Дүйшөмбү, 16 Сентябрь, 2019 - 9:57
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Борбордук Азияда

Казакстанда «терроризмди пропагандалоого» айыпталган сегиз жаран соттолду

Алматыда «терроризмди пропагандалоого» жана «диний кастыкты козутууга» айыпталган сегиз жаран узак мөөнөттөргө соттолушту. Сот өкүмүнө ылайык, «терроризмди пропагандалоо» жана «кастыкты козутуу» айыбы менен Болатбек Нургалиев сегиз, Ернар Саматов менен Бекет […]

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, чогулгандар тарады

Архивдик сүрөт Кыргыз-тажик чек арасында топтолгондор тарап кетти, абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Окуя 5-августта түштөн кийин Кыргызстандын Лейлек районуна […]

Европа Биримдиги «Жаслык» колониясынын жабылышын кубаттады

Өзбекстанга келген Европа Биримдигинин делегациясынын башчысы Эдуардс Стипрайс президент Шавкат Мирзиёевдин «Жаслык» колониясын жабуу чечимин кубаттады. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, бул чечим Өзбекстан менен ЕБнын кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. […]

БУУ: «Ислам мамлекети-Хоросан» тобун тажик жараны жетектейт

Ооганстандагы «Ислам мамлекети — Хоросан» (ИМХ) тобун Абубакри Муавиа каймана аты менен белгилүү 31 жаштагы тажик жараны Сайвали Шафиев жетектейт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттик тобу даярдаган «Ислам […]

Нур-Султанда көп балалуу энелер бийлик кысым көрсөтүп жатканын билдиришүүдө

5-августта отузга чукул көп балалуу эне Нур-Султан акимчилигине келип, турк-жай маселесин чечүүнү талап кылышты. Алар «Бакытты отбасы» программасынын шарттарына нааразы экенин билдиришип, калаа акими Алтай Көлгинов менен жолугушууну талап кылышты. […]

Мирзиёевдин буйругу менен үч аким элден кечирим сурады

Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облусунун акимдери президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен жергиликтүү жашоочулардын жана ишкерлердин турак-жайларын түрттүрүү учурунда кетирген кемчиликтери үчүн коомчулуктан кечирим сурашты. Үч аткаминердин кайрылуусу социалдык түйүндөр аркылуу […]

Видео – Гурбангулы Бердымухамедов тирүүмүн деп видеотасма жарыялады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун бөйрөгү иштебей өлүп калыптыр деп ММКлар ызы-чуу түшүп жатканда Бердымухамедов активдүү эс алып жүрүптүр. Бул тууралу бүгүн, 5-августта оппозициялык “Хроника Туркменистана” порталы видеотасма жарыялады. Бердымухамедов эмгек өргүүсүндө […]

Тажикстанда учак кырсыгында бир киши каза тапты

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Окуя 4-августта Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон. «Эркин Европанын» тажик кызматынын маалыматына ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 […]

Казакстанда активисттер бийликти саясий туткундарды бошотууга чакырышты

4-августа Нур-Султан шаарынан алыс эмес Акмол айлында жыйырмадай жарандык активист Казакстанда саясий себептерден улам куугунтукталган жана түрмөгө камалган кишилерди бошотууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Акциянын катышуучулары “АЛЖИР” музейинин алдына […]

Өзбекстан президенти “чыккынчы акимдерди” жазалоону тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министр Абдулла Ариповго жана администрация жетекчиси Зайнилобиддин Низомиддиновго Фергана, Хорезм жана Кашкадарыя облусунун башчыларын кызматтан алуу маселесин кароону тапшырды. 2-августта өткөн видеоселектордук жыйында Мирзиёев өлкөнүн бир […]

Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу айың кептер тарап жаткан маалда Медведев Түркмөнстанга барат

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу айың кептер тарап жаткан маалда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Орус өкмөт башчысынын маалымат кызматы кабарлагандай, Медведев 11-12-августта биринчи Каспий экономикалык форумуна […]

Ташкентте кылмыш кылууга ынтаасы бар аялдардын 23 категориясы аныкталды

Ташкенттин башчысы аялдардын арасындагы кылмыштуулукту азайтууга багытталган Шаардык ички иштер башкармалыгы менен Аялдар комитетинин биргелешкен резолюциясын жактырды. Маалыматка караганда, резолюция даярдалганга чейин аткаминерлер «моралдык жана руханий өнүгүүнү бекемдөө боюнча адисттердин» […]

Роскомнадзор тажикстандык «Азия плюс» порталын тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизди

26-июлдан тарта  Роскомнадзор «Азия плюс» (news.tj) маалымат порталын Орусия аймагындагы тыюу салыган сайттардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу басылманын редактору Зебо Тажибаева билдирди. “Биз тыюу салуунун себебин билели дегенбиз, анан кокустан эле […]

Самаркандда 82 жаштагы киши 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Самарканд облусунун Кушрабад районунда 82 жаштагы киши 2-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө. Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын кызматкеринин билдиришинче, тогуз жаштагы кыз 25-июлда аймактын тоолуу айылдарынын биринде зордукталган. Кийинчерээк кызга медициналык […]

Түркмөнстанда бюджеттик мекемелерде иштегендер жапырт түрдө талаа иштерине чыгарылууда

Түркмөнстандын Лебап облусунун бийлиги мамлекеттик мекемелерди кызматкерлерин талаа иштерине жөнөтүп турууга милдеттендирди. Бул тууралуу «Эркин Европанын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди. Анын айтымында, учурда аймакта пахтаны чеканкалоо — сабактарынын башын […]

Казакстанда отставкадагы жүздөгөн офицер турак-жай үчүн компенсация талап кылууда

Казакстандын Коргоо министрлигинин жүзгө жакын отставкадагы офицери Алматыда митинг өткөрүштү. Алар өкмөттөн турак-жай берүүнү же иштеген жылдары үчүн компенсация төлөөнү талап кылып жатышат. Офицерлердин айтымында, алардын турак-жай же компенсация ала […]

Нур-Султанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтүүдө

1-августта Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында Орусия, Иран жана Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки күнгө созула турган […]

Өзбекстан кыргыз ишкерлери үчүн 100 миллион доллар насыя берет

Өзбекстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет. Бул тууралуу өлкөнүн экономика министри Санжар Муканбетовдун айткандарына таянып жергиликтүү ЖМКлар билдиришти. Маалыматка караганда, бул кредиттик линияны ачуу тууралуу эки өлкөнүн президенттери […]

Согди облусунун башчысы: кыргыз-тажик достугу деструктивдик күчтөргө жакпай жатат

Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода өлкө бир карыш жерин дагы эч кимге бербей турганын билдирди. «Биз тажик жана кыргыз элинин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Бирок бул айрым деструктивдүү […]

Өзбекстанда «Түбөлүктүү сүйүү» түрк сериалын көрсөтүүгө экинчи жолу тыюу салынды

Өзбекстанда Zo’R TV телеканалы «Түбөлүктүү сүйүү» түрк сериалын көрсөтүүнү токтотту. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминердин айтымында, мындай талап өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тарабынан 30-июлдагы видеоселектордун жыйын маалында айтылган. «Бизде премьер-министр менен […]

Тажикстан аткаминерлердин декларациясын жарыялабайт

Тажикстан президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат агенттиги аткаминерлердин киреше-чыгашасы тууралуу маалыматтарын жарыялоого зарылдык жок экенин билдирди. Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер салык мекемесине жылдык кирешелери жана негизги булактары тууралуу отчет берип турууга милдеттүү. […]

Арыста зыянга учураган үйлөр калыбына келтирилүүдө

Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон Арыс шаарындагы 5 776 үйдө “негизги калыбына келтирүү жумуштары” бүткөнүн билдирди Министрликтин маалыматына караганда, калыбына келтирилген үйлөрдүн 2529унда жеңил-желпи […]

Ашхабад дүкөндөрүндө көгөргөн ун сатылууда

Ашхабад жашоочулары мамлекеттик дүкөндөрдө сатылган ундун сапатынын начардыгына даттанышууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди. «Кошунам мамлекеттик дүкөндөн 50 килограмм ун сатып алган. Алар капты ачканда ун көгөрүп, […]

Душанбеде 18 киши ход-догго ууланды

Душанбеде тез тамактануу жайында хот-дог жеген 18 киши уулануу белгилери менен инфекциялык ооруканага жеткирилди. Жергиликтүү бийликтин чечими менен соода түйүнү жабылды. Териштирүү башталды. Бул кишилер 28-июль күнү ооруканага жаткырылган. Мамлекеттик […]

Казакстанда прокурор терроризмди үгүттөөгө айыпталгандарды узак мөөнөткө кесүүнү сурады

Алматынын Алмалы райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу “терроризмди үгүттөө” жана “кастыкты козутуу” беренелери боюнча айыпталып жаткандарды узак мөөнөткө кесүүнү сурады. Прокурор айыпталган тогуз кишинин төртөөнү тогуз жылдан, калган бешөөнү жети жарым […]

Маданият ишмерлери Бухаранын тарыхый эстелигинин жанына кафе курууга каршы болууда

Өзбекстандын Бухара шаарында жеке ишкерге XVI кылымда тургузулган Надир Диван-Беги медресесинин жанына кафе курууга уруксат берилгендиги жергиликтүү маданият ишмерлери жана блогерлер тарабынан кескин сынга алынууда. Шаар акимчилигинин өкүлү кафе курула […]

Тажикстанда Шинг дарыясындагы уулуу калдыктар үчүн алтын ишканасына айыппул салынды

Тажикстан Айлана-чөйрөнү коргоо комитети алтын иштетүүчү «Зарафшон» ишканасынан алыс эмес жерде зыяндуу калдыктар төгүлгөн жай табылганын билдирүүдө. Комитет төрагасынын орун басары Бунёд Абдумаликзоданын билдиришинче, бул жай айлана-чөйрөгө 200 миң сомониге […]

Ташкент аэропортунда көтөн чучугуна алтын катып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

28-июлда «Ташкент» аэропортунда көтөн чучугуна жарым килограммга жакын алтын катып өтүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу мекеменин жетекчилигине жакын өз булактар кабарлашты. «Текшерүү маалында сканерлөө жабдуусу анын организминде […]

Булак: «Өзбекстан аба жолдору» карыздарынан кутулуу үчүн сегиз учагын сатат

«Өзбекстан аба жолдору» өсүп жаткан карыздарынан кутулуу максатында сегиз учагын сатууга даярданып жатат. Бул тууралуу авиакомпаниядагы өз булактар кабарлашты. Алардын айтымында, кийинки айда 250 миллион долларга сатылып алынган Boeing 787-8 […]

БУУ Тажикстанды адам укуктары жаатында реформаларды жүргүзүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитети Тажикстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенине тынчсыздануусун билдирип, өлкө бийлигин бул багытта тез арада чараларды көрүүгө чакырды. Өткөн жумада БУУ Тажикстандагы адам […]

Чымкенттин мэри Лондондо тартылган «патриоттук» видеосунан кийин кызматтан алынды

Габидулла Абдрахимов 30-июль күнү кечинде Казакстандын Чымкент шаарынын башчысы Абдулла Абдрахимов кызматынан алынды. Анын ордуна буга чейин Түркстан облусунун Отырар районун жетектеп келген Ерлан Айтаханов дайындалды. Чымкент шаарынын мэри кызматына […]

БУУга Серикжан Билаштын иши тууралуу петиция жөнөтүлдү

Америкалык Freedom Now өкмөттүк эмес уюму БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгын жарандык активист Серикжан Билаштын маселесин карап, “тез арада чара кабыл алууга” чакырды. Уюм Билаш жөнүндө 29-июлда петиция […]

Активисттер өзбек өкмөтүн Каримова менен келишим түзбөөгө чакырышууда

Өзбекстандын жарандык коомунун активисттер тобу Швейцария, Франция, АКШ, Гибралтара жана Өзбекстан өкмөттөрүнө, прокуратураларына жана Юстиция министрликтерине кайрылып, Гүлнара Каримованын ишинде адилеттүүлүктү орнотууну жана анын мыйзамсыз активдеринин тагдырын чечүүнү талап кылышты. […]

Эмомали Рахмондун сынына кабылган бажы кызматкери жоопкерчиликке тартылган жок

Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиги президент Эмомали Рахмон тарабынан катуу сынга алынган «Душанбе-1» бажы терминалынын башчысы Шахбоз Ражабзоданы кылмыш жоопкерчилигине тарткан жок. Мекеме жетекчиси Сулаймон […]

Дарыя агызып кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү Өзбекстандан табылды

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу 30-июлда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, […]

Өзбекстан атайын кызмат башчысы: үйү түрттүрүлгөндөр компенсация алат

Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов Кашкадарыя облусунун Яккабаг районуна барды. Буга чейин аймакта акимдин орун басары ишкердин кыймылсыз мүлкүн түрттүрүү учурунда өрттөлгөн. Маалыматтарга караганда, атайын кызматтын башчысы Эски […]

Түркмөнстанда өлгөн жоокердин туугандары анын ууланганына ишенишкен жок

Түркмөнстандын Ооганстан менен чектеш аймагында жайгашкан аскер бөлүгүндө жоокердин сырдуу өлүмү талаш-тартыш жаратууда. Сулейман Оразовдун сөөгү жакындарына 26-июлда берилген. “Туугандарына 25-июль күнү чалышып, алардын уулу ууланып өлгөнүн кабарашкан. Маркумдун курсагын тилип, […]

Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармалды

Түркмөнстанда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушактарды тараткан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу […]

Душанбеде мамлекеттик сырды жайылтууга шектелген подколковниктин иши карала баштады

29-июлда Тажикстан Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы өлкөнүн Чек ара башкармалыгынын мурдагы басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугхожаевдин ишин карай баштады. 36 жаштагы Улугхожаев быйыл апрелде «мамлекеттик сырды жайылтуу» айыбы менен кармалган. […]

Өзбекстанда ээлери компенсация алганча имараттарды түрттүрүүгө тыюу салынды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ээлери компенсация алганга чейин имараттарды түрттүрүүгө тыюу салды. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өкмөт башчы имараттарды түрттүрүү боюнча жаңы эрежелер 27-июлдан тарта күчүнө кирип, анын аткарылышы президент […]

Өзбекстанда түрттүрүлгөн үйлөрү үчүн компенсация талап кылган тургундар жол тосушту

26-июль күнү кечинде Өзбекстандын Хорезм облусундагы Ургенч районунда миңдеген адам Ургенч-Хазарасп автоунаа жолун тосуп алышты. Алар үйлөрү түрттүрүлүп, убактылуу талаага тигилген чатырларда жашап жаткан жергиликтүү тургундар. Акция катышуучуларынын айтымында, миңден […]

Президенттер Жээнбеков менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо ишин тездетүүнү макулдашты

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсү 27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Рахмондун Кыргызстанга келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча […]

Өзбекстан: ишкер өрт койгон акимдин орун басарына кылмыш иши козголду

Яккабаг район башчысынын орун басары Мансур Туймаев (солдо). Өзбекстанда Кашкадарыя облусундагы Яккабаг районунун акиминин орун басары Мансур Туймаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык […]

Казакстанда трансгендер түрмөдө зордукталганын билдирүүдө

Алматы облусунун Жаугашты айлындагы аялдар түрмөсүндө отурган трансгендер Виктория Беркхожаева бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирди. Анын адвокаты Айман Умарованын билдиришинче, соттолуучу абакка ээн-эркин кирип чыккан улуттук коопсуздук кызматкерлери […]

Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоону жандантууну сунуштады

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин […]

Тез жүрүүчү Ташкент-Алматы поездинин билетинин баасы арзандайт

«Өзбекстан темир жолдору» менен «Казакстан темир жолу» ишканасы «Ташкент – Алматы – Ташкент» каттамындагы тез жүрүүчү «Тулпар – Тальго» поездинин билетинин баасын төмөндөтүүгө макулдашты. Өзбекстандык басылмалардын кабарлашынча, 1-августтан тарта 5 […]

Анжиян жана Ферганада мамкызматкерлер үйлөрдү ремонттоого милдеттендирилди

Анжиян облусунун Асака районун башчысы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине президент өтө турган жолдун жээгинде жайгашкан үйлөрдү ремонттоого буйрук берди. 25-июлда өткөн жыйында Асака районунун башчысы Эркин Якубов он күндүк ишмебилик жарыялап, […]

Арыстагы жарылуудан жабыр тарткан үч киши ооруканадан чыга элек

Казакстандын саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов 24-июнда Арыстагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан жараат алган наристенин абалы өтө оор экенин билдирди. «Ал баланы тажрыйба алмашууга келген чет өлкөлүк нейрохирургдар да карады. […]

Ирактан кайтарылган балдар туугандарына берилген жок

Ирактан Тажикстанга алынып келинген 84 бала Харангон санаторийинен башка билим берүү мекемелерине жайгаштырылды. Алардын бири дагы туугандарына берилген жок. Тажикстан Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Шодихон Жамшед […]

Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Исфара менен Чолпон-Атада жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ал […]