Жекшемби, 17 Ноябрь, 2019 - 2:51
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: АНАЛИТИКА

Кыргызстандын эки жолу бар: же Сомали, же Сингапур?

“Коомдук тартип, жеке коопсуздук, экономикалык жана социалдык өнүгүү өзүнөн-өзү пайда болбойт, бул эл көзөмөлдөгөн өкмөттүн таза жана таасирдүү эмгегинин үзүрү”. Ли Куан Ю, “Артта калган өлкөдөн алдыга озгондо : Сингапурдун […]

Көмүскө экономика, келемиш чиновниктер!..

Соңку кездерде коомдук-саясий турмуштун орчундуу өзгөрүүлөрү жүрө баштагандыгы байкалууда. Алардын эң башкы жана да позитивдүүлөрүнүн бири катары коомчулукта коррупция менен күрөшүү тенденциясы күч алгансыйт. Болгондо да, атайын укук коргоо органдары […]

Шайлоого бир жыл калды: президент С.Жээнбеков менен өлкөнү эмне күтөт?

Аналитик Калнур Ормушев шайлоо алдында Кыргызстанда боло турган саясый тренддер жөнүндө акыл калчады. Тренд – бул бир нерсенин өзгөрүүсүнүн негизги себеби. Бир жыл көздү ачып-жумганча эле өтүп кетет. Дагы бир […]

“Мыйзамдагы ууру” жана уурдалган мыйзамдар

Дүйнөлүк геосаясаттын эң четки бир бучкагында калган Кыргызстандын даңкын далайга угузуп, узак убакыт бою дүйнөдө “дүңгүрөтүп” келе жаткан “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөнү […]

Жерүй кени саясый сооданын оюнуна айланабы?

Кыргызстанда саясатчылар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдана башташты. Баягы эле – ачуу билдирүүлөр, популизм, ири долбоорлор боюнча келишимдерди кайра карап чыгуу – сонун ыкма эмей эмине десең. Быйыл минтип жаңы шылтоо […]

Өткөөл мезгил жана парламенттик өлкө

Азыркы күзгү оомал-төкмөл, туруксуз аба-ырайы Кыргызстандагы учурдагы коомдук-саясий кырдаалдын күзгүдөн так чагылып турган элеси сымал да сезилет. Бир жагынан карасаң, быйыл кыш абдан катуу болот экен, өтө эле эрте жана […]

Отуз жыл өкүнүчтүү сабактары же Мамлекеттик тил эмне үчүн иштебейт?

Кечээ жакында жалпы мамлекеттик деңгээлде белгиленген дата– кыргыз тилинин мамлекеттик тилге айлангандыгына 30 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чаралардын эң соңку жыйынтыгы салтанаттуу маараке болбой эле, аз жерден эне тилибиздин келечек тагдыры […]

Эл жуткуч элдер көбөйүп баратабы? Же миграциялык процесстердин күч алуусу улуттун түпкү кызыкчылыктарына ылайык келбейт

Биологиялык түрлөрдүн өсүп-өнүп жаткандыгын, же регресстик абалга түшө баштагандыгын аныктоочу императивдик мүнөздөгү туруктуу бир гана сын-ченем бар, ал – популяциясынын же тукумдап көбөйүүсүнүн абалы. Калгандары утурумдук нерселер. Австролопитектин доорунан бери […]

Колдон колго өткөн Жерүй алтын кенинин бактысы ачылабы?

Азыркы билек түрө киришип, алтын өндүрөбүз деп жаткан “Востокгеолдобыча” компаниясы Жерүйдү иштетейин деп жаткан 7-компания. Буга чейин бир катар компаниялар лицензия алышып, бирок тилектерин таш капкан. Ошол компаниялар лицензияны кандай […]

Айданбек Акматов, журналист: “Келерки президенттик шайлоодо Мухаммедкалый Абылгазиев Канат Исаевдин амбицияларына каршы оңой жоо болбойт”

Айтылуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов акчасына түптөлгөн “Кыргызстан” партиясы 22-сентябрдагы курултайында кезектеги парламенттик шайлоого (мыйзамга ылайык 2020-жылы күзүндө болууга тийиш) катышарын жарыялады. Мына ошону менен өлкөдө шайлоо өнөктүгү бейрасмий түрдө башталды […]

Согуш оту… Мекенин эч ким бербейт! Кыргыз-тажик чек ара талашы

Бир айча мурда, Баткен аймагында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомоли Рахмон баштаган эки тараптуу чек ара маселелери боюнча чырга байланыштуу жолугушуу салтанаттуу нотада аяктаганы али унутула электе, […]

Азимбек Бекназаров: Унчукпай коюуга укугум жок – 4

Кыргыз Республикасынын элине, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Урматтуу кыргыз элим, Урматтуу Президент! Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына, Мамлекеттик тилине, чек арасына, кен-байлыктарына байланыштуу тарыхый-саясый зор мааниси бар айрымдары архивдик […]

Сабыр Муканбетов, серепчи: “Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү биргелешип, бир тизме түзүп, шайлоого катышсак деген көксөөлөрү бар”

-Сабыр байке, мына күркүрөп күз келди, жайкы каникул аяктап, балдар окуусун, депутаттар сессиясын баштап, жашоо өз ыргагына келип, саясат кызый баштады. Өмүрбек Текебаев түрмөдөн чыгып, Убактылуу Өкмөт (УӨ) активдешип, президент […]

Видео-Орто Азия мамлекеттери Кытай өлкөсүнө канча акча карыз?

Сап башында Казакстан турат. Нур-Султандын Пекинге болгон жалпы карызы 12млрд долларды түзөт. Мамлекетте 50дөн ашык кытай заводу иштейт. Нефтисинин 20пайызын кытайлыктар иштетет. Ал эми Кыргызстан 1млрд 700миң доллар карыз. Бул […]

Кош бол, кош стандарттуулук!

Экс-президент статусун аныктаган мыйзам ушул жазда кабыл алынган. Анын талаптарына ылайык, өтө кежир Алмазбек Атамбаев деле эч “кыңк” этпей, СДПК лидерлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал эми “өткөөл учурдагы […]

АШАдай апаат экинчи келбесин!

Жакында электрондук ЖМКларга адам өлтүргөндүгү жана башка бир катар оор кылмыштар боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин “Опен Централ Азия” журналына берген интервьюсу жарыяланды. Күнү […]

“Кара-Суу базарындагы” кара тактар

“Кара-Суу базары” Кыргызстанга эле эмес, Орто Азия өлкөлөрүнө таанымал базарлардын бири. Тээ Советтик мезгил учурунда эл муктаждыгын камсыздоо максатында уюштурулган бул базардын айланасындагы чырдын башталганына кеминде 15 жылга аяк басты. […]

Аркадий Дубнов, эксперт: “Путин Сооронбай Жээнбековду колдой турганын так билдиргенин такыр эле дүлөй же акыл-эси ордунда эмес адам гана түшүнбөй калышы мүмкүн”

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнө турган киши экен. Москвадан 25-июль күнү саат 19га келем деп убада кылды эле – келди! Анан кайда бармак эле, мекениндеги кылмыштары боюнча козголгон иштеринен […]

Чаткалда эл үчүн күйгөндөр чын эле элдик адамдарбы же көздөгөнү бийликпи?

Кыргызстандагы алтын кендердин пайдасын четтен келгендер менен саналуу адамдар көрүп, элге зыяны гана калып, алтындын чуусу тынчыбай келгени талашсыз. “Кумтөргө” ушул кезге чейин чекит коюлбай келет. Өлкөдөгү чачылма алтындын 80 […]

Бутада бардык бийлик бутактары!

Коомдук саясий конфронтациянын катуу күчөй башташы, мурдатан эле болжолдонгондой, кеч күздүн келишин күтпөй эле, кайрадан кызуу, курч окуялардын жыш улануусу менен коштолушу — ​быйылкы жай мезгилинин чечүүчү мезгилдердин бири болуп калышын ырастап […]

Видео – Нарын Айып: “Азаттыкка” маалыматтарды мурунку бийлик азыркы бийликти көрө албагандыктан атайын берип жаткандай…

Бүгүн, 4-июнда мурун көп жылдар “Азаттык” радиосунда иштеп кеткен журналист Нарын Айып өзүнүн 5-каналдагы “Кеп ошондо” берүүсүндө “Азаттык” радиосунун акыркы “Миллиондор изи” аттуу иликтөөсүнө сереп салган. Видео: 5-канал

Марс Сариев: “Кыргызстандагы коррупция гүленчилерге ыңгайлуу шарт түзүүдө”

Ушул айдын башында Муфтият уюштурган ооз ачаар мааракесинин айланасында аябагандай кызуу талкуулар болду. Азыр деле коомчулук гүленчилердин кимдер экендиги жөнүндө билүүгө кызыктар. “Майдан.kg”гезитинин  журналисти белгилүү саясат талдоочу Марс Сариев менен Гүлен кыймылынын өзгөчөлүгү, анын тарапкерлеринин Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жана өлкө турмушуна тийгизген таасири тууралуу […]

Укуктук мамлекетти түзүүдө сот тутумуна өзгөчө милдеттер жүктөлөт же Батукаевден улам айтылган ой

Учурда республикабыздын саясий айдыңында “мыйзамдагы ууру” Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун айланасында бир катар жарандарга козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүл  борборундагы  орчундуу окуялардын бири экендиги талашсыз. “Сот системасында эмне жүрүп жатат,- […]

“Дамир Мусакеев ММКларда Азиз Батукаевден кийинки эле популярдуу болгон №2 фигурага айланды”

Азыркы кезде биздин коомчулукта эң көп талкууланып жаткан маселелердин бири — ​“мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз, уурулук ыкма менен жаза мөөнөтүнөн алда канча мурда бошонуп кетишине байланыштуу кайра козголгон кылмыш иши […]

Жолборс Жоробеков: Өмүрбек Текебаев – кыргыз саясатындагы өзгөчө феномен

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери Кыргызстандагы демократиялаштыруу процессинин башатында турган, анын калыптанышына ири салым кошкон, партиялык курулушту түптөгөн, Конституциябыздагы 1993-жылдан берки оңдоп-түзөөлөрдү ишке ашырып, калк арасында «Конституциянын атасы» деген лакап атка […]

Сот бийликти соттогондо гана күчтүү боло алат

Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы жогорку соттук органдан маалымат талап кылуусун Баш мыйзамга ылайык эмес деп чечти. Бул чечимге Жогорку Кеңештин бир депутаты реакция жасап, аны тиешелүү комитетте кароо зарыл экенин […]

Назарбаев Борбор Азиядагы мамлекеттердин биримдигин түзөбү?

Европа биримдиги соңку мезгилдеги саясий келишпестиктерге карабастан өз курамына кирген Европанын 20 өлкөсүнө бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берип келе жатат. Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев көптөгөн жылдардан бери Орто Азияда дагы […]

Кыргызстандын экс-президенттери да соттолушсун!

Кытайда өткөн “Бир алкак — ​бир жол” (“Один пояс – один путь”) дүйнөлүк масштабдагы эң ири саясий форумдардын бирине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып сөз сүйлөдү. Отузга жакын мамлекеттин башчылары катышкан […]

Кыргызстан – уулуу таштандылардын мекенине айланабы?

Асылын башкалар көрүп… Эске сала кетели. Дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРди оо дүйнөгө узатканга даярдыктар көрүлүп, ошол учурда башкаларды эсепке албай, атом бомбасын ээлеп алган 4 республиканын гана диктаторлору жана партиянын атын […]

Кубан Мамбеталиев: “Реванш” революция эмес. “Алешанын” эми күчү жетпейт, “Бобик” менен “Омикти” кошуп алса да булар эми “элден чыккан кийиктер”. “Кийиктер” кыргызды башкарган эмес

“Кыргыз Тудэй” сайтына “үчүнчү революцияны жасоого негиз жок, себеби буга саясый жана тарыхый шарт түзүлүш керек”  дегем. Мага каяша айткандар чыкты – “жок, сеники тап-такыр туура эмес” деп. Эмнеси жетишпегенин […]

Партиялар парадга даярданууда!..

Өткөн апта ичиндеги урунттуу саясий окуялар түрмөгүнө көз жүгүртүп олтурсаң, накта драмалуу сценаларга, же бардык закондору сакталган трагедияларга да, трагикомедияларга да туш болосуң… Алардын ичинен жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруп, […]

Резолюциядан – революциягабы?..

Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги 2010-жылдагы “апрель революциясынын” күнүн тосууга аз убакыт калганда 2020-жылы бул датанын 10 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде, салтанаттуу белгилөө боюнча Жарлыгына кол койду. Демек, айрым “апрельчилердин” бул “революциянын” […]

Абдувахаб Мониев: “Сыймык эмне, “баатырың” ким, Кыргызстан!?”

“Өксүк өзүнө алат” Элибиз кулчулук аң-сезимден арыла элек десең, “оозуңа карап сүйлө” деп каяша айтчулар четтен чыгат. “Кыргыз деген эркиндикти ашкере сүйгөн, эч кимге баш ийгиси келбеген “гордый” эл” дейт. […]

Көп партиялуулук бар,  – жалпы элдик кызыкчылык жок

Бул жумада бири-бирине куйрук улаш өтчү эки съезд — ​кийинки жаңы пайда болгон курамдагы СДПК (шарттуу түрдө айтканда, — ​атамбаевсиздердин тобунун) жана да эски СДПК (булар накта атамбаевчилер экендигин көрсөтүүгө далалаттанышууда!) партияларынын съезддери соңку […]

Табылды Акеров: “Биз көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган руху бийик көчмөн элбиз, биз кыргыздарбыз!”

Кыргызстандагы улуттук идеология көйгөйү Кыргыз элине таандык улуттук идеологияны иштеп чыгуу проблемасы Акаевдин мезгилинен бери көтөрүлүп, дайыма күн тартибинде болуп келет. Бирок, эч ким жеткиликтүү иштеп чыга алган жок. Кыязы, […]

Жээнбековдун досу жана мураскери ким? 

Саясатка ой-толгоолор Кыргызстан эгемендик алганы саясий-экономикалык кризистен арыла албай келет. Саясий кризистен десем туура болор. Арабаны аттын алдына чиркеп саясат менен гана алпурушуп келебиз. Анткени, экономикабыз шал ооруга чалдыгып, араңжан абалда. Экономиканын […]

Элдик революция жана алтын чатагы

Эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы мерчемдүү даталардын бири болуп калган 24-март да артта калды. Бул ирет бул дата мурдагы жылдардагыдай ашкере-саясий-популисттик, пиар-пропагандалык шөкөттөөлөр менен коштолгон жок. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун […]

Атамбаев үчүн резиденциядагы үй Раиса Атамбаеванын, Ахмет Кая жана Шакинин демөөрчүлүгү менен курулганы аныкпы?

Жалган сүйлөө канга сиңип калган жаман адат тура. Калпты каратып туруп чындай токуп айтуу бир жагынан талант. Бул өнөрдүн “мыктысын” өздөштүргөндөр чанда эле кездешет. Бизде мындай өнөрдүн ээси экс-президент Алмазбек […]

Раим миллионерди жоопко тартпагандын кесепетинен эл экиге бөлүнүп, бийликке болгон ишеним солгундоодо

Ушул мезгилде каякка барбагын, эл “Коопсуз шаар” программасын, “түкүрүк” сыяктуу чуулгандуу мыйзамдарды талкуулап, чөнтөккө салыштырмалуу штрафтардын чоңойгонун кеп кылып, бийликке билинбей нааразылык күчөп бара жаткандай. Түкүрүк боюнча Өкмөт элдин оозун […]

Көк бөрү федерациясынын жетекчилигиндеги саясый көз боёмочулук менен чайкоочулук

1-март күнү Кыргызстандагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, дүйнөгө таанымал кинорежиссер Болот Шамшиев “5-каналдан” 1998-жылы Көк бөрү федерациясынын президенттик кызматын андан ал кезде эч кимге белгисиз, (Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты, Талас […]

Табылды Акеров, саясат таанучу: «Бүгүн биздин коопсуздугубузга өзүн «долларовый мультимиллионер» атаган адам шек келтирип жатат»

— Табылды мырза, өткөндөгү маегиңизде Кыргызстандагы 2 революциянын себеби А. Акаев да, Бакиев да саясий партияларды тийиштүү деңгээлде өнүктүрбөй, алардын толук кандуу өнүгүшүнө тоскоолдуктарды кылгандыгынан келип чыккан деп айткансыз. Ушундан […]

Жалал-Абад: облус аймагы кантип өнүгөт?

Өткөн жыл Президент тарабынан өлкөдө региондорду өнүктүрүү жылы катары кабыл алынып, социалдык-экономикалык, маданий өнүгүү жагынан бир топ иштер аткарылды. Бардык азыноолак болсо да өнүгүп-өсүү багытына кадам таштоого, жылыш жасоого аракеттер […]

Эркин Болотбеков аттуу шылуун жигиттин Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов менен “ишкерлик” аракеттери эмнеге текшерилбейт?

Азыркы актуалдуу жагдайга тереңирээк көңүл бурсак, анда коррупциялык кылмыштар катары козголуп, алды бир жылдан ашып, арты жарым жылга чукулдаган чуулгандуу соттук териштирүүлөрдүн фиништик этаптарынын жазгы саясий митингдерге, айрым региондордогу коомдук-саясий […]

Иса Өмүркулов деген өзү ким?

Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду  өз катарынан чыгарганын жарыя кылды. Партиянын саясый кеңеши өз отурумунда бул чечимди бир добуштан кабыл алышкан. Иса Өмүркуловдун “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен болгон жолугушуусү […]

Эрте жаз, ээликтирбе!..

Быйылкы жаз адаттагыдан кыйла эрте келеринин жышааны байкалары менен эле, өлкөнүн ички коомдук-саясий турмушу да, тышкы мамилелериндеги өз ара карым-катнаштар өзгөчө темп менен жандана баштаганы байкалууда. Муну оңой эле түшүнүүгө […]

Азимбек Бекназаров: Замандаштарга эки кайрылуу

Редакциядан: Президент Сооронбай Жээнбеков менен А. Бекназаровдун жолугушканы жөнүндө эл арасында түркүн сөз бар. Анын чын-төгүнүн Азикеден сураганда, ак же көк дебей “Бул тууралуу кийинки жумаларда жооп берейинчи. Азыр замандаштарыма 2 […]

Баш-аягы, буту-колу жок, тамтырактап жазылган Жазык кодекси

2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилген кодекстер тууралуу ММКларда жүрүп жаткан кызуу талкуу боюнча көп жылдар райондук, облустук, КР Жогорку Сотунун судьялыгына дайындалып, тажрыйба топтогондугума байланыштуу жазык кодексти окуп, мынчалык эмнеге […]

Инвестициячылардын кол ийриси – табакташтардын арам оокаты

Кечээ күнкү Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан соң, дагы бир актуалдуу маселе жедеп бышып, мындан ары кечеңдетпей, биротоло оң чечпесе, бур “оору” дагы “хроникалдуу мүнөзгө” өтүп кетип, кеч болуп калары айкын болуп […]

Цивилизациялар кагылышы жакындадыбы?

Жакында шаардын четки жаккы тараптарынын биринен борбордук аянт тарапка каттай турган маршруткалардын биринин жүргүнчүлөрү узун жолду кыскарткан, кызыктуу, бирок, ошол эле учурда, өлкөнүн өнүгүү келечеги призмасынан караганда, өтө кооптуу болгон […]

Кыргызстанды Кытайга кагыштырууга кимдер кызыкдар?!

Соңку жылдарда бир аз басаңдагансып калганы менен, аягы али тыйыла элек, ал тургай көнүмүшкө айланып, ал гана эмес, жаңыдан калыптана баштаган муундун кан-жанына биротоло сиңип, көнүмүш адатка айланып бара жаткан […]