Menu

Sinopharm вакцинасы

Кыргызстанга 1,25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

Кыргыз Республикасына республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Министрлер Кабинети жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Видео - Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы 1,25 млн доза вакцина жеткирилди

Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан атайы борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы жеткирилди.

Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасына көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянга, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнге Кыргызстанга вакциналарды алуу боюнча маселени ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтүүсү, ошондой эле вакциналарды гуманитардык жардам катары берүүсү үчүн ыраазычылык билдирет», – деди ал.

Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында Кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң кошумча дозасы келип жаткандыгын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы кыргызстандыктарды вакцинация боюнча кампанияга активдүү катышууга чакырды.

«Мен кыргызстандыктарды вакцина алууга, өз ден-соолугун жана туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугун коргоого чакырам. Вакцинация – коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн бирден-бир натыйжалуу жолу. Жарандарды санитардык коопсуздук ченемдерин сактоого – маска кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырабыз», – деди Улукбек Марипов.

Кыргыз Республикасындагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өлкөгө вакцинанын келиши, вакцинациялоонун темпин тездетүү республикадагы эпидемиологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын ден соолугун коргоого мүмкүндүк түзөт деп ишеним билдирди.

 

Меню