Menu

USAID Борбор Азияда

USAID Борбордук Азияда соода жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктерди белгилейт

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) беш жылдык регионалдык атаандашуу жөндөмдүүлүгү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоордун ийгиликтүү аяктаганын белгиледи. Бул долбоор Борбор Азиядан экспортко жана жашылча-жемиш, транспорттук-логистикалык жана туристтик секторлордо иш менен камсыз кылуунун жогорулашына шарт түздү.

Долбоор туристтик ассоциациялар, туризм боюнча улуттук комитеттер жана туризмди илгерилетүү боюнча жеке сектордун 400дөн ашык өкүлдөрү менен тыгыз өнөктөштүктө иштеди. Мисалы, социалдык медиадагы кампаниялар, анын ичинде эл аралык WideOyster журналындагы Борбор Азия жөнүндө атайын чыгарылыш  дүйнө жүзү боюнча 24 миллиондон ашык көрүүгө жетти.

Бул долбордун алкагында, USAID Кыргыз Республикасынын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн туристтик обьекттеринин жогорку сапаттагы 3D-панорамалык карталарын түзүүгө жардам берди. Ошондой эле USAID 31 жаңы жөө жүрүү маршруттарын иштеп чыгып, анын кеңири сүрөттөмөсүн жарыялады. Ал жөнүндө маалымат миллиондон ашык потенциалдуу туристтерге жеткизилди. Бул аракеттердин аркасында эл аралык Lonely Planet басылмасы Борбор Азияны 2020-жылдын январына карата дүйнөдө мыкты туристтик регион деп атады.

USAID долбоору экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшүү, бизнести өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн Борбор Азияда 34 инновациялык долбоорго $1,97 миллион гранттык колдоо көрсөттү. Бул колдоо менен өнөктөш компаниялар 634 жаңы жумуш ордун түзүүп, 37 жаңы рынокко чыга алды. Мисалы, Кыргыз Республикасынан чыккан «Ecomarket» компаниясы куурулган буурчакты жана кой буурчакты өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жаңы жабдуу алды. Бул компанияга өндүрүштүн көлөмүн эки эсе көбөйтүүгө жана өлкөдө тоют буурчактарын ири экспорттоочулардын бири болууга жардам берди. Бул кеңейтүү Ecomarket компаниясына буурчак жеткирген 500дөн ашык фермерге дагы пайда алып келди.

USAID жана өнөктөштөр Борбор Азиялык соода форумун түзүштү. Долбоор форумду таанымал бренд болушуна жардам берди, ал региондук сооданы жогорулатуу максатында өнөктөштүк мамилелерди жолго салуу үчүн 16 минден ашык бизнес өкүлдөрүн тартты. Ар жылдык форумдардын жүрүшүндө $88 миллиондон ашык суммага рекорддук сандагы келишимдерге кол коюлду.

Форумду өткөрүүдөн тышкары, долбоор Транспорт жана логистика боюнча өнөктөштүктү түздү. Ага Борбор Азиядагы 150 ири транспорттук-логистикалык союздар жана жеке компаниялар кирди. Өнөктөштүк соода тоскоолдуктарын жоюуга, товарлардын агымын жакшыртууга, региондук атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, транспорт жана логистика чөйрөсүндө иш менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган реформаларды сүрөмөлөөдө жеке сектордун жактоочуларына активдүү колдоо көрсөтөт.

Жалпысынан, USAID акыркы 20 жыл ичинде Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет жана региондук кызматташтыкты, бизнести кеңейтүү жана калкы үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча өзүнүн программаларын улантат.

USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорун жарыялады

5-октябрь, 2021-ж., Нур-Султан, Казакстан – Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда ишке ашырыла турган 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады. Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү Соната Коултер бул долбоорду кубаттап: “Борбор Азиянын кайрадан дүйнөлүк соода борбору болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул долбоор Борбор Азиянын аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз товарлардын тезирээк жүгүрүшүнө жана жаңы рыноктордун ачылышына жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз,” – деди.

Долбоордун алкагында үч стратегиялык максатка жетүү үчүн, USAID мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт. Биринчиден, бул долбоордун иши бажы жана чек ара процедураларын шайкеш келтирүү үчүн чыгымдарды азайтуу жана күтүү убактысын кыскартуу жана региондогу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. Экинчиден, долбоор өсүшкө түрткү бере турган жана инвестицияларды көбөйтө турган пайдалуу реформалар боюнча мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы диалогду жеңилдетет. Үчүнчүдөн, мындан тышкары, долбоор Борбор Азия чөлкөмүндө жана аймактан тышкары жайгашкан кызыктар болгон тараптардын транс ек аралык соода байланыштарын жогорулатууга өбөлгө түзүп бермекчи.

Меню