Шаршемби, 16 Октябрь, 2019 - 13:08
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Орусия менен Тажикстан ортосунда аба байланышы боюнча талаш жаралды

Орусиянын Транспорт министрлиги тажик тарапты орусиялык жүргүнчү ташуучу компанияларды кабыл алуудан баш тартууда деп айыптап, Тажикстан менен аба байланышын бир тараптуу негизде токтотушу мүмкүндүгүн эскертүүдө. Тажикстандын Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык […]

Казакстанда белгилүү актер кармалды

Казакстандык актер жана продюсер Тунгышбай Жаманкулов “Феникс” тасмасын тартууга багытталган каражатты уурдоого айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Коррупцияга каршы аракеттенүү бюросуна шилтеме кылуу менен билдиришүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча шектүү 69 […]

Тажикстанда Улут лидерине акарат келтиргендер түрмөгө түшөт

Тажикстан өкмөтү шейшембиде Улут лидерине коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо боюнча токтомду жактырды. Кылмыш кодексин 137-беренесин өзгөртүү боюнча документке Эмомали Рахмон 13-октябрда кол койгон. Президентти – Улут лидерин эл алдында […]

Өзбекстанда биринчи жолу Мирзиеёевдин өмүр баяны жарыяланды

Өзбекстанда президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы менен алгачкы жолу Шавкат Мирзиеёевдин өмүр баяны жарыяланды. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан жетекчи тууралуу маалымат жана анын шайлоо алдындагы программасы Либералдуу-демократиялык партиянын сайтына жайгаштырылды. […]

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Ташкентке келди

Ташкентке ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясынын башчысы Йохан Петер Трауготт Тейлер келди. Анын сапары Өзбекстанда өтө турган президенттик шайлоолорго багытталган. 28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы миссиянын негизги […]

Алматыда куралдуу кол салууга айыпталган жаранга өлүм жазасы берилди

18-июлда Алматыда полиция жана атайын кызматтын имаратынын алдындагы куралдуу кол салуу учурунда он адамды өлтүргөн Руслан Кулекбаев өлүм жазасына тартылды. Мал-мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Өкүм бүгүн Алматыдагы […]

Чет өлкөлүктөрдүн тажик УКМКсында иштөөсүнө тыюу салынды

Мындан ары Тажикстандын улуттук коопсуздук органдарында өлкөнүн жарандары гана иштей алышат. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары «Тажикстандын улуттук коопсуздук органдары тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Өлкөнүн УКМК төрагасынын биринчи орун басары […]

Тажикстанда адвокаттар ишкерлердей салык төлөп башташат

Тажикстанда жеке адвокаттарды ишкерлерге теңөө чечими күчүнө кирди. Эми алар ишкерлердей салык төлөп башташат. Тажикстандын Салык комитетинин чечимине ылайык, жеке ишмердүүлүк менен алектенген адвокаттар ишкерлерге теңелип, мамлекетке кошумча салык төлөп […]

Астананын тургуну күрөөкана «тоноо аракети үчүн» сегиз жылга соттолду

Астананын тургуну күрөөкана тоноого аракет кылган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Астананын райондор аралык соту 42 жаштагы Лери Свинидзени кылмыш даярдоого жана адамдарды барымтага алууга күнөөлүү деп тапты. […]

Путин:«Биздин Түркмөнстан менен чечиле элек маселелерибиз да бар»

Орусия президенти Владимир Путин менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун 1-ноябрда Сочиде өткөн жолугушуусу маалында эки тараптуу кызматташтыктын башкы маселелери, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана актуалдуу болгон аймактык көйгөйлөр талкууланды. Орусия президенти […]

Шавкат Мирзиёев виртуалдык кабылдамасындагы кайдыгерлик үчүн аткаминерлерди жазалады

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевдин виртуалдык кабылдамасына келген жарандардын кайрылууларын кароодогу кайдыгерлик үчүн өкмөттүн бир нече аткаминерине сөгүш жарыяланды. Кызматтык адамдардын өз милдеттерин аткаруудагы шалакылыгы тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланды. Каржы […]

Казакстанда ММК жөнүндөгү мыйзамдар өзгөрөт

Казакстанда маалымат жана коммуникация маселелери боюнча айрым мыйзам актларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору жарыяланды. Документке ылайык, журналисттер маалыматтардын чын экенин текшерүүгө жана жеке маалыматтар жарыялана турган адамдан же анын […]

Белгилүү өзбек актеру Матякуб Матчонов эркиндикке чыкты

31-октябрда Өзбекстандын белгилүү театр жана кино актеру Матякуб Матчонов мунапыстын негизинде сот залында бошотулду. Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Матякуб Матчоновго карата бир катар экономикалык жана каржы кылмыштар боюнча күнөөлөр тагылган. […]

Мухсин Мухаммадиев “Истиклолдун” жаңы машыктыруучусу болду

Тажикстандын футбол боюнча курамасынын мурдагы машыктыруучусу Мухсин Мухаммадиев Дүйшөмбүнүн «Истиклол» клубунун башкы тренери болуп дайындалды. Буга чейин “Истиклолдун” машыктыруучу курамы толугу менен отставкага кеткен болчу. Дүйшөмбүнүн “Памир” клубунун легендарлуу чабуулчусу […]

Казакстанда жауучуларга гонорар төлөө маселеси талкууланууда

Казакстанда маданият маселелери боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланууда. Негизги көңүл гонорар жана коомдук маанилүү китептерди басып чыгарууга бурулууда. Китептерди басып чыгаруу жана таратууда маданият министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушу […]

Өзбекстанда түрмөдө 23 жылдан бери жаткан саясий туткундун жаза мөөнөтү узартылды

Өзбекстанда шаардык сот Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин  мурдагы депутаты Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн дагы 3 жыл 5 күнгө узартты. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Самандар Куканов абактын ички тартибин ырааттуу түрдө бузгандыгына […]

Тажик акын-ырчылар Нью-Йорктогу «Шашмаком» фестивалына катышат

Тажикстанда акын Шоираи Рахимжон жана дагы төрт элдик ырчы Нью-Йорктогу  «Шашмаком» фестивалына чакыруу алды. Иш-чара белгилүү макомист Нериё Аминовдун 100 жылдыгына арналат. Фестивалга Абдурашид Абдувалиев, Ситораи Кароматулло, Гулчехра Курбоноваи жана […]

Казакстандагы Нурказган кенинде бир жумушчу каза болду

Карагандада алган жаракатынан эсине келбей, “Казакмыс” тоо-кен ишканасынын жумушчусу каза тапты. «Казакмыстын» басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-октябрда Нурказган кенинде магистралдык конвейерди кое берүү учурунда 36 жаштагы машинист жаракат алып, көз […]

Өзбекстанда түрмөдө 23 жылдан бери жаткан саясий туткундун жаза мөөнөтү узартылды

Өзбекстанда шаардык сот Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин  мурдагы депутаты Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн дагы 3 жыл 5 күнгө узартты. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Самандар Куканов абактын ички тартибин ырааттуу түрдө бузгандыгына […]

АКШ мамкатчысынын орун басары Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Самаркандга барып, өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги Facebook […]

Тажикстан менен Кытай терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кытайдын коопсуздук жана терроризм маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чэн Гопин менен жолугуп, терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулады. Андан сырткары тараптар «кызматташтык маселелерин, негизги дүйнөлүк жана […]

Казак мушкери Канат Ислам Патрик Аллотейди жеңди

Кечээ кесипкөй мушкер Канат Ислам Алматыда ганалык Патрик Аллотейди жеңип, орто салмакта WBA Fedelatin жана WBO Intercontinental чемпиондук наамдарына ээ болду. Мушкерлер ортосундагы беттеш 12 раундга созулду. Бул 32 жаштагы […]

Алматыда террочулукка айыпталган жаранды өлүм жазасына тартуу суралды

Быйыл 18-июлда Алматыда болгон кандуу кол салууга күнөөлөнгөн Руслан Кулекбаевге мамлекеттик айыптоочу өлүм жазасын  берүүнү суроодо. Анын шериктери делгендерди 3 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесүү сунушталды. Кулекбаев расмий түрдө […]

Тажикстанда “ТАЛКО” менен Каржы министрлигинин ортосунда жаңжал чыкты

Тажикстанда алюминий иштеткен  «ТАЛКО»  заводу Каржы министрлигинин ишкананын ишмердүүлүгү боюнча таркаткан билдирүүсүн жокко чыгарды. Өлкөнүн каржы министрлиги компания толлинг системасына өтүү менен чыгымдарга кириптер болуп, каржы операциялары ачык-айкын жүргүзүлбөй, карыздары көбөйүп, […]

Фото – Өзбекстандын дин кызматкерлери Өзгөндөгү тарыхый жайларга саякат жасашты

Кечээ, Өзбекстан Республикасынын Министирлер Кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович баштаган диний жетекчилер, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков […]

Астанада террорчулукка каршы машыгуулар өтүүдө

Астана полициясы шаарда терроризм актысынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуулар өтүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты. Машыгуулардын жүрүшүндө ыкчам штабдын тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилет. […]

Тажикстан парламенти кризиске кептелген банктардын маселесин талкуулады

Тажикстанда акыркы айларда жарандар банктардан накталай акчаларын ала албай жатышат. Бул маселе өлкөнүн парламентинде талкууланды. Төмөнкү палатанын спикери Улуттук банктын башчысына кайрылып, жыл соңуна чейин маселени чечүүнү талап кылды. «Элдер […]

Өзбек бийлиги фермерлердин укугун коргоочуну абактан чыгарды

Өзбекстанда 63 жаштагы укук коргоочу Бобомурод Раззаков үч жыл түрмөдө жазасын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Эзгулик» адам укугун коргоо коому билдирди. Раззаковду активисттер Василя Иноятова жана Абдурахман Ташанов […]

Фото – Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди

Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик “Достук” чек ара бекетинен тосуп алды. 140 адамдан турган топту эртең менен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер […]

Атамбаев менен Мирзиёев алаканын жакшырышын кубатташат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын […]

Нарматов Абдишүкүр, Аалымдар Кеңешинин төрагасы: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 43-сессиясында мусулман дининин баалуулуктарын коргоого жана Ислам дүйнөсүнүн ойчулдарынын жетишкендиктерин жайылтууга чакырган сөзүн өзгөчө сүйүнүч менен кабыл алдым. Өзбек […]

Казакстан эркиндикке тоскоолдук жараткан өлкөлөрдүн тизмесине кирди

CIVICUS эл аралык уюмунун иликтөөсүнө ылайык, Казакстан коомдук бирикмелерди түзүүгө, өз оюн эркин билдирүүгө жана тынч жыйын өткөрүү укугуна “тоскоолдук жараткан” өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Өз өюн эркин билдирүүгө карата өкмөттүн […]

Өзбекстанда укук коргоочулар түрмөдөгү кесиптеши менен жолугуп чыгышты

Адам укуктары боюнча иш алып барган «Эзгулик» коомунун төрайымы Василя Иноятова жана  журналист Абдурахман Ташанов түрмөдө жаткан укук коргоочу  Ганихон Маматхонов менен жолугуп чыгышты. Журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, укук коргоочу менен […]

Тажикстанда орус аскерин өлтүргөн адам 20 жылга соттолду

Хатлон облусунун соту Коргон-Төбөдөгү Орусиянын 201-аскерий базасынын кызматкери Алексей Буенковду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган жергиликтүү тургун Ахлиддин Машрабовду 20 жылга эркинен ажыратты. Шектүү кылмыш кылганын моюнун алып, аны үч орусиялык […]

Өзбекстанда күйүүчү май кымбаттады

Өзбекстанда 23-октябрдан тарта күйүүчү май кымбаттады. Баалардын жогорулашы бензиндин үлгүсүнө жараша 31,6-34,9 пайызды түздү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга шилтеме кылып CA-News жазып чыкты. Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы 2075 […]

Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта виза берүүсүн токтотту

Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта — Дүйшөмбүдөгү аба майдандын өзүндө эле виза берүүсүн токтотту. Эми Тажикстанга баргысы келген ирандыктар визаны ал өлкөнүн Тегерандагы же Мешхеддеги консулдугунан алуусу керек болот. Дүйшөмбүдөгү […]

Казакстанда эмчек рагы менен ооругандар бекер текшерүүдөн өтүштү

Эмчек рагы оорусунун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында 23-октябрда Казакстандын бардык онкологиялык бейтапканалары ачык эшик күнүн өткөрүштү. Аялдар менен кыздар үчүн текшерүү жана кеңеш берүү кызматтары бекер көрсөтүлдү. Алматыдагы Онкология жана […]

4 жаштагы кызды өлтүргөн өзбекстандык бала багуучу күнөөсүн мойнуна алды

Москвада Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулованын үстүнөн сот башталды. Ал 29-февралда өзү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кыздын башын кесип, аны колуна көтөрүп алып жүргөн жеринен кармалган. Сотто Бобокулованын […]

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алат

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт […]

Астана: 10 жылдын ичинде өлкөдөн жүздөгөн миллиард теңге чыгарылып кеткен

Астана акыркы 10 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен каражаттын бир бөлүгүн кайрадан кайтарганын билдирди. Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченко 10-15 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол […]

Тажикстандык талиб 16 жылга соттолду

Тажикстанда сот кылмыштуу топ түзүүгө тиешеси бар жана жалданмачылык менен алектенген деген айып менен 28 жаштагы Бегижон Назаровду 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал ооган атайын кызматы тарабынан кармалып, […]

Мирзиёев сот-укуктук системаны реформалап баштады

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев айрым кылмыштар үчүн түрмөгө кесүүчү жазаларды жокко чыгарган жарлыкка кол койду. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 21-октябрда соттук-укуктук системаны реформалоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин […]

Кыргызстан жана Казакстан мыйзамсыз миграция менен чогуу күрөшөт

Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз миграция менен бирге күрөшүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында түзүлдү. Ага кыргыз тараптан ИИМдин орун басары Курсан Асанов, ал эми Казакстандан ички […]

Алматыда активисттер кармалды

Казакстан полициясы 23-октябрда жер реформасы учурунда митинг уюштуруп камалган Макс Бокаев менен Талгат Аянга тилектештик акциясын уюштурууну үзгүлтүккө учуратты. Эки активист кастыкты козутуу, жалган маалымат таркатуу, митинг өткөрүү жана уюштуруу […]

Өзбекстан Жакынкы Чыгышка жана Африкага автомобиль экспорттой баштады

Өзбекстан жеңил автоунааларды жакынкы Чыгыштын 9 өлкөсүнө жана Африкага экспорттону  колго алды. Муну Экономика министрлигинин жана Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин отчеттору далилдей турганын СА-News маалымат агенттиги жазды. Документке ылайык, жыл […]

Орусиялык 201-аскер база тажик таксистке компенсация төлөп берген жок

Орусиянын 201-аскер базасынын кызматкери Дмитрий Толстой тарабынан бычак менен жараланып, сабалган жаш тажик таксист Тохир Султонов моралдык жана материалдык компенсация ала алган жок. Тажикстандагы 201-орусиялык аскер базасынын жетекчилиги жабырлануучунун көптөгөн […]

АКШ мамкатчы орун басары Томас Шэннон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга келет

АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 24 -29-октябрь аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанды кыдырат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланды. Жогорку кызматтагы чиновниктин Борбор Азияга болгон алгачкы сапары, бул […]

Дүйшөмбүгө Түркия ТИМ башчысы келет

Түркия ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин башчысы Мевлүд Чавушоглу Ташкент жана Астанадагы сапарынан кийин 21-октябрда Дүйшөмбүгө келет. Ал Тажикстандын президенти жана ТИМ башчысы менен жолугат. Жолугушуу учурунда саясий, экономикалык, […]

Казакстанда “бомба боюнча жалган маалымат берген” жаран 2 жылга кесилди

Казакстанда сот террорчулук боюнча жалган маалымат берген жаш жигитти эки жылга эркинен ажыратты. 23 жаштагы Ерлан Акмурзаев 1-сентябрда Рудный шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифттин дубалына маркер менен “Силер 5-сентябрда […]

ЕККУ Өзбекстанда «жарандык уюмдардын» интернет-порталын түзүүгө көмөктөшөт

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоорлорун координациялоо боюнча Ташкенттеги кеңсе 19-октябрда Өзбекстандагы «жарандык уюмдардын» веб-порталын түзүүгө тендер жарыялады. «ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору өз ичине мыйзамдарды жакшыртуу; окуу курстарын, семинарларды, конференцияларды […]