Шейшемби, 2 Июнь, 2020 - 12:52
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Тажик акын-ырчылар Нью-Йорктогу «Шашмаком» фестивалына катышат

Тажикстанда акын Шоираи Рахимжон жана дагы төрт элдик ырчы Нью-Йорктогу  «Шашмаком» фестивалына чакыруу алды. Иш-чара белгилүү макомист Нериё Аминовдун 100 жылдыгына арналат. Фестивалга Абдурашид Абдувалиев, Ситораи Кароматулло, Гулчехра Курбоноваи жана […]

Казакстандагы Нурказган кенинде бир жумушчу каза болду

Карагандада алган жаракатынан эсине келбей, “Казакмыс” тоо-кен ишканасынын жумушчусу каза тапты. «Казакмыстын» басма сөз кызматы кабарлагандай, 30-октябрда Нурказган кенинде магистралдык конвейерди кое берүү учурунда 36 жаштагы машинист жаракат алып, көз […]

Өзбекстанда түрмөдө 23 жылдан бери жаткан саясий туткундун жаза мөөнөтү узартылды

Өзбекстанда шаардык сот Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин  мурдагы депутаты Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн дагы 3 жыл 5 күнгө узартты. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Самандар Куканов абактын ички тартибин ырааттуу түрдө бузгандыгына […]

АКШ мамкатчысынын орун басары Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында Самаркандга барып, өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койду. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилиги Facebook […]

Тажикстан менен Кытай терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулады

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кытайдын коопсуздук жана терроризм маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чэн Гопин менен жолугуп, терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулады. Андан сырткары тараптар «кызматташтык маселелерин, негизги дүйнөлүк жана […]

Казак мушкери Канат Ислам Патрик Аллотейди жеңди

Кечээ кесипкөй мушкер Канат Ислам Алматыда ганалык Патрик Аллотейди жеңип, орто салмакта WBA Fedelatin жана WBO Intercontinental чемпиондук наамдарына ээ болду. Мушкерлер ортосундагы беттеш 12 раундга созулду. Бул 32 жаштагы […]

Алматыда террочулукка айыпталган жаранды өлүм жазасына тартуу суралды

Быйыл 18-июлда Алматыда болгон кандуу кол салууга күнөөлөнгөн Руслан Кулекбаевге мамлекеттик айыптоочу өлүм жазасын  берүүнү суроодо. Анын шериктери делгендерди 3 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кесүү сунушталды. Кулекбаев расмий түрдө […]

Тажикстанда “ТАЛКО” менен Каржы министрлигинин ортосунда жаңжал чыкты

Тажикстанда алюминий иштеткен  «ТАЛКО»  заводу Каржы министрлигинин ишкананын ишмердүүлүгү боюнча таркаткан билдирүүсүн жокко чыгарды. Өлкөнүн каржы министрлиги компания толлинг системасына өтүү менен чыгымдарга кириптер болуп, каржы операциялары ачык-айкын жүргүзүлбөй, карыздары көбөйүп, […]

Фото – Өзбекстандын дин кызматкерлери Өзгөндөгү тарыхый жайларга саякат жасашты

Кечээ, Өзбекстан Республикасынын Министирлер Кабинетинин алдындагы дин иштери боюнча Комитеттин бөлүм башчысы Юлдашев Махаммадбабир Абдурахманович баштаган диний жетекчилер, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков […]

Астанада террорчулукка каршы машыгуулар өтүүдө

Астана полициясы шаарда терроризм актысынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуулар өтүп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазышты. Машыгуулардын жүрүшүндө ыкчам штабдын тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилет. […]

Тажикстан парламенти кризиске кептелген банктардын маселесин талкуулады

Тажикстанда акыркы айларда жарандар банктардан накталай акчаларын ала албай жатышат. Бул маселе өлкөнүн парламентинде талкууланды. Төмөнкү палатанын спикери Улуттук банктын башчысына кайрылып, жыл соңуна чейин маселени чечүүнү талап кылды. «Элдер […]

Өзбек бийлиги фермерлердин укугун коргоочуну абактан чыгарды

Өзбекстанда 63 жаштагы укук коргоочу Бобомурод Раззаков үч жыл түрмөдө жазасын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Эзгулик» адам укугун коргоо коому билдирди. Раззаковду активисттер Василя Иноятова жана Абдурахман Ташанов […]

Фото – Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келди

Өзбек өкмөтүнүн атынан Ош шаарына конокко келген делегацияны жергиликтүү бийлик “Достук” чек ара бекетинен тосуп алды. 140 адамдан турган топту эртең менен вице-премьер-министрлер Мухамедкалый Абылгазиев жана Жеңиш Разаков баштаган расмийлер […]

Атамбаев менен Мирзиёев алаканын жакшырышын кубатташат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын […]

Нарматов Абдишүкүр, Аалымдар Кеңешинин төрагасы: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 43-сессиясында мусулман дининин баалуулуктарын коргоого жана Ислам дүйнөсүнүн ойчулдарынын жетишкендиктерин жайылтууга чакырган сөзүн өзгөчө сүйүнүч менен кабыл алдым. Өзбек […]

Казакстан эркиндикке тоскоолдук жараткан өлкөлөрдүн тизмесине кирди

CIVICUS эл аралык уюмунун иликтөөсүнө ылайык, Казакстан коомдук бирикмелерди түзүүгө, өз оюн эркин билдирүүгө жана тынч жыйын өткөрүү укугуна “тоскоолдук жараткан” өлкөлөрдүн катарына киргизилди. Өз өюн эркин билдирүүгө карата өкмөттүн […]

Өзбекстанда укук коргоочулар түрмөдөгү кесиптеши менен жолугуп чыгышты

Адам укуктары боюнча иш алып барган «Эзгулик» коомунун төрайымы Василя Иноятова жана  журналист Абдурахман Ташанов түрмөдө жаткан укук коргоочу  Ганихон Маматхонов менен жолугуп чыгышты. Журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, укук коргоочу менен […]

Тажикстанда орус аскерин өлтүргөн адам 20 жылга соттолду

Хатлон облусунун соту Коргон-Төбөдөгү Орусиянын 201-аскерий базасынын кызматкери Алексей Буенковду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган жергиликтүү тургун Ахлиддин Машрабовду 20 жылга эркинен ажыратты. Шектүү кылмыш кылганын моюнун алып, аны үч орусиялык […]

Өзбекстанда күйүүчү май кымбаттады

Өзбекстанда 23-октябрдан тарта күйүүчү май кымбаттады. Баалардын жогорулашы бензиндин үлгүсүнө жараша 31,6-34,9 пайызды түздү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКларга шилтеме кылып CA-News жазып чыкты. Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы 2075 […]

Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта виза берүүсүн токтотту

Тажикстан Ирандын жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн шартта — Дүйшөмбүдөгү аба майдандын өзүндө эле виза берүүсүн токтотту. Эми Тажикстанга баргысы келген ирандыктар визаны ал өлкөнүн Тегерандагы же Мешхеддеги консулдугунан алуусу керек болот. Дүйшөмбүдөгү […]

Казакстанда эмчек рагы менен ооругандар бекер текшерүүдөн өтүштү

Эмчек рагы оорусунун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында 23-октябрда Казакстандын бардык онкологиялык бейтапканалары ачык эшик күнүн өткөрүштү. Аялдар менен кыздар үчүн текшерүү жана кеңеш берүү кызматтары бекер көрсөтүлдү. Алматыдагы Онкология жана […]

4 жаштагы кызды өлтүргөн өзбекстандык бала багуучу күнөөсүн мойнуна алды

Москвада Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулованын үстүнөн сот башталды. Ал 29-февралда өзү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кыздын башын кесип, аны колуна көтөрүп алып жүргөн жеринен кармалган. Сотто Бобокулованын […]

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алат

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт […]

Астана: 10 жылдын ичинде өлкөдөн жүздөгөн миллиард теңге чыгарылып кеткен

Астана акыркы 10 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен каражаттын бир бөлүгүн кайрадан кайтарганын билдирди. Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Кравченко 10-15 жыл ичинде Казакстандан мыйзамсыз жол […]

Тажикстандык талиб 16 жылга соттолду

Тажикстанда сот кылмыштуу топ түзүүгө тиешеси бар жана жалданмачылык менен алектенген деген айып менен 28 жаштагы Бегижон Назаровду 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал ооган атайын кызматы тарабынан кармалып, […]

Мирзиёев сот-укуктук системаны реформалап баштады

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев айрым кылмыштар үчүн түрмөгө кесүүчү жазаларды жокко чыгарган жарлыкка кол койду. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 21-октябрда соттук-укуктук системаны реформалоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин […]

Кыргызстан жана Казакстан мыйзамсыз миграция менен чогуу күрөшөт

Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз миграция менен бирге күрөшүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында түзүлдү. Ага кыргыз тараптан ИИМдин орун басары Курсан Асанов, ал эми Казакстандан ички […]

Алматыда активисттер кармалды

Казакстан полициясы 23-октябрда жер реформасы учурунда митинг уюштуруп камалган Макс Бокаев менен Талгат Аянга тилектештик акциясын уюштурууну үзгүлтүккө учуратты. Эки активист кастыкты козутуу, жалган маалымат таркатуу, митинг өткөрүү жана уюштуруу […]

Өзбекстан Жакынкы Чыгышка жана Африкага автомобиль экспорттой баштады

Өзбекстан жеңил автоунааларды жакынкы Чыгыштын 9 өлкөсүнө жана Африкага экспорттону  колго алды. Муну Экономика министрлигинин жана Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин отчеттору далилдей турганын СА-News маалымат агенттиги жазды. Документке ылайык, жыл […]

Орусиялык 201-аскер база тажик таксистке компенсация төлөп берген жок

Орусиянын 201-аскер базасынын кызматкери Дмитрий Толстой тарабынан бычак менен жараланып, сабалган жаш тажик таксист Тохир Султонов моралдык жана материалдык компенсация ала алган жок. Тажикстандагы 201-орусиялык аскер базасынын жетекчилиги жабырлануучунун көптөгөн […]

АКШ мамкатчы орун басары Томас Шэннон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга келет

АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон 24 -29-октябрь аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанды кыдырат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланды. Жогорку кызматтагы чиновниктин Борбор Азияга болгон алгачкы сапары, бул […]

Дүйшөмбүгө Түркия ТИМ башчысы келет

Түркия ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин башчысы Мевлүд Чавушоглу Ташкент жана Астанадагы сапарынан кийин 21-октябрда Дүйшөмбүгө келет. Ал Тажикстандын президенти жана ТИМ башчысы менен жолугат. Жолугушуу учурунда саясий, экономикалык, […]

Казакстанда “бомба боюнча жалган маалымат берген” жаран 2 жылга кесилди

Казакстанда сот террорчулук боюнча жалган маалымат берген жаш жигитти эки жылга эркинен ажыратты. 23 жаштагы Ерлан Акмурзаев 1-сентябрда Рудный шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги лифттин дубалына маркер менен “Силер 5-сентябрда […]

ЕККУ Өзбекстанда «жарандык уюмдардын» интернет-порталын түзүүгө көмөктөшөт

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоорлорун координациялоо боюнча Ташкенттеги кеңсе 19-октябрда Өзбекстандагы «жарандык уюмдардын» веб-порталын түзүүгө тендер жарыялады. «ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору өз ичине мыйзамдарды жакшыртуу; окуу курстарын, семинарларды, конференцияларды […]

Жыл башынан бери Тажикстанда 160 ишкана жабылды

2016-жылдын тогуз айында Тажикстандын Хатлон облусунун аймагындагы 160 кичи жана ири ишкана ишин токтотту. Алардын жабылышынын башкы себептери катары экономикалык каатчылыктын кесепеттери, кардарлардын аздыгы жана сырьёнун жоктугу айтылууда. Расмий маалыматтарга […]

Түркмөнстан экинчи спутнигин учурууга белсенүүдө

Түркмөнстан менен Кытай космикалык изилдөөлөр тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү түркмөн ММКлары жазышты. Ушул күндөрү Түркмөнстандын делегациясы Сычуань провинциясындагы Ченду шаарында ачылган Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн […]

Эл аралык уюмдар казакстандыктарды жарандык активисттерди колдоого үндөдү

Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун өнөктөшү казак коомчулугун жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга тагылган айыптарды тез арада алуу өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылууга үндөдү. Алар 24-апрелде Атырауда өткөн жер […]

Ташкентте ажырашууну чечкендердин ысымы, сүрөттөрү ТВ аркылуу жарыяланат

Ташкент шаарынын акими Рахмонбек Усманов ажырашуу көйгөйлөрүнө арналган чогулушта, бул жараяндын көбөйүшүнө президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Шавкат Мирзиёев кабатыр болуп жатканын билдирди. Бул туурасында жергиликтүү ММКлар маалымдашты. Чогулуш маалында […]

Ишкашимде тажик-кытай антитеррордук машыгуулар башталды

Тажик-кытай биргелешкен антитеррордук машыгуулар 20-октябрда Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Ишкашим районунда башталды. Алар Шитарв полигонунда өтүп, төрт күнгө созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты. Машыгуулар өлкө президенти тарабынан бекитилген пландын […]

Ашхабаддын “көмүскө базарында” доллардын баасы рекорддук чекке жетти

Түркмөнстандын борборунда америка долларынын түркмөн манатына карата наркы өсүп, тарыхый максимумуна жетти. Түркмөн жазуучусу Аманмурад Бугаев жазгандай, өткөн күндөрү 1 доллар 7,20-7,40 манатка сатылып жатты. Жазуучу көмүскө базарда валютанын курсу […]

Казакстандын Билим берүү министрлиги мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салды

Казакстандын Билим жана илим, юстиция, дин иштери боюнча жана жарандык коом министрлиги мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды. «Диний атрибуттарды, кийимдерди, баш кийимдерди кийип, алып […]

Алдамчы көзү ачык сыйкыр менен Сириядагы тажиктерди кайтарууну убадалаган

Тажикстан ИИМи Шахирнавдын эки жашоочусу көз байлоочулук менен шыгуулданып, акча таап келишкенин маалымдады. Мындан тышкары алар кардарларынан Сирияга кеткен туугандарын атайын дубалардын жана ырым-жырымдардын жардамы менен кайтарууну убадалашкан. ИИМ эки […]

Казакстанда “Орол жумалыгы” гезити үч жарым миллион теңге айып пул төлөмөй болду

Орол шаардык соту полициячы Даниар Ракишевдин ”Орол жумалыгы” гезитинин редактору Тамара Еслямовага карата жазган доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот моралдык зыян үчүн конпенсация иретинде тарип сакчысына үч жарым миллион теңге […]

Шавкат Мирзиёев президенттике талапкер катары бекитилди

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы шаршембиде өткөн съезде президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Шавкат Мирзиёевди президенттике талапкер кылып бекитти. Бул тууралуу РИА Новостиге партиянын өкүлдөрү билдирди. Шавкат Мирзиёевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Жакынкы […]

Өзбекстанда аскер учагы кулап, тогуз адам өлдү

Өзбекстандагы жергиликтүү ММКлар билдиргендей, МИ-171 учагы 18-октябрда Фергана өрөөнүнүн Кыргызстан менен чектеш аймагында кулаган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги окуяны кокустан болгон кырсык катары баалады. Каргаша учурунда экипаждын үч мүчөсү жана алты […]

Тажикстанда УКМК кызматкерлери жарандардын үйлөрүнө уруксатсыз кирүү укугун алды

Тажикстандын парламенти «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр менен толуктоолорду бекитти. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймуъмин Ятимов «террористтердин жашыруун аракет көргөнүнө байланыштуу күч түзүмдөрү да куралды […]

Өзбекстанда куралчан киши адамдарга карата ок чыгарды

Өзбекстандын Шахрисабз шаарында түрмөдөн чыккан киши пистолет менен үч адамга ок чыгарган. 42 жаштагы Батыр Хакимов пистолет менен 58 жаштагы Абдували Каюмов жана анын 29, 33 жаштардагы уулдары Жасур жана […]

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери кызматташтык тууралуу 2016-2017-жылга программага кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Өзбекстандын […]

Астана жашоочусу «жалган терроризм» үчүн бир жарым жылга соттолду

Астана соту терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн жергиликтүү тургунду бир жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. Иштин материалдарына ылайык, шаардын аты-жөнү айтылбай […]

HRW Түркмөнстанды журналисттин агасынын өлүмүнүн жагдайларын иликтөөгө үндөөдө

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму түркмөн бийлигине кайрылып, Алтымурад Аннамурадовдун өлүмүн иликтөөгө үндөдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Алтымурад Аннамурадов — учурда Швеция жарандыгын алып, ошол […]