Menu

JICA агенттиги

Япониянын JICA агенттигинин Кыргызстандагы «Бир айыл – бир продукт» долбоору 593 продукция иштеп чыгып, айрымдары чет өлкөгө экспорттоло баштады

«Бир айыл – бир продукт» JICA долбоору мамлекеттик колдоого алынган улуттук долбоор болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Япон Эл аралык Кызматташтыгы агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген JICA делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун өлкөнүн аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеп, өндүрүлгөн продукция жакшы кабылданып, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатканын билдирди.

«Министрлер Кабинети бул долбоорду өлкөбүздүн айыл жеринде өндүрүшкө дем берүү жана аны жолго коюуга, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүгө, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү гана эмес, айыл тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган улуттук долбоорго айлантууну максат кылууда. “Бир айыл – бир продукт” долбоорун мындан ары илгерилетүүгө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү, аны мындан ары ишке ашырууда мыкты натыйжа берет деп ишенем. Жакын арада биз ири эл аралык өнүктүрүү институттарын тартуу менен бул программаны мамлекет тарабынан каржылоо моделин талкуулоого даярбыз. Биз бул программа келерки финансы жылынын башкы улуттук артыкчылыгы болушун каалайбыз. Мындан ары жергиликтүү бийликтердин жана Президенттик Администрациянын аймактарды тейлеген кызматкерлеринин ишинин бааланышы бул долбоордун өнүктүрүү менен байланыштуу каралат», – деди Акылбек Жапаров жана Япония Өкмөтүнө, Япониянын Кыргызстандагы Элчилигине, JICAга республика жана анын калкы үчүн маанилүү долбоорду Кыргызстанда ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Республикадагы JICA туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки өз кезегинде социалдык-экономикалык долбоордун натыйжалуулугун белгилеп, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган артыкчылыктарды эске алуу менен долбоорду мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Ал мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Маалымдама:

Бүгүнкү күндө 593кө жакын продукция иштелип чыгып, алардын айрымдары аймактык брендге ээ болуп, Бишкекте сатылууда, ошондой эле чет өлкөлөргө да экспорттолууда. Долбоор жаңы идеяларды жаратуу жана жаңы продукцияларды түзүү аркылуу өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.

Меню