Menu

NEXT телеканалы

NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалды

NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев 48 саатка камалды. Бул тууралуу адвокат Акмат Алагушев 4-майга караган түнү билдирди. Адвокат Дүйшембиевге «кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты.

– NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев убактылуу 48 саатка камалды. Эртең сурактар болот, анан бүрсүгүнү сот чечим кабыл алат. Эфирдин токтотулушу, мунун баары туура эмес деп ойлойм. Анткени маалымат такыр башка булакта жазылып атпайбы. Бул телеканалга эч бир тиешеси жок – деди Алагушев.

3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT телеканалына “улуттар аралык кастыкты козутту” деген негизде кылмыш иши козголгонун билдирген.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, “Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт” деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта “кастык козутуучу белгилер бар” деп тапкан.

NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин “Тажикстан менен Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр» деп айткан сөздөрү тараган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четкe каккан. Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Меню