Menu

Human Rights Watch  эл аралык укук коргоо уюму

HRW эл аралык уюму Сокулукта бычакталган келин боюнча билдирүү таратты

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келин жөнүндө макала жарыялады.

Анда келиндин окуясы кенен баяндалып, өлкөнүн укук коргоо органдары начар иштегендиктен үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы айтылат.

Уюм 2022-жылы Кыргызстанда 6580 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 2709у гана сотко жеткенин белгилеген. HRW кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга кескин чараларды көрүүгө чакырды.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөн. Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

HRW тажик бийлигинен Тоолуу Бадахшандын жашоочуларына карата куугунтукту токтотууну талап кылды

Human Rights Watch  эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин мыйзамсыз камоолорду жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочуларын адилетсиз соттоону токтотууну талап кылды.

HRW 23-августта тараткан билдирүүсүндө “Тажикстандын бийлиги бул тажрыйбага чекит коюп, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо үчүн эл аралык келишимдерди аткарышы керек” деп айтылган.

Укук коргоо уюмунун кайрылуусунда Тоолуу Бадахшандын ондогон жашоочусу май айындагы митингдерден кийин кармалганы, адвокаттар киргизилбей жатканы жана алардын күнөөсү далилденбей адилетсиз соттолушу ыктымал экени белгиленген.

Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык учурунда ондогон киши өлүп, укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде аймактын активисттерин кармап кеткен. Алар башаламандыктарды уюштурууга айыпталып, айрымдары узак мөөнөткө соттолду. Кармалгандар жана алардын туугандары айыптоолор негизсиз экенин билдирип келишет.

Меню