Дүйшөмбү, 9 Декабрь, 2019 - 12:29
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Видео – Казакстан жолдорунда ар бири 60 миң долларлык ажатканалар салынууда

Трассаларда ар бири 60 миң доллар турган ажатканаларды орнотуу жөнүндөгү жаңылык казакстандыктардын нааразылыгын жаратууда. “Казатожол” улуттук компаниясы өлкө боюнча 304 даараткана орнотуу ниетинде. “Казатожол” улуттук компаниянын төрагасынын орун басары Талгат […]

Самарканддын башкы архитектору бюджеттик каражатты негизсиз короткон деп шектелүүдө

Өзбекстанда Самарканд облусунун башкы архитектору Бобир Элмурадов бюджеттик акчаны негизсиз короткон деген шек менен кармалып, тергөө аяктаганга чейин күрөөгө бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти. Маалыматка караганда, аткаминер «Саид» кичи […]

Түркмөнстан эки палаталуу парламент системасына өткөнү калды

5-декабрда Ашхабадда Башмыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча Конституциялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Президент Гурбангулы Бердымухамедов өз сөзүндө өлкөнүн мыйзам чыгаруу органын эки палаталуу системасына өткөрүү мезгил талабы экенин айтып […]

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралга белгиленди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-декабрда парламентти (Милли Межлистин) таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өтөрүн жарыялады. Бир нече күн мурда парламент өзүн өзү таркаткан. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин […]

Алматыда 48 жаштагы киши көп кабаттуу имараттан кулап, мерт болду

Алматыда 5-декабрь күнү эртең менен «Нурлы-Тау» административдик-турак жай комплексинин аймагындагы көп кабаттуу турак жайдын жанынан кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча шаардык департамент ал бизнес-борбордун 12-кабатынан кулап кеткенин билдирди. Окуя […]

Казакстан президенти Крым “аннексияланган” деп эсептебейт

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын “аннексия” деп атабай турганын билдирди. – Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонулуучу сөз […]

Казакстанда шайлоолорду уюштурууга катышкан мугалимдерге акы төлөнөт

4-декабрда Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы шайлоолорду уюштурууга катышкан мугалимдерге акы төлөп берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Документти 107 депутаттын 105и колдоду. Ал 28-ноябрда биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоорунда «педагогдордун […]

Видео – Түркмөнстандын мурдагы ички иштер министри соттолду

Түркмөнстандын мурдагы ички иштер министри Исгендер Муликов камакка алынып, ага карата сот өкүмү чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин 3-декабрдагы жыйынында башкы прокурор Батыр Атдаев билдирди. Ошол […]

Алматыда сот катары жасалма өкүмдөрдү чыгарып жүргөн аял кармалды

Алматыда өзүн сот катары тааныштырып, жалган өкүмдөрдү чыгарып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өлкө жарандарынын бири «Эл аралык «Адилет» арбитраждык сотунун» шериктештигин түзүп, сот […]

Тажикстанда Зеравшан жана Рама мөңгүлөрү тездик менен ээрип жатат

Тажикстандагы эң ири Зеравшан мөңгүсү өтө ылдамдык менен ээрип жатат. Соңку 40 жылда ал 1700 метр аянтын жоготкон. Анын төмөн жагында жайгашкан Рама мөңгүсү да ушундай эле кырдаалга туш болуп, […]

Тажикстанда 19 жаштагы кыз атасы тарабынан зордукталганын билдирди

Хожентте жергиликтүү жашоочу өз кызын зордуктоого шектелүүдө. «Гулрухсор» аялдар борбору билдиргендей, судмедэкспертиза кыздын зордукталганын тастыктаган. Маалыматка караганда, 17-сентябрда 19 жаштагы кыз Сырдарыядагы көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны […]

Азербайжан парламенти өзүн-өзү таратууга макул болду

Азербайжанда парламент 2-декабрдагы жыйынында өзүн-өзү таратуу сунушуна макул болду жана президент Илхам Алиевге мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоону өтүнүп кайрылды. Азербайжан парламентинде Илхам Алиевдин “Жаңы Азербайжан” партиясы үстөмдүк кылат. Аталган партия […]

Таразда соода борбору өрттөндү

2-декабрда Казакстандын Тараз шаарында «Эврика» соода борбору өрттөндү. Өлкө ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитетинин расмий өкүлү Нурсултан Нурахмедовдун айтымында, эки кабаттуу имараттын өрттөнүп жатканы тууралуу кабар түнкү саат 01:10до түшкөн. Өрт […]

Түркмөнстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттойт

Өзбекстан менен Түркмөнстан 2019-2020-жылдары электр кубатын импорттоо жөнүндө келишимге кол коюшту. Суук түшкөндөн бери Өзбекстандын бир катар облустарында жана Ташкент шаарында электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган. Өткөн аптада Өзбекстандын […]

Өзбекстанда бир үй-бүлөдөн 16 киши газга ууланды

Ташкент облусунун Кибрай районунда бир үй-бүлөнүн 16 мүчөсү газга ууланды. Маалыматтарга караганда, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлдү, курмандыктар жок. Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти окуя 1-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы […]

Өзбекстанда чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарга кичи насыялар берилет

Өзбекстанда чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарга жумушка орношуудагы чыгымдары үчүн 2 миллион сумдан (210 доллар) кичи насыялар бериле баштайт. Өлкөнүн Эмгек министрлиги кабарлагандай, тиешелүү макулдашууга мамлекеттик «Узагросугурт» камсыздандыруу ишканасы менен […]

Видео – Алматыда «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп […]

Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттады

Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттап, Душанбедеги май куюу жайларында бир литри 3,7-3,9 сомониден сатылууда. Бир жума мурда газдын баасы 3,4 сомони болчу. Азырынча Тажикстанга газ жеткирүү менен алектенген компаниялар бул абал […]

Казакстан Ирактан 14 баланы эвакуациялады

Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 28-ноябрда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алынып келген балдардын энелери Ирак түрмөлөрүндө камакта отурат. «Алардын энелери соттолуп, террористтик аракетке катышы болгону үчүн түрмөдө жазасын өтөп […]

Түркмөнстан президенти Өзбекстанда ардактуу академик наамын алды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстан Илимдер академиясынын ардактуу академиги наамын алды. Түркмөнстан мамлекеттик басылмалары билдиргендей, наам ыйгаруу аземи 28-ноябрда Ташкентте өттү. «Мен муну Түркмөнстанга көрсөтүлгөн сый-урмат, биздин өлкөнүн билим берүү […]

Казакстан президенти кызматкери пара менен кармалган жетекчини жоопко тарта турган мыйзамга кол койду

Казакстан президенти Токаев мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык, аткаминер, анын ичинде министр, губернатор жана акимдер кол алдында иштеген кызматкерлеринин жемкор иштери үчүн жооптуу […]

Душанбеде аткезчиликке айыпталган бажы кызматкерлери соттолду

Душанбе шаарынын Сомони райондук соту аткезчиликке айыпталган мурдагы эки бажы кызматкерин 10 жана 6 жылга эркинен ажыратты. Шомилжон Наботов менен Мухаммаднозим Нозимов быйыл май айында тажик президенти бажы, салык жана […]

Каримовдун учурунда он жыл бозгунда жүрүп, Мирзиёевдин убагында мекенине кайтып келген укук коргоочу каза болду

Өзбекстандагы өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында каза болду.  Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, Якубов акыркы айларда ооруп, төшөктө жатып калган. Ал Каримовдун учурунда […]

Бердымухамедов Ашхабадда орнотула турган алабай айкелинин долбоорун жактырды

Айкелдин долбоору Ашхабад шаарынын мэри Шамухаммет Дурдылыев калаанын борборуна орнотула турган алабай айкелинин жаңы вариантын көрсөттү. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жазды. Басылманын маалыматына караганда, президент Гурбангулы Бердымухамедов айкелдин жаңы […]

Мирзиёевдин үй-бүлөсү түрк рестораторун коноктоду

23-ноябрда Ташкент аэропортунда керней-сурнайдын коштоосунда белгилүү түрк ресторатору Нусрет Гёкчени (Nusret Gökçe) тосуп алышты. Ал чартердик каттам менен келди. Өз стейки менен белгилүү болгон Нусрет Гёкче Ташкенттеги сапары тууралуу “Инстаграмдагы” […]

Өзбекстанда ишкерлер салыкты алдын ала төлөөгө милдеттендирилди

Ташкент шаары менен Анжиян облустарында жеке ишкерлерден салыктын бир катар түрүн, анын ичинде киреше салыгын алдын ала төлөө талап кылынууда. – Салыкчылар бардык салыкты аванс менен төлөөнү суроодо. Муну алар […]

Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлду

Түркмөнстанда «Википедияга» бөгөт коюлду. Бул тууралуу Tukmen.News басылмасы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга «Википедиядагы» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу макалага жаңы маалыматтардын кошулгандыгы себеп болгон. 5-ноябрда түркмөн лидери тууралуу макалага «Инсан жана көз […]

Тажикстанда ай сайын миң үй-бүлө ажырашууда

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда күн сайын 34 үй-бүлө ажырашат. 2018-жылга салыштырмалуу ажырашуулардын саны 11% жогорулаган. Быйыл 9 айда 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн оту күйүшпөй калган. Тажикстан Аялдар комитетинин юристи Мадина […]

Өзбекстанда көп аялдуулукка айыпталган киши соттолду

Бухара облусунун Гиждуван районунун жашоочусу “көп аялдуулук” үчүн бир жылга эркинен ажырыталды. Өзбек басылмалары билдиргендей, соттолгон киши расмий никесине карабай, 2016-жылы экинчи жолу үйлөнгөн. Ал аялы ооруп калып, уул төрөп […]

Түркмөнстан ИИМинин кызматкерлери арыктоого милдеттендирилди

Түркмөнстан ИИМинде учурда аттестация өтүүдө. “Эркин Европанын” түркмөн кызматы кабарлагандай, талаптардын бири кызматкерлердин салмагына байланыштуу. Полиция кызматкерлери билдиргендей, укук коргоочулардын салмагы 100 килограммдан ашпоосу керек. “Оозеки көрсөтмөгө караганда, 25-декабрга чейин […]

Хабиб Нурмагомедовду Шавхат Мирзиеёвдин күйөө баласы 12 түрлүү тамак менен сыйлады

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеёвдин күйөө баласы Отабек Умаров орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду чакырып, коноктоду. Анын урматына 12 түрдүү тамак даярдаган. Жайыл дасторкон үстүндө 12 тамактын аталышын окуп, кагазды колуна кармап, […]

ТИМ: “Гонконгдогу казакстандык 142 студенттин дайыны жок”

Гонконгдо билим алып жаткан казакстандык 142 студенттин кайда экени дайынсыз. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдирди. Алардын айтымында, Гонконгдо билим алып жүргөн, бирок консулдук […]

Өзбекстан ИИМинде ондогон жооптуу кызматкер жумуштан бошотулду

Өзбекстандын президенти Шавката Мирзиёевдин буйругу менен Ички иштер министрлигинин ондогон жооптуу кызматкери кызматтан алынды. Алардын арасында Кайгуул-күзөт жана коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси, Аскердик кароолдун башчысы да бар. “Эркин Европанын” […]

Өзбекстанда принтерден акча чыгарган аткаминер кармалды

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда Жаштар биримдигинин Касбий райондук бөлүмүнүн 24 жаштагы жетекчиси акчаны принтерде чыгарып келгени аныкталды. УзА агенттиги билдиргендей, аткаминер кийим тигүү цехин ижарага алып, акчаны “EPSON” үлгүсүндөгү түстүү принтерден […]

Өзбекстан жеңилдетилген насыялардан баш тартат

1-январдан тарта Өзбекстан жеңилдетилген насыя берүү тажрыйбасынан акырындык менен баш тарта баштайт. Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев 20-ноябрда кол койду. Ошол эле маалда документ коммерциялык банктарга «пайыздык чендерди жана […]

Душанбеде бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 1,5 миң жөө адамга айып пул салынды

Душанбеде «Жөө жүргүнчү» рейдинин алкагында бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 1,5 миңден ашык адамга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жөө адамдар […]

Чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштырып берген дарыгер камалды

Чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган дарыгер камалды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Чымкент шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай эки […]

Мектепте окуучу кыздын зордукталганына байланыштуу Тараздын акими кызматтан алынат

Казакстандын Тараз шаарынын акими Кайрат Досаев кызматтан алынат. Бул тууралуу 21-ноябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жазды. — Тараз мектебинде 12 жаштагы кыз жабыркаган окуяга байланыштуу жана ишиндеги кемчиликтери […]

Казакстанда мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды

20-ноябрда Нур-Султан шаардык соту чет өлкөлүктөргө бөйрөк алмаштыруу боюнча мыйзамсыз операцияларды жасаган деп айыпталган Чымкент шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Чымкент […]

Тажикстан терроризм үчүн соттолгондорго өзүнчө түрмө курат

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин аппарат бөлүмүнүн башчысы Юсуфжон Юсуфзода терроризм үчүн соттолгондорго атайын түрмө салуу маанилүү экенин билдирди. Анын айтымында, мындай категориядагы кишилер башка соттолуучулардан өзүнчө кармалышы керек. Өлкөдөгү пенитенциардык системаны […]

Түркмөнстанда 19 жылдан кийин биринчи жолу опера коюлду

Түркмөнстанга 19 жылдык тыюудан кийин опера кайтып келди. 19-ноябрда Ашхабад мамлекеттик театрында италиялык композитор Ружеро Леонкаваллонун «Паяцы» спектакли коюлду. Балет сыяктуу эле операга да Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун тушунда […]

Өзбекстанда милиция имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду

Жизак облусунун Даштабад шаарында 19-ноябрга караган түнү ички иштер башкармалыгынын имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду. Бул тууралуу маркумдардын туугандары билдирди. Маалыматка караганда, жумушчулар имараттагы бөлмөлөрдүн биринде […]

Кыргызстандын жарандары көмүскө трансплантологдорго өз бөйрөктөрүн сатып келишкен

Казакстанда киши органдарын алмаштыруу боюнча транулуттук кылмыш тобу ачылды. Алардын курамында КРнын жараны да бар. Казакстандын ички иштер министрлигинин тергөө департаменти тарабынан Чымкент шаарынын №1 шаардык ооруканасынын башкы врачы Абылай […]

ЖАМК: «Дамирбек Асылбек уулу №1 убактылуу кармоочу жайда болот»

Казакстандан Кыргызстанга алынып келинген мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу №1 убактылуу кармоочу жайда кармалат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Дамирбек Асылбек […]

Тажикстан ИИМи Леваканд шаарында ок атышуу болгонун тастыктады

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-ноябрда Хатлон облусунун Левеканд шаарында атышуу болгонун расмий түрдө тастыктады. Министрликтин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, жаатташкан эки топ пневматикалык курал колдонгон. Тергөө иштери […]

Өзбекстанда мектептерден 200 метр алыс жайгашкан дүкөндөрдө алкоголь сатууга уруксат берилди

Өзбекстанда билим берүү, спорттук жана диний мекемелерден 200 метр алыс аралыкта турган дүкөндөрдө алкоголь жана тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди. Буга чейин бул аралык 500 метр болчу. Мыйзамга 14-ноябрда өзбек […]

Өзбекстандын экс-башкы прокурорунун кансарайы  миллион долларга сатыкка коюлду

Өзбекстандын экс-башкы прокурору Рашид Кадыровдун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жайгашкан заңгыраган үйү аукционго коюлду. Бул тууралуу 19-ноябрда өзбек басылмалары жазып чыгышты. Баштапкы баасы -10 007 940 000 сум (1 млн долллрадан […]

Таразда сабак учурунда 7-класстын окуучу кызын мектептин ажатканасынан зордуктап кеткен

18-ноябрда балдары ал мектепте окуган ата-энелер мектеп администрациясына келишип, 12 жашар кыздын зордукталганы боюнча ызы-чуу салышты. Шектүү киши видеокамераларга түшүп калган, бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Бул тууралуу […]

Ашхабадда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат

Ашхабадда аялдар мөөнөтү бүткөн айдоочулук күбөлүктөрүн жаңысына алмаштырууда көйгөйлөргө туш болушууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жыл башынан бери аялдар айдоочулук күбөлүк ала албай жатышат. Түркмөнстанда […]

Казакстанда шахтада бир жумушчу мерт болду

Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасында бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу ал кенди иштетип жаткан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 16-ноябрда болгон окуяны териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия […]