Жекшемби, 20 Октябрь, 2019 - 8:50
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Кыргызстан ЕАЭБдин Бажы кодексине кол койду

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине кол койду. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынына катышып жаткан вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап айрым маселелер боюнча тактоону талап […]

Амур дарыясында Кытай менен Орусияны бириктирген көпүрө курулушу башталды

Алыскы Чыгыштагы Амур дарыясы аркылуу Кытай менен Орусияны бириктирчү автоунаа көпүрөсүнүн курулушу 24-декабрда башталды. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик ММКлары жазып чыгышты. Курулуш боюнча келишимге бир жыл мурун кол коюлган, долбоор […]

«Боярышниктен» уулануу иши боюнча төрт адам камалды

«Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, Орусияда курамында спирт бар суюктуктан адамдардын жапырт уулануусу боюнча төрт айыпталуучу камалды. Лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 76га жетти. Иркутск шаардык сотунун чечими менен […]

Орусия Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына аза күтүүдө

Орусияда бүгүн Сочидеги аба кырсыгынын курмандыктарына жалпы улуттук аза күтүү күнү. Жекшембиде  Сирияга учуп бара жаткан Ту-154 аскерий учагы деңизге кулап түшкөн. Анын ичиндеги 92 адамдын баары курман болгонун орус […]

Бүгүн Санкт-Петербургда ЕАЭБ жана ЖККУ жыйындары өтөт

Жамааттык коопсуздук келишим уюму кеңешинин сессиясы менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны 26-декабрда Санкт-Петербургда өтөт. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган. ЕАЭБдин саммитинде Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия президенттери уюмдун […]

Путин Трампты эки тараптуу кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чакырды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 23-декабрда орус президентинин катын жарыялады. Анда Владимир Путин эки тараптуу алаканы жөнгө салууга чакырган. 15-декабрда жолдонгон катта Орусия лидери Москва менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтык […]

Сириядагы орус аскерлерин куттуктаганы бараткан “ТУ-154” учагы Сочиде кулап 92 адам мүрт кетти

Орусиянын Федерация кеңеши менен Мамлекеттик Думадан кабарлашкандай, Сочиде кыйраган ТУ-154 учагынын бортунда теракт болушу мүмкүн деген версия жокко чыгарылды. Парламенттин эки палатасынын коргоо комитеттеринин өкүлдөрү Виктор Озеров менен Андрей Краснов […]

ИМ тобу түрк аскерлерин тирүүлөй өрттөгөн учур тартылган видео жарыялады

“Ислам мамлекети” радикал тобу эки түрк аскерин тирүүлөй өрттөгөнү тартылган видеону жарыялады. Мурдараак Сириянын Аль-Баб шаарында аталган топтун согушкерлери менен Түркия аскерлеринин арасында айыгышкан салгылашуу болуп жатканы кабарланган. ИМ тобунун […]

АКШ Орусияны “чет элдик агент” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууга үндөдү

АКШнын Мамлекеттик департаменти “чет элдик агент” жөнүндө мыйзамды жокко чыгарууга үндөдү. 19-декабрда жарыяланган билдирүүдө Орусия 150 өкмөттүк эмес уюмду “чет элдик агентке” теңеп, аянычтуу чекке жеткени айтылат. Мамдепартамент “Чет элдик […]

Путин: Орусия бардык потенциалдуу агрессорлорго караганда күчтүүрөөк

Владимир Путин орусиянын куралдуу күчтөрү мүмкүн болгон бардык каршылаштарына караганда күчтүүрөөк экенин билдирди. Анын айтымында, армия өлкөдөгү коркунучтарды жок кылуу боюнча пландарга өзгөртүү киргизүүгө даяр болушу керек. «Ишенимдүү түрдө айтсак болот: […]

БУУ: Израилди палестин жерине кыштактарды курбоого чакырган резолюция күн тартибинен алынды

Египет Израилди палестин жерлерине кыштактарды курууну токтотууга чакырган резолюция долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизүүнү кийинкиге калтырды. Ага чейин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун БУУ Коопзсудук […]

Трамп: «дүйнө эсине келиши үчүн» АКШ өзөктүк кубаттуулугун бекемдеши керек

Бейшембиде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп «дүйнө эсине келиши үчүн» өзөктүк куралды түзүү боюнча Американын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чакырды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Басылма белгилегендей, билдирүү АКШнын эскирип бараткан […]

Порошенко менен Меркель Донбасстагы кырдаалды талкуулашты

Украина президенти Петр Порошенко Германия канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Донбасстагы кырдаалдын курчушу жана туткундарды алмашуу маселелерин талкуулашты. Порошенконун маалымат кызматы билдиргендей, Донбасс боюнча сүйлөшүү маалында өзгөчө көңүл […]

Путиндин маалымат жыйыны 23-декабрда өтөт

Орусия президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү маалымат жыйыны 22-декабрдан 23-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтымында, президент мындай чечимди Орусиянын Түркиядагы […]

Иркутскта “Боярышник” лосьонун ичип мерт кеткендердин саны 60тан ашты

Сибирдин Иркутск аймагында парфюмериялык кошулма – лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу “Интерфакска” саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык маалымат катчысы Татьяна Шкурская билдирди. Ооруканада 40 адам […]

Кыргызстан менен Индия ишкерлерди колдогон фонд түзөт

Кыргызстан менен Индия ишкерлерди колдогон фонд түзөт. Бул боюнча макулдашуу болгонун, ал товар алмашууну жандантуу максатын көздөрүн президент Алмазбек Атамбаев ырастады. Президент Атамбаев шейшембиде Индия баш калаасында премьер-министр Нарендра Моди […]

Орусия, Иран жана Түркия Сирияда биргелешип иштөө боюнча макулдашты

Орусия, Иран жана Түркия тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн Сириядагы араздашкан тараптар менен иштешүүнү макулдашты. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, бул үч өлкө Сирия […]

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти

АКШ санкциялык тизмеге дагы 7 орус жаранын жана 30 компания менен 2 кемени киргизди. Санкцияга илинген орус жарандарынын арасында президент Владимир Путиндин «жеке ашпозчусу» деп айтылып келген миллиардер, ресторатор Евгений […]

АКШнын Түркиядагы элчилиги жана консулдугу ок атуудан кийин убактылуу жабылды

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткан адамды полиция кармап кетти. Бул окуядан кийин Американын Түркиядагы элчилиги жана консулдуктары убактылуу жабылды. Элчиликтин маалыматы боюнча, белгисиз адам кечээ жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат […]

Берлинде жүк ташуучу унаа базардагы адамдарды тепселеп, 12 киши мерт кетти

19-декабрь күнү кечинде Рождество базарына чогулган адамдарды жүк ташуучу унаа тепсеп кетип, 12 киши каза болду, ондогон адам жаракат алды. Полиция окуяны  теракт болушу мүмкүн деп  иликтөөдө. Бийлик айдоочу унааны базардагы адамдарды […]

Казакстандык Nature журналынын рейтингине кирди

1869-жылдан бери Улуу Британияда чыгып келе жаткан белгилүү Nature илимий журналы илимдеги эң таасирдүү он адамдын тизмесин жарыялады. Быйыл ага Казак Улуттук педагогикалык университетинин бүтүрүүчүсү Александра Элбакян да кирген. Маалыматтык […]

Дүйнө коомчулугу Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүн айыптады

БУУ, ЕККУ, АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка бир катар өлкөлөр Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн айыпташты. Ал Анкарадагы куралдуу кол салуудан алган жараатынан улам каза болгон. Элчиге Анкарада […]

Шайлоочулар коллегиясы Трампты расмий түрдө АКШ президенти кылып шайлады

Дүйшөмбүдө Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясы тарабынан расмий түрдө АКШ президенти болуп шайланды. Шайлоочулар коллегиясы Трамп добуштардын көбүнө ээ болгон бардык штаттарда аны колдоп, 8-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын ырасташты. Жалпысынан Трамп […]

Индия Тажикстанда үч ГЭС курат

Индия менен Тажикстан сооданы өнүктүрүү үчүн жүктөрдү Ирандын түштүк-батышында жайгашкан Чабахар порту аркылуу алып өтүүгө макулдашты. Ал ортодо индиялык компания Тажикстанда Оби Хингоб жана Фондарё дарыяларында үч ГЭС курмай болду. […]

Иорданиядагы казак туристтерге сак болуу кеңеши берилди

Казакстан Иорданияда жүргөн туристтерин коопсуздук чараларын сактоого, эл көп топтолгон жайлардан оолак болууга жана Иордания бийлигинин талаптарын аткарууга чакырды. Туризм индустриясы департаментинин директору Марат Игалиев Фейсбуктагы баракчасында казакстандык туристтерди Иорданиядагы […]

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларын расмий узартты

Европа биримдиги (ЕБ) дүйшөмбүдө Орусияга каршы экономикалык санкцияларын 2017-жылдын 31-июлуна чейин узартты. Бул тууралуу Европа кеңешинин расмий сайында жазылган. Андагы билдирүүдө санкциялардын узартылышынын негизги себеби катары Орусия тараптан Минск келишимдеринин […]

Путин: Москва элчи Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек

Москва Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду өлтүрүүнүн артында кимдин турарын билиши керек, деди орус президенти Владимир Путин. Ал окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштерине катышуу үчүн Анкарага орусиялык өкүлдөр […]

Польшада нааразылыктарга себеп болгон Сейм жыйыны текшерилет

Польшанын президенти Анджей Дуда оппозиция легитимсиз деп эсептеп жаткан парламенттин өткөн жумадагы жыйынына юридикалык анализ жүргүзүүгө чакырды. Польшалык TVN24 телеканалынын маалыматына караганда, жекшембиде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Дуда оппозиция лидерлери менен […]

Журналисттерди коргоо комитети: 2016-жылы кеминде 48 журналист өлдү

Басма сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык уюм 2016-жылы кызматтык милдетин аткаруу маалында каза болгон журналисттердин саны өткөн жылкыга салыштырмалуу азайганын, бирок куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймактарда өлгөн журналисттер көбөйгөнүн […]

Кадыров: Грозныйдын жанындагы атышуулардан 11 согушкер жок кылынды

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасында жазгандай, ишембиден жекшембиге караган түнкү атышуулар учурунда алгач полиция төрт согушкерди жок кылган. Андан кийин 18-декабрда да коопсуздук күчтөрү башка куралчан топтун […]

Түркияда Кайсеридеги жардырууга шектелип 7 киши кармалды

Түркияда Кайсери шаарындагы ишемби күнкү жардырууну уюштурган деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Жардыргыч зат салынган унаа аскер кызматкерлери отурган автобусту […]

Беш күндүк иш таштоодон кийин Эйфел мунарасы кайра иштей баштады

Кызматкерлеринин беш күнгө созулган иш таштоосунан кийин Парижде Эйфел мунарасы кайрадан ишин баштап, адамдардын эркин кирүүсү үчүн ачылды. Эйфел мунарасынын иштешин камсыз кылган кызматкерлердин нааразылык акциясы 13-декабрда башталган. Алар эмгек […]

Сирияда эвакуация учурунда бир нече автобус жардырууга туш болду

Жекшембиде Алеппонун чыгышындагы жана бир канча айылдагы жашоочуларды көчүрүү жараяны башталганы менен кайрадан үзгүлтүккө учурады. Белгисиз бирөөлөр жарадарларды ташып бараткан бир катар автобусту жардырып жиберишти. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын […]

Алепподо он миңдеген адам эвакуацияны күтүп жатат

Алеппонун чыгыш бөлүгүндө 50 миңдей адам калууда. Алардын ичинен 40 миңден ашууну жергиликтүү жашоочулар, калгандары – көтөрүлүшчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Бул тууралуу бейшемби күнү кечинде БУУнун атайын чабарманы Стаффан […]

Фейсбук «жалган» маалыматтарга каршы күрөшөт

Фейсбук социалдык түйүнү жалган маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн жабдуу иштеп чыкты. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат. Эми колдонуучулар Фейсбукта такталбаган жаңылык көрсө билдирүүнүн жогорку оң бурчуна кирип, маалыматтын жалган деп […]

Euronews каналынын кызматкерлери иш таштады

Euronews каналынын журналисттери кесиптештерин колдоо максатында 24 саат иш таштады. Алар каналдын украин, перс жана араб кызматтарынын жабылышына каршылык көрсөтүп жатышат. Журналисттер нааразылык акциясын 15-декабрда түндө баштап, күн бою жаңылык […]

Магнитогорскто тажик диаспорасынын мурдагы башчысы өлтүрүлдү

Магниторгорск шаарында жүрөгүнө ок тийип, тажикстандык Асадулло Махмудов өлтүрүлдү. Бир нече жыл мурун ал бул шаарда тажик диаспорасын жетектеп турган. Жергиликтүү ММКлар кабарлашкандай, окуя 14-декабрда Асадулло Махмудовдун үйүнүн алдында болгон. […]

Надежда Савченко парламенттеги «Батькивщина» фракциясынан чыгарылды

15-декабрда депутат Надежда Савченко Жогорку Рададагы “Батькивщина” фракциясынын курамынан чыгарылды. Фракциянын билдирүүсүндө депутат менен «Батькивщинанын» саясий көз караштары дал келбей тургандыгы айтылган. Орусияда туткунда болуп келген депутаттын «Батькивщина» партиясынын курамынан […]

ЕБ Орусияга карата санкцияларды жарым жылга узартты

Европа Биримдигинин лидерлери бейшембиде Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2017-жылдын ортосуна чейин, алты айга узартуу чечимин кабыл алышты. Чектөөлөр Москванын Украинадагы аракеттери үчүн киризилген. Бул тууралуу Рейтер Брюсселдеги дипломатиялык булактарына шилтеме […]

Москвада кыргызстандык аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти

Москвада базарда иштеген кыргызстандык 30 жаштагы аялдын 24 миллион рубль акчасын уурдап кетишти. Life.ru тараткан кабарга ылайык, ал ири суммадагы рублди долларга өткөрүү максатында акча алмаштыруучу жайга алып келгенде жоготкон. […]

АКШнын Федералдык резервдер системасы базалык ставканы жогорулатты

АКШнын Федералдык резервдер системасы 2016-жылы биринчи жолу федералдык насыя каражаттары боюнча базалык ставканы 0,25-0,5 пайыздан 0,5-0,75 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирүүдө. Чечим АКШдагы жумушсуздуктун азайганы жана инфляциянын […]

Алеппонун жашоочуларын колдоо катары Эйфел мунарасынын жарыгы өчүрүлдү

Шаршембиде Парижде Сириянын Алеппо шаарын колдоо белгиси катары Эйфел мунарасынын жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу Франция борборунун мэри Анн Идальго билдирди. Анын айтымында, бул символикалуу белги эл аралык коомчулук үчүн аракеттерди […]

Батыш Ооганстан вице-президентине каршы айыптоолорду иликтөөгө үндөөдө

Ахмад Ишчи Ооганстандагы Жүзжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмат Ишчи Ооганстандын биринчи вице-президенти Абдулрашид Дустум тарабынан сабалганын, уурдалганын, сексуалдык кордук көрүп кала жаздаганын билдирди. Батыш өкмөттөрү бул ырастоолорду тыкыр иликтөөгө үндөөдө. Жүзжан провинциясынын […]

Орусиянын Жогорку соту Жемилевдин даттануусун карайт

Орусиянын Жогорку соту Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, крым-татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин Орусия аймагына кирүүсүнө беш жылдык тыюу салынгандыгы боюнча даттануусун карайт. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды. Мустафа Жемилев — […]

Этика кеңсеси: Трамп өз активдерин башкаруудан баш тартышы керек

Этика боюнча америкалык өкмөттүк кеңсе АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Акүйгө келгенден кийин кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн бизнес-активдерин сатып же башка адамдарга ишенимдүү башкарууга бериши керектигин билдирди. Шейшембиде жарыяланган […]

Орусиянын БУУдагы өкүлү: Алепподогу согуштук аракеттер аяктады

Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү согуштук аракеттер аяктады. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин билдирди. Өкмөт козголоңчулардын карамагындагы акыркы кварталдарга өз көзөмөлүн орнотту, деди дипломат. Би-би-си билдиргендей, эгер чын болсо […]

Олланд менен Меркель Орусияга каршы санкцияларды узартуу боюнча макулдашты

Украина боюнча Минск келишимдерин аткаруудагы жылыштар жетишсиз, ошондуктан Орусияга каршы киргизилген санкцияларды узартуу зарыл. Мындай пикирин Германия канцлери Ангела Меркель билдирди. Анын бул көз карашын Франция президенти Франсуа Олланд да […]

Путин Жапония менен аймактык маселелер жок экенин билдирди

Орусиянын Жапония менен аймактык маселелери жок экенин Владимир Путин жапон ММКларына берген маегинде билдирди. Президент аталган өлкөгө атайын сапар менен барат. “Бирок Жапония Орусия менен аймактык маселе бар деп эсептейт. […]

Расмий Кыргызстан менен Тажикстан ЕККУнун жыйынына катышкан жок

Конференцияга Казакстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү катышууда. Бишкек менен Дүйшөмбү Венага өзүнүн дипломаттарын жөнөтүүдөн баш тартты. Кыргызстан бул уюмду июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан […]

Быйыл түрмөгө камалган журналисттер рекорддук чекке жетти

Быйыл түрмөгө камалган журналисттердин саны рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин иликтөөсүндө айтылат. Эң эле көп камоолор Түркияда болду. Маалыматтарга карганда, 2016-жылдын 1-декабрына карата журналист-туткундардын саны 259 адамды […]