Menu

Prosperity CUP Kyrgyzstan инкубациялык программасы

Бүгүн Prosperity CUP Kyrgyzstan инкубациялык программасы башталды

Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыгы менен 70тен ашык стартап тандалып алынган. Белгилей кетсек, 10 күндүн ичинде стартаптар 10 000 доллардан ашык инвестиция үчүн күрөштө өз долбоорун жакшыртуу боюнча жигердүү иштешет.

Ачылышта Accelerate Prosperity программасынын өлкө боюнча директору Индира Узбекова жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Стефано Коррадо куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Коррадо мырза: “Accelerate Prosperity ASIA долбоору жаштардын ишкердигин колдоо жана өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Программа өзүнүн “жашыл” көз карашы менен айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргыз Республикасынын калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга мындан ары да салым кошо бермекчи». Ошондой эле тажрыйбалуу ишкерлер жана IT-долбоордун менеджерлери стартаптарга баалуу кеңештери менен бөлүшүштү.

Prosperity CUP алкагында катышуучулар командаларда жана насаатчы менен иштешет, баалуу сунушту аныктай алышат, стартаптын финансылык моделин иштеп чыгышат, аны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууну үйрөнүшөт жана башка көптөгөн нерселер. Эки жумага жетпеген убакыттын ичинде сиздин стартапыңыз гүлдөп-өсүү кубогу менен идея пайда болгондон баштап реалдуу инвестицияга чейин өсөт!

Prosperity CUP Kyrgyzstan бул Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген инновациялык жана санариптик стартаптар үчүн күчтүү түрткү, ал инвестициялык комитеттин алдында эң мыкты стартаптарды көрсөтүү менен аяктайт. Prosperity CUP Kyrgyzstan Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. AP Asia долбоору Евробиримдик жана Ага Хан фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл калкынын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Меню