Menu

Next TV телеканалы

Next TV телеканалынын журналисттери сурак берүүдө

“Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын эки журналисти Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берүүдө. Дагы эки кызматкери саат 14:00гө суракка чакыртылды. Бул тууралуу аталган телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

5-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиев эки айга камалган. Телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесиндеги эшиктерге мөөр басылып турат.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, “Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт” деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.

Телеканалдын адвокаты Акмат Алагушев Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме кылуу менен маалымат тараткан баракчанын NEXT TV телеканалына юридикалык тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Саясатчы Равшан Жээнбеков телеканалга козголгон кылмыш ишин өзүнө карата жүрүп жаткан басымдын уландысы деп атап жатат.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 6-мартта билдирүү таратып, “дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого” чакырды.

Меню