Бейшемби, 20 Июнь, 2019 - 3:24
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Апрель айында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кытайга жана Германияга барат

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Германияга барат. Ал апрель айынын ортосуна пландалган.  Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, азырынча так дата […]

Баткенде окуучулар эмдөө алгандан кийин ооруканага түшкөн

Баткенде эмдөөдөн кийин эки окуучу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Карамат Орозова билдирди. «Кээ бир балдардын абалы оор. Маалымат берүү керек, эл толкунданып жатат. Мындай кабарлардан […]

Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурумга алардын туугандары жана журналисттер киргизилген жок

Бишкектин Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук процесс уланууда. Айыпталуучулардын туугандары сот залына кире албай жаткандыгын билдиришти.  Ага журналисттер дагы […]

Валентина Шевченко, UFC чемпиону: “Ош базарын кыдырганды жакшы көрөм”

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы сапары учурунда эмне менен алек болорун айтып берди. «Бул жерде бир апта жүрөм. Өтө көп адам менен жоолуккум келет, бирок жетишпей калат […]

Депутат Асылбек Жээнбеков өлкөдө балык чарбачылык тармагын өнүктүрүү керек деп эсептейт

Бүгүн, 8-апрелде парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин өкүлдөрү  премьер-министрдин өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү үчүн отчетун угуп жатат. Депутат Асылбек Жээнбеков эмне үчүн аткаминерлер Кыргызстандын ИДПгы балык […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте боло турган өкмөттүн отчету учурунда министрлерге иш сапарга чыгууга тыюу салды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрлерге Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчету каралып жаткан учурда иш сапарларга чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин бүгүнкү отурумунда билдирди. Келе жаткан аптадан тарта парламентте өкмөттүн […]

Жогорку соттун төрайымы айлык акысына нааразы болгон сотторго бизнеске кетүүнү сунуштады

Райондук жана облусттук соттордун айлык акысы 25-35 миң сомду түзөт. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын аыйтымында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун […]

6-апрелде өтө турган съездге КСДПнын парламенттеги фракциясынын кайсы депутаттары катышат?

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова менен Анвар Артыков 6-апрель күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтө турчу партиянын съездине катышат. Бул тууралуу партиянын өкүлү Таалайбек Усубалиев билдирди. […]

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик чалгын кызматына тиешеси жок деп табылды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго тиешелүү бир катар ММК булактарында жарыяланган маалыматтардын негизинде, “Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш ишинин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бул тууралуу аталган […]

Владимир Путин ЖККУ жана ШКУ саммиттерине катышуу үчүн Бишкекке кайтып келет

Орусиянын лидери Владимир Путин ЖККУ жана ШКУ самиттерине катышуу үчүн Бишкекке кайтып келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында президенттин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Орусия […]

Билим берүү министрлигин коррупцияга айыпташууда

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги коррупцияга белчесинен батты. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Антикоррупциялык эл аралык көзөмөл» КБ төрайымы Бегайым Кыясынова билдирди. Анын айтымында, министрлик аларга ата-энелерден жана жана […]

Чолпон-Атада өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Чолпон-Ата шаарында өгөй кызын зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун прокурору Улукбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн сот жашы жете элек кызды зордуктаган жаранды күнөөлүү деп […]

Кундуз Жолдубаева аны УКМК жана ИИМ кызматкерлери аңдып жаткандыгын билдирди

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аңдып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында кабарлады. Анын айтымында, бүгүн ал Жалал-Абад облусуна ал жерде […]

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев алгачкы расмий сапары менен Орусияга барат

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев президент катары алгачкы чет элдик сапары менен 3-апрельде Орусияга барат. Бул тууралуу Казакстандын басма сөз катчылыгынын башчысына таянып, ТАСС маалымат агенттиги  кабарлады. «3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жоомарт […]

Бишкекте Владимир Путиндин саясатына каршы пикетке чыккан жаран кармалды

Бишкекте Орусия  Федерациясынын элчилигинин алдында тартип сакчылары Орусия президенти Владимир Путиндин саясатына каршы пикетке чыккан коомдук активист Нурлан Карымшаковду кармашты. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында,  […]

Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүнкүгө кандай иш-чаралар пландалган?

Бүгүн, 28-мартта Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары башталды.  Кыргыз Республикасынын өлкө башчысынын аппаратында бүгүн кандай иш-чаралар белгиленгендигин айтып беришти. 12.00дө Владимир Путинди тосуп алуу расмий салтанаты […]

Президент бир катар Европа өлкөлөрүнө расмий сапары менен барат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайжанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу ал бүгүн Кыргызстандын дипломатиялык миссияларынын жетекчилери менен жоолугушууда билдирди. Өлкө башчы аталган сапарлар соода-экономикалык, […]

Орусияда кыргыз жараны кытай жетекчисин өлтүргөн

Орусиянын Иркутск облусунда Кыргызстандын жараны адам өлтүрүүгө айыпталууда. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги маалымдады. Тергөөнүн версиясына караганда, 28-октябрьга караган түнү шектүү өзүнүн мурунку жетекчиси, Кытайдын жаранын темир түтүкчө менен бир нече […]

Видео – Мирлан Бакиров: «Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи гей-парад өткөрүлдү.  Бул өлкө үчүн уят»

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңеште 8-март күнү Бишкекте өткөн феминисткалардын маршы талкууланууда. Депутаттар марштын ордуна гей-парад өткөрүлгөн деп эсептешип, буга күнлүүлөргө карата кандай чаралар көрүлөрүнө кызыгууда. Эл өкүлү Махабат Мавлянова акциянын […]

Депутаттар “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин тагдырын жабык эшик артында талкуулайт

Парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер казнасын пайдалануу комитетинин депутаттары «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековдун тагдырын жабык эшик артында талкуулону чечишти. Бул тууралуу чечим бүгүнкү отурумда кабыл алынды. «Кыргызалтындын» төрагасына суроолорду […]

Швецияда терракт уюштурууга шектүү деп кармалган Кыргызстандын жараны күнөөсүз деп табылды

Швециянын Солне райондук соту терракт даярдоого шектүү деп кармалган Өзбекстандын эки жараны Давид Идриссон менен Бахтиер Умаров жана Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаевге карата өкүм чыгарды. Сот Атабек Абдуллаевди терракт уюштурууга […]

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчисинин кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети Кубанычбек Өмүралиевди Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчисинин кызматына талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу чечим бүгүн кабыл алынды. Буга чейин Кубанычбек Өмүралиев […]

“Кырк чоро” кыймылы 8-мартта жүрүш өткөргөндөргө карата Башкы прокуратурага арыз жазышты

«Кырк чоро» кыймылынын өкүлдөрү 8-мартта Бишкекте  жүрүш өткөргөндөргө карата Башкы прокуратурага арыз жазышты. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Замирбек Көчөрбаев билдирди. «8-март күнү болгон окуяга прокуратура юридикалык баа беришин каалайбыз. […]

Кытайдын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп  Ду Дэвэень дайындалды. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, […]

Президент Сооронбай Жээнбеков кайсы соттор тозокко түшөөрүн айтты

Бүгүн, 11-мартта өткөн Соттордун ХI съездинде Президент Сооронбай Жээнбеков сотторго Мухаммед пайгамбардын хадисин айтып берди. «Бүгүн мен силерге соттор жөнүндө хадисти айтып берейин деп чечтим. Хадиске ылайык, соттордун үч түрү […]

Жайнак Үсөн уулу КТРКнын башкы директору болуп шайланды

КТРКнын башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага корпорациянын байкоочу кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берди. Башында КТРКнын жетекчисинин кызматына 19 адам ат салышкан. Алардын экөө- Илим Карыпбеков менен […]

Өкмөт өстүрүүгө кеңеш берген сояга болгон баа төмөндөп кетти

«Биз мурункусунда дыйкандарга соя өстүргүлө деп кеңеш бергенбиз, бирок жакында дүйнөдө ага болгон баа төмөндөп кетти»,-деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айыл-чарба министри Нурбек Мурашнв. Өкмөттүн маалыматына караганда, 2019-жылы айдап-себүү […]

Өкмөттө чириген картөшкө тууралуу так маалымат жок

«Көптөгөн дыйкандар  картөшкөнү сата албай жаткандыктан ал чирип жатат деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.  Бирок факт жүзүндө өкмөттө мындай фактылар жок»,-деп билдирди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Отурумда жазгы […]

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун жетекчиси кызматтан алынды

Балдар жана жаштар реабилитациялык борборунун жетекчиси Алексей Петрушевский кызматтан алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган чечим борбордун негиздөөчүсү- Бишкектин мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Эмгек кодексинин негизинде […]

КТРКнын жетекчилигине талапкерлердин бири талапкерлигин алып салды

КТРКнын жетекчисинин кызматына талапкерлердин бири Мирлан Самыйкожо өз талапкерлигин алы салды. Бул тууралуу байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди. Анын айтымында, Мирлан Самыйкожо талапкерлигин алганын ал өтө жаш болгондуктан, КТРК […]

Мурунку калаа башчылар Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштери бириктирилди

Бишкектин мурунку мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши бириктирилди. Бул тууралуу  алардын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, кеп «Калыс-Ордодогу» мектептин курулушунда болуп жатат. Кылмыш иши  өзүндө 50 […]

Жапон өкмөтү Кыргызстандагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоого грант бөлүп берди

Жапония Кыргызстанда мектептеги тамактанууну уюштурууда жардам көрсөтөт. Бул тууралуу БУУнун ДӨПсы билдирди. Жапониянын өкмөтү Кыргызстанга Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоо үчүн 6,25 миллион сом грант бөлүп […]

Депутат Кожобек Рыспаев менен “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчисинин ортосунда айлык маянанын айынан кайым айтышуу пайда болду

«Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисинин айлык маянасы тууралуу маселе ишкананын жетекчиси Алмаз Алимбеков менен парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер байлыктарын колдонуу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин ортосундагы кайым айтышууга алып келди. Эл өкүлү […]

Ошто Көк-Бөрү учурунда тай казанга башы менен урунган оюнчу каза болду

Ошто Көк-Бөрү оюну маалында тай казанга башы менен урунган 28 жаштагы Авазбек Майрамбек уулу каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, маркум оюнга 28-февралда катышкан. «Ал анда тайказанга […]

Депутаттар Кыргызстандын Ооганстан, Жапония жана Бельгиядагы элчиликтерине көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырышты

Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Ооганстан, Бельгия жана Жапониядагы элчиликтердин кызматына көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырды. Кыргызстандын Ооганстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин кызматына Кыргызстандын Тажикстандагы мурунку элчиси Мирослав […]

Эр-Рияддагы кыргызстандык делегаттардын жүрүм-туруму тууралуу жазган журналистти популизмге айыпташууда

Эр-Риядда өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» фестивалына катышууга барган кыргызстандык деллегациясынын өкүлдөрүнүн тартипсиз жүрүм-туруму тууралуу жазган журналист Бегимай Жаныбекованы популизмге айыпташууда. Instagram социалдык тармагында делегаттар Фейсбукта журналист жалгыз гана негативди жазган […]

Депутат Ирина Карамушкина КСДПнын ыдырашына президент күнөлүү деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина эмне үчүн  партиянын ыдырашы президентке пайдалуу деп эсептегенин журналисттерге түшүндүрүп берди. Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынын ичинде эмне […]

Баткенде жергиликтүү кеңештин депутаты адамды арматура менен сабаган деп шектелүүдө

Баткенде жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Ал адамды арматура менен сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2018-жылдын сентябрь айынын аягында Баткен облусунуну милициясына жаран кайрылган. […]

Жогорку Кеңеш премьер-министрге жолдонгон каттагы каталарды моюндады

Жогорку Кеңеш төрага Дастанбек Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон катындагы каталарды моюндады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын тараткан маалыматында айтылат. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңеште социалдык тармактарда (№6-993/19) документтин тарагандыгына […]

Уят. Кыргыз элинин маданиятын көрсөткөнү баргандардын маданиятсыз жүрүш-турушу

Фейсбук социалдык тармагында Сауд Арабиясынын борбор калаасы Эр-Рияд шаарына «Көчмөндөр ааламы» фестивалына катышууга барган кыргыз делегациясынын өкүлдөрүнүн өздөрүн тартипсиз алып жүрүшүкөндүгү тартылган сүрөт пайда болду. Журналист Бегимай Жаныбекова кыргызстандыктар Эр-Риядка […]

Мектептин аймагында жайгашкан Нурлан Мотуевге таандык тандыр бузулду

Бишкектин Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгы шаардын Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги, №11-мектептин аймагында орнотулган Нурлан Мотуевге таандык, тандыр менен павильонду буздурду. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бул […]

КСДП фракциясы Энергохолдингдин жоюлушун колдойт

КСДП фракциясы Улуттук энергохолдингдин жоюлушун колдойт. Бул тууралуу бүгүнкү отурумда фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагында эч кандай көзгө көрүнөөр жылыштар болгон эмес. «Энергохолдингдин эмне кереги бар? […]

Депутат Насыр Мусаев азырынча депутаттык мандатынан ажыратылбайт

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясы депутат болуп шайлангандан бери бир да жолу отурумга катышпаган Насыр Мусаевди азырынча депутаттык мандатынан ажыратпай  турат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында депутат Канатбек Исаев билдирди. Анын […]

Бишкектин көчөлөрү жуула баштады

Бишкектин көчөлөрү жуула баштады. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына караганда, «Тазалыктын» кызматкерлери көчөлөрдү жуучу атайын техникадагы кышкы жабдыктарды алмаштырууда. Бир нече күндөн кийин баардыгы даяр […]

Бишкектин мурунку планетарийи депутат Чыныбай Турсунбековдун уулунун атына документтери жок эле менчиктештирилген

Бүгүн, 22-февралда парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү борбордун чок ортосунда кароосуз бузулуп жаткан Бишкектин мурунку планетарийи тууралуу маселени көтөрүп чыгышты. Депутат Наталья Никитенко мэриянын өкүлдөрүнөн бул имарат азыр кимге таандык […]

Журналист КСДПчылардан “Эмне үчүн Атамбаев өзү президент болуп турганда 7 жыл Раим Матраимовду жанына алып жүрүп, кетерде ал жаман болуп калды?” деп сурады

“Эмне үчүн Атамбаев өзү президент болуп турганда 7 жыл Раим Матраимовду жанына алып жүрүп, президенттиктен кетерде ал жаман болуп калды? Эгер Матраимов коррупционер болсо Атамбаев кийин Жээнбековдон суранбай өзү президент […]

2018-жылы прокуратура органдары тогуз миңден ашуун баланын укуктарынын бузулушун аныктаган

2018-жылы прокуратура органдары тогуз миңден ашуун баланынын укуктарынын бузулууларын аныктаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда тегерек столдо башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көзөмөлдөөчү орган […]

Депутат ММК булактарында оор кылмыштар тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов массалык маалымат каражаттарында оор кылмыштар тууралуу материалдарды жайгаштырбоону сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди. Анын айтымында, акыркы убакта социалдык тармактарда оор кылмыштар, […]

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде 15,3 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аталган мекемеде 2016-жылдагы бюджеттик жана […]

Таласта жашы жете элек эки бала ис газына ууланды

Талас облусунун бириккен ооруканасына ис газы менен ууланган эки жашы жете элек бала түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ууланган балдардын бири 4, экинчиси 12 жашта […]