Ишемби, 4 Июль, 2020 - 7:39
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Президенттик шайлоого карата Өзбекстанга байкоочулар бара баштады

Өзбекстанга КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобу барды. Адистер даярдык көрүү иштерин баштаганы кабарланууда. КМШдан барган байкоочулардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Ташкентте миссиянын штабы иштейт. Анын максаты — шайлоо жараянынын жүрүшү тууралуу материалдарды […]

Видео – Тажикстанда диний партиянын имараты саймачыларга берилди

Куляб шаарынын бийлиги Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын шаардагы имаратын “Чакан” компаниясына жеке менчикке берди. Имарат эки жылдан бери жабык турган. “Чакан” компаниясынын башчысы Зариф Валиев билдиргендей, жаңы жайга жабдууларды орноткондон […]

Казакстанда «Байтерек Development» компаниясынын топ-менеджерлери кармалды

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро өткөн аптада жемкорлукка шектелип «Байтерек DEVELOPMENT» компаниясынын топ-менеджерлеринин кармалганын жарыялады. «Байтерек DEVELOPMENT» жетекчилигине пара берген курулуш компаниясынын өкүлдөрү дагы камалды. Антикоррупциялык кызмат билдиргендей, сот […]

Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоёт

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Өзбекстан түрк жарандары үчүн визаны жоюшу мүмкүн экенин билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы барагы ачылганын басма сөз жыйыны учурунда айтты. Түркия президенти […]

Астанада катуу сууктан улам бензин тартыштыгы жаралды

Казакстан бийлиги АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына жана анын кымбаттоосуна карата чара көрүүдө. Бул тууралуу Астана шаарынын акими  Асет Исекешевге шилтеме кылып «Казинформ» агенттиги билдирди. Калың жааган кардан улам акыркы үч […]

Ташкент менен Дүйшөмбү гидроэнергетика жана чек ара маселелерин талкуулашты

Өзбекстан менен Тажикстан чыр-чатактуу тилкелер боюнча сүйлөшүп, чек араларды укуктук негизде каттоого тиешелүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМи 20-ноябрда билдирди. Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 15-18-ноябрь аралыгында Тажикстандын […]

Орусияда каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине жеткирилет

Тюмен облусунун Юргин айылынан алыс эмес жердеги “Абсолют Агро” тоок фабрикасынын курулуш аянтчасында19-ноябрда түнүчүндө болгон өрттөн каза болгон жети тажик мигранттын сөөгү мекенине 23-ноябрда жеткирилет. Орусиянын Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда […]

Түркмөнстандын коопсуздук министри экинчи жолу катуу сөгүш алды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов  акыркы бир жарым айдын ичинде өлкөнүн коопсуздук министрине экинчи жолу сөгүш жарыялады. Ал сөгүштү кызматын так аткарбай, өздүк курамдагы тартипти начарлатып жибергенине байланыштуу алды. Президент улуттук […]

Авариядан улам Алматыдагы бир нече кичи район жылуулуксуз калды

Авариядан улам бүгүн Алматынын батыш бөлүгүндөгү бир канча кичи райондун жашоочулары жылуулуксуз калышты. «Алматы жылуулук тармактары» компаниясы жума күнү саат 8ден тарта Калкаман кичи районундагы керектөөчүлөр жылуулук берүү системасынан 20 […]

Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди

Түркия президенти Реджеп Тайып Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди. Анда ал өлкөнүн жогорку кызматтагы расмий адамдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Эрдоган Өзбекстанга 17-ноябрь күнү кечинде учуп келди. Бүгүн анын Өзбекстан […]

Тажик жактоочусу Бузургмехр Ёров кайрадан алдамчылыкка айыпталууда

Дүйшөмбү шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы 23 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго карата жаңы кылмыш ишин козгоду. Белгилүү жактоочу кайрадан алдамчылыкка айыпталууда. Маалымдалгандай, жаңы кылмыш иши Бузургмехр Ёровду акча […]

Изилдөө: Тажикстан терроризм коркунучунун алдында алсыз

Тажикстан аймактагы өлкөлөр арасында террористтик коркунуч алдында кыйла алсызыраак. Бул тууралуу Лондондогу Экономика жана тынчтык институту тарабынан жыл сайын түзүлчү Терроризмдин глобалдуу индексинде айтылат. Экономика жана тынчтык институтунун аналитикалык департаментинин […]

Казакстанда алкоголду жарнамалоого кайра уруксат берүү сунушталууда

Казакстанда саат 22ден таңкы саат 6га чейин телеканалдар менен радиолордун эфирлеринде сыра, сыра суусундуктары жана шарапты жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда. Спирт ичимдиктерин өндүргөн соода маркаларын кайра жарнамалап баштоо демилгеленген Жарнама […]

Ташкентте НАТОнун байланыш кеңсеси жабылат

Учурда Ташкентте жайгашкан НАТОнун Борбор Азиядагы байланыш кеңсеси 2017-жылы жабылат. Бул маалыматты «Фергана» агенттигине кеңсенин башчысы Розария Пульизи ырастаган. – НАТОнун Борбор Азиядагы байланыш кеңсеси чынында эле 2017-жылдын мартынын аягында […]

Тажикстан сырттан $916 млн карыз жана насыя алат

Тажикстан парламенти 2017-2019-жылдарга карата Мамлекеттик тышкы карыз алуу программасын кабыл алды. Алдыдагы үч жыл ичинде өлкө сырттан 916 млн АКШ доллар өлчөмүндө акча алат. Тажикстан парламентинде өлкөнүн каржы министри Абдусалом […]

Түркмөнстан Ички иштер министрлиги мал чарбачылыгы менен алектенет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 16-ноябрда ИИМдин алдындагы мал чарба комплексинин ачылыш аземине катышты. Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, мал чарба комплекси ИИМдин керектөөлөрүн камсыздоого жол ачат. Ал эми ашып калган эт-сүт азыктарын […]

Казакстан бийлиги теракт жөнүндө маалымат бергендерге акча төлөйт

Казакстан өкмөтү “терроризм актысына бөгөт коюуга жана алдын алууга жардам берген маалымат үчүн сый акы белгилөө жана чегерип берүү тартиби жөнүндө” токтомду кабыл алды. Документ 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. […]

Дүйшөмбү менен Ташкент чек араны тактоону сүйлөштү

Эки тараптын жолугушуусу Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте 16-ноябрда өттү. Бул тууралуу маалыматты эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери ырасташты. Азырынча жолугушууда эмне сөз болгону белгисиз. Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын […]

Өзбекстан 1 млрд долларга жашылча-жемиш экспорттойт

Өзбек компаниялары эл аралык жарманкеде жашылча-жемиш продукцияларын экспорттоо боюнча 1 миллиард долларга бааланган келишимге кол коюшту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Жашылча-жемиш азыктарынын эл аралык жарманкеси 8-10-ноябрь күндөрү Ташкентте өттү. […]

Ошто Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ишкерлери чогулат

17-ноябрда үч өлкөнүн ишкерлери Ош шаарындагы Фергана соода-экономикалык форумуна чогулушат. Бул тууралуу Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди. Анын айтымында, Фергана өрөөнүн бөлүшкөн үч өлкөнүн өкүлдөрү ортодогу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүндүктөрүн […]

Дүйшөмбүдө иран режиссерунун Мухаммед пайгамбар тууралуу тасмасы көрсөтүлөт

Белгилүү иран режиссеру Мажид Мажидинин “Мухаммад: Жараткандын элчиси” (“Мухаммад Расулаллах”) аттуу тасмасы Дүйшөмбүдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тажикстандын Кинематографисттер бирлигинин төрагасы Сафар Хакдодов билдирди. Анын айтымында, тасма кинематографисттер менен маданият ишмерлеринин […]

Түркмөн президенти Жаңы жылда дүкөндөрдө азык-түлүктүн көп болушун талап кылды

Дүйшөмбүдө президент Бердымухаммедов аймактардын башчылары жана Ашхабаддын акими менен видеожыйын өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы Ашхабаддын акими Мураднияз Абиловго кайрылып, шаардын комплекстүү жайлуулугу жана анын […]

Казакстанда ММКлар тууралуу мыйзам долбоору оңдолууда

Казакстанда Маалымат жана байланыш министрлиги жеке маалыматтарды жарыялоого чектөө киргизген талаштуу мыйзам долбоорун өзгөрттү. Министр Даурен Абаев билдиргендей, айрым персоналдык маалыматтарды жарыялоодо жазуу түрүндө уруксат алуу керек болот. “Буга тек-жайын […]

Тажикстанда Президент күнү белгиленүүдө

Тажикстандын майрам күндөрү тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин өлкөдө 16-ноябрда алгачкы жолу Президенттин күнү белгиленет. Бийлик мындай жол менен Эмомали Рахмондун жеке өзүнүн эмес, өлкө президентинин аракеттерине баа берилерин билдирүүдө. […]

Казакстанда журналист опузалоого шектелүүдө

Казакстанда опузалоого шектелип Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz ресурсунун негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюросунан билдиришти. Учурда Габдуллиндин убактылуу кармоочу […]

Өзбекстандан немис журналисти депортацияланды

Ташкентте 10-ноябрда кармалган немис журналисти Эдда Шлагер 11-ноябрда мамлекеттен чыгарылды. Бул тууралуу Аsiaterra басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тапта Казакстанда жашап жаткан журналист Шлагер Ташкентке 4-декабрга белгиленген шайлоону чагылдыруу жана […]

Өзбекстанда бизнести каттоо күнү-түнү онлайн режимде жүргүзүлөт

2017-жылдын 1-апрелинен тарта Өзбекстанда ишкерлик субъектилерди каттоо күнү-түнү онлайн режимде жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Өзбекстан өкмөтү 28-октябрда «Мамлекеттик каттоо жана ишкерлик субъектилерди эсепке алуу системаларын жакшыртуу тууралуу» […]

Тажикстанда Барсем көлүнүн жырылуу коркунучу жоюлду

Тажик адистер экскаватордун жардамы менен өлкөнүн чыгышындагы Барсем жасалма көлүнөн канал казып чыгышты. Болбосо көлмөдөгү суу жырылып, жүздөгөн үйлөрдү каптап кетмек. Көлмө 2016-жылы 16-июлда Шунган районундагы Барсем кыштагындагы ташкындан улам пайда […]

Астанада Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн жаңы банкноттун бет ачары болду

Казакстан Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 10 миң теңгелик банкнотту тааныштырды. Расмий сайттардын маалыматына караганда, бул сувенирдик банкнот Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Бет ачар […]

Тажикстанда дагы бир көз карандысыз басылма жабылды

TojNews көз карандысыз агенттиги “Индем” коомдук уюмунун чечими менен жабылды. Агенттиктин жамааты окурмандарына коштошуу кайрылуусун жолдоду. Буга чейин “Индем” өзүнүн “Нигох” гезитинин жабылганын да кабарлаган болчу. Кайрылууда жазылгандай, мындай чечим […]

Казакстанда манжа издерин тапшырбагандарга айыппул салынат

Казакстан төрт жылдан кийин жарандар үчүн дактилоскопиялык жана геномдук  каттоодон өткөрүү тартибин киргизүүнү пландоодо. Парламенттин төмөнкү палатасына мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ кабыл алынса, Казакстан эл аралык милдеттенмелерин аткарат жана адамдын […]

Мирзиёев кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүлөрүнө оптимизм менен карайт

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Өзбек президентинин милдетин аткаруучунун куттуктоосунда Жээнбековдун ишмердүүлүгү кыргыз-өзбек элинин көп кылымдык достугуна көмөк көрсөтөт – деп жазылган. […]

Тажикстандын коомдук жайларында «радиотүйүндөр» орнотулууда

Тажикстан бийлиги өлкөнүн бардык райондорундагы дүкөндөрдүн, май куюуу жайларынын, мечиттердин жана башка коомдук жайлардын алдына «радиотүйүндөрдү» орнотууга киришти. Бул иштер Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын көрсөтмөсү менен ишке ашырылууда. Маалыматтар боюнча […]

Премьер-министр Астанадагы кардан кийинки жол тыгынына нааразы болду

Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өкмөттүк жыйында Астанада жааган кардан кийин пайда болгон автоунаа тыгынына ачуусу келди. Өкмөт башчы Сагинтаев шаар акимине кайрылып, бул маселеден улам шаардыктар жумуштан кечигип жатканын айтты. […]

Ташкент 7 чек ара тилкеси боюнча Кыргызстан менен орток пикир табылганын билдирүүдө

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен талаштуу мамлекеттик чек ара тилкелеринин айрымдары боюнча орток пикирге келгенин билдирди. Өзбекстан ТИМинин сайтында айтылгандай, 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин Фергана шаарында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу […]

Тажикстанда ИМ тобунун катарында согушуп келген адам 12 жылга соттолду

Хатлон облустук соту Сирияда «Ислам мамлекети» террористтик тобунун катарында согушуп келген тажикстандык Ахлиддин Усмоновду 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун төрага орун басары Сайфиддин Мухиддинзода билдирди. Анын айтымында, […]

Анжиянда уурдалган паспорттор менен жашыруун документтерди издөөгө аскерлер тартылды

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Балыкчы ички иштер органдарынын кызматкеринин унаасынан уурдалган паспорттор менен жашыруун документтерди издөөгө жүздөгөн аскерлер тартылды. Маалымдалгандай, учурда уурдалган паспорттордун жарымы табылган Анжиян каналы тосулуп, аскерлер каналдын түбүндө […]

Amnesty International казакстандык эки активистти абийир туткуну деп тааныды

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Атырау шаарында соттолуп жаткан жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянды абийир туткуну деп тааныды. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсүндө айтылат. Макс Бокаев менен […]

Түркмөнстанда милдеттүү автокамсыздандыруу киргизилүүдө

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Транспорт каражаттарынын ээлеринин үчүнчү жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндөгү токтомго кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты. Өкмөттөн билдиришкендей, документ […]

Өзбекстан «үй-бүлөлүк» добуш берүүнүн алдын алат

Өзбекстан БШКсы бир адам үй-бүлөнүн бардык мүчөсү үчүн добуш берген учурлардын алдын алат. Бул тууралуу БШК төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов билдирди. «Президенттик шайлоодо «үй-бүлөлүк» добуш берүүнүн алдын алуу үчүн адамдар көп […]

Тажикстанда журналисттер Кылмыш кодексиндеги өзгөрүүлөргө кабатыр

Тажикстандагы журналисттик уюмдар Кылмыш кодексине “Улут лидерине акарат келтирүү жөнүндө” берененин киргизилишине жана аныкталган жазага кабатыр. Алардын пикиринде, бул сөз эркиндигин чектөө болуп эсептелет. Кылмыш кодексинин жаңы беренесине ылайык, ММК […]

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан Баатыры Абдулла Ариповдун тажиясына катышты

Өзбекстан Баатыры, Эл акыны жана мамлекеттик гимндин автору Абдулла Ариповдун сөөгү Ташкенттеги “Чигатай” көрүстөнүндө жерге берилди. Ал 5-ноябрда 75 жаш курагында Хьюстондогу клиникада көз жумган. Абдулла Ариповдун сөөгү 8-ноябрда Нью-Йорктон […]

Нурсултан Назарбаев Дональд Трампты Казакстанга чакырды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трампты куттуктап, ага телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. «Сиздин башкарууңузда АКШ бүткүл дүйнөдөгү туруктуулукту, коопсуздукту жана өсүп-өнүгүүнү […]

Өзбекстан тиричилик техникаларын Украинага экспорттоп баштады

Өзбекстан тиричилик техникаларын Украинага экспорттоп баштады. Бул туурасында Киевдеги өзбек элчилигине шилтеме кылуу менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Элчилик кабарлагандай, Киевде өзбек-украин ишкер жолугушуу өткөндөн кийин алгач ирет Өзбекстанда өндүрүлгөн Artel […]

Нурсултан Назарбаев Түштүк Кореяга барды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк расмий сапары менен Сеулга барды. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө казак лидеринин Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе менен жолугушуусу пландалууда. Казакстан президентинин басма сөз кызматы […]

Тажикстандын футбол курамасы түркмөн командасын утту

Футбол боюнча Тажикстан курамасы Түркмөнстан улуттук курамасынын үстүнөн 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. 2019-жылы өтчү Азия биринчилигинин тандоо оюндарына даярдануунун алкагындагы жолдоштук беттеш 9-ноябрда Дүйшөмбүдөгү борбордук стадиондо өттү. Коноктордун дарбазасына […]

Бишкек менен Ташкент чек араны тактоодо «жакшы жылыштарга» жетишти

Кыргыз-өзбек жумушчу топтору Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 9-ноябрда парламентте билдирди. «Акыркы убактарда кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо жылыштар боло баштады. […]

Өзбекстанда алгачкы жолу көзү көрбөгөндөр үчүн шайлоо бюллетендери даярдалат

Өзбекстандын Боршайкому көзү көрбөгөн жарандарды добуш берүү укугу менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүдө. Алар үчүн президенттик шайлоодогу бюллетендер Брайл арибин пайдалануу менен даярдалат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. […]

Назарбаев Түштүк Кореяга мамлекеттик сапар менен барат

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн мамлекеттик сапар менен Түштүк Кореяга сапар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Казакстан президенти Сеулда Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жана башка […]

Тажикстан энергосистемасын Ирандыкы менен бириктирүүгө даяр

Экономикалык, техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Тажикстан менен Ирандын өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги жыйыны Тегеранда өттү. Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода өлкө ири көлөмдөгү суу ресурсуна […]