Menu

Human Rights Watch уюму

HRW кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна чочулоосун билдирди

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт. Мындай билдирүү эл аралык уюмдун сайтына жарыяланды.

Анда HRW жаңы сунушталган мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет деген чочулоосун билдирген.

“Кыргызстандын өкмөтү жарандык коомдун ишмердигин чектеген пландарынан баш тартып, анын ордуна эркин чогулуу укугун камсыздоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарышы керек”, – деп билдирген Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан. Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан “Бир Дүйнө Кыргызстан” кыймылы жана “Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

19-ноябрда Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү.

“Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндөгү азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.

HRW Европа Биримдигин Борбор Азиядагы тынч митингдерди күч менен басууларга жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга көңүл бурууга чакырды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Европа Биримдигин тынч нааразылык акцияларына көрсөтүлүп жаткан кысымга жана Борбор Азиядагы чек ара жаңжалдарына көңүл бурууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсү ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелдин Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен 17-18-ноябрда Самаркандда белгиленген жолугушуусунун алдында жарыяланды.

Human Rights Watch уюму 15-ноябрдагы билдирүүсүндө Евробиримдикке Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы тынч демонстранттарга каршы репрессия маселесин көтөрүү сунушун берген.

Быйыл бул өлкөлөрдө ири нааразылык акциялары болуп, бирок күч кызматкерлери митингдерди күч менен басып, ондогон кишилер өлдү.

Human Rights Watch мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышты да талкуулоого үндөйт.

HRW кыргыз бийлигин активисттерди бошотууга чакырды

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда саясатчыларды жана активисттерди жапырт кармалгандарды бошотууга чакырган билдирүүсүн жарыялады.

“Бийлик кармалгандардын баарын кое берип, алардын укугу, анын ичинде тергөөдө жана соттук териштирүүлөр учурунда да.корголушун камсыз кылышы керек”, – деп жазылган анда.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрга караган түнү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алган чечим чыгарган.
Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Арасында саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин, Рита Карасартованын камак мөөнөтү 21-декабрга чейин деп белгиленди.
Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты. Сот ишин таңкы саат бешке чейин улантты.
Чечим чыккандар:
1.Азимбек Бекназаров
2.Асия Сасыкбаева
3.Али Шабдан
4.Рита Карасартова
5.Айданбек Акматов
6.Равшан Жээнбеков
7.Кубанычбек Кадыров
8.Чыңгыз Капаров
9.Перизат Суранова
10.Кеңешбек Дүйшөбаев
11.Нурлан Асанбаев
12.Эрлан Бекчоро уулу
13.Айбек Бусурманкулов
14.Таалайбек Мадаминов
15.Улукбек Маматаев
16.Гүлнара Журабаева
17.Клара Сооронкулова
18.Бектур Асанов
19.Талант Эшалиев
20.Жеңиш Молдокматов.
Бүгүн, 25-октябрда активист Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралары кабарланган.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар акыркы күндөрү “Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы” болуп келаткан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.
Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган.
24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.
Садыр Жапаров ушул күнү улуттук “Кабар” агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Меню