Ишемби, 14 Декабрь, 2019 - 5:57
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Тажикстан ИИМи Леваканд шаарында ок атышуу болгонун тастыктады

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-ноябрда Хатлон облусунун Левеканд шаарында атышуу болгонун расмий түрдө тастыктады. Министрликтин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, жаатташкан эки топ пневматикалык курал колдонгон. Тергөө иштери […]

Өзбекстанда мектептерден 200 метр алыс жайгашкан дүкөндөрдө алкоголь сатууга уруксат берилди

Өзбекстанда билим берүү, спорттук жана диний мекемелерден 200 метр алыс аралыкта турган дүкөндөрдө алкоголь жана тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди. Буга чейин бул аралык 500 метр болчу. Мыйзамга 14-ноябрда өзбек […]

Өзбекстандын экс-башкы прокурорунун кансарайы  миллион долларга сатыкка коюлду

Өзбекстандын экс-башкы прокурору Рашид Кадыровдун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жайгашкан заңгыраган үйү аукционго коюлду. Бул тууралуу 19-ноябрда өзбек басылмалары жазып чыгышты. Баштапкы баасы -10 007 940 000 сум (1 млн долллрадан […]

Таразда сабак учурунда 7-класстын окуучу кызын мектептин ажатканасынан зордуктап кеткен

18-ноябрда балдары ал мектепте окуган ата-энелер мектеп администрациясына келишип, 12 жашар кыздын зордукталганы боюнча ызы-чуу салышты. Шектүү киши видеокамераларга түшүп калган, бирок ага эч ким көңүл бурган эмес. Бул тууралуу […]

Ашхабадда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат

Ашхабадда аялдар мөөнөтү бүткөн айдоочулук күбөлүктөрүн жаңысына алмаштырууда көйгөйлөргө туш болушууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жыл башынан бери аялдар айдоочулук күбөлүк ала албай жатышат. Түркмөнстанда […]

Казакстанда шахтада бир жумушчу мерт болду

Караганды облусундагы «Казакстан» шахтасында бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу ал кенди иштетип жаткан «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 16-ноябрда болгон окуяны териштирүү үчүн мамлекеттик комиссия […]

Ташкенттин акими журналисттерди опузалады делген аудиожазуу иликтенүүдө

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкходжаев журналисттерди опузага алган учуру жазылып алынган аудио боюнча комментарий берди. Аудиожазууда аткаминер журналисттерди жок кыларын жана аларды элге кумса катары жарыялай турганын […]

Фергана облусунун башчысы сакалчан фермерге жеңилдетилген насыя берүүдөн баш тартты

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев сакал коюп жүргөндүгү үчүн фермерлердин бирин кемсинтип, жыйындан кууп чыкты. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун өзбек кызматы аты-жөнүн айткысы келбеген жергиликтүү ишкерге шилтеме кылып […]

Быйыл 4500 казак Кытайдын жарандыгынан баш тартты

Быйыл январдан сентябрга чейин 4 500 казак Кытайдын жарандыгынан баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. ​Мекеменин маалыматына караганда, бул аралыкта Казакстандын Кытайдагы элчилиги 35 миң казакка өлкөдөн […]

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2019-жылдын 15-ноябрында Ташкент шаарында болуп өткөн  Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар […]

Ташкентте Кыргызстан менен Казахстандын Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу болду

Кечээ, 15-ноябрь күнү Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма […]

Тажикстанда семирүүгө каршы программа кабыл алынды

Тажикстанда семирүүнүн алдын алуу боюнча 2024-жылга чейин атайын программа кабыл алынды. Өкмөт жыйынында жарандардын ашыкча салмагы тууралуу маселе каралып, саламаттык сактоо министри Насим Олимзода бул көйгөй кылдат көңүл бурууну талап […]

Тажикстанда бир жылда алтынчы жолу ун кымбаттады

Тажикстанда бир жылда алтынчы жолу ун кымбаттады. Акыркы эки жумада бир кап ундун баасы 4 долларга жогорулап, 220 сомониге же 23 долларге жетти. Тажикстандын Монополияга каршы кызматы жана жергиликтүү ишкерлер […]

50 жейренди Казакстан Кыргызстанга бекер бере турган болду. Аны атууга болбойт! Эгер атсаң 1 миллион сом айып пулга жыгыласың!

Кыргызстан Казакстандан кайтарымсыз түрдө 50 баш жейрен ала турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак, Казакстандан […]

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы айрым тилкелер жакында чечилет

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы айрым тилкелер жакында чечилетурганын билдирди. Элчинин айтымында, жакында эки өлкөнүн лидерлери жолугуп, маселеси чечилген чек ара тилкелериңе кол коюшу күтүлүүдө. […]

Самаркандда мектепте эт саткан мугалим эскертүү алды

Бир нече күн мурун Самарканддагы №24 орто мектептин аймагында эт сатыла баштаган. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Мектептин аймагына эт сатуучу күркө ачуу социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Текшерүү […]

Өзбек чек арачылары эки жигитти союл менен сабаган

Чек ара кызматкерлери тарабынан сабалган эки жигит учурда Фергана облустук ооруканасында дарыланууда. Алардын бири Умиджон Саиджоновдун айтымында, чек арачылар анын унаасын текшерип, андан соң эч себепсиз түрдө сабашкан: – Алар […]

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы: нандын кымбатташы коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берет

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөдө нанга болгон баалардын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, нандын кескин кымбатташына мамлекеттин буудай менен ундун баасын жасалма түрдө кармап туруу саясатынан баш тарткандыгы, ошондой […]

Түркмөнстанда күжүрмөн эмгекчилер президенттин атынан өздөрүнө-өздөрү белек сатып алышкан

Түркмөнстанда пахта терүүдө план аткарган ижарачылар менен комбайнчыларга 43 дюймдуу сыналгы сатып алып, Түшүм майрамына алып келишсе, ал белектер президенттин атынан берилерин айтышкан. Бул тууралуу “Хроники Туркменстана” басылмасы жазып чыкты. […]

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизет

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш […]

Борбор Азия мамлекет башчылары 27-ноябрда Ташкентте жолугушат

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи кеңешмеси 27-ноябрда Ташкентте өтөрү пландалууда. ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 12-ноябрда билдирген. Назарбаев жолугушуу мурда белгиленгендей эле Ташкентте өтөрүнөн үмүт арткан. […]

Казакстанда Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузулабы?

Кошуна Казакстандын айрым тарыхтын маани, баркын түшүнө билген жарандары кыргыздын чыгаан уулу Жусул Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушу менен чыгышууда. Тагыраагы, казакстандык активист Турарбек Кусаинов Актөбө облусуна 1936-1938-жылдары миңдеген казактарды геноцидден […]

Казакстан «Назарбаев» ракеталык комплексине 330 миллион доллар бөлөт

Казакстан орус-казак биргелешкен «Байтерек» ракеталык комплексинин курулушуна 330 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Казакстан премьер-министри Аскар Мамин «Байкоңур —дүйнөлүк космонавтиканын бешиги — 2019» форумунда билдирди. Ал долбоор жакын арада ишке […]

Тажикстанда быйыл 15-19 жаштагы миңге жакын кыз-келин аборт жасаткан

Быйыл Тажикстанда 14 миңге жакын аял, анын ичинде 15 жаштан 19 жашка чейинки курактагы миңге жакын кыз-келин аборт жасаткан. Тажикстанда турмушка чыга элек кыздардын никесиз жыныстык катнашка баруусу уят деп […]

Видео – Өзбекстанда жаңы төрөгөн аялдар полго жаткырылган

Кашкадарыя облусунун Касан районунда төрөт үйү ремонттон өтүп жатканына байланыштуу октябрдын башында жаңы төрөгөн аялдар ымыркайлары менен бирге бетондолгон полдо жатууга аргасыз болушкан. https://flashvideo.rferl.org/Videoroot/Pangeavideo/2019/11/2/27/27f1699e-3556-4e2e-b037-7304b60ed9d8_fullhd.mp4 «Эркин Европанын» өзбек редакциясына жөнөтүлгөн видео-фотоматериалдарда […]

Түркмөнстан түшүм аз болгонуна карабай пахта чогултуу планы аткарылганын жарыялады

Түркмөнстандын бийлиги 2019-жылы пахта терүү планы аткарылганын жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү TDH агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жалпысынан 1 миллион 50 миң тонна пахта чогултулган. Мамлекеттик телеканалдар өлкө президенти бардык аймактардын […]

Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы дагы бир кызматка дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөнүн жаңы түзүлгөн ММА федерациясынын президенти болуп дайындалды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Умаров мушкерлер менен жолугуп, бирге машыгуу өткөрдү. Быйыл октябрдын […]

Түркмөнстанда жумушсуздар азык-түлүк алып, кайра сатып, кезекте түнү бою турушууда

Азыр Түркмөнстандын дүкөндөрү негизги азык-түлүктөргө таңсык болуп турган кези. Мисалы, Ашхабаддын “Гарагум”, “Элван” жана башка ири дүкөндөрүндө 1-сорттогу ун да сатылбай калган. Бул тууралуу “Хроника Туркменистана” басылмасы жазып чыкты. Азык-түлүктөр […]

Өзбекстанда «Ырайымдуулук» борбору майып аялдарды мөөнөтү өткөн дарылар менен дарылоого айыпталууда

Бухара шаарындагы майып аялдардын «Ырайымдуулук» интернатында бейтептарга мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер берилгени айтылууда. «Ырайымдуулук» интернатында 250 аял дарыланат. Алардын көбү психикалык оорулар менен жабыркагандар. Интернатта 157 медайым жана санитар эмгектенет. […]

Ашхабадда алабайдын айкели орнотулат

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда алабай тукумундагы иттин эстелигин тургузууга тапшырма берди. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. 6-ноябрда Гурбангулы Бердымухамедов шаардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Мамлекет башчы […]

Чек ара атышууда колго түшкөндөрдүн арасында үч аял болгон. Алардын аттары аталды

«Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» чек арасында кол салгандардын бешөө колго түшкөн. Алардын  аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу Тажикстандын күч органдарынын маалыматына таянып жазды. Алардын айтымында, колго түшкөндөрдүн […]

Түркмөнстан эгемендүүлүк күнүнө карата алабайдын эстелигин ачканы турат

Түркмөнстандын эгемендик алган күнү – 27-октябрь. 6-ноябрда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашгабаттагы эң ири объектилердин курулушун текшерип чыкты. Бул тууралуу 7-ноябрда “Хроника Туркменистана” басылмасы жазып чыкты. 2020-жылы Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнө 25 […]

Казак аткаминерлерине кайрадан смартфон колдонууга уруксат берилет

Казакстанда жакынкы убактарда мамлекеттик кызматкерлердин жумуш орундарында смартфон колдонуусуна кайрадан уруксат берилет. Бул тууралуу өлкөнүн санариптик өнүгүү, инновациялар жана агрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Аблайхан Оспанов билдирди. — Мага […]

Казакстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берүүдө

Казакстандын расмий өкүлдөрү бүгүн 7-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсесинде өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча отчет берүүдө. Казак делегациясын өлкөнүн юстиция министри Марат Бекетаев баштап барды. Бул Казакстандын БУУнун […]

Ташкентте беш жаштагы кызын өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген жубайлар кармалды

Ташкентте беш жаштагы кызын сабап өлтүрүп, сөөгүн өрттөп жиберген жубайлар кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратура Telegram-каналы аркылуу кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 4-ноябрда жергиликтүү тургундардын бири укук коргоо органдарына арыз менен […]

Самаркандда өзбек жана түрк жумушчулары мушташты

6-ноябрда Самарканд шаарындагы курулуш аянттарынын биринде жапырт мушташ болду. Ал жерде тартылган видеодон жүздөгөн адам азыраак кишиден турган топту кубалап, беркилер курулуп бүтүп калган көп кабаттуу үйгө качып кирип жатышканын […]

57 жаштагы мугалим биринчи жолу турмушка чыкты

Казакстандын жараны, 57 жаштагы мугалим алгачкы жолу турмушка чыкты. Мындай куш кабарды Гүлмира Абыкай кызы Instagram баракчасына жарыялап, «Мугалимдерге сүйүү кеч келет”,- деп жазып, мугалимдин турмушка аттанып жаткан сүрөттөрүн жүктөдү. […]

Борбордук Азиянын кайсыл өлкөсүндө койдун саны көп?

2019-жылдын 1-январына карата Өзбекстанда кой менен эчкилердин саны – 21 млн 287,4 миң баш. 2018-жылдын 1-ноябрына карата Казакстанда – 20 млн 298,1 миң баш. 2017-жылдын 1-январына карата – 13 млн 970 миң 826 […]

Казакстанда аткезчилик менен соттолгон кыргыз депутатынын өкүмү күчүндө калтырылды

Алматынын аппеляциялык соту КР Жогорку Кеңешинин экс-лепутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап, мурда чыккан өкүм күчүндө калтырылды. Ага “экономикалык аткезчилик” жана “тарнсулуттук уюшкан топту түзүп, жетектеген” деген айып коюлуп, эркинен […]

Тажик-өзбек чегарасындагы заставага белгисиз куралчандар кол салып, 15 киши өлтүрүлдү

20 кийшиден турган куралдуу топтажик-өзбек чегарасындагы заставага кол салды. Бул тууралуу 6-ноябрда тажик ММКлары жазып чыгышты. Застава дүйшөмбү шаарынан алыс эмес Рудаки районунда жайгашкан. Куалчандар таңкы 3:23тө “Ишкобод” №4 чегара […]

Өзбекстанда нандын баасы экинчи жолу кымбаттады

Акыркы үч жуманын ичинде Өзбекстанда бөлкө нандын баасы экинчи жолу жогорулады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда нан 100-200 сумга (0,01-0,02 доллар) кымбаттап, айрым […]

Президент Шавкат Мирзиеевдин кызынын туулган күнүн башкы жаңылык кылып беришти

Кечээ, 4-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёеванын туулган күнү болуп өттү. Аны Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги күндүн негизги жаңылыгы катары чагылдырып, аягында анын өмүр баянын жайгаштырышты. Өмүр […]

Казакстан Интернет эркиндиги начар өлкөлөрдүн катарына кирди

Freedom House эл аралык уюму дүйнөдөгү Интернет эркиндиги боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Казакстан бул рейтингде кайрадан “Интернети эркин эмес” өлкөлөрдүн катарынан орун алды. 65 өлкөнүн 33үндө Интернет эркиндигинин абалы начарлаган. […]

Жамшитбек Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемесин иштелип чыкканын билдирди: – Орусия менен техникалык-экономикалык […]

HRW Нур-Султанды реформаларды ишке ашырууга чакырды

Human Rights Watch укук коргоо уюму Нур-Султанды тынч жыйын өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алууга жана куугунтуктоолорду токтотууга чакырды. Казакстан 7-ноябрда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин жыйынында баяндама жасайт. Human Rights […]

Өзбекстанда бажы эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пулдүн өлчөмү жогорулайт

Өзбекстанда Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин бажы тартиптерин бузууга байланышкан бөлүктөрүнө бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Өлкөнүн Юстиция министрлигинин Telegram каналы кабарлагандай, тиешелүү мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 31-октябрда кол койгон. […]

Түркмөнстанда кумсалар менен лесбияндарды аныктоо аракети башталды

Түркмөнстанда Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин арасындагы сексуалдык ориентациясы бөлөк адамдарды аныктоо аракетин баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык облустук саламаттык сактоо башкармалыктарында жыйындар өтүп, […]

Казакстанда тамак-ашка ууланды делген эки бала мерт болду

Чымкент шаарында бир үй-бүлөдөн эки бала тамакка уулануу белгилери менен каза болду. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди. Маалыматка караганда, 3-ноябрда бир аял үч баласы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер […]

ЮНИСЕФ: Тажикстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 миң бала аныкталды

Тажикстанда жүздөгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок жана алар социалдык жеңилдиктерди алышпайт. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка караганда, «Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды коргоо» боюнча ЮНИСЕФ менен тажик өкмөтүнүн […]

Өзбекстанда үлпөт тойлорду бир сценарий менен өткөрүү сунушталды

Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова үлпөт тойлор менен салтанаттар үчүн стандарттык сценарий иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, Маданият министрлиги «Өзбекконцерт» ишканасы менен биргеликте үлпөт тойлорду өткөрүү эрежелерин иштеп […]