүмкүн”, – деди Байден.

Марттын башында АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирген. Анын айтымында, мекеме “көптөн бери эле” бул версияны приоритеттүү деп эсептеп келген.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганына байланыштуу быйыл февралдын ортосунда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган.

Бээжин COVID-19 кытай лабораториясында тараганы боюнча божомолдорду бир канча жолу “негизсиз” атап, АКШда да коронавирус изилденгенин жана вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

ФБРдин башчысы COVID-19дун чыгышына Кытайдагы лаборатория себеп болушу мүмкүн деп эсептейт

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) директору Кристофер Рэй Fox News телеканалына берген маегинде COVID-19 кытай лабораториясынан тараган деген версияга көбүрөөк ыктап жатканын билдирди.

Апта башында АКШнын Энергетика министрлиги да коронавирус кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасаган. The Wall Street Journal басылмасы бул эки мекеменин позицияларынын дал келүүсүнө карабастан, алар мындай гипотезага түрдүү себептерден улам келишкенин белгиледи.

Кристофер Рэй Кытай өкмөтү пандемиянын себептерин иликтөө боюнча АКШнын аракеттерин токтотууга умтулганын билдирди. “Кытайдын өкмөтү АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн өкмөттөрү аткарып жаткан иштерге тоскоолдук кылып, аларды адаштыруу үчүн болгон аракетин жумшады”, – деди ал.

Буга чейин вирустун пайда болушун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да изилдеген. Бирок Кытайдан маалымат чогултуу кыйындаганда ал иш токтогон.

Коронавирустун алгачкы учуру 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. 2020-жылдын 11-мартында ДССУ аны пандемия деп жарыялаган. Уюмдун кызматкерлери 2021-жылы Ухандагы лабораторияга барып кеткенден кийин вирус ал жактан тарады деген ыктымалдык аз экенин билдиришкен. Бирок сынга кабылган уюм инфекция лабораториядан келип чыккан деген версияны жокко чыгаруу эрте экенин моюнга алган.

Кытай өз кезегинде андай божомолдорго “негиз жоктугун” айтып, АКШ да коронавирусту изилдегенин, вирус ошол жактан жайылганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө COVID-19га 700 миллионго жакын киши кабылып, көз жумгандар 7 миллионго чукулдады.

Кытайда COVID-19дан өлгөндөр көбөйүп, крематорийлер толуп калды

Кытайда COVID-19дун жапырт жайылуусунан улам каза болгондордун саны өсүп, крематорийлер сөөктөргө толуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кытайлык сөөк коюу тармагынын кызматкерлерине жана эксперттерге таянып кабарлады.

Бээжиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылууда.

Bloomberg агенттиги акыркы убакта Кытайда сөөктөрдү көмүскө кремациялоо бизнеси көбөйгөнүн белгиледи. “Эгер мурда кызмат үчүн бир нече миң юань төлөнсө, оорудан өлгөндөр көбөйгөндө ал он миңдеген юанга өстү. Айрым жерлерде кызмат үчүн 88 миң юанга чейин төлөнүүдө”, – деп жазды басылма.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам декабрдын аягында Италия, АКШ, Жапония, Индия жана Малайзия өңдүү бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өткөн. Ага чейин катаал карантиндик шарттарга каршы нааразылыктардан улам кытай өкмөтү ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Bloomberg басылмасы Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жабык жыйынына таянып, декабрдын башынан бери өлкөдө коронавирусту 248 млн. киши жуктуруп алганын жазган.

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат

Кыргызстанда эртең, 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынды. Бул чечимге Миристрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада деп билдирүүдө.

Министрлик COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын санын эки аптада бир жарыялап жатат.

17-23-октябрда Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган.

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын 7-июлуна карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кандайдыр-бир чектөө киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу окуянын ар кандай өнүгүү сценарийине жооп кайтаруу үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар бар.

Эдил Байсалов белгилегендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарыл. Түзүлгөн шартта коронавирустук инфекцияга каршы вакцина албагандар, коронавирустук инфекцияга каршы эмделбеген калктын бөлүгү өлүмгө дуушар болуу тобокелдигине кабылат.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары тийиштүү мамлекеттик органдарга өлкө калкын эмдөөнү активдештирүү багытындагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Оперативдүү штабдын мүчөлөрү өлкөдө 2020-жылдын март айында киргизилген коронавирустук инфекция боюнча өзгөчө кырдаал режимин сактоо чечимин кабыл алышты.

Орусия COVID-19га байланыштуу киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат

Орусия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат.

Орусия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган.

1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып, беткап режимин жойгон.

Мекеме бул чечимин COVID-19 жуктаргандардын саны төрт айдан бери туруктуу түрдө азайып жатканы менен түшүндүрүп, бирок эпидемиологиялык абал начарласа чектөөлөр кайра киргизилерин эскерткен.

Дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы бир жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган 4 миллиондон ашык жаңы учур катталды. Бул аралыкта Жакынкы Чыгышта COVID-19 жуктургандардын саны 47%, Европада 30% өстү.

Кыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катталбай жатат. Өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 200 990 адам, 2991 бейтап көз жумду.

Жалпысынан коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, толук эмделгендер 1,3 миллионго чукулдады. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Апрелдин башында Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 20% жете электигин билдирген. Мындай төмөн көрсөткүчкө медиктер арасында өздөрү эмдөөнү толук түшүнбөй, калкка жеткиликтүү маалымат бербей жатканы себеп экени айтылган.

АКШ өлкөсү Кыргызстанга 450 миң доза Pfizer вакцинасынын жаңы партиясын алып келди

24-январь, 2021-жыл – БИШКЕК – 22-январда Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк кө катары берип жатат.

«Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушун үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат», – деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргыз Республикасына Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

“АКШ өкмөтүнүн жана башка эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен вакциналар Кыргызстанда бардыгына жеткиликтүү. Мен бардык кыргызстандыктарды оорунун оор агымынан өзүн жана жакындарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө чакырам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө – COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири”, – деди Бектурганов Улук-Бек, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

COVID-19: Бишкек шаары "кызыл зонага" кирди

Бишкек шаарында бир сутканын ичинде коронавирус жуктургандардын саны 345ке жетип, “омикрон” штаммы да катталгандыктан “кызыл зонага” кирди. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Башкалаада вирус жугузгандардын ичинен 303 бейтаптын оорусу жеңил формада, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылды, бир суткада эки киши каза тапты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, 118 кызматы телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Борбор шаардагы мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камсыздоону жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө транспорт, соода борборлорунда, тамактануу жайларында, оюн залдарында эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү каралууда.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлаган.

12-январда Кыргызстанда коронавирус жуктургандар акыркы беш айдагы рекорддук чекке жетип, 465 адамдан аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары. Бул ооругандар тууралуу расмий гана эсеп.

Жасалма эмдөө сертификаттарынан улам дарыгерлер иштен алынды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди.

Ага ылайык, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Мунун алдында айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыккан.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан тартып берилет. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган. 18-ноябрдан баштап 16 жашка толгондорго вакцина алууга уруксат берилген. Препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болору айтылган.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Меню