Шейшемби, 28 Январь, 2020 - 19:11
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: : Таалайбек Асанов

Видео – Азимбек Бекназаров: “Конституциянын атасымын” деп жүргөн Текебаев парламентти “проходной дворго” айлантты

“Жакында “Конституциянын атасымын” деп жүргөн Текебаев айтат: “Шыкмаматов менен Сыдыгалиев 2 жылдан депутат болууга сүйлөшүшкөн болчу, ошондуктан Шыкмаматов кетип, депутаттыкты Сыдыгалиевге бериш керек” деп айтпадыбы”, – деп билдирди 16-январда Кыргызстандын […]

КАРА ТҮТҮН балдарга зыянын тийгизбеши үчүн эмне кылуу керек?

Бишкек – 2020-жылдын 21-январында “Move Green” коомдук бирикмеси жана “Инициатива Арча” коомдук фонду USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда “Абасы таза мектеп” долбоору боюнча финалдык конференция өткөрөт. Азырынча Бишкекти кара түтүн […]

Акылбек Жапаров: “Мурунку 3 президенттин учурунда Кыргызстан Кытайдан $150 млн карыз алса, Атамбаевдин учурунда $1 млрд 750 млн карыз алды”

Кечээ, 17-январда КР Жогорку Кеңешинин депутаты, мурунку Каржы министри Акылбек Жапаров Facebook социалдык тармагындагы талаштардын биринде Кыргызстандын мурунку президенттеринин кимиси Кыргызстанды Кытайдын карыз сазына батырганын чечмелеп берди: “Кыргызстандын мурунку президенттери […]

Видео – Марс Сариев, саясат таанучу: “Кыргызстанды ар кандай саясый технологияларды иштеп чыгып, текшерип көрө турган лабораторияга айлантышты”

Саясат таанучу Марс Сариев өзүнүн 5-каналга берген маегинде Кыргызстан кандайча лабораторияга айланып калганын айтып берди: “Аскар Акаевдин заманынан бери карай Кыргызстан ар кандай технологияларды иштеп чыккан эл аралык лаборатория болуп […]

«Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдун резолюциясы

2020-жылдын 14-январында «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол ѳттү. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты, кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттер, жарандык активистер, Талас облусунун тургундары, кайдыгер эмес жарандар […]

Алмазбек Акматалиев, саясат таанучу: “Быйылкы парламенттик шайлоодо эл кандай идеяларды камтыган программасы бар саясый партияларды колдойт?”

Саясат таанучу Алмаз Акматалиев быйыл, 2020-жылы күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо кандай идеяларга суугарылган программасы бар саясый партиялар шайлоочулар тарабынан колдоого алынат эле деп эсептеп бериптир: 1. Эл шайлаган Президент […]

Видео – Азимбек Бекназаров: “Аскар Акаевге каршы козголгон 5 кылмыш иши бар, ал болсо Москвада тайраңдап 75 жылдык тоюн өткөрүүдө, аны эмнеге бийлик суракка албайт?”

“Биз Курултайчылар быйыл 8-апрелге чейин 7 облустта регионалдык курултайларды өткөрүп жатабыз, ар бир облуска жооптуулар аныкталды, ал жактан делегаттар шайланып келет. Эгер Мадумаров иним Кыргызстанга ушунча эле күйсөң Баткен облусун […]

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Бүгүн, 16-январда Баткендеги Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чыр-чатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн […]

Видео – Умбеталы Кыдыралиев: “2020-жылды биздин урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаганына байланыштуу…”

“2020-жылды биздин урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаганына байланыштуу мен да Өкмөткө кайрылууларды кылып койсом дегем”, – деп билдирди бүгүн, 16-январда КР Жогорку […]

Видео – Бактыбек Турусбеков: “2020-жылды урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп туура жарыялады”

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков “2020-жылды урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбеков Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп туура жарыялады” деп билдирди. Булак: KyrgyzToday.kg

Видео – Пархат Тулендибаев, ЖК депутаты: “Кыргызстандагы 2019-жылдагы позитивдүү өзгөрүүлөр 2020-жылы да уланат”

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңеш жыйынында эл өкүлдөрү балдарды коргоо жаатында бир катар сунуш-пикирлерди Өкмөткө багытташты. Депутат Пархат Тулендибаев 2020-жылды Президент Жээнбеков тарабынан Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп […]

Видео – Аида Исмаилова, ЖК депутаты: “Президент 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп эң туура жарыялады”

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Аида Исмаилова 2020-жылдын Президент тарабынан Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланышы туура болгондугун айтып, балдардын ар кандай зордук-зомбулукка кабылышы, эрезеге […]

Видео – Мирлан Бакиров, вице-спикер: “”Азаттык” такталбаган, анык эмес маалыматтарды алып чыгып, коомчулукту дүрбөтпөй, баш-аламан иштер болуп жаткан тоо-кен тармагына иликтөө жүргүзсө”

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров алтын концентранттары камтылган кум-шагылдарды сыртка мыйзамсыз ташуу көйгөйү дале уланып жаткандыгына жакында эле Солтон-Сарыдан кармалган мындай кум-шагылды мисалга тартып, бул багытта кабыл […]

Видео – Гүлшат Асылбаева: “Детдомдо өсүп чоңойгон 600 бала турак жай алууга кезекте турушат. Алышабы же жокпу?”

“Президентке ыракмат, балдарга көңүл буруп, 2020-жылды балдарды колдоо жылы катары жарыялады. Бирок, бул багытта Өкмөттүн жүргүзгөн иши байкалбайт. Мен Өкмөткө, анын тийиштүү органдарына балдар үйүндө тарбыяланган балдардын көйгөйлүү маселелери боюнча […]

Видео – Тынчтыкбек Конушбаев, ЖК депутаты: “Мен премьер-министрге кирейин деп эки жолу жазылсам, эки жолу тең кабыл албай койду”

“Мен премьер-министрге кирейин деп жаңы жылга чейин эки жолу жазылдым, эки жолу тең кире албай койдум. Мен ал жакка өзүмө жумуш сурап же бирөөнү жумушка киргизейин деп барган жокмун. Мен […]

“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча регионалдык директору Венера Жуматаева кызматынан алынды

Бүгүн, 14-январда Венера Джуматаеванын ордуна “Азаттыктын” Борбор Азия боюнча регионалдык директору болуп Хамид Исмаилов дайындалды. Бул тууралу Азаттыктын башкы редактору Дейси Синделар бүгүн жарыялагандыгын биздин жеке булактар билдирди. Хамид Исмаилов […]

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 млн АКШ долларына чейин жеткирүүнү пландоодо

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) 2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 млн АКШ долларына чейин жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди. Ал анын ичинен 15 […]

Видео – Адахан Мадумаров: “2010-жылдын 7-апрели бул Убактылуу бийликке жулунган күчтөрдүн арамза ойлорунун ишке ашышы”

“2010-жылдын 7-апрелин Кыргызстандын кайгысы деп билемин. Мен 10 жыл бою өзгөртүүсүз ушул сөздөрдү айтып келем – Кыргызстандын кайгысы деп. Бул баягы Убактылуу бийликке жулунган күчтөрдүн арамза ойлорунун ишке ашышы деп […]

Нуржан Бардинова Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы кызматына барат

2008-жылдан бери КР Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп иштеп келаткан Нуржан Бардинованы эмнегедир Ак үй КР Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы кылып дайындоого даярдап жатыптыр. Бул тууралу биздин […]

Видео – Аксыда дагы бир карышкырды тузак менен тирүүлөй кармашты

9-январь күнү Аксы районун Авлетим айыл аймагындагы Итагар айылында дагы бир карышкырды тузак менен тирүүлөй кармашты. Буга чейин 7-январда да ушундай эле тузак менен бир карышкыр кармалганын билдиргенбиз. Итагар айылынын […]

Видео – Чаткалда зымдан тузак коюп эле карышкырды тирүүлөй кармашты

Чаткал районунун Сумсар айылында 9-январь күнү бир карышкырды зымдан тузак коюп эле тирүүлөй кармап алышкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында Сумсар айылынын малына тиш салып жаткан карышкырлар пайда болуп, айылдын 58 баш малын […]

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы […]

Фото – Жумгалда колго түшкөн дагы бир илбирсти куткаруучулар Бишкекке алып келишти

Бүгүн, 11-январда Нарын облусунун Жумгал районунда колго түшкөн дагы бир илбирсти Бишкекке алып келишти. Бул тууралу илбирстерди коргоо боюнча эл аралык NABU уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы […]

Видео – Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев мечиттен кийин спортзалга барып бокс менен машыгат

Бүгүн, 10-январда тараган видеотасмада көрүнүп тургандай Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев колу бош учурда спортзалга барып машыгып, мушкерлик менен шугулданат.

Фото – Таласта башынан жарадар болуп кармалган ак илбирстин башында 70 бытыра ок бар экенин рентген аныктады

Бүгүн, 10-январда Таластан Бишкекке алып келинген жарадар ак илбирсти ветврачтардан түзүлгөн консилиум карап, рентгенге тартып, анын башында чачма мылтыктан атылган 70тен ашык бытыра ок бар экендиги аныкталды. Бул тууралу КР […]

Видео – Алманбет Шыкмаматов, экс-депутат: “Парламентте жаштар көп, коррупция иштеринин көбүн жаштар кылып жатат, жаштар бийликке келсе жыргайбыз деген жаңылыштык”

“Бизде айтып жатпайбы, “парламентте жаштар жок” деп, азыркы парламентте 50 проценттен ашыгы жаштар… Жаш курамын алып, парламенттеги 120 депутатты карасак, тескерисинче жаштар 50%тен да ашып кетет, жаштар бар. Бизде азыр […]

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Шыкмаматов менен Сыдыгалиев мага улам бир журналист жөнөтүп “ушул Текебаевдин жалганын кармайбыз” деп майда, пас, мелкий укол жасайм дегендери алардын деңгээлин көрсөтөт”

Кечээ, 9-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда процесстен кийин журналист Болот Абдыжапаров “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бир нече суроолорду узатты.  Текебаев журналисттин акыркы суроолорунда өзүн кармана албай туталанып, журналистке […]

ИИМ: Үй-бүлөөлүк жана гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү маселелери ички иштер органдарынын негизги багыттагы ишмердүүлүгү болуп саналат

Мурда маалымдагандай, Нарын облусунун Кочкор районунда 36 жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунун натыйжасында каза болгон. 2020-жылдын 1-январында болжол менен саат 12:40 чамасында Кочкор райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы келин жолдошунун […]

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды

Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Башкы жалданма компания AAEngineering Group курулуш-монтаждоо иштеринин негизги көлөмүн, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу, жабдууларды негизги технологиялык орнотуу […]

Видео – Журналист Адилет Айтикеев экс-президент Аскар Акаевдин 75 жылдык тоюнда Атай Огонбаевдин “Эсимдесин” ырдап берди

28-декабрда Москвадагы ресторандардын биринде Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин 75 жылдык тою болуп, ага АКШдан Атамбаевдин режиминин куугунтугунан улам качып кеткен журналист Адилет Айтикеев атайын келип куттуктап, Аскар Акаевдин башына суусар […]

Видео – Журналист Болот Темировго кол салуу учуру жана кол салгандардын качып баратканы видеокамераларга түшүп калган

Сүрөт иллюстрация үчүн коюлган. Бүгүн, 9-январда саат 12:30 чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде журналист Болот Темировго белгисиз 3 адам кол салган. Кол салгандар Болот Темировду ур-тепкиге алып, […]

Сыймык Жапыкеев, юрист: “Россия бөлгөн 300 млн долларды Бакиев уурдаган эмес, 2010-жылы Убактылуу өкмөт уурдаган, комиссия түзүп, иликтесе эле уурулардын бети ачылат”

Юрист, экс-прокурор Сыймык Жапыкеев facebook социалдык тармагындагы резонанстуу постторунун бирине төмөнкүдөй комментарий калтырды: “Мен 2010-жылы 7-апрелден кийин КР Генпрокуратурасында иштечүмүн. Россия Кыргызстанга бөлгөн 300 миллион долларды текшергенбиз, ал акча Бакиевдер […]

Видео – Алмамбет Шыкмаматов: “Мен депутаттыктан Текебаев менен болгон жеке таарынычтарга байланыштуу кеттим”

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык кызматтан кеткенден кийин биринчи жолу парламенттин пресс-катчысы Ибраим Нуракун уулуна кеңири интервью берип, эмне үчүн “Ата-Мекен” партиясынан кеткенин, алдыдагы парламенттик шайлоолор, дегеле парламенттик система боюнча, бийликтен […]

Фото – Аскар Акаевдин Москвадагы “Галерея художника” ресторанында өткөн 75 жылдык тоюна кимдер барды?

Академик Аскар Акаев, Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти… Мына бул сөздөр Аскар Акаевге түбөлүккө наам катары энчиленип гана берилбестен, өзүнө куп жарашкан даража катары кабыл алсак болот. Бул ысым тууралуу тарых […]

Өзбекстанда блогер менен маалымат катчы соттошууда

Анжиян шаардык сотунда Human.uz маалымат порталынын журналисти жана блогер Хуршид Далиевдин Анжиян шаардык акимчилигинин басма сөз катчысы Гүлшаной Кучкаровага каршы жазган доо арызы каралууда. 2019-жылы ноябрда Далиев укук коргоо органдарына […]

АКШ Ирактагы аскерлери орун которуштурары жөнүндө Багдадга маалымат берди

АКШ Ирактагы аскерлери орун которуштура тургандыгы жөнүндө Багдадга маалымат берди. Бул тууралуу CNN телеканалына Кошмо Штаттардын абал менен жакындан тааныш расмий өкүлү билдирди. Анын айтымында, кеп аскерлердин бир эле аймакта […]

Тажикстанда «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен 27 адам кармалды

Тажикстанда тыюу салынган «Мусулман агайыңдар» кыймылынын мүчөсү деген шек менен 27 адам кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүүлөрдү кармоо операциялары январдын алгачкы күндөрү Душанбеде, Согди […]

Ирандык генералдын өлүмүнөн кийин мунай менен алтын кымбаттады

Ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин башталган Жакынкы Чыгыштагы туруксуздукка байланыштуу мунай менен алтындын баасы жогорулады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, алтын акыркы алты жылдан берки эң жогорку […]

Видео – Өзбек чек арачылардын Ала-Букадагы кыргыз жарандарына ок атуусунун тасмасы тарады

Кечээ, 6-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районун Көк-Таш айылында өзбек чек арачылары куралсыз кыргыз жарандарына ок атышты. Анын алдында кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Абал курчуп кетип, […]

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чегиндеги чатак тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыкканын тастыктады. Анын маалыматына караганда, жаңжал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок аткан. Андан […]

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш түшүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов сунуш кылган долбоор коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам долбоору […]

Видео – Бермет Букашева: “Эмнеге азыркы бийликти жек көрүп жатышат? Регионалдык фактор роль ойноп жатат, түндүктүктөр түштүктүктөргө каршы бөлүнүшөт, адамдардын аң сезиминде ушундай жапайы инстинкттер сакталып калыптыр”

-Атамбаевди камакка алуу чынында өзгөчө окуя болду – муну эч ким пландаштырган эмес эле, күтүлбөгөн жерден окуя ушул нукка бурулуп кетти… бул деген элдин кызыкчылыгы үчүн да – мындай мыйзамды […]

Январь айынын соңунда «Ак-Жол – автодорожный» өткөрүү жайынын курулуш иши башталат

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында «Ак-Жол–автодорожный» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Ак-Жол – автодорожный» […]

Видео – Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын төрагасы: «2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады”

«2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Жыл жыйынтыктары боюнча  банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады.  Насыялык портфель […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана […]

ӨКМ: 5-11-январларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман […]

Замирбек Өсөров, журналист: “Кыргызстанда туулуп өскөн кыргыз балдарын орус тилдүү бакчаларга жана мектептерге берүү бул жаш өспүрүмгө болгон кыянаттык мамиле”

Кыргызстанда туулуп өскөн кыргыз балдарын орус тилдүү бакчаларга жана мектептерге берүүнү бул жаш өспүрүмгө болгон кыянаттык мамиле катары көрөт Валерий Яковлев. -Кичине бала эмнени билмек эле, – дейт Валерий байке.- […]

ИИМ: 7-8- августтагы Кой-Таш окуялары боюнча шектелгендердин мүлктөрү камакка алынды, туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес

2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө […]

Москвада иштеген кыргыз таксист батиринде бычакталып, терезеден ыргытылган

31-декабрда Москвада таксист болуп иштеген эмгек мигранты, 1994-жылы Жайыл районунда туулган Адилет Байсабаев өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн батиринде бычакталып, анан терезеден ылдый ыргытылган. Жерде кансырап жаткан Адилетти өтүп бараткан […]