Ишемби, 24 Август, 2019 - 17:11
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Усама бин Ладендин уулу өлтүрүлгөнү кабарланууда

31-августта америкалык ММКлар “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бин Ладендин уулу Хамза бин Ладендин өлгөнүн кабарлашты. NBC News кабарлагандай, Акүй Хамза бин Ладен АКШ катышкан операцияда чындап эле өлгөнүн ырастоодо. […]

Трамп Путинге токой өртүн өчүрүүдө жардамын сунуштады

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүдө токой өртүнө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады. Бул тууралуу “РИА Новости” Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Сүйлөшүү Акүйдүн […]

Трамп Навальныйдын ыктымал ууландырылышын текшерүүнү убадалады

АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын атайын кармоо жайында ыктымал ууландырылганы тууралуу укканын билдирип, бул маалыматты текшерүүнү убадалады. Бул тууралуу ABC News басылмасы билдирип, «Твиттердеги» баракчасына президент менен болгон […]

Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу ракетасын сынады

31-августта Түндүк Корея жакынкы аралыктагы эки ракетасын кое берди. Бир жума мурун эле өлкө бул куралын сыноодон өткөргөн болчу. Түштүк Корея аскерлери эки снаряд тең максималдуу бийиктикте 250 чакырымга учканын […]

АКШ: 11-сентябрдагы терактка айыпталган адам тергөө менен кызматташууга даяр

АКШда 2001-жылы 11-сентябрда болгон теракттын уюштуруучуларынын бири деп шектелген Халид Шейх Мохаммед чабуулдарга Сауд Арабиянын тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматты ырастап берүүгө даяр. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы […]

Тегерандын экс-мэрине аялын өлтүргөнү үчүн өлүм жазасы берилди

Иранда Тегерандын мурдагы мэри Мохаммед Али Нажафи экинчи аялын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылыа, өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу өлкөнүн сот системасынын басма сөз катчысы Голамхосейн Эсмаилиге шилтеме кылып Mizan […]

Москва соттору митингде кармалган 40 адамга карата өкүм чыгарды

27-июлда Москвада өткөн митинг маалында кармалган алгачкы 40 адамга карата сот өкүмдөрү чыкты. Аларга ылайык, эң узак мөөнөт «Навальный Live» ютуб-каналынын алып баруучусу Владимир Миловго чегерилип, ал 30 суткага камакка […]

БУУ: Ооганстанда алты айдын ичинде миңден ашык жай тургун каза болду

Быйыл алты айдын ичинде Ооганстанда 1 300дөн ашык жай тургун каза болуп, 2 466сы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу 30-июлда жарыяланган БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын (UNAMA) баяндамасында жазылган. Мындай маалыматтар АКШ […]

АКШда Скрипалдын ууландырылганы үчүн Орусияга экинчи жолу санкция киргизүүгө чакырышууда

29-июлда америкалык таасирдүү мыйзам чыгаруучулар АКШ президенти Дональд Трампты орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скирпаль жана анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Москвага санкция киргизүүгө чакырышты. Дүйшөмбү күнү Өкүлдөр палатасынын эл аралык […]

Британия Иран менен танкерлерди алмашпайт

Улуу Британия Иран менен мунай танкерлерин алмашпай турганын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб “Иран Перс булуңунда кармалган британиялык кемени бошотсо, Британия да ирандык мунай ташыган кемени коё берет” […]

Москвада ишемби күнкү митингде кармалгандар соттолууда

Москвада шаардык кеңешти шайлоого көз карандысыз талапкерлерди катыштыруу талабы менен ишемби күнү өткөн митингде кармалган адамдар соттолууда. «ОВД-Инфо» укук коргоо порталы отурумдар ушул жумада Москвадагы 22 сотто өтүп, аларга дээрлик […]

Навальныйдын дарыгери: саясатчы «уулуу агентке» ууланган болушу мүмкүн

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева анын курч аллергиялык реакциясы «уулуу агентке» уулануудан улам пайда болгон болушу мүмкүндүгүн билдирди. 24-июлдан бери «митинг өткөрүү эрежелерин бузуу» айыбы менен административдик […]

Евробиримдик Москвадагы митингде адамдардын жапырт кармалышын айыптады

Европа биримдиги (ЕБ) ишемби күнү Москвада өткөн митингде адамдардын кармалышы сөз эркиндигине жана жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтире турганын билдирди. «Бул – Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз […]

Душанбе абакта отурган 80 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берди

Тажик бийлиги өлкө абактарында жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан 80 ооган жаранын Кабулга өткөрүп берди. Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин басма сөз катчысы Фахим Кухдоманинин билдиришинче, ооган жарандары эки өлкөнүн чек арасындагы «Төмөнкү […]

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту

Кечээ, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев Токио борбор-калаа округунун Тюо атайын районунун мэри Тайто Ямамото мырза менен жолукту. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет. […]

Аркадий Дубнов, эксперт: “Путин Сооронбай Жээнбековду колдой турганын так билдиргенин такыр эле дүлөй же акыл-эси ордунда эмес адам гана түшүнбөй калышы мүмкүн”

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнө турган киши экен. Москвадан 25-июль күнү саат 19га келем деп убада кылды эле – келди! Анан кайда бармак эле, мекениндеги кылмыштары боюнча козголгон иштеринен […]

Украинанын Жогорку Радасына беш партия өттү

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Радага беш партия өттү: “Эл кызматчысы” – 43,16%; ” Оппозициялык платформа – жашоо үчүн” – 13,05%; […]

Украинада кармалган орусиялык танкердин экипажы бошотулду

Украинада кармалган орусиялык “Ника Спирит” танкеринин экипажы Орусияга кайтарылат.  Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги Орусиянын Киевдеги маалымат-атташеси Денис Голенкого шилтеме берүү менен билдирди. Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна […]

Өзбекстан менен АКШ мажбурлап иштетүүгө каршы туруу боюнча пикир алышты

АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн делегаттары Өзбекстандын Эмгек министрлигинин өкүлдөрү менен бирге мажбурлап иштетүү өнөктүгүнө каршы көрүлүп жаткан аракеттер боюнча пикир алышты. 24-июлда өткөн жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия […]

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандыктарды президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө чакырды

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан азыр саясый стабилдүүлүккө муктаж болуп турат, ошондуктан кыргызстандыктар азыр иштеп жаткан лидеринин айланасына биригиүүгө тийиш деп билдирди. Россиянын мамлекет башчысы шаршемби күнү Москвага учуп келген […]

Украин бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат

Украин өкмөтү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө ниеттенип жатат. Министрлер кабинетинде кабыл алынган тиешелүү чечим өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешине жөнөтүлдү. Маалыматка караганда, кезектеги санкциялар Краснодар — Крым газ […]

Түндүк Корея эки ракетасын сынады

Түштүк Корея аскерлери Түндүк Корея бери дегенде эки ракета учурганын маалымдады. Франс Пресс агенттиги америкалык аткаминерге шилтеме жасап билдиргендей, Пхеньян жакынкы аралыктагы ракеталарын сынаган. Ракеталар Жапониянын экономикалык зонасына жетпей деңизге […]

Facebook АКШда рекорддук өлчөмдө айыппул төлөйт

АКШнын Федералдык соода комиссиясы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткендиги үчүн Facebook компаниясына беш миллиард доллар айыппул салды. Бул Кошмо Штаттардын тарыхында технологиялык компанияларга салынган эң ири өлчөмдөгү айыппул болуп эсептелет. […]

ФБР: Кремль АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө ниеттенүүдө

Орусия 2020-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШ Сенатынын Сот комитетинде Федералдык иликтөө бюросунун директору Кристофер Рэй билдирди. Рэйдин айтымында, 2016-жылдагы сценарийдин алдын алуу үчүн санкция жана башка […]

Гайдар институту: Орусияга келген мигранттардын саны өстү

Орусияда миграциялык агым 2019-жылдын биринчи жарымында 98 миң кишини түздү. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Гайдар институту менен Эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын “Орусиянын экономикалык абалына […]

Борис Жонсон Улуу Британия өкмөтүн жетектейт

Улуу Британия өкмөтүн Консерваторлор партиясынын  депутаты жана мурдагы тышкы иштер министр Борис Жонсон жетектейт. Жаңы премьер-министр кызматка 24-июлдан тарта киришет. Жонсон 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда 90 миңден ашуун партия мүчөсүнүн добушун алды. Анын […]

АКШ Ормуз кысыгын кайтаруу үчүн эл аралык коалиция түзөт

АКШ Ормуз кысыгында мунай кемелерин кайтаруу жана коштоп жүрүү үчүн эл аралык коалиция түзөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео WFTV 9 телеканалына билдирди. Анын айтымында, мындай кадам […]

Түштүк Корея Орусияны аба мейкиндигин бузууга айыптады

Орусиялык аскер учактары 23-июлда Жапон деңизинин үстүндө Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузду. Бул тууралуу Yonhap агенттиги өлкөнүн коргоо министрлигине шилтме берүү менен билдирди. Түштүк кореялык аскерлердин маалыматына караганда, орусиялык бомбалоочу […]

Украина Жогорку Радасына алгачкы жолу кара терилүү депутат шайланды

Украинадагы парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Жогорку Радага алгачкы жолу кара терилүү депутат келди. Ал президент Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынан талапкер болгон Жан Беленюк. Саясатка аралашканга чейин грек-рим күрөшү […]

Орусияда тажикстандык мигранттар жумуш шартына нааразы болушууда

Волгоградда фермердик чарбада иштеп жаткан тажикстандык мигранттар үч айдан бери айлык албай жатканына даттанышууда. Алар жолдогон видеокайрылууда фермада 30 киши иштеп жатканын, документтери жок, буга байланыштуу жардам суроого аргасыз болгону […]

Фото – Өтмүштө өнөрпоз болгон президенттер

Украинадагы президенттик шайлоодо актёр, шоумен Владимир Зеленскийдин азыркы президенттен да көп добуш алышы дүйнөнү таң калтырды. Бирок такыр башка тармакта жүрүп эле бийликке келип калгандар да жок эмес. Алардын бир […]

Зеленскийдин партиясынын коалициясыз өкмөт куроо мүмкүнчүлүгү бар

Украина президенти Владимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” партиясы коалициясыз, өз алдынча өкмөт куроо мүмүнчүлүгүнө ээ болууда. “Интерфакс-Украина” маалымдагандай, анын партиясы мажоритардык окуругдардан шайланып келген 120 депутаттын 115инин добушуна ээ болот. Мындан […]

Билл Гейтс миллиардерлердин тизмесинде биринчи ирет үчүнчү сапка түшүп калды

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Вloomberg Вillionaires Indех рейтингинде жети жылда биринчи ирет үчүнчү орунга түштү. Бул тууралуу Вloomberg басылмасы жазды. Бул ирет дүйнөдөгү эн бай адам деп Louis Vuitton Moet […]

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды

Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган. Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө. 18-июлда Kyoto Animation студиясынан […]

Казак тектүү АКШ жараны ИМ тобунун согушкери катары айыпталууда

Нью-Йоркто казак тектүү АКШ жаранына “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошулуу жана “курал-жарак инструктору катары кызмат өтөө” айыбы коюлду. АКШнын Башкы прокуратурасы 19-июлда 42 жаштагы Руслан Маратович Асаинов беш жыл бою […]

Зеленскийдин партиясы парламенттик шайлоодо алдыга чыгууда

Украинанын улуттук экзит-поллунун алгачкы жыйынтыгына ылайык Володимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” (“Слуга Народа”) партиясы Жогорку Радага добуш берген шайлоочулардын 43,9% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп чыкты. Экинчи орунда 11,5% менен “Оппозициялык […]

Фото – Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүнө зыярат кылды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылып, куран окутушту. Түркиянын тарыхый мурастарынын бирине кирген бул күмбөздө 1331-жылдары […]

АКШ Түркияга санкция киргизет

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алгандыгы үчүн АКШ жакынкы күндөрү Түркияга каршы санкция киргизет. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып жазды. Басылманын маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын кеңешчилер […]

Кытайдагы кыргыздар. Кыргызстан Кытайдын улутчул саясатын колдобойт

Кыргызстан Кытайдын улуттук азчылыкка карата саясатын колдогон өлкөлөрдүн катарына кошулган жок. Белгилей кетсек, 37 өлкө Кытайдын Синьцзян автономдук аймагында улуттук азчылыкка карата саясатына колдоо көрсөткөн. Ага кол койгон өлкөлөр Кытайда […]

Кытайдын бир эле районунан кармалган кыргыздардын саны 22 миңге жетти

Ошол эле учурда дүйнөнүн дагы 22 өлкөсү Кытай кыргыз, уйгур, казак жана татарлар кармалып жаткандыгын белгилешип, улуттук азчылыкка карата куугунтуктоо саясатын токтотуу талабы менен БУУга кайрылышты. Билдирүүгө Австралия, Бельгия, Канада, […]

АКШ Ормуз кысыгында Ирандын дронун атып түшүрдү

Америкалык “Боксер” десанттык кемеси Ормуз кысыгында Ирандын учкусуз учуучу аппаратын атып түшүрдү. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин Associated Press агенттиги жазып чыкты. Трамптын айтымында, учкучсуз учак кемеге жакындап, […]

Жапонияда аниме-студияда чыккан өрттөн ондогон кишилер өлдү

Жапониянын Киото шаарындагы “Kyoto Animation” студиясында чыккан өрттөн кеминде 20 киши өлдү. Шаардык өрткө каршы кызматы ооруканага бери дегенде 36 адам күйүк менен түшкөнүн маалымдады. Окуя 18-июлда эртең менен болду. […]

Орусияда Өзбекстандын 68 жараны ууланды

Орусиянын Самара облусундагы мөмө-жемиштерди өстүрүү ишканасында эмгектенген 68 өзбек жараны «белгисиз затка уулануу» белгиси менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Казан шаарындагы Башкы консулдугуна шилтеме кылып өзбек Тышкы иштер министрлиги […]

Зеленский: “баарын баарына” алмаштырууну Путин сунуштады

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия ФСБсы тарабынан Крымдын жээгинде кармалган 24 украин морягын “баарын баардыгына” принциби боюнча алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу Зеленский “Президент менен ачык сүйлөшүү” берүүсү учурунда билдирди. Украин […]

АКШ Венесуэладагы оппозицияны колдоо үчүн 42 миллион доллар жөнөтөт

Кошмо Штаттар Венесуэладагы оппозицияны колдоо үчүн 40 миллиондон ашык доллар жөнөтөт. Негизи бул каражат Борбор Америкага гуманитардык жардам иретинде берилмек. Эл аралык өнүгүү агенттигинин Конгресске жолдогон кызматтык каты The Los […]

АКШ Түркияга F-35 учактарын сатпайт

АКШнын президенти Дональд Трамп Анкарага америкалык F-35 аскер учактарын сатуудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул Түркияга Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринин жеткириле баштаганына жооп болду. Вашингтон Түркияга 116 аскердик учагын […]

Франциянын экология министри кымбат банкеттерди уюштургандыгы үчүн кызматтан кетти

Mediapart басылмасы тарабынан салык төлөөчүлөрдүн акчасын кыянат пайдаланууга айыпталып жаткан Франциянын экология министри Франсуа Де Рюжи кызматтан кетти. Ал меймандар үчүн деңиз жандыктары жана жогорку сапаттагы француз шараптары коюлган кымбат […]

Германиянын коргоо министри Еврокомиссияны жетектейт

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясынын башчысы кызматына шайланды. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады. Фон дер Ляйен жаңы кызматына 1-ноябрдан баштап киришет. Европа биримдигинин (ЕБ) жогорку аткаруу […]

Испания Өзбекстанга велотуризмди өнүктүрүүнү сунуштады

Испаниянын Truebasport компаниясы Өзбекстанда велосипед туризмин өнүктүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын туристтик потенциалын жогорулатууга арналган иш-чара маалында аталган компаниянын башчысы Фермин Труба билдирди. Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети тарабынан […]

АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу жаңы келишим түзүүнүн келечегин баалоо максатында шаршембиде Женевада жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дональд Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып жазды. […]