Menu

USDA

АКШнын айыл чарба министрлиги менен Мерсико уюму Кыргызстандын дагы 150 мектебине ысык тамак-аш уюштурат

20-февралда Жалал-Абад шаарында, МГД Мерсико программасынын өнөктөштөрүнө мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча катышуучуларга арналган багыттоочу жолугушуулар башталып, Бишкек, Баткен жана Ош шаарларында улантылат. Ага КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин (БИМ), КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөтү жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү; мектептин директорлору, райондук/шаардык СЭСтин жана райондук/шаардык билим беруү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Мерсиконун өнөктөштөрү жана кызматкерлери катышат.

Иш-чарада Мерсиконун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу (2021-2026)» (МГД) программасынын экинчи когортасына кирген мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча чечим кабыл алуучулар чогулат. Жолугушуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарындагы 150 мектепте программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды координациялоого багытталган.

Жолугугушуунун катышуучулары:

  • Мерсико МГД программасынын иш-чара планы менен таанышышат
  • мектептерде ысык тамак уюштуруудагы тоскоолдуктарды жана 2021-2023-жж. программаны ишке ашырып жаткан мектептердин ийгиликтерин талдашат
  • МГДнын экинчи когортасынын мектептеринде ысык тамакты өз убагында ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана камсыз кылуу боюнча бардык кызыкдар тараптардын ролун жана милдеттерин аныкташат
  • мектеп ашканаларын куруу, оңдоо жана инфраструктуралык иштердин негизги көлөмүн жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн белгилешет. 

Башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 4-декабрындагы №135 «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде ишке ашырылууда. Мерсико бул мыйзамда каралган балдардын укуктарына АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) тарабынан каржыланган МГД программасы аркылуу салым кошот. 

2021–2023-жж. программаны ишке ашыруунун биринчи этабында МГД 124 мектепти камтыган. Ал эми программаны ишке ашыруунун экинчи этабы («экинчи когорта») 150 мектепти камтыйт. Мерсико төмөнкү иштерде техникалык колдоо көрсөтөт:

  • мектеп ашканаларын ашкана жабдуулары менен жабдуу
  • инженердик-курулуш иштерин жүргүзүүдө мектеп жетекчилигине консультациялык кызматтарды көрсөтүү 
  • тамак-аштын алты түрү аркылуу балдардын рационун жакшыртуу. 

Мындан тышкары, ылайыктуу шарттары жана өбөлгөлөрү бар кээ бир мектептер бакчаларды уюштура алышат; жана суу менен жабдуу, санитария жана гигиена шарттарын жакшыртышат.

Мерсико – Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери иштеп келе жаткан эл аралык бейөкмөт уюм. Мерсико 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасында USDAнын колдоосу менен МакГоверн-Доулдун «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасын ишке ашырып келет. Толугураак маалымат алуу үчүн:

Меню