Шаршемби, 18 Сентябрь, 2019 - 10:54
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: : Бактыбек Эргешов

Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбандары грек-рим күрөшүндө олимпиадалык бир жолдомо менен чектелди

14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып жатышат. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандарынын дүйнө чемпионатындагы таймашуулары тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданын жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кечээ ок атуучу […]

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Чек арачыны […]

Видео – Мухаммедкалый Абылгазиев: ИИМ шашылыш түрдө өз катарын милициянын беделин бузган, карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө акыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан […]

Нариман Түлеевдин мамлекетке өткөн 8 квартирасын $305 миңге сатып чет өлкөгө качып бараткан Бишкек мэриясынын кызматкери чек арадан кармалды

Ишемби, 7-сентябрь күнү Бишкек милициясы менен Баткен милициясынын кызматкерлери биргелешип, Нариман Түлеевдин мамлекетке өткөн 8 квартирасын $305 миңге сатып чет өлкөгө качып бараткан Бишкек мэриясынын кызматкери Эрик Ашыралиевди чек арадан […]

Орусиянын Байкоңурдагы жаңы ракеталык комплексине Назарбаевдин ысымы берилди

Байкоңурда курулуп жаткан Орусиянын ракеталык комплексине Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу расмий билдирүү «Роскосмостун» сайтына жарыяланды. Байкоңурга «Байтерек» деп аталган ракеталык комплекс куруу тууралуу макулдашууга тараптар 2018-жылы […]

Өзбекстанда 62 жаштагы мугалим окуучу кызды зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Алтынсай районундагы жергиликтүү мектептин химия мугалими окуучу кызды зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Жабырлануучу кыздын айтымында, 62 жаштагы мугалим аны бир жарым жылдан бери зордуктап жүргөн. «Агай мага […]

ИИМ: Атамбаевдин адвокаттары иш менен таанышууну создуктурууда

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сотко чейинки тергөө аяктаганын адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле билдирген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка […]

Жалдагы мушташтын чоң муштумдары 2 айга абакка алынды

Кечээ, 7-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкектин Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташтын чоң муштумдары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду 2 айга камакка алды. Сот аларды тергөө бүткөнчө Бишкектин СИЗО-1 абагында кармоого […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваситочвичдин талапкерлигин көрсөттү. Каныбек Исаков 2011-жылдан тапртып азыркы учурга чейин Ош мамлекеттик […]

Каныбек Ботобаев Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Каныбек Ботобаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мирслав Аманкулов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Аманкулов Мирслав Акалович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

УКМК: Жалдагы мушташтын күнөөкөрлөрүнүн изин жашырууга жардамдашкан милиционерлер камакка алынды

Кечээ, 6 -сентябрда Бишкектин Жал кичирайонундагы 28-августтагы мушташтын күнөөкөрлөрүнүн изин жашырууга көмөктөшкөн милиция кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаардындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта Атамбаевдин үйүндө өлтүрүлгөн жоокер Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-сентябрда, Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Мамлекет […]

Видео – Бишкекте Архитектор союздарынын эл аралык ассоциациясынын (МАСА) XXVII координациялык кеңеши өтүүдө

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Архитектор союздарынын эл аралык ассоциациясынын (МАСА) XXVII координациялык кеңеши өтүп жатат. Ага дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүнөн келген архитекторлор союздарынын өкүлдөрү катышууда. МАСАнын […]

Видео – Бишкекте “2020-жылдын республикалык бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу” аттуу коомдук бюджеттик угуу өтүп жатат”

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте КР Каржы министрлигинин демилгеси менен “2020-жылдын республикалык бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга болжолу” аттуу коомдук бюджеттик угуу өтүп жатат. КР Бюджеттик кодексинин 127-беренесинин ишке ашыруу максатында, бюджеттин ачыктыгын, […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков: “Эми республикалык Көчмөндөр оюндары жыл сайын бир областта өтүп турат”

“Биз эми мындан ары республикалык Көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылтуу үчүн ар жылы ар региондо өткөрүүнү чечтик. Быйылкы жылы республикалык Көчмөндөр оюндарын Манас атабыздын ыйык ордосу болгон Талас облусунан баштайлы […]

Видео – Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер: “Өкмөт гемодиализ кызматын алган оорулуулардын бир топ көйгөйлөрүн чечти”

“Бүгүн Кыргызстанда гемодиализ кызматына 1510 адам муктаж. Алардын ичинен 764 адам Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кызмат алышат, 604 адам ФОМС аркылуу алышат, жеңилдетилген тарифте 504 сомдон кошумча акы төлөшөт”, – […]

Видео – Депутат Кожобек Рыспаев кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин инисине таандык машина менен 19 жашар кызды кантип сүзүп, өлтүргөнүн айтып берди

Бүгүн, 5-сентябрда депутат Кожобек Рыспаев 1999-жылы Рыспек Акматбаевдин иниси Тынчтыкбек Акматбаевден сатып алган “Жигули” машинасы менен 19 жаштагы кызды кандайча сүзүп, өлтүрүп кеткенин айтып берди. Балким Тынчтыкбек Акматбаевдин машинасы болгондуктан […]

Видео – Кеңешбек Токтомамбетов: “Быйыл Кыргызстандагы бардык 152 сот залдары аудио-видеожазуу системалары менен жабдылат”

“Кыргызстандагы сот системасы да санариптештирүүгө өтүүгө аракет жасап жатат. Азыр иш сотко келип түшкөндө ал иштер жергиликтүү соттордон тартып, Жогорку сотко чейин дароо электрондук түрдө катталат, автоматташтырылган соттук карточка түзүлөт”, […]

Видео – Милиция Жалдагы мушташта 2 кишини мыкаачылык менен сабагандарга эл аралык издөө жарыяланганын билдирди

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев 28-августта Жал кичи районунда эки кишини мыкаачылык менен сабаган шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланганын билдирди. Бүгүн Ак үй алдына митингге […]

Видео – Жалдагы мушташта зөөкүрлөр тарабынан ырайымсыз сабалган жарандардын укугун коргоо максатында Ак үйдүн алдында митинг өттү

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында 28-августта Жал кичирайонунда зөөкүрлөрдөн ырайымсыздык менен сабалган жарандардын укугун коргоо максатында тынч митинги болуп өттү. Эсиңиздерге сала кетсек, 28-августта таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин […]

Кумтөрдүн жанындагы тилкелер башка компанияга иштетүүгө берилгени белгилүү болду

Кумтөрдүн айланасындагы Үч-Көл, Коёнду жана Карасай тилкелерин чалгындоого лицензиялар башка компанияларга берилип кеткен. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун […]

Журналист Нарын Айып тууралу замандаштары кандай пикирде?

Акыркы күндөрү “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаеванын айланасында болуп жаткан ызы-чуудан улам мурун “Азаттыкттын” жетекчилигинде иштеп кеткен журналист  Нарын Айып өзүнүн принципиалдуу сын көз карашын ачык, бетке айтып келет. Нарын […]

Видео – Улугбек Ормонов: “Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Рустамов камалганына 2 ай болду, эмнеге анын ордуна эч ким дайындалбай жатат?”

“Урматтуу төрага, мына Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдымалик Рустамовдун камалганына 2 ай болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде аткаруучу-жетекчи жок. Эмне себептен? Эмне өкмөткө […]

Чыныбай Турсунбеков: “Ал кезде Текебаевден өзүнүн командасынын мүчөлөрү да качып калган, мен Текебаевдин туугандарын, жакындарын коргогом, болгону ачык айтып чыккан эмесмин”

“Азыркыдай кырдаалда адамдардын көңүлү назик болот. Аны түшүнүү менен кабыл алам. Бирок Өмүрбек Чиркешович тууралуу менин позициям ошол кездеги командамдын ичинде ар дайым белгилүү болчу. Ал учурда Текебаевдин өзүнүн командасынын […]

Видео – ИИМ: Эки жаранды ырайымсыз ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөчү, Тергөө кызматынын начальниги жана шектүүлөрдүн агасы, милициянын майору кызматтарынан айдалды

“Жал” кичирайонунда эки адамды ур-токмокко алган факты боюнча азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Өлтүрүү үчүн кол салуу” […]

Видео – Министр Кызыл-Омпол жана Солтон-Сары кендериндеги окуялардан кийин Кыргызстандан ири инвесторлор акчаларын чыгарып кетип жатышкандыгын айтты

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда […]

Видео – Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Министр Гүлмира Кудайбердиева 45 млн сомдук коррупциялык былыктары билинип калып кызматынан кетти”

“Элге билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева китеп басып чыгаруу жаатында эки коррупциялык былыктары күтүүсүздөн билинип калып кызматынан кетти”, – деп билдирди бүгүн, 4-сентябрда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков. Бул тууралу КР […]

Видео – Милиция аялга күч колдонуп, бычак такап, 65 миң сом акчасын карактап кеткен кылмышкерлерди кармады

Бишкек милициясынын Октябрь райондук бөлүмү быйыл 7-июнда, түнкү саат 01:40 чамасында Байтик баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн подъездинде кирип бараткан Т.А. аттуу аялды тосуп, бычак менен коркутуп, күч колдонуп, 35.000. […]

Видео – Сот Алмаз Атамбаевдин эки арызын карап, экөөсүн тең канаатандырган жок

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык сотунун көчмө коллегиясы УКМКнын абагында олтурган Алмаз Атамбаевдин жактоочуларынын Биринчи май райондук сотунун Атамбаевдин мыйзамсыз кармалышы жана 26-октяьрга чейин камалышы боюнча чечимдерине каршы эки арызын карап, […]

Видео – Алмаз Атамбаев УКМКнын терезесинен Ирина Карамушкина баш болгон тарапкерлерине кол булгалады

Бүгүн, 4-сентябрда УКМКда Алмаз Атамбаевдин адвокаттарынын арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын көчмө отуруму өтүп жатат. Атамбаевдин адвокаттары анын 26-октябрга чейин камакка алынышы мыйзамсыз деп эсептеп, райондук соттун чечимин шаардык […]

Видео – Депутат Аалы Карашев бүгүн парламентте КР Каржы министри Санжар Муканбетовду “эч нерсе билбейсиң!” деп мокотуп-кекетип жарга такады

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Долбоорду талкуулоо учурунда депутат […]

Фото – Эки жаранды ырайымсыздык менен сабоо кылмышына шектелген эки жаранга издөө жарыяланды

28-августта таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичирайонунун Ахунбаева жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” супермаркетинин алдында эки чабалыраак жаранды эки энгезердей жигит ырайымсыздык менен уруп-тепкилеп, баш сөөгүн, колу-бутун сындырышкан. Анын […]

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында эки жарандын сабалышын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары Өкмөт башчы Кыргыз […]

Кубатбек Жусубалиев, КР Эл жазуучусу: “Дүйнөнү адам же идея башкарбайт. Адамды, адамзатын сүйүү башкарат”

Мен “корккон” киши менен маектешкенде Редакциядан жазуучу Кубатбек Жусубалиевге жолугуп, маек куруп келүү мага тапшырылды. Бир эле “Муздак дубалдарын”  окудум эле, кандай болор экен деп бир аз тайсалдадым да, барууну чечип, […]

Видео – Карыбек Ибраев: “Кумтөргө 1997-жылы берилген 26,600 гектардан ашык жер, анын ичинде Сары-Чат коругунун жери берилген жок”

“Азыркы күндө КР Өкмөтү менен Центерра Голд компанинин ортосундагы Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуулар боюнча көп талкуулар болуп жатат. 26-августта ал стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Ал келишимге 2017-жылы кол коюлган. Ал […]

Видео – Мураталы Тагаев, Жалал-Абаддын мэри: “Жээнбековдорго мен куда эмесмин, биздин агаларыбыз куда. Ал эми мушташканда келинчегиме тийишкен эренге жооп бергем…”

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн мэр болуп иштеген 1 жыл 2 айлык мөөнөтү боюнча журналисттерге маек берди. Биз сиздерге кыскартылган версиясын сунуш кылабыз. -Сизди өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун кудасы, […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин бирөөнүн эсебинен мечит курдурдум дегени – бул Кудайды алдагандык болот, бул каапырдыктан да жаман”

Бүгүн, 3-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмаз Атамбаев салдыргам деп жүргөн Бишкектин 7-кичирайонундагы «7-апрель шейиттери» мечитин камакка алганы боюнча расмий маалымат тарады. Ал мечитти курууга кеткен каражаттын булактарын аныктоо […]

Ислам өнүктүрүү фонду Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу долбооруна 20 млн доллар насыя берүүгө даяр

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” […]

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын өлкө аймагында адал эт паркын куруу демилгесин колдоого алды

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана […]

Видео – УКМК: “Баасы $1 миллиондон ашык мыйзамсыз жолдор менен ташылып келген тамеки продукциялары кармалды”

1-сентябрда КР УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.И. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mercedes Sprinter» маркасындагы автоунаа кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма соз кызматы билдирет. Аталган авто унааны текшерүүдө 79 кутудан […]

Видео – Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ишкерлер мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Талас облусундагы ишкерлер менен жолугушканда билдирди. «Быйыл аймактардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2 млрд […]

Видео – Абактан чыккан атамекенчи Дүйшөн Чотонов Ош шаарында түлөө өткөрдү

Кечээ, 2-сентябрдын кечинде Ош шаарындагы кафелердин биринде жакында эле абактан чыккан атамекенчи Дүйшөн Чотонов туугандарына жана тарапкерлерине түлөө өткөрдү. Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 16-августта “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен […]

Видео – Ырчы Мирбек Атабековдун үйүнөн $60 000 карактап кеткен кылмышкерлердин башчысы кармалды

Бүгүн, 3-сентябрда белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Атабеков видеобилдирүү таратып, анын үйүнө уурулукка кирип, апасы менен карындашына тиешелүү баалуу буюмдарды тоноп кеткендердин башчысы кармалганын жарыялап, милиция кызматкерлерине, журналисттерге жана жалпы эле […]

Өмүрбек Текебаев: “Бизди камаганы калганда “эй Иса, эй Чыныбай, чоогу болбодук беле, дос эмес белек, адилет сөз айтып, колдоп койгулачы” десем, бирөө былк этпеди”

“2016-жылы Атамбаев менен чабышып жатканыбызда эле белгилүү болуп калган, эптеп бир шылтоо таап, бизди камасак дегени”, – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери […]

Болот Шер: “Биринчи саткын Атамбаев болду, ал өзүнүн жолдошторун, соратниктерин сатты”

“Азыр орун алмашылды, Өмүке олтурган камерада ким олтурат? АША олтурат. Ойлоду беле олтурам деп? Жок. Эми олтурат. Түрмөгө олтурбагыдай болуп, элди башкаруунун жолу бар беле? Бар эле. Ал айтып жатпайбы, […]

Өмүрбек Текебаев: “Сооронбай Жээнбеков саясый шарт түздү окшойт, сот бизди убактылуу үй камагына чыгарып, 5-сентябрга чейин туугандар менен учурашууга уруксат берди”

“Сиздер кайра-кайра айтып жүрүп, Кудайдын кулагына жетти окшойт, президент Сооронбай Жээнбеков дагы түз аралаша албаганы менен саясый шарт түздү окшойт, сот бизди убактылуу чыгарып, үй камагына алып, 12-сентябрдан баштап, кайрадан […]

Видео – Бектур Асанов, саясый туткун: “”Азаттык” акыркы жылдарда демократиянын фундаменталдык принциптеринен тайып, бийлик менен тил табышып кетти”

Саясый туткун, экс-элчи, экс-депутат жана экс-губернатор Бектур Асанов кандайча “Эркин Европа”/”Азаттык” радиосунун жетекчилигине,  АКШнын конгрессине, Глобалдык медиа боюнча агенттикке  “Азаттыктын” кыргыз кызматынын жетекчилигинин ишмердигин тыкыр текшерүү керектиги тууралу ачык катка […]

Өмүрбек Текебаев: “Мен түрмөдө олтуруп Үсөн Сыдыков, Тойгонбай Калматов акелерге суктандым, алар “мамлекеттик төңкөрүш” беренеси менен олтурушту, а мен “коррупция” менен”

“Мен түрмөдө жалгыз камерада 1000 күндөй жаттым… УКМКнын жер төлөсүндө Тойгонбай Калматов менен бирге жатып калдык. Суткасына 1 саат короого чыгарат, бири-бирибизди көрбөйбүз, 4-5 метрдик дубалдын ичинде ар ким өзүнчө […]