Menu

Facebook корпорациясы

Россия Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүн террористтердин тизмесине киргизди

Орусияда согушка каршы “Весна” жаштар кыймылы менен Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган америкалык Meta корпорациясы экстремизмге жана терроризмге тиешеси бар уюмдардын тизмесине киргизилди.

Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги Каржы көзөмөлү боюнча федералдык кызматка шилтеме кылып кабарлады.

Сентябрдын аягында Санкт-Петербург прокуратурасы “Весна” жаштар кыймылын экстремисттик деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну талап кылган. Орусия Украинага басып киргенден кийин “Весна” жарандарды согушка каршы митингдерге жана акцияларга катышууга чакырган.

Май айында бул кыймылдын сегиз мүчөсүнө “Жарандардын инсандыгын жана укуктарын бузган бейөкмөт уюм түзүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сентябрда бул иш “Адамдарды жапырт башаламандыктарга тартуу” беренеси менен март айында козголгон кылмыш ишине бириктирилип, бир өндүрүшкө алынганы белгилүү болгон. “Веснанын” мүчөлөрү бул беренелер менен күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл марттын аягында Москва шаардык соту америкалык Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таап, Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө тыюу салынган. Анда корпорацияга таандык WhatsApp мессенджерине тыюу салынбаганы, анткени ал “жалпы элге маалымат таратпай турганы” кабарланган. Ошол эле маалда тыюу салынган соцтармактарды колдонуу үчүн жарандар менен уюмдарга эч кандай жаза каралган эмес.

Орусияда Каржы көзөмөлү боюнча федералдык кызматтын бул тизмесине киргизилген адамдар менен уюмдардын бардык эсептери жана банк караталары бөгөттөлөт. Бүгүнкү күнгө карата экстремизм менен терроризмге тиешеси бар уюмдардын тизмесине 534 уюм киргизилген. Алардын арасында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жана штабы бар.

КР Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен бирдикте чет өлкөлөрдөгү кыргыз мекемелеринин кызматкерлери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү

9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «Фейсбук» корпорациясы менен бирдикте Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү.

Иш-чара дипломаттарды кеңири аудиторияга жеткирүү жана эларалык маалымат мейкиндигинде өлкөнү жана анын кызыкчылыктарын эффективдүү пропагандалоо үчүн социалдык тармактарды колдонуунун мыкты көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган.

Вебинардын ачылышында Фейсбуктун Коомдук саясат боюнча башчысы Джордж Чен сөз сүйлөдү, ал Кыргыз Республикасы санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи. Мунун себептеринин бири – Кыргызстандын активдүү санариптик трансформациясы, буга байланыштуу ал «Фейсбук» корпорациясынын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өзүнүн жооп сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Фейсбуктун бардык командасына вебинарды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү, ишенимдүү маалыматты кеңири аудиторияга жайылтуу жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү үчүн социалдык тармактарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Элчилиги менен биргеликте Фейсбук жана Инстаграмдагы элчиликтердин жана консулдуктардын баракчаларын верификациялоо үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Фейсбук командасына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Социалдык Коргоо министрлигине COVID-19 эмдөө программасын жарнамалоого жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди жана бул маселе боюнча мындан ары тыгыз кызматташууга үмүт билдирди.

Меню