Бейшемби, 20 Февраль, 2020 - 20:32
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: : Жайнагүл Талканбаева

Ошто жол кырсыгы болуп, бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Ош—Ноокат унаа жолунда жол кырсыгы болуп, бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, жол […]

Майып келинди жолдун боюна таштап кеткен таксистке кандай чара көрүлөт?

Бишкек шаарында таксист майып келинди жолдун боюна таштап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, кечээ, 27-январда С.Э. аттуу адам арыз менен милицияга […]

“Сойкулукка мажбурланган” деген жабырлануучу 16 жаштагы кыздын апасына коркунуч жаралды 

Бишкекте “сойкулукка мажбурланган” деп айтылган 16 жаштагы кыздын апасына белгисиз бирөөлөр барып, коркуткан. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ, 27-январда К.А. (жабырлануучу […]

Ат-Башы: “Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күнгө да бербейбиз!”

Бүгүн, 28-январда Ат-Башы районунун айрым тургундары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчылар жазып чыгышты. Алардын билдирүүсүнө караганда, митингге чыккандар индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлер курууга каршы […]

Телефон уурдаган 59 жаштагы киши кармалды

Чүйдө уурулукка шектелип 59 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, былтыр, декабрда Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, коомдук транспорттон телефонун […]

100 миң пара менен кармалып, 12,5 жылга кесилип, үй камагына чыкканда качып кеткен Алмаматовго эл аралык издөө жарыяланды

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкектин Октябрь райондук милициясы журналисттерге билдирди. […]

Эжесинин паспорту менен Стамбулга учуп кетүүгө аракет жасаган кыз кармалды

Бишкектен Стамбул шаарына эжесинин паспорту менен учуп кетүүгө аракет жасаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, эжесинин паспорту менен […]

Өз атасынан бала төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады

Өз атасынан бала төрөгөн окуучу кыз мектепке бара баштады. Бул тууралуу Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы журналисттерге бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, окуучу кызга психологиялык жактан жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда мектепте […]

Бишкектеги № 1 жана № 47 абак кайсы аймактарга көчүрүлөт?

Бишкектеги №1, № 47 абак башка аймактарга көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Аскар Эгембердиев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун […]

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов “Биримдик” партиядагы тизме боюнча эмне деди?

“Биримдик” партиясына кирүүгө кайсы саясатчылар ниеттенип жатканы боюнча болжолдуу тизме чыккан. Алардын арасында “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун да аты жүргөн. Ага кайрылып, сурасак, ал: “жөн эле чыккан тизме”,-деп кыска […]

Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: «Аслан Сартбаевдин айтканын баары жалган, мен Туйгунаалы Абдраимовду көптөн бери көрө элекмин»

Парламенттик шайлоого КСДП Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун төрагалыгы алдында катышарын, аны аталган партиянын жаңы жетекчиси Сагынбек Абдрахманов өзү Т.Абдраимовго сунуштаганын жана сүйлөшүү кечээ жүргөнүн Vesti.kg сайтына КСДПнын мүчөсү, […]

Бишкекте бурагыч менен коркутуп, үй ээсин тоногон топ кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Биринчи Май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 22-январда, кечки саат 21:00до топтошкон төрт бала Бишкектеги Панфилов көчөсүндө жайгашкан […]

2021-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала баштайт

2021-жылдын 1-январынан тартып кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспорт ала баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, биометрикалык паспортторго жарыяланган тендер боюнча […]

Табышмактуу жоголгон бир туугандар дагы деле табыла элек, туугандары табышып коюуну суранат

Бишкекте жоголгон ага-ини дагы деле табыла элек, изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда туугандары тынчсыздануу менен билдирди. Алардын айтымында, бир туугандардын улуусу (Канат Асанов) 51 жашта, кичүүсү (Кубат Асанов) 47 жашта. […]

Кинорежиссер Актан Арым жаңы киносуна кастинг жарыялады

Белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат «Эсимде» аттуу жаңы киносуна кастинг жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кыргызстандын кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, аталган киного роль аткарганга эки […]

Замир Жоошев, адвокат: “Равшан Жээнбековдун Кой-Таштагы оор кылмыштарга эч кандай тиешеси жок”

Бишкекте Равшан Жээнбековдун тарапташтары жана адвокаты Замир Жоошев басма сөз жыйын өткөрүшүүдө. Алар Кой-Таштагы окуяда анын эч кандай тиешеси жоктугун баса белгилешти. Замир Жоошевдын айтымында, Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна […]

Бишкекте Кайгуул милициянын машинасы катышкан 7 жол кырсыгы катталып, экөөсүндө милиция кызматкерлери күнөөлүү болгон

Бишкекте Кайгуул милициянын машинасы катышкан 7 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 7 жол кырсыгынын […]

ӨКМ: “Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү ыктымал”

Бүгүн, 28-январга карата күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), […]

Алайдагы мечит толугу менен күйүп кетти

Алайдагы мечит толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, өрт кырсыгы Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы Береке көчөсүндө […]

Бишкекте эки машина кагышып, эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Бишкекте эки машина кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы бүгүн, 28-январда, таңкы саат 06:15тер чамасында Бишкектеги […]

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 106га жетти

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу “РИА Новости” бүгүн, 28-январда жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 106га жеткен. Бул илдетти жуктуруп […]

Ошто волейбол боюнча мелдеш өтөт

Бүгүн, 28-январда Ошто волейбол боюнча 10 мелдеш өтөт. Бул тууралуу Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, учурда Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру өтүп жатат. Эркектер […]

60,70 жаштагы жулкулдашкан дарыгерлердин окуясынын чоо-жайы айтылды

Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында эки дарыгердин мушташынын чоо-жайы айтылганы тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, 25-январда, саат 10:00 чамасында, аймактык ооруканада […]

Эки жыл 12 жаштагы кызын зордуктап жүргөн ата сөрөй 19 жылга кесилди

Чүй облусуна караштуу Москва райондук соту кызын зордуктаганга айыпталган атаны 19 жылга кести. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратуранын өкүлү бүгүн, 28-январда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, сот аны 19 жылга эркинен […]

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча соттук отурум Атамбаевсиз уланат

Бүгүн, 28-январда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча соттук отурум уланат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү соттук отурумда Улуттук гематология […]

Бишкекте эки маршрутка кагышып, 14 жаштагы бала жабыркады

Бишкек шаарында жол кырсыгы болуп, 14 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кайгуул милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы 24-январда, болжол менен таңкы саат […]

Равшан Жээнбековдун адвокаты жана тарапташтары маалымат жыйын өткөрөт

Бүгүн, 28-январда экс-депутат Равшан Жээнбековдун кармалышына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу журналист Кубат Айбашев билдирди. Анын айтымында, Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев, тарапкерлери жана жарандык активисттер маалымат жыйын өткөрүшөт. […]

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «Тарыхка араң тапкан акчабызды алдырып ийе жаздадык»

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Тарыхка араң тапкан акчабызды алдырып ийе жаздадык” аталышта өзүнүн “Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды. “Бүгүн Жогорку Кеңешке чакырылдык. 8-маселе деп көптөн бери депутаттардан суранып жүрүп, Кытайдагы, […]

Орусиядагы Кыргызстандын 10 чакты жаранын полиция кармап кетти

Орусияда Кыргызстандын 10 чакты жараны полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, окуя 24-январда болгон. Текшерүүдөн кийин кармалгандардын көпчүлүгү бошотулган. Калгандарына […]

Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Ош облусундагы Чоң-Алайдагы кыргыздарга 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы журналисттерге билдирди. Алардын маалыматына караганда, Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык […]

Сокулукта бир дарыгер экинчи дарыгерди сабаган

Чүй облусундагы Сокулук районунундагы аймактык ооруканада эки дарыгер мушташты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя 25-январда Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы аймактык […]

Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Түтүн аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады”

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн “Instagram” баракчасына бетине маска тагынган сүрөтүн жайгаштырып, анын алдына: “Смог (кара түтүн) аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады”,- деп куш тилиндей […]

Өкмөт: “Кыргызстанда коронавирус катталды” деген интернеттеги маалымат чындыкка дал келбейт”

«Кыргызстанда коронавирус катталды» деп социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өкмөттүн басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, “Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө […]

12,5 жылга кесилип, үй камагына чыгарылып, кайра камалаарда жоголгон Алмаматовдун иши боюнча прокурор Белек Рыскулов кызматынан алынды

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча прокурор Белек Рыскулов кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Башкы прокуратуранын өкүлү журналисттерге билдирди. […]

“24.kg” агенттиги Матраимовдордун коррупцияга тиешеси бар экендиги боюнча эч кандай далилдери жоктугун билдирди

Матраимовдордун үй-бүлөсү “24.kg” агенттигине карата жазылган доо-арызын кайтарып алды. Бул тууралуу аталган агенттик бүгүн, 27-январда жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, алар «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» […]

Классташтардын чыры өлүм менен аяктады

Чүйдө классташынын өлүмүнө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 24-январда ооруканадан денесинен жаракат алган бейтап тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Милиция […]

Ырчы Бактияр Токторов кырк жылкылуу болду

«Биз» тобунун жетекчиси, КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бактияр Токторов кыздуу болду. Бул тууралуу ырчылар билдирди. Алардын айтымында, ымыркай кыз мурдагы күнү, 25-январда төрөлгөн. Бешинчи кыздын атасы Бактияр Токторов Лейлек […]

ИИМ тизмесинде турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө эскертүү берилди

23-25-январда Ош шаардык милициясы “Бандит” аталыштагы рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, рейддин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде […]

“ЭлТРдин” мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев кайсы кызматка барды?

“ЭлТрдин” мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КТРКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бул кызматта буга чейин […]

Бишкекте машиналар кагышып, беш адам жабыркады

Бишкек шаарында 5 машина катышкан жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматы бүгүн, 27-январда журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, окуя кечээ, 26-январда, саат 15:30 чамасында […]

Алдамчылыкка шектелип кармалган айымга ким алданып калса, милицияга кайрылса болот

Бишкекте алдамчылыкка шектелип жеке менчик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 18-январда жеке ишкер И.Ч. милицияга арыз менен кайрылып, […]

ТИМ: “Коронавирустун эпицентри болгон Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар”

“Коронавирус” оорусу тараган Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ТИМ министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, Уханда жашаган кыргыздардын саны 50, көпчүлүгү […]

Телефон уурдаган чөнтөкчүлөр жана алдамчылар кармалды

Уурдоо, алдамчылык жана тоноо фактылары боюнча шектелип, бир топ адамдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, Ш.Т. аттуу адам арыз менен милицияга […]

ЖАМК: “”Садыр Жапаров оор кылмышка айыпталгандыктан ага мунапыс берүү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт”

Экс-депутат Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулбайт жана жакында эркиндикке чыкпайт. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын айтымында, Садыр Жапаровдун адвокаты коомчулукту адаштырып жатат. Экс-депутат эркиндикке […]

Бир баланы аткан милиция үй камагына чыгарылган

Бишкекте Октябрь РИИБнин кызматкери ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, окуя былтыр, 22-декабрда, Бишкектеги кафелердин биринин жанында болуп, ок атуу фактысы катталган. […]

Бишкекте жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды

Бишкекте жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, Бишкектеги Алтымышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылган. Криминалдык […]

Легендарлуу баскетболист Коби Брайант 13 жаштагы кызы экөө авиакырсыгынан каза болду

Легендарлуу баскетболист Коби Брайант учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, авиакырсыгы кечээ, 26-январда, саат 10:00до Калифорниядагы Лон-Анжелестин түндүк тараптагы Калабасас шаарынан алыс […]

ӨКМ: “Кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот”

Бүгүн, 27-январда Кыргызстанда кар көчкү түшүүcү күтүлүп жатканы тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө караганда, 27-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында […]

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап, атып түшүрүү иш-чаралары башталды

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап, атып түшүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.  Алардын билдирүүсүнө караганда, ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, […]

Муфтий Максатбек Токтомушев элчи Аликбек Жекшенкулов менен Москвада жолугушту

Муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен Москвада жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, кечээ, 26-январда Москвада кыргызстандык […]