Бейшемби, 20 Февраль, 2020 - 8:59
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Өзбекстанда мечиттерде азанды үнкүчөткүчтөр менен чакырууну токтотууга үндөштү

Наманган шаарында ушул жумадан баштап үнкүчөткүч менен азан чакыруу токтотулду. Бул тууралуу 1-ноябрда centralasian.org кабарлагандай намангандык активист Аббас Асад маалымдаган. “Наманган облусунун имам-хатибинин буйругу менен шаардагы мечиттерде үнкүчөткүч менен азан […]

Өзбекстанда кызы зордукталган аял экинчи жолу өзүнө кол салды

15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган. 2018-жылы да аял өзүнө өрт коюп, кол салган. Маалыматка караганда, […]

Тажикстанда окуучуну сабаган милиция кызматкери иштен алынды

Тажикстанда сабак учурунда 11-класстын окуучусун сабаган Исфара облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жумуштан алынды. Милиция кызматкери тарабынан сабалган Акбар Довудовдун айтымында, ал 16-сентябрда экинчи сабакка кечигип келгендиги үчүн токмоктолгон. — […]

Алматыда кайрадан Шинжаңдагы казактарга жардам берүү чакырыктары айтылды

30-октябрда ондогон адам Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулуп, Кытайдын Шинжаң аймагындагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турган туугандарына жардам берүүнү өтүнүштү. ТИМ өкүлчүлүгүнүн алдына топтолгон 40тан ашык […]

Tashkent City курулушунда иштеп жаткан жумушчу 8-кабаттан кулап каза болду

Tashkent City комплексиндеги курулушта иштеп жаткан 21 жаштагы жумушчу тогуз кабат үйдүн сегизинчи кабатынан кулап кетип каза болду. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-октябрда болгон. Сырдарыя облусунун тургуну Алишер Турдибоев тогуз кабаттуу […]

Футбол: Тажикстандын жаштар курамасы Камерунду жеңди

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында Тажикстандын жаш өспүрүмдөр курамасы (U-17) алгачкы беттешинде Камерун командасын 1:0 эсебинде утуп алды. “Е” тобундагы оюн 28-октябрда Бразилиянын Кариасика шаарында өттү. Оюнда жалгыз […]

Өзбекстанда мугалимдер кемсинткен өспүрүм өз жанын кыйды

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районундагы магистралдык каналдан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Маркумдун апасы менен классташтары анын каналга боюн таштоосуна мугалимдердин кемсинтүүсү себеп болгонун билдиришүүдө. – Мугалимдер уулумду мектепке телефон […]

Тажикстанда мунапыстын алкагында миңден ашык адам эркиндикке чыкты

Тажикстанда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын алкагында камактагы адамдардын алгачкы тобу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Явандагы түрмөдөн, Нуректеги аялдар […]

Тажикстан президенти 20 миң кишиге мунапыс жарыялады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20 миңден ашуун адамга мунапыс жарыялаган мыйзамга кол койду. Өлкөдө 6-ноябрда белгилене турган Баш мыйзамдын 25 жылдыгына арналган мунапыстын мыйзам долбоору он күн мурда парламентке киргизилген. […]

Казакстандын мурдагы премьер-министри мөөнөтүнөн мурун толук бошотууну суроодо

2015-жылы коррупция беренеси соттолгон Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов өзүн мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурады. Эки жыл мурун Ахмедовдун түрмө жазасы баш боштондугун чектөө менен алмаштырылган болчу. Мурдагы премьер-министрдин доо арызы […]

Казакстанда мурда акталган сот кайрадан соттолду

Алматы шаардык соту “пара алууну көздөө” жана “алдамчылык” беренелери менен акталган судьянын иши боюнча райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аны үч жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 23-октябрда өлкөнүн Коррупцияга […]

Өзбекстан: жарандарга өлкөдөн накталай түрдө 10 миң доллар алып чыгууга уруксат берилди

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Валюта базарын тартипке салуу тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кирди. Ага ылайык, жарандар өлкөдөн накталай түрдө 100 миллион сумга чейин (10,6 миң доллар) каражат […]

Өзбекстанда камакка алынган аткаминердин үйүнөн 1 миллион доллар жана Мальдив аралдарына сатып алынган эки авиабилет табылган

Ташкенттин Юнусабад районунун акиминин архитектура, капиталдык курулуш жана коммуникацияларды жакшыртуу маселелери боюнча орун басары коррупция айыбы менен камакка алынды. Бул тууралуу «Эркин Европанын» өзбек кызматы шаардык акимчиликтеги өз булактарына шилтеме […]

Душанбе ТВЕА компаниясын кошумча нарк салыгы менен бажы төлөмдөрүнөн бошотту

Тажик өкмөтүнүн чечими менен ТВЕА кытай компаниясы алтын казуу үчүн керектүү жабдууларды, техникаларды алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. ТВЕА компаниясынын эсеби боюнча «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку […]

Тажикстанда өз уулун өлтүргөн аял 15 жылга соттолду

Тажикстанда сот алты айлык баласын өлтүрүүгө айыпталган 24 жаштагы аялды 15 жылга эркинен ажыратты. Хатлон облусунун жашоочусу Жамила Каримова июнда күйөөсүнүн туугандары менен урушуп кетип, өз уулун каналга ыргытып жиберген. […]

Токаев мындан ары кадрларды Назарбаевдин макулдугу менен гана дайындай алат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри […]

Бердымухамедов ашык азык-түлүктү чет өлкөлөргө сатууга буйрук берди

Түркмөнстанда соода маселелери боюнча вице-премьер-министр Чары Гылыжов президент Гурбангулы Бердымухамедовго чакан жана орто бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана экспортко багытталган өндүрүштү кеңейтүү иштери тууралуу отчет берди. ТДХ маалымат […]

Өзбекстанда эркектер декреттик өргүү үчүн жөлөк пул алып турушкан

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык […]

Өзбекстанда парламенттик шайлоону өткөрүүгө дээрлик 25 миллион доллар бөлүнөт

Өзбекстанда быйыл 22-декабрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 230 миллиард 549 миллион сум (25 миллион доллар) бөлүнөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, каражат […]

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков жана Казакстандын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Кечээ, 16-октябрь күнү  Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Казакстан Республикасынын кайрадан дайындалган Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкулов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул […]

Казакстан чет өлкөгө бодо малды чыгарууга тыюу салды

Казакстандын айыл-чарба министрлиги бодо малды тирүүлөй чет өлкөгө чыгарууга алты айга тыюу салган чечимге келгенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Негизинен бир жашка чыга элек ургаачы торпокторду, эки жашка чыга элек […]

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуу унаасы токтоп турат

Кыргыз-казак чек арасында 50 чакты оор жүк ташуучу машина токтоп турат, абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекеттер штаттык режимде […]

Өзбекстан Түрк кеңешине мүчө болду

Өзбекстан расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду. Чечим 15-октябрда Азербайжандын Баку шаарында өткөн саммит учурунда кабыл алынды. Түрк кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия […]

Тажикстанда 20 миңден ашык адамга ырайым берилет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата парламенттин төмөнкү палатасынын кароосуна «Мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу 16-октябрда мамлекет башчынын сайты кабарлады. Мыйзам долбооруна ылайык, […]

Назарбаев Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышты. Саммит учурунда ал Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды. Назарбаев саммитте сөз сүйлөп, кеңештин атын «Түрк […]

Тажикстанда сойкулар тууралуу видео тарткан блогерлер соттолууда

«Трассалардагы сойкуларга карата жүргүзүлгөн рейд» аталышында видео тартып, аны “Ютубга” жүктөгөн төрт тажик блогери жеке жашоого кол салуу айыбы менен соттолууда. Биринчи соттук угууда блогерлер күнөөсүн мойнуна алышты, ага чейин […]

Өзбекстан: пахта талаасында трактор тебелеп кеткен эки жоокер каза болду

13-октябрда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Баёвут районунда пахта терүүгө келген эки жоокерди трактор тебелеп кетип, каза болушту. – 20 жаштан бир аз ашкан эки аскер кызматкери пахта талаасынын жээгиндеги арыкта уктап […]

Тажикстанда окуучу кызды өөп койгону үчүн мугалим агайы 17,5 жылга кесилди

“Тажикстандын Хатлон облусунун Яван районунун соту “Нурбахш” лицейинин мугалимин 17,5 жылга кести. Ал 12 жаштагы окуучу кызга сексуалдык мүнөздөгү кыймыл-аракет кылган деп айыпталды. Бул тууралу “Озодлик” радиосу билдирди. Соттолгон мугалим […]

Тажикстанда окуучу кызды өпкөн лицей мугалими 17,5 жылга соттолду

Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиевди 17,5 жылга эркинен ажыратты. Сот аны 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп тапты. Алиевдин туугандары […]

Өткөндө болгон кыргыз-тажик чегарасындагы ызы-чууда мурдагы талаа командири Шох Искандаровду көрүшкөн. Анын максаты эмнеде?

Бул тууралуу Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Макала “Эмнеге Рахмон чегарага мурдагы талаа командирин алып барып жатат?” деп аталат. Андан төмөндөгүлөр айтылат: Тажикстан менен Кыргызстан чегара маселесин оор кыйынчылыктар менен чечүүгө мажбур. […]

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Фергана облустук башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз жаранына Курандын уникалдуу нускасын 150 миң долларга сатууга аракет жасаган кишини кармады. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, шектүү катары 49 жаштагы бухаралык Фаррух […]

Тажикстанда банктын бухгалтери кызмат ордунан өзүн башка атып өлдү

Өткөн жумада Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы “Амонатбанкын” филиалынын башкы бухгалтери Ориф Турдиев жумуш ордунан өзүнө башка атып өлүп калган. Бул тууралуу “Ахбор” порталы маалымдайт. Күбөлөрдүн айтымында банкта аудит болгондон кийин […]

Видео – Өзбекстанда дизель таппаган италиялык туристтер жолдо калышты

12-октябрда Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Касан районундагы май куюу жайда дизель майы жок калгандыктан, италиялык туристтер бараткан автобус жолдо калды. Май куюу жайынын жетекчиси Ислам Изомовдун айтымында, аларда туристтик компаниялар менен […]

Араб шейхтери казак коруктарында тоодактарга аңчылык кылууга уруксат алышты

Казак бийлиги Бириккен Араб Эмиратынын төрт шейхине 2019-жылдын октябрь-ноябрь айларында ителги менен Казакстандагы коруктарда тоодак алууга уруксат берди. Токтомго Казакстан премьер-министри Аскар Мамин кол койду. Документке ылайык, шейх Халиф Бин […]

Тажикстан калкынын 70% эмгек мигранттарынын эсебинен жашайт

Тажикстан Улутук банкы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, тажикстандык үй-бүлөлөрдүн 70 пайызга жакыны эмгек мигранттары которгон акчанын эсебинен күн кечирет. Калган 30 пайызы туугандарынын жана өздөрү тапкан кирешенин эсебинен жашайт. Иликтөө быйыл […]

Өзбекстан мыйзам бузган чет элдиктердин жазасын жеңилдетет

Өзбекстан чет мамлекеттен келип бул өлкөнүн аймагында мыйзам бузган жарандардын жазасын жеңилдетет. Өзбек парламентинин жогорку палатасы мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү кылмыш жообуна тартуу тууралуу норманы мыйзамдардан алып салуу жөнүндө сунушту […]

Фото – Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул туурлуу президенттин […]

Казакстанда коркунучтуу оору жайылууда

Белорусияда, Орусияда жана Казакстанда кара учук (туберкулез) менен ооругандардын дартын айыктыруу кыйынга турууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты. Жыл сайын кара учук жаңы дарыларды улам тоготпой, миллиондогон кишилердин өмүрүн […]

Алматы облусунда кытай жана казак жумушчуларынын ортосунда чыр чыкты

Казакстанда жергиликтүү жана кытайлык жумушчулар ортосунда кайрадан чыккан чырдын себептери иликтенүүдө. Алматы облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, Аксу районунда 7-октябрда «Citic Construction» ишканасынын жол куруп жаткан жумушчулары арасында тутанган чырдан […]

Ферганада кесиптештеринен качып бараткан милиционер жөө адамды сүзүп кетти

26-сентябрда кызматтык унаасы менен 52 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) лейтенанты дале болсо иштеп жүрөт. Маалыматка караганда, ал мас абалындагы милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча […]

КРнын ТИМ башчысы КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышууда

Бүгүн, 10-октябрь күнү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз […]

Тажикстанда күмүш кенин иштетүүдөгү айрым шарттар белгилүү болду

Тажик бийлиги Мургаб районундагы «Якчилва» күмүш кенин кытайлыктарга иштетүү үчүн берип, бирок келишимдин шарттарын толук айткан эмес. Бул арада «Эркин Европанын» тажик кызматына кол коюлган келишимдин көчүрмөсү тийди. Документке ылайык, […]

Журналисттерди коргоо комитети өзбек бийлигин блогерди бошотууга үндөдү

Журналисттерди коргоо комитети Өзбекстандын жетекчилигин психиатриялык клиникага жайгаштырылган блогерди бошотууга үндөдү. Айрым кабарларга караганда, 30-сентябрда Хорезм облусунун соту Нафосат Оллашукурованы ооруканага жаткыруу жөнүндө чечим чыгарган. Ал арада блогер 10 күндүк […]

Токаев жарандардын маалыматтарын санариптештирүүдө Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрүүгө чакырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарын өнүктүрүүгө арналган жыйында өлкө жарандардын жеке маалыматтарын санариптештирүүдө Кытайдын тажрыйбасын өздөштүрүшү керектигин билдирди. — Кытайдын Hikvision компаниясынын техникасы кыйла алдыга озуп кеткен. Алар негизги […]

Видео – Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов Грозныйдагы мелдештен кийин мерт болду

Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов 4-октябрда Грозныйда Беслан Исаев менен болгон мелдештен кийин мерт болду. Бекзоддун сөөгү Өзбекстанга 8-октябрда жеткирилет. Маркум чеченстандык Беслан Исаев менен Absolute Championship Akhmat мелдешинде күч сынашып, […]

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү. Тандоо оюндарынын чечүүчү беттешинде тажик футболчулары сириялык курдаштарын 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттеш 6-октябрь күнү кечинде Душанбедеги Борбордук […]

Өзбекстанда расмий каттоодон өтпөгөн түгөйлөргө нике кыйган имамдар соттолушу мүмкүн

Өзбекстанда мамлекеттик мекемелерде каттоодон өтпөгөн түгөйлөргө нике кыйгандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү каралууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Самарканд облусунун акиминин орун басары, облустук аялдар комитетинин башчысы Гавхар Алимова билдиргендей, учурда […]

Душанбе: таксилерде жүргүнчүлөргө өбүшүүгө, тамеки чегүүгө жана ичимдик ичүүгө тыюу салынды

Душанбедеги такси айдоочуларынын он пайызга жакыны унааларына жүргүнчүлөргө тамеки чегүүгө, ичимдик ичүүгө, катуу музыка коюуга жана сезимдерин ачык көрсөтүүгө болбой тургандыгы жазылган эскертүү баракчаларын чапташты. — Мен мындай кагаздарды биринчилерден […]

Ташкент облусунда мектептерге жоолук салынып келүүгө тыюу салынууда

Ташкент облусунун элдик билим берүү башкармалыгы мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салууда. Аткаминерлер директорлордон мектептердин кире беришине атайын кезметчи коюп, жоолукчан кыздарды ичкери киргизбөөнү талап кылууда. Облустагы мектептердин жетекчилеринин катышуусунда […]