Menu

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү: АКШ Кыргызстанда жаш балдар үчүн 1500 китеп иштеп чыгууну каржылайт

Бүгүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 60 автор жана 30 иллюстратор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук жазуучулар союзунун жетекчиси Нурланбек Калыбеков жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс катышты.

Авторлор жана иллюстраторлор USAID уюштурган китептерди жазуу, кооздоо, калыптоо, рецензиялоо жана иштеп бүтүрүү боюнча интенсивдүү окутуу семинарларына катышышты. Окутуунун жүрүшүндө авторлор жергиликтүү жана эл аралык эксперттердин колдоосу менен өз чыгармаларын өркүндөтүштү. Алар электрондук китептерди жаратуу үчүн Bloom тиркемеси менен иштөөнү да үйрөнүштү.

“Мен чыгарманын түзүмүн сактоону, балдардын ой жүгүртүүсүнүн курактык өзгөчөлүктөрүн эске алууну, жаш окурмандар текстти мыкты түшүнүүсү үчүн лингвистикалык ченемдерди сактоону жана чыгарманын тарбиялык маанисине көңүл бурууну үйрөндүм”, – дейт Ольга Стародубова, долбоорго Ысык Көл облусунун Түп районунан катышкан автор.

2020-жылдан бери авторлор жана иллюстраторлор ар кандай жанрдагы, анын ичинде жомок, комикс, энциклопедия жана фэнтези китептердин 1,3 миңден ашуун жаңы аталыштарын иштеп чыгышты. Бул китептер үй-бүлө жана достук, ар түрдүүлүктү баалоо, сый-урмат, билимге умтулуу жана чыгармачылык сыяктуу баалуулуктардын калыптануусуна өбөлгө түзөт.

“Биз Кыргыз Республикасында жаш балдар үчүн китеп иштеп чыгуу боюнча эң ири демилгелердин бирин колдоп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул демилге таланттуу балдар жазуучуларынын жана иллюстраторлордун жаңы муунунун пайда болушуна өбөлгө түздү”, – деп билдирди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы директору Кайя Адамс.

Авторлор тарабынан түзүлгөн китептер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жана эл аралык электрондук Bloom Library китепканасында жеткиликтүү.

“Азыркы ааламдашуунун алкагында биздин аркабыздан кандай муун өсүп жатат, келечек муун кандай жолго баратат деген суроолорду эске алып, балдар адабиятына, балдардын көркөм сүрөт өнөрүнө жана көркөм искусствого көңүл бөлүп жаткандыгыңыздар бул өтө колдоого алаарлык көрүнүш деп ойлойм,” – деп өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев белгиледи. 

2024-жылга чейин USAID дагы 200 жаңы китеп аталышын иштеп чыгууну пландаштырууда. Тандалган китептер 1 миллионго жакын нуска менен басылып чыгып, жалпы республика боюнча мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга тапшырылат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682 мектепте ишке ашырылып жатат.

АКШ Кыргызстандагы 1,6 миңден ашуун мектептерге математика окутуу боюнча материалдарды тапшырды

Кечээ, 6-февраль күнү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) математика боюнча 3372 окуу-методикалык материалдардын топтомун – “Математикалык сандыкчаларды” Кыргыз Республикасынын 1682 мамлекеттик мектебине тапшырды. Бул көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын окуучуларына математикалык түшүнүктөрдү даана элестетип, так түшүнүүгө жардам берет. Материалдарды тапшыруу расмий аземи КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс жана Бишкек шаарында жайгашкан он мамлекеттик мектептин өкүлдөрүнүн катышуусунда №69-мектепте өттү.

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору иштеп чыккан “Математикалык сандыкчалар” геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары, палеткалар сыяктуу 27 түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдерди камтыйт. Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана “көрүүгө”, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

“Бул окуу куралдары мобилдүү, эффективдүү жана өз убагында берилүүдө. Кесиптештерим аларды алып, математика сабагында колдонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат”, – дейт Фарида Сабыралиева, Чүй облусунун А. Жаманбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими.

Көрсөтмө окуу куралдары башталгыч класстардын мугалимдерин окутуу модулдарынын мазмунуна ылайык иштелип чыккан. Бул окутуулар КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан өткөрүлүүдө. 2023-жылдын март айында 13 миңден ашуун мугалимдер математикалык модулдар боюнча окууну баштап, жаңы берилген материалдар менен математиканы окутууда кесиптик чеберчилигин жогорулатышат.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндө, бул материалдар жаш баланын окуусуна ыңгайлаштырылганын белгилеп кетти. “Бул материалдар окуучуларга математика көндүмдөрүн калыптандырууга чоң салым кылат”, – деп ишеничин билдирди министр.

“Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, – дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө республика боюнча 1682 максаттуу мектепте (мектептердин 75%на жакыны) ишке ашырылууда жана бүгүнкү күндө 450.миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларын камтыйт.

Меню