Дүйшөмбү, 16 Сентябрь, 2019 - 9:59
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Өзбекстан Орусиядан автоунаа сатып алууда лидер аталды

Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирбеген мамлекеттердин арасында Орусиядан эң көп автоунаа сатып алган өлкө болуп калды. «Автостат» аналитикалык агенттигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан Орусиядан 4300 автоунаа импорттогон. Бул көрсөткүч […]

Орусияда жашаган тажикстандык кумса мекендештери тарабынан сабалды

Орусиянын Москва облусунда Тажикстандан барган кумса өз мекендештери тарабынан сабалды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун тажик кызматы Москвадагы «Стимул» аттуу ЛГБТ тобуна шилтеме кылып билдирди. Уюмдун юристи Антон Рыжовдун айтымында, […]

Арыстагы жарылуу фактысы боюнча аскердик бөлүктүн жетекчилери кармалды

Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампасында өрт чыккан аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кармалган жарандар «жарылуучу заттарды […]

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди. Бекмуратов 25-августта […]

Өзбекстанда жарандар бир күндүн ичинде дээрлик 10 миллион доллар сатып алышты

Өзбекстандын коммерциялык банктары чет өлкөлүк валюталарды эркин сатуу башталган алгачкы күнү эле 9,6 миллион доллар сатышты. Бул тууралуу өлкөнун Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 20-августта Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар акча […]

Тажикстанда кыйноого айыпталган эки милиция кызматкери тергөөдөн качып жүрөт

Тажикстанда кыйноого каршы коалиция 38 жаштагы Душанбе тургунун уруп-согууга айыпталган эки милиционердин дайны чыкпай жатканына кабатыр болууда. Буга чейин прокуратура Сафар Додаров менен Зубайдулло Сангинмуродзоданын дайны чыкпаганына байланыштуу кылмыш ишин […]

Түркмөн президенти банкоматтардан акча чыгаруу көйгөйүн мойнуна алды

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов банк карталарын киргизгенден кийин өлкөдө накталай акчанын жетишсиздиги пайда болгонун кыйыр түрдө мойнуна алды. Түркмөн президенти бул көйгөй үчүн жоопкерчиликти аткаминерлерге жүктөдү. Бердымухамедов банкоматтарда накталай акчанын […]

Казакстанда Сириядан алып келинген аял беш жылга соттолду

22-августта Казакстандын Актөбө шаардык соту Сириядан алып келинген Акмарал Алмагамбетованы беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал мекенинде терроризмди пропагандалоого жана кыстыкты козутууга айыпталып жаткан. Тергөөнүн маалыматына караганда, Алмагамбетова 2013-жылы […]

Тажикстанда жоокер октон алган жаратынан мерт болду

Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде 21 жаштагы жоокер октон алган жаратынан каза болду. Анын мөөнөтүнүн бүтөрүнө 40 күн калган. Маркум Хадятулло Тагоевдин сөөгү 21-августта туугандарына берилди. Жакындарынын ырасташынча, ал 2017-жылы Орусиядан […]

Өзбекстанда 2020-жылдан тарта насыяны рубль менен төлөөгө уруксат берилет

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2020-жылдан тарта эмгек мигранттары өзбек суму менен алган насыяларын орус рубли менен төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу 22-августта Өзбекстан Юстиция министрлиги билдирди. […]

“Bilan”: Назарбаевдин кызы Швейцариядан хансарай сатып алды

Швейцариялык “Bilan” журналы 21-августта Казакстандын мурдагы президентинин кенже кызы Динара Назарбаева белгилүү “Бельрив” (Château de Bellerive) хансарайын сатып алганын жазды. Хансарай Женеванын четинде жайгашкан жана Швейцариянын улуттук мурастар тизмесине киргизилген. […]

Фото – Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Нур-Султанда жолукту

Бүгүн, 22-август күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу КРнын Тышкы иштер министрлигинин […]

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү сунушталууда

Казакстанда жарандык активисттерден турган топ өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы республикалык референдум өткөрүү демилгесин көтөрүштү. «Казакстанда парламентаризмди өнүктүрүү фондунун» башчысы Зауреш Батталова «бийлик менен кызматташкандыгы үчүн» өлкөдө катталган […]

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын Төрагасы менен жолукту

Кечээ, 21-август күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. […]

Mozilla менен Google казак бийлигинин коопсуздук сертификаттарына бөгөт коет

Mozilla жана Google компаниялары «казак бийлигинин өлкө ичиндеги интернет-трафикти колго алуу аракетине бөгөт коюу» максатында жаңы технологиялык чечимдерди ишке киргизет. Mozilla компаниясынын расмий билдирүүсүндө мындай чечим казак интернет-провайдерлери браузерлерге «мамлекеттик сертификаттарды орнотууну» […]

ФСБнын операциясында өлтүрүлгөн тажикстандыктардын сөөгү туугандарына берилди

Үч ай мурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Владимир облусундагы контртеррористтик операциясы маалында каза болгон эки тажик жаранынын сөөгү туугандарына берилди. 34 жаштагы Асомиддин Кыргызбеков менен анын 31 жаштагы тууганы […]

Түркмөнстанда 18 жаштагы жоокер каза болду

20-августта Түркмөнстандын Балканабад шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Овезали Экаев аттуу 18 жаштагы жоокер каза болду. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады. Басылманын аймактык кабарчысы билдиргендей, жоокердин […]

«Kazakh Export» АКнын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүн ачуу макулдашылды

Бүгүн, 21-августта Нур-Султан шаарында «С5+1» форматында жогорку деңгээлдеги жыйынга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh Export» АК Башкармалыгынын Төрагасы Руслан Искаков менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы […]

Өзбекстандагы тажик тектүү тургундар өзбек жарандыгын ала албай келишет

Тажикстандагы жарандык согуш маалында Өзбекстандын аймагына кирип отурукташып калган тажик тектүү тургундар көп жылдардан бери өзбек жарандыгын ала албай келишет. Алардын айтымында, колдорундагы жарандыгы жок тууралуу кагаздар менен жакшы жумуш […]

Өзбекстанда Миграция агенттигинин мурдагы башчысы 12 жылга соттолду

Ташкент шаардык соту өлкөнүн Тышкы миграция агенттигинин мурдагы башчысы Равшан Ибрагимовду 12 жылга эркинен ажыратты. Бул туурлуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка караганда, Ибрагимов «Алдамчылык», «Пара берүү» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» […]

Тажикстанда пенсия берүү мекемесинде 100 миң доллар уурдоо фактысы аныкталды

Душанбеде райондук Социалдык камсыздандыруу жана пенсия берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Зарина Бокиева 1 миллион сомониден ашык (100 миң доллар) бюджеттик акчаны кымырып алган деп айыпталууда. Бокиеванын туугандары ал бул […]

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев азыркы бийликке каршы чыккандарды сындады. Нурсултан Назарбаев 21-августта өткөн «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында «бардык шайлоо» убагында болорун айтып, парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү […]

Мирзиёевге кайрылган гей-активистти милиция издөөгө алды

Укук коргоо органдары Өзбекстандагы ЛГБТ-коомчулугун коргоо үчүн Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жолдогон Шохрух Салимовду издеп жатат. Учурда Түркияда жашаган Салимовдун билдиришинче, милиция кызматкерлери анын туугандарынын үйлөрүнө барышып, камоо үчүн аны издеп […]

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан тарта улуттук акча – сумдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсун эркин кое бергенин жарыялады. Башкы банктын билдиргенине караганда, мындан ары “экономикалык зарылчылыктан улам акчанын алмашуу […]

Түркмөнстанда жарандар окуу жана иштөө үчүн чет өлкөлөргө чыга албай жатышат

Түркмөнстанда чет өлкөдө окуу жана иштөөнү чечкен жарандар Ашхабаддын эл аралык аэропортунда кармалууда. Соңку айда ондогон улан-кыздар чет өлкөлөргө чыга албай калышкан. Ашхабад аэрпортундагы миграция кызматкерлери тыюу салуунун себептерине расмий […]

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу 20-августта экономика министри Руслан Даленов билдирди. Улуттук экономика министринин маалыматына караганда, орто эсеп менен пияз – 79 […]

Тажикстанда «Азия-плюс» сайты бөгөттөлдү

Тажикстанда «Азия-плюс» порталынын (news.tj жана asiaplus.tj) сайттары 19-августтан бери бөгөттөлдү. Окурмандар дүйшөмбүдөн тарта VPN жана прокси-сервер аркылуу да кире албай калышты. Тажикстан Байланыш кызматынын орун басары Илхомжон Атоев бул маселеге […]

Тажикстанда доллардын расмий курсу кескин жогорулады

Тажикстанда бүгүн АКШ долларынын расмий курсу кескин жогорулады. Күн мурун өлкөдө бир доллар үчүн 9 сомони 43 дирам берилип жатса, бүгүн эртең менен анын баасы 9 сомони 70 дирамга жетти. […]

Түркмөнстанда окуучулар президенттин сүрөттөрү үчүн акча чогултуп жатышат

Түркмөнстандын Мары облусунда бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан желек, президенттин сүрөтү жана башка көрсөтмө куралдар үчүн акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, облустун Байрамали шаарындагы № […]

Фергананын башчысы кол алдындагыларды жүздөгөн уят сөздөр менен урушту

«Эркин Европанын» өзбек кызматы Фергана шаардык акимчилигинде өткөн кеңешме учурунда жаздырып алынган аудиону жарыялады. Анда катышуучуларга карата ыпылас сөздөрдү айтып жаткан эркек кишинин үнүн угууга болот. Аудионун авторлору ал үн […]

Өзбекстанда Гүлнара Каримовага каршы жаңы кылмыш иштери козголду

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн», мамлекеттик каражатты уурдаган» жана «башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деген айыптар менен Гүлнара Каримовага каршы жаңы кылмыш иштерин козгоду. Мекемеден […]

Тажикстанда улуттук акча которуу системасы ишке кирет

Тажикстанда 1-сентябрдан тарта каржы базарынын катышуучулары жана операторлор менен иштешүү үчүн улуттук акча которуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди. Мекеме мындай чечими тууралуу орусиялык жана эл […]

Хорезмде мугалимдер мектепке эмерек сатып берүүгө милдеттендирилди

Өзбекстандын Хорезм облусунун Ургенч шаарындагы №30 мектептин мугалимдери жетекчилик аларды класстарга эмерек алуу үчүн акча чогултууга милдеттендиргенин билдиришүүдө. Алар «Эркин Европанын» өзбек кызматына жыйын маалында жаздырып алынган аудиону жөнөтүшкөн. Анда […]

Түркмөнстанда кайрадан күйүүчү май тартыштыгы жаралды

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда кайрадан күйүүчү май тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады. Басылманын аймактык кабарчысы белгилегендей, учурда облустагы май куюу жайларында А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май […]

Тажикстанда пайдаланылган электр үнөмдөөчү лампаларды кайра иштетүү чоң маселеге айланууда

Тажикстанда пайдаланылган 500 миңге жакын электр үнөмдөөчү лампаларды кайра иштетүү маселеси чоң маселеге айланды. Учурда алар атайын кампаларда сакталып турат. Өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинен билдиришкендей, жаратылышка зыян келтире турган мындай […]

Тажикстанда Орусиянын шаарларына авиабилеттер кескин кымбаттады

Тажикстанда Орусиянын шаарларына авиабилеттер кескин кымбаттады. Авиакомпаниялар муну окуу жылынын алдында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүрүүдө. «Сомон Эйр» авиакомпаниясынан билдиришкендей, учурда Душанбе-Москва багыты боюнча авиабилеттер 4 миң сомони (400 доллардан […]

Казакстанда «терроризмди пропагандалоо» айыбы менен соттолгон аял түрмөдөн чыкты

Казакстанда «диний кастыкты козутуу» жана «терроризмди пропагандалоо» айыбы менен соттолгон 37 жаштагы Жанна Умирова түрмөдөн чыкты. Бул тууралуу ал өзү «Эркин Европанын» казак кызматына билдирди. Маалыматка караганда, 2-августта Иле райондук […]

Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга барат

Ашхабадда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрага орун басары Рашид Мередов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулазиз Камилов жолугушту. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Ашхабадга жасай […]

Өзбекстанда «Бизнестин баары жакшы» деп аталган фирма каттоодон өттү

Ташкентте «LYUBAYA BIZNES XOROSHA» («Бизнестин баары жакшы») деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) каттоодон өттү. Бул тууралуу Kun.uz сайты өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка таянып жазды. Аталган ишкана […]

Казакстанда миңдеген үй-бүлө социалдык жардам алуу үчүн кирешелерин азайтып көрсөткөн

Казакстанда «даректүү социалдык жардам алуу үчүн» 21 миңге жакын үй-бүлө кирешелерин азайтып көрсөткөн. Бул тууралуу 17-августта өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында «аймактык […]

Ашхабаддын дүкөндөрүндө мектеп формасы карызга берилүүдө

Ашхабад шаарындагы дүкөндөр кардарларга мектеп формасын жана окуу куралдарын бөлүп төлөө шарты менен алууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады. Басылма белгилегендей, мектепке керектүү товарлар карызга бериле тургандыгы […]

Өзбекстанда милиция имаратын ремонттоого демөөрчү таппаган инспектор ишсиз калды

Өзбекстандын ички иштер органдарында алты жыл жумуш иштеген 31 жаштагы инспектор Фуркат Курбанов милиция бөлүмүнүн имаратынын ремонттоого демөөрчү таба албаганы үчүн июнь айында иштен бошотулганын айтууда. Милициянын мурдагы лейтананты Курбановдун […]

Казакстанда үйлөрү түрттүрүлгөн эки киши өз өмүрүнө кол салды

Түркстан шаарында мамлекеттин муктаждыгына үйлөрү түрттүрүлгөн эки тургун өзүнө кол салууга аракет жасады. 15-августта “Фейсбук” социалдык түйүнүндө Түркстан шаарынын эки туруну өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган видеосу тарады. Видеодо […]

Тажикстан Кытайга кургак жемиш экспорттоого ниеттенүүдө

Тажикстан соода өндүрүш палатасынын төрагасы Жамшед Жумахонзода Кытайга тажик кургак жемиштерин жеткирүү тууралуу келишимге BEIJING EXPO -2019 жарманкеси учурунда жетишилгенин билдирди. Тажик ишкерлери алгач фермерлер үчүн салыкты азайтуу жана кургак […]

Тажик чек ара кызматынын мурдагы маалымат катчысы 15 жылга соттолду

Тажикстандын Чек ара аскерлеринин мурдагы маалымат катчысы Мухаммаджон Улугходжаев 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган. Жогорку соттун аскердик коллегиясынын өкүмү 14-августта чыкты. Мамлекеттик айыптоочу Улугходжаевди 20 жылга […]

Мирзиёев ишкерлерди коомдук иштерге тартууга тыюу салды

13-августта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ишкерлерди коомдук жумуштарга тартууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Документте жергиликтүү акимчиликтерге ишкерлерди негизги кызматына катышы жок жумуштарга тартууга, тактап айтканда демөөрчүлүк жана кайрымдуулук көрсөтүүгө, […]

Орусияга каршы санкциядан улам Тажикстанда рубль арзандады

Орусияда рублдин кунунун төмөндөшү Тажикстанда да орус валютасынын арзандашына алып келди. Тажикстан Улуттук банкынын билдиришинче, акыркы он күндө рублдин курсу төмөндөп, 1000 рубль мурдагыдай 149 эмес, 143 сомониге баалунууда. Орусия […]

Наманганда мугалимдерди эл каттоого мажбурлашууда

Өзбекстандын Наманган облусунун мектеп мугалимдери жетекчилик алардын эмгек өргүүсүн үзгүлтүккө учуратып, ысыкта калкты каттоо жумуштарына мажбурлаганын билдиришүүдө. Атын атагысы келбеген намангандык мугалимдин айтымында, 5-августтан бери ал ондон ашык кесиптеши менен […]

Тажикстанда сим-карталарды кайра каттоо мөөнөтү узартылды

Тажикстанда мобилдик телефондордун сим-картасын ID-паспортторуна кайра каттоо мөөнөтү узартылды. Буга чейин акыркы мөөнөт 15-август экени кабарланган. Учурда жүз миңдеген абоненттер сим-караталарын жаңы үлгүдөгү паспортко кайра каттатуу процедураларынан өтүшкөн жок. Такталбаган […]

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги […]