Жума, 29 Май, 2020 - 20:10
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Өлкөдө той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калды

Бүгүн, 29-майда маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта бир нече мекеме ишин баштаарын айтты. Анткен менен айрым тармактардан чектөө алына элек. Азырынча төмөнкүлөр ишин жандандыра албайт: маданий, спорттук, […]

Узарбек Жылкыбаев: “Ошто эртең бүтүрүүчүлөрдүн массалык топтолуусуна катуу көзөмөл жүргүзүлөт”

Ош облусунда эртең, 30-майда бүтүрүүчүлөрдүн массалык топтолуусуна жол бербөө үчүн катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди. “Быйылкы жылы […]

Видео – Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынан 38 кишиден коронавирус табылган. Азыр абал кандай?

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда эпидемиологиялык абал жакшырып калды. Ооруну убагында токтотуп калууга жетиштик. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов онлайн-брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, аталган райондо жалпы 38 […]

ТИМ: Бишкекке Кореядан жана Филиппинден 58 Кыргыз жараны кайтып келди

Тышкы иштер министрлиги Кореядан жана Филиппинден 58 Кыргыз жараны келгенин маалымдады. Мекендештерибиз бүгүн, 29-майда Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишти. Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргыз жарандарын […]

Видео – Кубатбек Боронов: “5-июндан баштап мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп баштайт. Тартип өзгөчө болот”

5-июндан баштап мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеп баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди. “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өзгөчө тартип болот. Эң негизгиси […]

Видео – Узарбек Жылкыбаев: “Алайда памирлик 11 кыргыз үй-бүлө жашап жатышат, аларга быйыл бюджеттин эсебинен үй куруп беребиз”

Алай районунун Сары-Могол айылында бүгүнкү күндө памирлик кыргыздардан 11 үй-бүлө жашап жатат. Аларга дагы үй курулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди. […]

Бишкек шаарында иштеп жаткан 4 кафе санитардык нормаларды сактаган жок. Аларга айып салынды

Санитардык нормаларды сактабастан, иштеп жаткан кафе ээлерине протокол түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Бишкектеги “Уста”, “Омар Хаям”, “Сырный” жана Дордой базарындагы “Дордой-8” тамактануучу […]

Видео – Эркинбек Чодуев, министр: “Быйыл өлкө боюнча жалпы аянты 1 млн 219 миң гектарга дан эгиндери себилди”

Жазгы талаа жумуштары быйылкы жылы жылдагыдан 10-12 күнгө эрте аяктады. Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга байланыштуу быйыл дан эгиндерине көбүрөөк басым жасадык. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Айыл-чарба жана мелиорация министри Эркинбек […]

Видео – Мирлан Бакиров: “Сузакта “25 гектар жерден 8 гектарын биз алдык, калганын Өзбекстанга бердик” дешет, жергиликтүү бийликтин ушундай чечим алганга укугу барбы?”

“Сузактын Кара-Дарыя айылында жергиликтүү бийлик Өзбекстан менен такталбаган чек арадан 25 гектар жердин 8 гектарын биз алдык, калганын Өзбекстанга бердик деп жатат. Жергиликтүү бийликтин ушундай чечим алууга ыйгарым укугу барбы?”, […]

Кыргызстанда сутка ичинде дагы 4 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алды

Кыргызстанда сутка ичинде дагы 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында […]

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирустан 22 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 1088

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 22 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде  билдирди. Бишкек шаарынан –  16 […]

Видео – Бишкектин “Мурас-Ордо” конушунда маршруттун айдоочулары жол кирени өз билемдик менен 20 сомго кымбаттатып алышкан

Бишкек шаарындагы “Мурас-Ордо” жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүп жатышат. Дал ушундай мазмундагы видеотасма кечээ, 28-майда facebook социалдык тармагына тараган. Маалыматка […]

Дастан Жумабеков: “Санкт-Петербургдан бир дагы чартердик каттам уюштурулган жок. Бул шаарда 800дөй мекендешибиз үйүнө кайтууну каалап жатышат”

Чет мамлекеттердеги мекендештерди алып келүү иштерин ыкчамдатуу керек. Бул тууралуу кечээ, 28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында билдирди. “Иштелип чыккан алгоритмдин алкагында 10 миңден ашуун мекендешибиз өлкөгө алынып […]

Видео – Алтынбек Сулайманов: “Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык, дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар”

Шаар аттарын жаңылбай айтып, “географ” атка конгон Кайрат аттуу жаран паспорт алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов кечээ, 28-майда социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка […]

Медицина илиминин доктору, профессор Мамбет Мамакеев “Гиннестин рекорддор китебине” кирди

Медицина илиминин доктору, профессор Мамбет Мамакеев “Гиннестин рекорддор китебине” кирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда активист Эркин Солтобеков Фейсбук баракчасына сүйүнчүлөгөн. “Гиннестин рекорддор китебинин” расмий сайтында билдиргендей, Мамакеев эң көп убакыт […]

Бишкекте түн ортосунда телефон уурдаган жаран кармалды. Текшерүү учурунда 3 уюлдук телефон унаасынын ичинен табылган

Бишкекте түн ортосунда телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-май күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Сүйүмбаев жана Жумабеков көчөлөрүндө […]

Бишкек мэриясы коомдук мончолордун, сауналардын жана SPA-борборлордун иштөөсүнө уруксат берди

Бишкек мэриясы коомдук мончолордун, сауналардын жана SPA-борборлордун иштөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. “Бишкек шаарынын мэриясы 10-майдагы буйругуна өзгөртүү киргизди. Мындан ары SPA-борборлор, сауналар жана […]

Ырчы Анжелика: “Кимиңер эмне дебегиле, эми мага баары бир, алгачкы сүйүүмдү элге ачыктайм”

Ырчы Анжелика Инстаграм баракчасына “биринчи сүйүүсү” тууралуу жаңы пост жазган. Ал посттун акыркы саптары Инстаграм катталуучуларын таң калтырды. “Кимиңер эмне дебегиле, эми мага баары бир, алгачкы сүйүүмдү ачыктайм. Мен сени […]

“Мектепке электрондук түрдө катталуу” системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды

“Мектепке электрондук түрдө катталуу” системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу […]

Нарын шаарынын вице-мэринин үй-бүлөсүнөн дагы коронавирус илдети аныкталды

Нарын шаарынын вице-мэринин үй-бүлөсүнөн дагы COVID-19 аныкталды. Мындан тышкары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын бир кызматкеринен да аныкталып, имарат курчоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү […]

Видео – Максат Сабиров туризмди өнүктүрүү боюнча өкмөткө кайрылганын билдирип, бирок каржы маселеси чечилбегенин айтты

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңешинин жыйыны өттү. Анда Депутат Максат Сабиров кышкы жана жайкы туризмди өнүктүрүү боюнча өкмөткө кайрылганын билдирип, бирок каржы маселеси чечилбегенин айтты. “Өкмөткө жайкы, кышкы туризм боюнча кайрылдым. […]

Экмат Байбакпаев: “Тажикстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам беришибиз керек”

Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул жыйында бир нече депутаттар Кыргызстандагы маселелерди көтөрүп жатат. Анын ичинен депутат Экмат Байбакпаев Тажикстандагы этникалык кыргыздарга жардам берүү керектигин айтып чыкты. “Азыркы […]

Видео – Депутат Кубанычбек Нурматов Нарында контейнерде билим алган окуучулар боюнча маселени көтөрдү

Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Кубанычбек Нурматов Нарында контейнерде билим алган окуучулар боюнча маселени көтөрдү. “Нарында контейнерде билим алып жаткан окуучулар. Быйыл мектептин акчасына каражат […]

Видео – Таабалды Тиллаев: “Өзгөчө катуу ооруп жаткан мекендештер өлкөгө кайтуу үчүн мүмкүнчүлүк ала албай жатышат”

Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда депутат Таабалды Тиллаев Россиядагы мекендештер жана Баткен облусундагы жазгы талаа иштери боюнча сөз козгоду. Анын айтымында, өзгөчө катуу ооруп жаткан жарандар […]

Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 12 кишинин абалы оор

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус жуктуруп алган 512 […]

Видео – Депутат Дастан Бекешев: “Айрым посттордо акча алып жаткан учурлар кездешип жатат”

Бүгүн, 28-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Дастан Бекешев санитардык-карантиндик постторду жоюу боюнча маселени көтөрдү. “Посттор эмнени көзөмөлдөп жатышат? Алар коронавирусту аныктап жатышабы? Айрым посттордо акча алып […]

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Көбү Ош шаарында

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 27 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди. Алардын ичинен: Бишкек шаарында […]

Кыргызстанда коронавирус илдетинен 23 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди. Бишкек шаарынан –  […]

Чүйдө жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспектордун өлүмү иликтене баштады

Чүй облусунда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспектордун өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу кечээ, 27-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматында «белгисиз себептерден улам Чүй ОИИББнын жол кыймыл коопсуздугун […]

Сузакта сүйгөнүнө жетпей калып, өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген жигит каза болду

Сузакта өзүнө бензин чачып өрт коюп жиберген Базар-Коргон районунун 1996-жылы туулган тургуну кечээ, 26-майда көз жумду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчилиги ырастады. Маалым болгондой, ал ооруканага өтө оор […]

Анжелика: “Казакбы, араббы – көңүлүмө жаккандай жардамдашкан инсан бар. Ремонттук иштер бүтсө онлайн үй той берем”

Ырчы Анжелика жаңы сатып алган үйү тууралуу өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жаңы пост калтырган: “Айтор үйүм сөз болуп жатат. Кайдан акча? Кантип? Россия жылдыздары гивтен 5 күндө 500,000$ таап жатса, биз […]

Уралдагы кыргызстандыктарды өлкөгө жеткирүү үчүн каттам уюштурулууда. Уралда 600дөн ашуун мекендештер бар

Екатеринбургдан кыргызстандыктарды чартердик каттам менен өлкөгө кайтаруу уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөттүн буйругу менен Екатеринбургдагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги […]

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызамык жугуштуу илдетине чалдыккан 717 адам катталды

Кыргызстанда кызамык оорусу кайрадан катталууда. Саламаттык сактоо министрлиги 27-майда тараткан маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери кызамык жугуштуу илдетине чалдыккан 717 адам катталды. Алардын көбү Жалал-Абад, Чүй, Ош, Баткен облустарында […]

Азамат Жаманкулов: “Музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат”

Музейлерден жоголгон экспонаттарды издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат Айнуру Алтыбаева Тарых музейинде жоголуп кеткен эскпонаттар […]

Бишкек жана Чүйдө 8 мектепте медкабинеттер ачылат. Медкабинеттерде кант диабети менен ооруган балдарга жардам көрсөтүлөт

Бишкек жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги “Диабетсиз […]

Нарында төрөт бөлүмүнөн анализдеринин жыйынтыгы толук чыга электе чыгып кеткен аялдар боюнча кылмыш иши козголду

Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүнөн анализдеринин жыйынтыгы толук чыга электе чыгып кеткен аялдар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 25-майда саат 12:10 чамасында […]

Видео – Мирлан Каниметов: “Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти”

Кыргызстанда коронавирус илдети башталгандан бери мыйзам бузган жарандардын саны 98ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов онлайн-брифинг учурунда билдирди. “Бүгүнкү күндө 98 адамдын ичинен  […]

Улуттук банк: Кыргызстанга чет жакта иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га азайды

Кыргызстанга чет жакта иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га азайды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын биринчи кварталында жеке жактардын акча которууларынын жалпы […]

Видео – Депутат Руслан Казакбаев көзү азиз балдарга билим берген мугалимдердин айлык маянасы канча экенин сурады

Бүгүн, 27-майда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев интернаттын акыбалы жөнүндө сөз козгоду. Ал көздөрү азиз, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга билим берген мугалимдердин айлык маянасы канча […]

Нурболот Үсөнбаев: “Ар кандай чөптөрдү кайнатып ичкендер бар, бул илдеттен өз алдынча дарыланууга болбойт”

Коронавирус илдетинен өз алдынча дарылануу фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, коронавирустан каза болгондорду жана айрым оор абалдагыларды […]

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен 4 адам реанимацияда жатат

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бейтапканаларда […]

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус илдетинен 28 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 28 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди. Оорудан айыккандар: – […]

Бүгүн Исхак Масалиевдин ордуна депутат болуп келген Нургазы Айдаров ант берет

Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нургазы Айдаров бүгүн, 27-майда ант берет. Айдаровго депутаттык мандат кечээ, 26-майда тапшырылган. Ал Исхак Масалиевдин ордуна келди. 21-майда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын […]

Депутат Тазабек Икрамов өзү сунуштап жаткан “коррупционерлердин туугандары да шайлоо укугунан ажыратылсын” деген нормага түшүндүрмө берди

Кечээ, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов  өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, “коррупционерлердин туугандары да шайлоо укугунан […]

Видео – Камчыбек Жолдошбаев: “Бишкектин Кулиев көчөсүндөгү менчик мейманканалар башка максаттарга колдонулуп жатат”

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев кесиптеши Жанар Акаев сунуштаган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга уруксат берүү боюнча мыйзам […]

Видео – Жанар Акаев: “Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек”

Турак-жай кодексинен көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек. Бул тууралуу, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат […]

Ош шаарында дагы деле муктаж үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда

Ош шаарында дагы деле муктаж үй-бүлөлөр гуманитардык жардам сурап кайрылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн-брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бул максатта кыргыз өкмөтү Ош […]

ТИМ: Бүгүн Россиядан 393 кыргыз жараны балдары менен өлкөгө кайтарылды

Бүгүн, 26-май күнү “Аэрофлот – Оруссия аба жолдору” авиакомпаниясынын учагы менен Москва-Бишкек каттамы боюнча Россиядан 393 кыргыз жараны балдары менен (450) мекенине кайтарылды. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. […]

Ош шаарынын төрөт үйүндө иштеген 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Ош шаарынын төрөт үйүндө иштеген 14 медицина кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 13-майда Ош шаардык […]

Москвада 1500дөй кыргызстандык мекенине учуп кетүү үчүн кезек күтүп турат. Алар ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар

Москвада 1500дөй кыргызстандык мекенине учуп кетүү үчүн кезек күтүп турат. Алар ооругандар, кош бойлуулар жана кары-картаңдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчиликтин билдирүүсүндө бүгүн, 26-майда өлкөгө Москвадан […]