Жума, 23 Август, 2019 - 8:01
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Кремль өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөнү үчүн АКШга жооп кайтарат

Владимир Путин Финляндиядагы сапары учурунда канаттуу ракетасын сынаган АКШны сынга алды. 21-августта Путин Хельсинкиде журналисттер менен жолуккан учурда негизинен Орусиядагы азыркы кырдаал, эл аралык маселелер жана талаштар сөз болду. Орусия […]

Wall Street Journal: АКШ менен Венесуэла бийлиги жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттар жана башка ондогон өлкөлөр тарабынан таанылбаган Венесуэла президенти Николас Мадуронун айланасындагы кишилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө баштады. Иш-чаранын максаты – Мадурону бийликтен кетирүүгө шарт түзүү, өлкөдө […]

ЖМК: Москва украин деңиз аскерлерин бошотот

Орусия менен Украина камактагы туткундарды алмаштырууга даярданып жатат. Бул тууралуу шаршембиде «Коммерсантъ», РБК жана «Интерфакс» басылмалары өз булактарына шилтеме кылып билдиришти. «Коммерсант» менен РБКнын маалыматына караганда, былтыр ноябрда орус чек […]

Орусиядагы өзбек жарандары өсүмдүк майына ууланган болушу мүмкүн

Орусиянын Самара облусунда иштеген 69 өзбек жараны курамында келемиштин уусу бар, үй шартында жасалган өсүмдүк майына ууланган болушу мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды. Маалыматка караганда, 18-августта Ульянов облусунун 11 […]

«Душанбе-Москва» каттамындагы учак Оренбург аэропортуна шашылыш конду

Оренбург шаарынын транспорттук прокуратурасы Душанбеден Москвага бараткан учактын «Оренбург» аэропортуна шашылыш конгондугу фактысын иликтей баштады. Оренбург Медиа сайтынын маалыматына караганда, учактын шашылыш конуусуна 13 жаштагы кыздын өзүн жаман сезгендиги себеп […]

Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” кайтышын жөндүү деп эсептейт

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” (G7) кайтышын жөндүү деп эсептейт. Ага Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет. CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен Трамп […]

Трамп Гренландиядагы «мейманканасынын» сүрөтүн жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттерге” Гренландиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн калктуу конуштун фонуна Trump деген жазуусу бар жаркыраган көп кабаттуу имараттын сүрөтүн жайгаштырды. Трамп тамаша иретинде: “Мен Гренландияга бул нерсени […]

Өрттөн улам Гран-Канария аралында 9 миңден ашуун адам көчүрүлдү

Испаниянын Гран-Канария аралындагы токой өртүнө байланыштуу көптөгөн калктуу конуштардан тогуз миңден ашуун киши көчүрүлдү. Он миң гектар аянтты жалын курчады. Жабырлануучулар тууралуу маалымат жок. Чукул жардам кызматынын маалымат катчысы айылдардын […]

АКШ жаңы ракетасын сынады

АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялады. Пентагондон белгилешкендей, бул жаңы куралды сыноого Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишим жокко чыгарылгандан кийин […]

Петербургдагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды. Бул тууралуу 18-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 16-августта болгон мушташта жаракат алган үч өзбек жаранынын […]

Трамп Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастады

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон чынында эле Даниядан Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастап, бирок бул азыр приоритеттүү маселе эмес экенин белгиледи. Өткөн жумада айрым ЖМКлар өз булактарына таянып, Трамп […]

Меркель: «Германия Улуу Британиянын ЕБден келишимсиз чыгышына даяр»

Германия үчүн Улуу Британиянын Европа Биримдигинен (ЕБ) келишимсиз чыгышы күтүүсүз болбойт. Бул тууралуу жекшемби күнү немис өкмөтүнүн ачык эшик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөгөн өлкө канцлери Ангела Меркель билдирди. Ал Улуу […]

Кабул: үйлөнүү тойдогу жардыруудан 60тан ашык адам мерт болду

Ишемби кечинде Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында үйлөнүү той маалындагы жардыруудан 60тан ашык адам мерт болуп, 183ү жаракат алды. Маалыматка караганда, Кабулдун шиит азчылыгын көп жашаган аймактагы үлпөт тойго жалпысынан […]

Москвада полиция базарда иштеген өзбек жана тажик мигранттарын кармоодо

Орусия борборунун Москворецк базарында иштеген тажик жана өзбек мигранттары он күндөн бери полициянын кысымына кабылышууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” тажик кызматы билдирүүдө. Москва полициясы базардагы рейд тууралуу маалымат тараткан жок, […]

Трамп Даниядан Гренландияны сатып алууга кызыгууда

АКШ президенти Дональд Трамп кеңешчилери менен Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн бир нече жолу талкуулаган. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити Ак үйдөгү өз булагына таянуу менен билдирди. Гренландия Даниянын […]

Индияда өзбекстандык келинди зордуктоого шектелген кишилер кармалды

Делидеги индус жигитине келген өзбекстандык келин топтошкон адамдар тарабынан зордуктоого туш болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына кыздын Ташкенттеги туугандары билдирди. Окуя тууралуу Индия басылмалары да жазды. Зордукталган жарандын жакындарынын […]

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

“Фейсбук” көп убакыт бою колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелөө үчүн башка компанияларга акы төлөп келген. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги аталган ишке тартылган компаниядагы өз булактарына таянуу менен билдирди. “Фейсбук” жетекчилиги бул […]

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталууда. “Город Nовостей” маалымат агенттигинин билдиришинче, трагедияга кыздын тынбай ыйлашы себеп болгон. Кемерово соту киши өлтүрүү боюнча кылмыш ишин […]

Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн көбөйтүүнү кийинкиге калтырды

Шейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай өндүрүшүндөгү товарлардын топтомуна кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүнү кийинкиге жылдыруу ниетин билдирди. Буга байланыштуу америкалык каржы базарындагы компаниялардын 80 пайызынын акциялары жогорулады. Августтун башында […]

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири кармалды

Дубайда Тажикстандагы жарандык согуш маалында Элдик фронтту жетектеген мурдагы талаа командири (Хужа-командир) Хужи Каримов кармалды.Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Умаржон […]

ЖМК: Стивен Биегун АКШнын Орусиядагы элчиси болушу мүмкүн

Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга катышкан дипломат Стивен Биегунди өлкөнүн Орусиядагы элчиси кызматына талапкер катары карап жатат. Бул тууралуу Reuters […]

Тоолуу-Бадахшанда тажик-кытай биргелешкен машыгуулары өтүп жатат

Тоолуу-Бадахшанда Тажикстан менен Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аскердик машыгуулары өтүп жатат. Бул машыгуулардын максаты — өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн террордук жана экстремисттик топторго туруштук берүү боюнча биргелешкен аракеттерин кайталоо. Өлкөнүн Коргоо […]

Трамп: АКШ орусиялык ракетанын жарылуусунан көп маалыматка ээ болду

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядагы ийгиликсиз аяктаган ракеталык сыноонун жыйынтыгы менен америкалык адистер көптөгөн жаңы маалыматтарга ээ болгонун билдирди. Ал Твиттердеги билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Орусиядагы иштебей калган ракетанын жарылуусунан көп […]

Федерация кеңеши каршылык акцияларына Батышты айыптады

Федерация кеңешинин эл аралык иштер комитетинин төрага орун басары, орус суверенитетин коргоо комиссиясынын мүчөсү Андрей Климов Москвадагы оппозициянын каршылык акцияларына тышкы күчтөр таасир этип жатканын айтып, Батышты Орусиянын ички ишине […]

Түркмөн президенти эл алдына чыгып, Орусиядан лимузиндерди сатып алды

Кечээ, 12-августта Түркмөнстанда Каспий экономикалык форуму башталды. Гурбангулы Бердымухаммедов «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан бери биринчи жолу эл алдына чыгып, сөз сүйлөдү. […]

Кыздардын сүйүктүү актёру Роберт Паттинсон тууралуу кызыктуу фактылар

12 жашынан тарта сахнада… Дүйнө жылдыздарынын ичинен эң сымбаттуу, таланттуу жана көпчүлүк сүйгөн актёрлордун катарын толуктап келген Роберт Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган. Ал 12 жашка толгондо апасы […]

Ооган бийлиги талибдердин делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Талибан» кыймылынын делегациясын кабыл алгандыгы үчүн Өзбекстанга нааразылык билдирди. Ооганстан ТИМинин расмий өкүлү Сибгатулла Ахмади ооган өкмөтү тынчтык орнотуу боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кубаттай турганын […]

Гонконгдо он жумадан бери каршылык акциялары өтүүдө

Гонконгдо ишенби жана жекшемби күндөрү шаардык администрацияны жоопкерчиликке тартуу жана демонстранттарга карата кыйноолорду токтотууну талап кылган митингдер өттү. Гонконг жашоочулары он жумадан бери бийликтин саяясатына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. 11-августта […]

Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан жаңы транспорт коридорун ачууну пландоодо

Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан «Термез – Душанбе – Кашгар» багыты боюнча жаңы транспорт коридорун ачууну пландоодо. Күн мурун бул багыт боюнча тесттик түрдө алты унаадан турган автокербен жолго чыкты. Ар […]

Орусия шаарларындагы нааразылык акциялар маалында 325 адам кармалды

10-августта таза шайлоо өткөрүү талабы менен Орусиянын бир нече шаарында өткөн нааразылык акциялар маалында жалпысынан 325 адам кармалды. «ОВД-Инфо» борборунун маалыматына караганда, Москвада 229, Петербургда 81, Ростов-на-Донуда 13 жана Брянск […]

WSJ: Конгресс Трамп менен орусиялыктардын келишимдери тууралуу маалыматтарды алды

Бир нече ири банк АКШ Конгрессине “Трамп, анын үй-бүлөсү жана компаниялары менен иш жүргүзүшү мүмкүн орусиялыктар” тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянуу менен билдирди. […]

Пакистан өкмөтү Индиядагы дипломаттарын чакыртып алды

Пакистан Делидеги элчисин чакыртып алып, өлкөдөн бардык индус дипломаттарын чыгарууда. Бул чечим Индия көбүнчө мусулмандар жашаган Жамму жана Кашмир штаттарын өзгөчө макамдан ажыраткандан кийин кабыл алынды. Күн мурун пакистандык Down […]

Зеленский Путинди жикчилдерге «таасир этүүгө» чакырды

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путинге чалып, Донбасстагы жикчилдерге таасир этүүгө чакырды. Бул тууралуу Зеленский 7-августта украин армиясынын башчылары менен чукул жыйын өткөргөн соң билдирди. Чукул жыйын Донбасстагы […]

Орусияда белгисиз заттан ууланган 60тай өзбекстандык ооруканадан чыга элек

Орусиянын Самара облусунда белгисиз заттан ууланган 60тай өзбекстандык ооруканадан али чыга элек “Өзбекстандын 57 жараны Самара облусунун эмдөө мекемелеринде дарыланууда, 12 адам ооруканадан чыкты”, – деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү. […]

Эдил Байсалов Улуу Британиянын ТИМ өкүлү Эбигейл Бойлга ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды

Кечээ, 6-августта Кыргыз Республикасынын Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлга […]

Видео – Белоруссиянын президенти Лукашенко Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, Көз карандысыздык дворецинде кабыл алды

“Кечээ, 6-августта Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өзүнүн коллегасы жана досу – Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту”, – деп билдирет Белоруссиянын мамлекеттик расмий БелТА маалымат агенттиги. Жолугушуууга Курманбек Бакиевдин 70 […]

Пентагон «Ислам мамлекети» кайрадан күчтөнүшү мүмкүн экенин билдирди

Пентагон «Ислам мамлекети» террордук тобунун кайрадан күч алуу коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Пентагондун башкы тескөөчүсү Гленн Файндын баяндамасында жазылган. Анын айтымында, учурда Ирак менен Сирияда көмүскөдө жүргөн жоочулардын […]

Иран өз өндүрүшүндөгү жаңы ракеталарын көрсөттү

Иран жеке өндүрүшүндөгү жогорку тактыкта башкарыла турган ракеталардын үч жаңы үлгүсүн көрсөттү. Бул тууралуу Irna агенттиги кабарлады. Өлкөнүн коргоо министри Амир Хатами снаряддарды истребителдерге, тик учактарга жана учкучсуз учактарга орнотууга […]

Орусиядагы жол кырсыгынан алты тажик жараны каза болду

Орусиянын Рязань облусунун Пичкиряево айылындагы жол кырсыгында Тажикстандын алты жараны, анын ичинде 14 жаштагы кыз көз жумду. Мындан тышкары дагы сегиз адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Кырсык 6-август күнү таңкы […]

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү арызын жазды

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу The Hill басылмасы кабарлады. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки өлкө ортосундагы мамилелердин оор […]

Кытай АКШнын саясатчылары Гонконгдун ишине кийлигишпеши керектигин эскертти

Гонконг Кытайга таандык жана Пекин өлкө эгемендүүлүгүнө зыян келтире турган кандай гана аракет болбосун чечкиндүү түрдө жооп берет. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү билдирди. АКШнын Өкүлдөр […]

Красноярскиде курал-жарак сакталган кампадагы жарылуудан 12 киши жаракат алды

Орусиянын Красноярск крайынын Ачин районунда жайгашкан ок-дары сакталган кампадагы жарылуулар 6-август эртең менен токтоду. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги аймактын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып билдирди. 5-августта башталган аскердик кампадагы жарылуулардан […]

Красноярскиде аскердик кампадагы жарылуудан улам тургундар эвакуацияланууда

Орусиянын Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампада жарылуу башталып, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Усс билдирди. Анын айтымында, түрдүү маалыматтар боюнча жарылуулардан бештен сегизге чейин […]

Видео – Трамп жапырт адам өлтүргөндөргө карата өлүм жазасы киргизилерин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп 5-августта өлкөдө жек көрүүдөн улам жапырт адам өлтүрүүгө баргандарга карата өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзам даярдала турганын билдирди. Жекшемби күнү Техас жана Огайо штатында куралдуу кол […]

Иранда былтыр 15 жашка толо элек миңдеген кыз турмушка чыккан

Өткөн жылы Ирандын Хамадан провинциясында эле 15 жашка чыга элек 40тан ашык өспүрүм кыз көз жарган. Бул тууралуу аймактагы жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Асади Хасанзода билдирди. Анын айтымында, […]

АКШдагы кол салуулардан ондогон киши өлдү

АКШ президенти Дональд Трамп Техас жана Огайодогу ок атуунун курмандыктарын эскерүү үчүн жекшемби күнү Акүйдөгү, америкалык мекеме-ишканалардагы тууну түшүрүүгө буйрук берди. 13 сааттын ичиндеги эки кол салуунун жыйынтыгында 29 киши […]

“ОВД-Инфо”: Москвадагы акция учурунда 1000ден ашуун киши кармалды

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция катышуучуларын күч менен таркатууну сындап, кармалгандарды бошотууну талап кылды. АКШнын Орусиядагы элчилигинин билдирүүсүндө “Орусияда Конституция […]

АКШ менен Орусиянын ортосундагы ракеталык келишим жокко чыгарылды

АКШ менен Орусия 2-августта 31 жыл мурда түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден расмий түрдө чыгат. Бул келишим Советтер Союзу менен АКШнын 500дөн 5500 чакырымга чейин уча турган канаттуу […]

Усама бин Ладендин уулу өлтүрүлгөнү кабарланууда

31-августта америкалык ММКлар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин өлгөнүн кабарлашты. NBC News кабарлагандай, Акүй Хамза бин Ладен АКШ катышкан операцияда чындап эле өлгөнүн ырастоодо. […]

Трамп Путинге токой өртүн өчүрүүдө жардамын сунуштады

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүдө токой өртүнө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады. Бул тууралуу “РИА Новости” Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Сүйлөшүү Акүйдүн […]