Жекшемби, 22 Сентябрь, 2019 - 13:53
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Журналист боюнча архив: :

Бишкекте алгачкы жолу климаттык фестиваль өтүп жатат

Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта климаттык фестиваль өтүп жатат. Биринчи жолу өтүп жаткан бул иш-чара «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы менен чогуу уюштурулуп жатат. Фестивалда Туруктуу өнүгүү […]

Аида Салянова ооруканадан чыкты

Аида Салянова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты туугандары кабарлады. Салянова ооруканага 19-августта Бишкек СИЗОсунан чыккандан соң бир канча күндөн кийин жаткырылган. Дарыгерлер ага жүрөктүн панкардити деген диагноз койгон. Ал Бишкек […]

Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова “Эжеңдин бүгүнкү абалына бооруң оорубайбы?” деген суроого жооп берди

Өзбекстандын маркум президентинин кичүү кызы Лола Каримова Тилляева өзүнүн инстаграм баракчасында эжеси Гүлнара Каримованын тагдыры тууралуу суроого жооп берди. Лола Каримованын постуна пикир билдирүүчүлөрдүн бири “Орунсуз суроо бергеним үчүн мени […]

8-августтагы башаламандыкта бейбаштыкка шектелип жаткандардын бири кармалды

  Милиция 8-августтагы башаламандыкта бейбаштыкка шектелип жаткандардын бирин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти. Маалыматка караганда, 8-августтан 9-августка караган түнү жаштардан турган топ Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ары-бери өткөн […]

Индияда электрондук чылымга тыюу салынды

Тамеки чеккендердин саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки орунда турган Индия электрондук чылымга тыюу салууну чечти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечим өспүрүмдөр жана жаштар арасында никотинге көз карандылыктын алдын алыш […]

Тунистин мурунку президенти Зин аль-Абидин бен Али каза болду

Тунистин экинчи президенти Зин аль-Абидин бен Али 83 жашында каза болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматтарына караганда, бен Али ооруп, акыркы үч айда реанимацияда жаткан. Зин аль-Абидин бен Али 1987-жылы Тунистин […]

Өзүнүн 2 жашар кызын сабаган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Интернетте кичинекей кызды ыйлаганы үчүн бир нерсе менен чаап жаткан видео тарады. Окуя унаанын ичинде болгон. Анда милиция кызматкеринин формасын кийген адам наристени уруп жатканын, аялынын “урба, жүрөгү түшөт” деп […]

2 адамды мыкаачылык менен сабаган бир тууган Бапышовдорду абакта чоогу отурган камералаштары сабашты

Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эки жаранды катуу сабаган шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) камерадагылар менен мушташышкан. […]

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Өкмөт чек арада алдын-алуу иштерин жүргүзгөн эмес”

“Эки өкмөтүн премьер-министрлери жолугуп ал жерде кыргыз өкмөтү таджик өкмөтүнө айып тагууларды айткан. Негизги айып тагуу бул биздин чек ара да атылган ок боюнча болду, чек арада атылган ок эки […]

Видео – Жогорку Кеңеште жабык эшик артында өткөн жыйында кандай маселелер көтөрүлдү?

Бүгүн 19-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Таджик чек арасындагы  маселе боюнча жабык эшик артында жыйын болуп өттү. Жыйында кандай сөз болгонун, кандай чечим кабыл алгандарын депутаттар төмөнкүчө билдирди. Карамат Орозова: “жыйында бизге […]

Видео – Чек ара маселесин депутаттар жабык түрүндө талкуулашты

Бүгүн чек ара маселесин депутаттар жабык түрүндө кароону сунушташты. “Жабык өтүш керек, анткени  мамлекеттик сырды сактоо керек,ошондой эле бул жыйында эмоцияга алдырып ар кандай маселелер көтөрүлүп калышы мүмкүн. Бирок Мухаммедкалый […]

Афганистанда дагы жардыруу болду

Афганистанда 19-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук дирекциясын жанында машина жарылды. Бул жардырууда 7 адам каза таап дагы 85 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Бул тууралуу Tolonews каналы губернатор Раматуллаха Ярмалга шилтеме […]

Хабиб Нурмагомедов аукционго койгон футболка 100 миң долларга сатылды

Америкалык мушкер Дастин Порьенин менен россиялык Хабиб Нурмагомедов экөөнүн болгон беттешинен соң, бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Кийин Хабиб футболканы аукционго койгону айтылган. Футболка 100 миң долларга сатылып, каражат […]

Тажикстан такталбаган аймакка баштаган курулуш иштерин токтотту

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтотту, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы. Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагындагы курулуш иштери 16-сентябрда токтотулган. Ал […]

Фото – Кеминде аз камсыз болгон 100 үй бүлөгө Кувейттин “Ас-Сафа борбору” фонду үйлөрдү куруп берди

Кувейттин “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фонду Кемин районундагы аз камсыз болгон 100 үй бүлөгө үй куруп берди. Курулуш Чым-Коргон айылындагы 2.5 гектар жерге курулган. Ал жерге 4 батирлүү 25 үй курулган. Ар […]

АКШ бийлиги Хамза бен Ладен терроризмге каршы операциясында өлтүрүлгөнүн ырастады

АКШ бийлиги “Аль-Каида” террорчул уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу Хамза атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөнүн ырастады.Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, террорчул уюмдун жетекчилеринин бири болгон Хамза […]

Видео – Таджикстандык Сайфулло Олимов өзүнөн 2500 вольт токту өткөрө алат

Таджикстандын Вахдат шаарынын тургуну ден-соолугуна зыян келтирбестен токту өзү өткөрө алат, деп кабарлады MIR 24 телеканалы. Сайфулло Олимов жылаң аяк эч коркунучсуз темир бассейинде туруп, электр тогун өткөрө алат. Эксперименттин […]

Видео – Табылды Акеров: “Кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик кызматта иштегендер көңүл бурбай жатышат”

Азыркы учурда мектептерде кыргыз класстарды көбүрөөк ачууну эч ким каалабай жаткандай.  Анткен себеби шаардык мектептерде дээрлик кыргыз класстар жок. Кыргыз тилин өнүктүрөбүз дегенибиз менен мектеп, бала-бакчаларда кыргызча сабак өтүлбөсө алар […]

Видео – Казакстанда токтоп турган автобусту поезд сүзүп кеткен

Кечээ 15-сентябрь күнү кечинде, Алматы облусунун Шамалган станциясында темир жолдо турган автобусту поезд сүзүп кеткени жарыяланды. Окуяга күбө болгондордун айтымдарында, 67 жүргүнчүсү менен бараткан автобус поезд келе жаткан маалда рельсте […]

Кадыр Атамбаев “Ак илбирсти сактайбыз” аттуу марафондо өзүн жаман сезип, чуркай албай жарыштан чыкты

Бүгүн, 15-сентябрда  Бишкекте “Ак илбирсти сактайбыз” аталышындагы эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү. Анын жүрүшүндө шаар тургундары, спортчулар Бишкектин түштүк бөлүгүнөн Манас көчөсү менен Ала-Тоо аянтына чейин чуркап өтүштү. Бул […]

Коляскачан жаш энелердин жарышы болуп өттү

Кечээ 14-сентябрь күнү Бишкекте башкаларга окшобогон “Кайрымдуу күз” аттуу кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстанда биринчи жолу  болуп жаткан жаш энелердин коляска менен жарышы да орун алды. Бул […]

Видео – Индияда үчүнчү аял алууга камданып жаткан 26 жаштагы эркекти эки аялы сабап салышты

Индияда бир кишини үчүнчү аял алууга камданып жатканын жакындары билип калып сабап кетишти. Бул тууралуу  Daily Mail гезити маалымдады. Бул окуя Тамил Наду штатында болгон. Динеш аттуу жаран, биринчи жубайына […]

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак багына дарак отургузушту

Кечээ, 14-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги  Ынтымак эс алуу багына көчөт тигишти. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 2010-жылдагы Апрель мамлекеттик төңкөрүшүнөн кийин өздөрүн Убактылуу Өкмөт деп жарыялаган […]

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат жана Жака-Өрүк конуштарындагы абал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Кечээ, 14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана […]

Михаэль Шумахер 6 жылдан соң комадан чыгып, эсине келди

“Формула-1” жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер 6 жылдан соң комадан чыгып, эсине келгенин Le Parisien басылмасы жазып чыкты. Буга чейин ЖМК 50 жаштагы спортчу Шумахер Париждеги Жорж Помпиду атындагы […]

Сауд Аравиясы дрондордун чабуулунан мунай кенинде чыккан өрттөн соң мунай өндүрүүнү эки эсе кыскартты

Сауд Аравиясындагы “Aramco” мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул болуп өрт чыкты. Бул окуядан соң акыркы суткада мунай өндүрүү 5 миллион баррелге чейин кыскарганы кабарланды. Мындан улам […]

Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактагы кыргызстандык 78 бала Кыргызстанга алып келинет

Иракта согуш жүрүп жаткан аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. “Ар бир баланын тууганы табылды, “аларды кабыл алабыз деген макулдугу” алынды. Экинчи […]

Үйлөнүү тоюунун кортежинин ичиндеги автокырсыкка учураган унаанын 5 жүргүнчүсү каза болду

Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берди. Маалыматта айтылгандай, 9-сентябрда 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8- каттамдагы автобус кагышып, жеңил унаадагы […]

Ташкентте кумса экенин ачыктаган баланы мууздап кетишти

Өзүнүн кумса экенин “Инстаграмда” ачык айткан өзбекстандык Шакир Шавкатовду 12-сентябрда Ташкентте мууздап кетишкен. Бул тууралуу Ташкенттин Юнусабад райондук милициясына шилтеме беришип, Өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта айтылгандай, окуя 12-сентябрдын кечинде болгон, […]

Шамшы жайлоосун кар баскандан кийин жоголгон 9 чабан мал-жаны менен изделүүдө

9-сентябрда жааган калың кардан кийин Чүй облусундагы Шамшы жайлоосунда дайыны чыкпай жаткан 9 чабан изделүүдө. Алар менен мал-жандыктарды кайтарып жүргөндө байланыш үзүлгөнү тууралуу жакындары кабарлашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ыкчам топ түзүлүп, […]

Фото – Яшар Худиев, саякатчы: “Мен Африка, Европа жана АКШны велосипед менен кыдырып чыктым, эми Азия континентин жөө кыдырып келатам”

Үч континентти велосипед менен кесип өтүп, эми Азияны жөө кыдырып, саякаттап келе жаткан Яшар Худиев былтыр, 2018-жылы Бакудан Азияны түрө кыдырууга  саякатка чыккан. 450 күндө 5000 км жол басып, азыркы […]

Жарым жылга жетпей бузулган Кыргызстандагы жаңы жолдор

Адатта акчалуу айыл өкмөттөр жана шаарлар жыл сайын жол курууга жана оңдоого жергиликтүү казынанын 30% коротушат. Учурда мамлекеттик курулуштарды прокуратура баш болгон бир нече көзөмөл органдар текшерет. Ага карабай миллиондогон […]

Бишкекте “Москва күндөрү” деп аталган достук фестивалы өтүүдө

Бишкекте “Москва күндөрү” уюштурулуп, экономика жаатындагы кызматташтык, маданий жана спорттук иш-чаралар менен коштолууда. Москвалык өнөр ээлери концерт жана спектакль менен келип, спорт мелдештери өтүп жатат. Эки борбор калаанын достук фестивалын […]

Осмонбек Артыкбаевди сотко майыптардын арабасында алып келишти

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүп жаткан мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурумда Осмонбек Артыкбаев күбө катары көрсөтмө берди. Артыкбаевди соттук отурумга майыптардын […]

Сауд Аравиясынын канбийкеси Францияда сантехникке зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн эркинен ажыратылды

Сауд Аравиясынын канбийкеси Хасса бинт Салман аль Сауд Францияда сантехникке зордук-зомбулук көрсөткөндгү үчүн сот тарабынан 10 айга эркинен ажыратылып, 10000 евро айып пул төлөй турган болду. Канбийке франциялык жаранга күч […]

Видео – Түнкү клубдун жанындагы мушташта ур-токмокко кабылган Мунарбек көз жумду

Бүгүн, 13-сентябрда Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанындагы мушташта ур-токмокко кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов ооруканада каза болду. Дарыгер Абдуламит Сайпидиновдун айтымында, жабырлануучу бүгүн саат 10:00 чамасында көз жумган. «Бейтаптын баш […]

Конокко келген аялды ити талап өлтүрдү

Казакстандын Тараз шаарында үрөй учурган окуя катталды.Питбультерьер породасында ит ошол үйгө конокко барган 54 жаштагы аялды талап өлтүрдү. Маркум көп кан жоготкондуктан ооруканада каза болгон. Үй ээсинин кошуналарынын айтымында, аталган […]

Видео-Путин менен Хабиб жолугуп сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Махачкаланын аэропортунда UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана атасы Абдулманап Нурмагомедов менен жолукту. Спортчу бейшемби күнү Дагестанга келген мамлекет башчыны узатуу үчүн аба майданга, барган. Спортчуларды Дагестандын […]

Ипотекага берилчү үйлөрдүн баасы арзандайт

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова каржылык маселени чечүү үчүн донорлорду тартуу аракети жүрүп жатканын, жакынкы аралыкта германиялык “KFW” банкынын гранттык каражаты иштетиле баштарын айтты. Абжапарованын маалыматында, башкармалык ипотекалык насыяны […]

Видео-И.Карамушкина: “КСДПнын мүлкүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм”

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Карамушкина мындй пикирин билдирди. “Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотушун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүшүбүз керек. Мен ошондой […]

Видео – Мирлан Бакиров “Жайытка төлөгөн салыкты мал башына төлөтүп, мал чарбачылыгын камсыздандыруу керек”

Жыл сайын кайталанып келген маселе боюнча айыл чаба, мал чарбачылыгын камсыздандыруу механизимин иштеп чыгуу сунушун киргизди. “Кечээги Суусамырдагы окуя боюнча ӨКМден аперативдүү маалымат жеткирилген жок, эми болоору болгон соң ал […]

Сагындык Келдибаев: “Бюджеттен бөлүнгөн акчалар кайда кетип жатат?”

Ушул жылы президентибиз маданий мекемелерди кыдырып ал жерлердин абалы менен таанышып оңдоп түзөө иштерине бөлгөн акчалар кайда кеткен деген суроосу менен Келдибаев бүгүнкү  жыйында сөз сүйлөдү; “Филармонияга 55млн, “Кыргыз драм” […]

Видео-Алмазбек Баатырбеков: “Нарындагы райондордун жолуна асфальт эмес шагыл эле төгүп бергилечи”

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жол маселеси менен элдер митингге чыккан. Ак-Талаа –Кум-Дөбө жолу боюнча элдер 80-жылы төгүлөн шагылды гана жаңылап төгүп берүүнү суранышууда.  Бул маселени Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында А.Баатырбеков […]

Видео-Табылды Тиллаев: “Эки мамлекеттин президенттери кийлигишкенде эле чек араны чечиш керек болчу”

Чечилбей келген чек ара маселеси кайрадан көтөрулдү.   “Тарыхта биринчи жолу эки өлкөнүн президенттери чыр чыккан жерде жолугушуп өкмөткө тапшырма берилген. Бирок ал жерге бирөө да басып барган жок ушундай убакта […]

«Коопсуз шаар» камералары эми адамдын жүзүн тааныйт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн төрагалыгы алдында өткөн Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулганын билдирди. Анын […]