Menu

HIMARS ракеталык комплекси

АКШ Украинага дагы 18 даана HIMARS ракеталык комплексин берет

АКШ Украинага 1,1 миллиард долларга тете кезектеги курал-жарак топтомун берерин жарыялады.

Пентагон билдиргендей, алардын арасында HIMARS ракеталык комплексинен 18 даана, анын октору, 150 бронетехника, 150 тактикалык транспорттук каражат жана иран өндүрүшүнөн чыккан учкучсуз учуучу аппараттардан коргой турган системалар бар. Бул дрондорду Орусия соңку мезгилде согуш талааларында колдонууда.

AFP агенттиги белгилегендей, орусиялык аскерлер Украина аймагына толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери Кошмо Штаттар украин армиясына жалпысынан 16 миллиард доллардан ашык жардам берди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчылыгы, чет элдик чалгындар жана аскер эксперттери июнь айынын аягынан бери украин армиясы колдонуп жаткан HIMARS ракеталык комплекстери согуштук аракеттердин жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизип жатканын белгилешүүдө. Украин бийлиги согушта жеңишке жетүү үчүн аларга кеминде эле ушундай дагы 200 система керек экенин айткан.

Меню