Шаршемби, 16 Октябрь, 2019 - 13:26
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Швеция бийлиги Рауль Валленбергдин өлгөнүн тастыктады

Швед бийлиги миңдеген еврейлерди нацисттерден сактап калган Экинчи дүйнөлүк согуштун баатыры Рауль Валленбергдин өлгөнүн, дипломат дайынсыз жоголгондон бери 70 жыл өткөндөн кийин расмий түрдө жарыялады. Валленберг Швециянын Будапештеги өкүлчүлүгүндө дипломатиялык […]

Азербайжанда үй бүлө 14-чүрпөсүнүн төрөлгөнүн жашырып койду

Эки ай мурда Азербайжандын Жаирли айылынын жашоочусу Талех Искендеровдун үйүндө 14-наристе жарык дүйнөгө келди. Аны Гүнай деп аташты. Бирок баланын төрөлүшүн сыр сакташты. Айдоочу болуп иштеген Талех Искендеров наристелүү болушун […]

Фото – «National Geographicтин» башкы бетиндеги «ооган кызы» күрөө менен бошотулат

Шарбат Гула  Пакистан бийлиги «National Geographic» журналынын башкы бетине сүрөтү чыккандан кийин дүйнөгө белгилүү болгон ооган аялын бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок ага тагылган айыптар алынбайт. Пакистандын ички иштер министри […]

Жапония Орусияга карата киргизилген санкцияларды албайт

Жапония Чоң жетиликтин мүчөсү катары Украинадагы абал жана Крымдын аннекцияланышынан улам Орусияга киргизилген санкцияларды албайт. Бул тууралуу 31-октябрда премьер-министр Синдзо Абэ өлкө парламентинин төмөнкү палатасындагы дебаттардын жүрүшүндө билдирди. «Жапония G7нин […]

Түркияда оппозициялык гезиттин башкы редактору кармалды

Түркияда оппозициялык Cumhuriyet гезитинин башкы редактору кармалды. Бул тууралуу түрк ММКлары 31-октябрда билдиришти. Cumhuriyetтин сайтында гезиттин башкы редактору Мурат Сабугчу менен баяндамачысы Гюрай Оздун кармалганын ырастаган билдирүү пайда болду. Сабунчу […]

Орусиянын суу алдында жүрчү үч кемеси Сириянын жээктерине багыт алды

Орусиянын заманбап ракеталар менен куралданган суу алдында жүрчү үч атомдук кемеси Сирия жээктерине багыт алган орус аскер-деңиз флотунун ыкчам тобуна кошулду. Британиялык The Sunday Times гезити Улуу Британиянын аскер-деңиз флотунун […]

Орусияда 1910-жылдагы документтин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттарга тыюу салынды

Орусияда Орусия империясы тарабынан 1910-жылы жана СССР тарабынан 1923-жылы кол коюлган документтердин негизинде жүздөн ашык порнографиялык сайттар тосмолонду. Кеп 1910-жылы Парижде, 1923-жылы Женевада кол коюлган Порнографиялык басылмаларга тыюу салуу жөнүндөгү […]

Молдовада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өттү

Молдовадагы президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири дагы — социалист Игорь Додон менен либерл Майя Санду — добуштардын жарымынан көбүн ала алышкан жок. Эки жумадан кийин, 13-ноябрда, шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. […]

«Вефа» соода борборунун кожоюну Мустафа Озжанга издөө жарыяланды

Учурда саясий башаламандык бизде гана эмес, бизден чоң өлкөлөрдө да болуп жатат. Түркияда болуп өткөн аскер төңкөрүлүшүнөн кийин Гюлендин командасындагылардын баарысын түркия бийлиги куугунтуктоого ала баштады. Анын кесепети Кыргызстандагы бизнесмен […]

Сирияда кыргызстандык үй-бүлө набыт кеткени тууралуу кабар такталууда

Ысык-Көлдөн Сирияга кеткен үй-бүлө ошол жакта каза болушканы тууралуу маалымат такталып жатат. Азырынча расмий билдирүү жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Мурдараак […]

Сооронбай Жээнбеков: “Ички тоскоолдуктар сакталып турганда, ЕАЭБ толук кандуу иштеп, кеңейе албайт”

«Ички тоскоолдуктар сакталып турганда, ЕАЭБ толук кандуу иштеп, кеңейе албайт. Евразия экономикалык бирлиги үчүнчү өлкөлөргө соода жеңилдиктерди бергенге чейин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө эркин товар жүгүртүү үчүн, биримдиктеги баардык ички тоскоолдуктарды жоюу […]

Сахаров сыйлыгы туткундан качып чыккан укук коргоочуларга ыйгарылды

Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү үчүн” сыйлыгы Ирактык укук коргоочулар Надиа Мурад Баси жана Ламийя Аджи Башарга ыйгарылды. Экөө тең езид азчылыгынын укугун коргоо менен алектенишет. Алар ошондой эле […]

БУУ Баш катчысы: мектепке жасалган ависокку “аскердик кылмышка” тете

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун  Идлиб провинциясында мектепке бомба таштоону аскердик кылмыш катары кароого боло турганын жана окуяны токтоосуз түрдө иликтөө керектигин айтты. Карагашада 28 адам өлдү, алардын ичинен […]

Орусияга мыйзамсыз барган өзбек аял алты айга соттолду

Өзбекстандын 50 жаштагы жараны  Зайнаб Рахманова Орусия чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн алты айга эркинен ажыратылды. Ал белгисиз адамга 1200 миң АКШ долларын төлөп, бул өлкөгө  кирген. Зайнаб Рахманова […]

Путин АКШ президенти менен жеке макулдашуусу ишке ашпай калганын билдирди

Орусия президенти Владимир Путин Сирияда кан төгүүлөрдү токтотуп, саясий жараянды киргизүү азырынча мүмкүн болбой жатканын билдирди. Интерфакс маалымдагандай, бул тууралуу ал бейшембиде эл аралык “Валдай” форумунда айтты. Путин АКШ президенти […]

Эртең “Климаттык өзгөрүүлөр, абанын булганышы жана анын Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугуна таасири”деген темада эл аралык Форум өтөт

Эртең, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Алыкул  Осмонов атындагы Улуттук китепканасында “Климаттык өзгөрүүлөр, абанын булганышы жана анын Бишкек шаарынын тургундарынын ден соолугуна таасири”деген темада эл аралык Форум болот, бул Форум глобалдык 24 сааттык […]

Орусия Нидерландыга Донбасстагы МН17 каттамынын кулашы боюнча маалымат берди

Орусия Украинанын чыгышында 2014-жылдын июлунда кулаган “Малайзиялык авиалиниянын” MH17 каттамы боюнча маалыматты Нидерландыга берди. Бул туурасында голландиялык жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Нидерландынын коопсуздук жана юстиция министри Ар ван дер Стёр документтердин […]

Обама Эрдоганды ИМге каршы аракеттерди координациялоого үндөдү

АКШ президенти түрк лидерин «Ислам мамлекети» террорчул уюмуна каршы күрөшүүдө Түркия менен Ирактын аракеттерин координациялоого үндөдү. АКШ президенти Барак Обама менен түрк лидери Реджеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ИМ […]

Фото – Орусия Сириядагы мектепти аткылоого айыпталууда: 22 окуучу жана 6 мугалим өлдү

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин мектептин аткыланышын «үрөй учурган окуя» деп атап, ал боюнча Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүн күтө турууну сунуштады. Шаршембиде Сириянын Идлиб провинциясында жайгашкан Хаас шаарындагы мектептин […]

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларын өнүктүрүүгө 12,8 млн доллар берет

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору 2-окууда […]

Орусия бизнес жүргүзүүдөгү жеңилдик боюнча 40-орунга чыкты

Дүйнөлүк банк Doing Business 2017 аттуу жыл сайын өтүүчү рейтингин жарыялады. Эксперттердин бүтүмүнө ылайык, Орусия эки жыл катары менен бизнести жүргүзүү боюнча абалын жакшыртып, 51-орундан 40-орунга жылды. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан […]

Керри Алепподогу авиасоккулардын жанданышына кабатыр

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри 24-октябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия көйгөйүн талкуулады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын жетекчиси Жон Кирби кабарлады. […]

ЕБдин Орусияга каршы санкцияларды узартуу чечимин беш өлкө колдоду

Албания, Лихтенштейн, Норвегия, Украина жана Черногория Орусияга каршы санкцияларды 2017-жылдын 15-мартына чейин узартуу боюнча Европа биримдигининин чечимин колдоду. Мындай билдирүү европалык дипломатия башчысы Федерика Могериндин басма сөз кызматынын сайтында пайда […]

Окумуштуулар Бермуд үч бурчтугунун сырын ачышты

Колорадо штатындагы университеттин кызматкери Стив Миллердин жетекчилигиндеги изилдөөчүлөр тобу акыркы жүз жыл аралыгында Бермуд үч бурчтугунда 75 учактын жана жүздөгөн кеменин жоголуп кетишинин жаңы түшүндүрмөсүн айтып чыгышты. Адистердин пикиринде, ал […]

Мосулдун жанында «Азаттыктын» ирандык кабарчысы жарадар болду

Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясын чагылдырып жаткан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун видеожурналисти Расул Махмуд миномет чабуулунан олуттуу жаракат алды. Ал “Азаттыктын” Иранга берүү тараткан “Фарда” кызматы үчүн […]

Видео – Француз полициясы Кале лагерин тазалай баштады

Франциянын бийлиги Кале портундагы мигранттардын лагерин тазалоо операциясын баштады. Лагерде Ооганстандан, Сириядан, Эритреядан жана Сомалиден барган качкын (6,5 миңден 10 миңге чейин), анын ичинде 1300 кароосуз бала жашайт. Бийликтин божомолунда […]

Порошенко: Донбасстагы жикчилдердин танктары Германия армиясыныкынан да көп

Порошенко ЕККУнун полиция миссиясын Донбасска киргизүү шайлоону уюштуруудагы милдетүү шарт болуп эсептелерин билдирди. Берлиндеги саммит учурунда Украина президенти Петр Порошенко Орусия Донбасска ири көлөмдөгү бронетехникаларды жана артиллерияларды жеткирип жатканын жарыялады. […]

Иракта алкоголдун бардык түрүнө толугу менен тыюу салынды

Ирактын парламенти өлкөдө алкогол алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салды. Себеп катары спирт ичимдиктерине шариат мыйзамдары жол бербей тургандыгы айтылууда. Мыйзам бузгандарга 8 миңден 20 миң долларга чейин айып […]

Музыкага жаңы салт киргизген Боб Дилан

Өмүрү өрнөк инсандар Белгилүү америкалык ырчы жана акын Боб Дилан Нобелдин бул жолку адабият боюнча сыйлыгынын лауреаты болду. Ал сыйлыкты «америкалык ырдоо  салтында жаңы поэтикалык сүрөттөлөрдү жараткандыгы үчүн» алды. Муну […]

АКШда президенттик шайлоого эки апта калганда Клинтон Трамптан озуп баратат

АКШда 8-ноябрда шайлоо өтөт. Өнөктүккө эки жума калганда Дональд Трамп атаандашы Хиллари Клинтондон арта калып бара жатканын моюнга алды. Акыркы сурамжылоолорго ылайык, Хиллари Клинтон негизинен жалпы өлкө боюнча, анын ичинен […]

Фото – Памирде сүйүү жок

Аманатты артып, Памирге аттандым Алгачкы жолу Памир кыргыздары жөнүндө мындан эки жыл мурун угуп калдым. Экинчи мамлекеттик экспедициялык топ гуманитардык жардамды жеткирип келгенден кийин «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун берүүсүн көрүп, […]

Пианист жеке концертин үч жолу кайра көмүлгөн баптист аялдын элесине арнады

Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин сөөгү бир нече күн бою жерге берилбеген алабукалык баптист аялдын элесине арнады. Бул тууралуу пианист өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Ала-Букада жергиликтүү элдин каршылыгы […]

Орусия ТИМи сайты хакердик чабуулга кабылганын тастыктады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайты хакердик чабуулга кабылганы расмий түрдө тастыкталды. ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргендей, учурда министрликтин адистерди бул операциянын артында кимдер турганын иликтеп жатышат. 21-октябрда CNN телеканалы The […]

БУУ Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн көбөйүшүнө кабатыр

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда апийим өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өсүшү мүмкүн деп кооптонууда. Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү. Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык […]

Бүгүн Американын KUOW радиоканалынын “15 мүнөттүк юмор” берүүсүндө “Кыргыздар жоголгон конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп жатышат” деп күлкүгө алышты

“Катуу уялдым…  Бүгүн Америкадагы KUOW радиоканалынын “15 min humor” юмор берүүсүндө Кыргызстандагы конституциянын жоголгондугун айтышты. “Кыргыздар жоголгон Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп жатышат”,  “бир болсо Кыргыз Конституциясын WikiLeaks менен Джулиан Ассандж […]

Швейцария жазуучулары кантип жазып, кантип китеп чыгарып, нан табат?

“Швейцария жазуучулары кантип жазып, кантип нан табат?» деген суроого бул жактан учкай жооп таптым. Бизде адегенде чыгармасын жазат, анан акча издей баштайт, эптеп акча табылса, арзан басма издей баштайт… Ушундай […]

Юрий Лонгонун табышмактуу өлүмү

Россиянын атак-даңктуу экстрасенстеринин бири Юрий Лонгону орус эли гана эмес башка элдер да жакшы таанучу. Ал өзүн “белый маг” деп атап, өтө популярдуу болчу. Миңдеген адамдарга жардам берген Юрий Лонго […]

АКШда мурунку аскер кызматкери мамлекеттик сырларды уурдаган деп айыпталууда

Бейшембиде АКШнын Башкы прокуратурасы мурдагы аскер кызматкери Гарольд Мартинге 500 млн ашуун бет мамлекеттик документти уурдаган деген айып такты. Гарольд Мартин отставкага чыккандан кийин Улуттук коопсуздук агенттигинин электрондук чалгын тармагында […]

Чехияда орусиялык пропагандага каршы күрөшүү кызматы түзүлдү

Чехиянын Ички иштер министрлиги коомдук пикирге таасир берүүчү Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген пропагандага каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүм түздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги мекеме башчысы Милан Хованцка шилтеме кылып […]

Петербургда Умаралинин өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

Санкт-Петербургда миграциялык мыйзамды бузган деп шектелген Тажикстандын жаранынан тартылып алынган беш айлык Умарали Назаровдун өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Петербург боюнча тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. «Тергөөнүн […]

БУУ Алепподо бомбалоо токтогонун ырастады

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын Алеппо провинциясында ок атуулар токтогонун ырастады. БУУнун Башкы ассемблеясынын бейшембидеги бейформал жыйынында ал шаардын чыгышында бомбалоону токтотуу боюнча Орусиянын чечимин кубаттаган. Баш катчынын […]

НАТО Орусия менен бирге Украинадагы абалды талкуулоого даяр

Түндүкатлантикалык альянс НАТО — Орусия жолугушуусунда Донбасстагы абалды талкуулоого даяр. Бул тууралуу маалымат жыйында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Анын айтымында, альянстын өкүлдөрү Орусия менен Минск келишимдерин жана шаршембиде […]

Орусияда Мутко вице-премьер болуп дайындалды

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко жакында түзүлгөн премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалды. Спорт, туризм, жаштар саясаты маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка анын талапкерлигин бекитүүнү премьер-министр Дмитрий Медведев сунуштап, Владимир Путин колдогон. […]

Сирия Крымды Орусиянын ажырагыс бөлүгү катары тааныды

Сирия Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааныды. Бул тууралуу парламент өкүлү Хадия Аббас билдирди деп кабарлады РИА Новости. “Биз Крымды Орусиянын ажырагыс бир бөлүгү деп тааныйбыз”—деди Хадия Аббас. Ал Сирия […]

Берлинде “норманд төрттүгүнүн” лидерлеринин жолугушуусу аяктады

Берлинде “Норманд төрттүгү” лидерлеринин жолугушуусу аягына чыкты. Анда Орусия, Украина, Франция президенттери жана Германия канцлери Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашты Иш-чара бүткөн соң Украина президенти Петр Порошенко билдиргендей, тараптар […]

Прагада АКШ сайттарына чабуул жасоого айыпталган орусиялык жаран кармалды

Прагада АКШ сайттарына кибер чабуул жасоого шектелген Орусия жараны кармалды. Бул тууралуу Чехия полициясы кабарлады. Орусиялыктын ысымы аталган жок, бирок аны Интерпол издеп жүргөнү маалым болду. Чехиянын криминалдык иштер менен […]

Жаш балдарды мушташтырган Рамзан Кадыров

Чеченстандын Грозный шаарында өткөн жаш балдар арасындагы эрежесиз эр уруш орус коомчулугун экиге бөлдү. Президент Рамзан Кадыровдун туулган күнүнө карата Грозный шаарында өткөн мелдеште эң чоңу 10 жашта болгон ажонун […]

Берлинде «норманд форматындагы» жолугушуу өтөт

Шаршемби күнү кечинде Берлинде «норманд төрттүгү» деп аталган Германия, Франция, Украина жана Орусия өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Германия канцлеринин кеңсесине шилтеме кылуу менен AP агенттиги билдирүүдө. Ангела Меркелдин […]

Венгр антропологдору Кейки баатырдын келбетин калыбына келтирет

1916-жылы казактардын падышалык Орусияга каршы көтөрүлүшүн жетектегендердин бири Нурмагамбет Кокембай уулунун келбетин толугу менен калыбына келтирүүгө болот. Эл арасында Кейки баатыр деп аталып калган анын баш сөөгү ушул айдын башында […]