Шаршемби, 8 Июль, 2020 - 13:24
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Дүйнө жүзүндө

Наристени өлтүргөн өзбекстандык аял ооруканага жаткырылды

Москвада наристени өлтүргөн өзбекстандык бала багуучу Гүлчехра Бобокулова дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Интерфакска” прокуратуранын расмий өкүлү Елена Россохина билдирди. Анын айтымында, Бобокулова Орусиядагы психиатриялык ооруканалардын бирине жаткырылды. Өлтүрүлгөн наристенин энеси […]

Рамзан Кадыров чечен аскерлеринин Сирияга жөнөтүлгөнүн тастыктады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республика жарандары Орусиянын коргоо министрлигинин аскер полициясынын батальонунун курамында Сирияда жүргөнүн ырастады. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазды. Буга чейин Кадыров Сирияга жөнөтүлгөн чечен аскер кызматкерлери […]

Медведев санкциялар жакында алынат деген иллюзиялардан арылууга чакырды

Орусия батыш өлкөлөрүнүн санкциялары жакында алынат деген иллюзиялардан арылышы керек. Бул тууралуу өлкө премьер-министри Дмитрий Медведев билдиргенин Reuters агенттиги жазды. “Биздин өлкөгө киргизилген кайсыл бир санкциялар алынат деген иллюзиялардан арылууга […]

Трамп Израилдин премьер-министрин Вашингтонго чакырды

АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге которуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Акүйдөн кабарлашкандай, 22-январда Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү. Израилдин премьер-министри Трамптын чакыруусун кабыл алып, февралда Вашингтонго келе турганын […]

Трамп каршылыгын билдиргендердин «укуктарын тааныйт»

АКШ президенти Дональд Трамп ага каршы Вашингтондогу «Аялдар жүрүшү» менен бирге көчөлөргө чыккан дүйнөдөгү жүз миңдеген адамдардын «укуктарын тааный турганын» билдирди. “Тынчтык акциялары биздин демократиянын айырмаланып турган белгиси болуп эсептелет. […]

ИМ тобу Түркияда түнкү клубга кол салган террорчуга үч аялды белекке берген

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган өзбекстандык Абдулкадыр Машариповго “Ислам мамлекети” экстермисттик тобу сыйлык катары үч аял белекке берген. Бул тууралуу “Хүрриет” гезити билдирүүдө. Полиция 16-январда Стамбулда Абдулкадыр Машарипов менен […]

Видео – Дональд Трамптын президенттик ант берүү аземине каршы нааразычылык акциялары

Кечээ, 20-январда АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын президенттик ант берүү аземине каршы чыккандар Вашингтондун борборунда, Ак үйдөн 1 чакырымдай аралыкта нааразычылык акцияларын өткөрүштү. Анда дүкөндөрдүн айнектерин талкалаган тентектерди полиция кууп […]

Видео – АКШ президенттеринин ант берүү аземдеринин тарыхы жана салттары

Бүгүн, 20-январда АКШнын жаңы шайланган 45-президенти Дональд Трамптын салтанаттуу ант берүү аземи өтөт. Анын алдында 200 жылдык тарыхы бар АКШ президенттеринин ант берүү аземдеринин тарыхы жана салттары тууралу видеотасманы сунуш […]

Трамп инаугурация күнү бир нече жарлыкка кол коет

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп инаугурация күнү, 20-январда бир нече жарлыкка кол коет. Трамптын басма сөз катчысы Шон Спайсер алардын арасында Барак Обама тарабынан киргизилген чараларды жокко чыгаруу бар экенин […]

Бүгүн АКШнын жаңы президенти кызматка киришет

Бүгүн АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришет. Анда Трамп менен бирге шайланган вице-президент Майк Пенс дагы ант берет. Иш-чарага кызматтан кетип жаткан президент Барак Обама жана вице президент […]

Путин менен анын айланасындагылар үчүн өзгөчө оорукана курулат

Орусия президенти менен анын айланасындагы аткаминерлер үчүн эксклюзивдүү оорукана курулууда. Бул тууралуу Орусиянын медицина чөйрөсүндөгү булактарына шилтеме кылып Reuters агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, оорукана советтик мезгилден бери жогорку кызматтагы аткаминерлерге […]

Трамп ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бүгүн өтө турган ант берүү аземине катышуу үчүн Вашингтонго барды. Анын учагы АКШнын борборуна жакын жайгашкан Эндюс авиабазасына конду. Жума күнү Вашингтондо АКШнын шайланган президенти […]

Трамп ММКларга ишенбегендиктен Twitter колдонот

Fox News каналына берген маегинде Трамп Twitter колдонууну улантарын, ММКларга ишенбегендиктен күн сайын аккаунтуна бир нече маалымат жазып турарын билдирди. Twitter аркылуу көз карашын аудиторияга жеткирүүгө ык алган АКШнын шайланган […]

Орусия менен Түркия ИМ тобуна каршы биргелешкен аба соккуларын жасады

Орусия Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрүнө карата алгачкы жолу Түркия менен биргеликте аба соккуларын жасаганын билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал-лейтенант Сергей Рудскойдун маалыматына караганда, ага Орусия аскердик аба […]

Обама: Орусия менен конструктивдүү мамиледе болуу – АКШнын жана дүйнөнүн кызыкчылыгында

АКШ президенти Барак Обама Вашингтондун Орусия менен конструктивдүү мамиледе болуусу Американын, ошол эле маалда бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгына жооп берерин билдирди. Обама мамлекет башчысы катары өткөргөн акыркы маалымат жыйынында Владимир Путиндин […]

Иран Сирия сүйлөшүүлөрүнө АКШнын катышуусуна каршы

Иран кийинки аптага пландалып жаткан Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө Кошмо Штаттардын катышуусуна каршы экенин билдирүүдө. Tasnim агенттиги билдиргендей, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф “биз аларды чакырган жокпуз, биз алардын […]

Кытай Украина каатчылыгын чечүүгө катышуу ниетин билдирди

Кытай Украинадагы каатчылык боюнча саясий резолюцияга жетишүүдө иштиктүү роль ойноого даяр. Бул тууралуу шейшембиде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин украиналык кесиптеши Петр Порошенкого кайрылып жатып билдирди. Пекин алгачкы жолу Киевге жардам […]

Эдвард Сноудендин Орусияда жашоо укугу эки жылга узартылды

Орусия бийлиги АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин Орусияда жашап туруу укугун дагы эки жылга узартты. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жазды. ЦРУнун […]

Видео – Путин: биздин сойкулар дүйнө боюнча мыкты, бирок “Трамп ага азгырылганына күмөнүм бар”

Орусия президенти Владимир Путин маалымат жыйыны учурунда Дональд Трамп Москвада жеңил ойлуу кыздар менен жолукпаганын, сулуулар сынагында ал дүйнөдөгү эң келишимдүү айымдар менен баарлашканын билдирди. Путиндин айтымында, Трамп бир нече […]

Европа парламентинин жаңы төрагасы шайланды

Европа парламентинин жаңы төрагасы болуп италиялык консерватор, Европа элдик партиясы фракциясынын өкүлү Антонио Таяни шайланды. Ал добуш берүүнүн экинчи турунда 351 депутаттын колдоосун таап жеңишке жетти. Анын атаандашы, социалисттердин өкүлү […]

Стамбул бийлиги: Түнкү клубга чабуул жасоого шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна чабуул жасаган деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машарипов күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Васип Шахинге шилтеме кылып “Хюрриет Дейли” […]

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга шектелген жаран кармалды

Дүйшөмбүдө түрк полициясы Стамбулдагы терактка шектелген Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машариповду камаганын жарыялады. Reina түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 65и жаракат алган. Түрк маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, Машарипов Стамбулдун Эсенйурт […]

Олланд Трампка: ЕБге сырттан кеңеш керек эмес

Франция президенти Франсуа Олланд ЕБдин ички иштери тууралуу «сырттан айтылган кеңештердин керек эместигин» билдирип, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын Евробиримдикке карата айткан сындарына жооп берди. Мындай пикирин ал АКШнын Франциядагы […]

Украина Орусияга каршы БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды

Украина Орусияга каршы Гаагадагы БУУнун Эл аралык сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Украина Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Марьяна Беца билдирди. Доо арыз Терроримзди каржылоого каршы аракет […]

Сербия поездге байланыштуу окуядан улам Косового аскерлерин жөнөтөрүн билдирди

Поездеги «Косово — бул Сербия» деген жазуудан улам Сербия Косово ортосунда куралдуу жаңжал чыгып кете жаздады. Сербия президенти Томислав Николич албандыктар тараптан этникалык сербдерге коркунуч жаралса, Косового аскерлерин киргизе турганын […]

Трамп Орусия өзөктүк куралын азайтса санкцияларды алышы мүмкүндүгүн билдирди

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыгуу ыктымалдыгын билдирип, аны орус тараптын өзөктүк куралдарын кыскартуусу менен байланыштырды. Бул тууралуу ал The Times британ гезити менен […]

Oxfam: байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым рекорддук чекке жетти

Сегиз мультимиллиардердин байлыгы Жер шарында жашаган 3,6 миллиард калктын мүлкүнөн ашып түштү. Иликтөөлөрдү жакырчылык менен күрөшкөн Oxfam уюму жарыялады. Баяндамага ылайык, байлар менен кедейлер ортосундагы ажырым рекордук чекке жеткен. Байлардын […]

Парижде Израил менен Палестинаны тынч сүйлөшүүгө чакырышты

70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү Израил менен Палестинаны тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого, аны бүлгүнгө учуратуучу бир тараптуу аракеттерден карманууга чакырышты. Ошондой эле эки тарапты тең “эки мамлекет” деген мунасага макулдугун расмий […]

WSJ: Швейцария прокуратурасы Гүлнара Каримованы суракка алды

World Street Journalдын (WSJ) маалыматына караганда, Швейцария прокуратурасы коррупция боюнча тергөө иштерине байланыштуу Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованы суракка алды. Басылманын суракка катышкан юристке шилтеме кылып […]

Назарбаев Абу-Дабиге расмий сапар менен барды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бириккен Араб Эмирлигине эки күндүк расмий иш сапар менен барды. Анда казак лидери өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери жана ишкердик чөйрө өкүлдөрү менен жолуга тургандыгы кабарланууда. Казакстандын Бириккен […]

ЕККУ 2017-жылы радикал исламчы топторго каршы күрөштү күчөтөт

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 2017-жылы радикал исламчыларга каршы күрөштү күчөтүү ниетинде. Уюмдун төрагасы, Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курцтун белгилешинче, исламчыларга каршы жалгыз согуштук аракеттер жетишсиз. Айтымында, ЕККУнун […]

Түркия парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү мушташ менен улантууда

Түркия парламентинде өлкөнүн президенттик республикага өтүүсүн шарттаган конституциялык реформаны кароо уланууда. Бейшемби жана жума күндөрү негизги мыйзамдын жаңы беренелери кабыл алынды. Ага ылайык, парламенттин ролу көзөмөлдөө деңгээлине чейин төмөндөтүлдү. Президенттин […]

HRW: согуштан кийин калыптанган адам укуктары системасы коркунучка кептелди

Кошмо Штаттарда жана Европада популист лидерлердин бийликке келиши адам укуктарын коргоого чоң коркунуч жаратууда. Мындай кырдаал диктаторлордун кыянаттыкка барышын шарттап жатат. Бул тууралуу эл аралык “Хьюман Райтс Вотч” уюмунун 12-январда […]

БУУ өкүлү: Сириядагы жарашуу жараяны толук сакталбай жатат

Жалпысынан Сирияда жарашуу жараяны сакталууда, бирок Дамасктын четиндеги кагылышуулар 23-январга белгиленген Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди. […]

Мамдума кызматкерлери соцтүйүндөрдөгү билдирүүлөрү боюнча отчет берет

Орусия парламентинин төмөнкү палатасынын кызматкерлери интернеттеги билдирүүлөрү боюнча отчет берип турууга милдеттендирилишти. Мындай буйрук Мамдуманын сайтында пайда болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасына парламенттин аппаратындагы булак билдирген. Аткаминерлер өзү тууралуу маалыматтарды жазып, […]

Түркия Сириядагы чек ара дубалын быйыл апрелде куруп бүтүрөт

Түркия Сирия менен чектешкен аймакта курулуп жаткан дубалды быйыл апрелде бүтүрүүнү пландоодо. Курулушчулар дагы 28 чакырым тосмону тургузушу керек. Бул тууралуу Түркиянын Star гезити жазды. Мындан тышкаркы Түркия Армения менен […]

Журналисттер комитети Дүйнөлүк банктан Кыргызстанды каржылоону токтотууга чакырды

Штаб-кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Эл аралык журналисттерди коргоо уюму Азимжан Аскаров бошотулмайынча, Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотууга чакырган катын Дүйнөлүк банктын жетекчиси Жим Ен Кимге жолдогон. Катта Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы базар экономикасын […]

Чеченстандагы атайын операция учурунда беш киши өлдү

Чеченстан бийлиги 11-январда атайын операция маалында ири кылмыштуу топ кармалганын, беш киши өлгөнүн билдирди. Рамзан Кадыров маалымдагандай, Курчалоевск районундагы атайын операция учурунда төрт жоочу жок кылынган. Окуя маалында коопсуздук кызматкери […]

Тиллерсон мусулмандардын АКШга киришине тыюу салууну колдобойт

Шайланган президент Дональд Трамп тарабынан сунушталган АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкер Рекс Тиллерсон исламды «улуу ишеним» деп атап, белгилүү бир динге же топко жалпы тыюу салууну колдобой турганын билдирди. ExxonMobil компаниясынын […]

Дональд Трамп: Орусия АКШнын саясий институттарынын компьютерлерине чабуул жасаган

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын саясий институттарынын компьютердик ресурстарына Орусия хакердик чабуул жасаганын жана ал үчүн орус президенти Владимир Путиндин жооптуу экенин тааныды. Трамп президент болуп шайлангандан берки […]

Видео – Дүкөнчү тоноо үчүн келишкен эки куралдуу каракчынын бирин атып салды, экинчиси качып кутулду

Кечээ, 10-январда американын Жоржия штатынын Мейблтон шаарында курал саткан дүкөндү тоноо үчүн келишкен эки каракчынын бирин дүкөндүн ээси атып салган, экинчиси качып кутулган. Окуя дүкөндө орнотулган видеокамерага тартылып алынган. Булак: youtube.com […]

Видео – Барак Обама Чикагодо коштошуу сөзүн сүйлөдү

Шейшемби кечинде АКШнын президенти Барак Обама Чикагодо элге коштошуу сөзү менен кайрылды. Дал ушул шаарда анын саясий карьерасы башталып, 2008-2012-жылдардагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктоолорду ушул жерде кабыл алган. «Мен […]

Улюкаевдин жарым миллион рублга бааланган мүлкү камакка алынды

Орусиянын Тергөө комитетинин өтүнүчү менен сот коррупцияга айыпталган мурдагы экономиканы өнүктүрүү министри Алексей Улюкаевдин жарым миллиард рублга бааланган байлыгын жана 15 кыймылсыз мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу мекеменин төрага орун […]

Европалык саясатчылар Трампты «Путин менен чоң келишим түзүүдө» сак болууга чакырышты

Европалык саясатчылардын тобу «Вашингтон пост» гезитине АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка жолдонгон кайрылуусун жарыялашты. Анда алар Кошмо Штаттарды Орусия менен «чоң келишим» түзүүдө сак болууга чакырышты. Каттын авторлору Орусия президенти […]

Жон Керри сексуалдык азчылыктарды басмырлоо үчүн кечирим сурады

Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри мурда сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн Мамлекеттик департамент тарабынан басмырлангандыгы үчүн ЛГБТ-коомчулугунан кечирим сурады. «40-жылдары жана андан кийинки он жыл ичинде кызматкерлерин салттуу эмес сексуалдык ориентациясына […]

Трамптын жеңишинен кийин орус миллиардерлеринин байлыгы өстү

Дональд Трамп АКШ президенти болгондон бери орусиялык миллиардерлердин, алардын ичинен Владимир Путин менен байланышы барлардын жалпы байлыгы 29 миллиард долларга көбөйгөн. Бул тууралуу Forbes журналы жазды. Элден мурун Геннадий Тимченконун […]

Чеченстанда башкы редактор менен парламент төрагасынын ортосундагы жаңжал уланууда

«Кавказ түйүнү» интернет-басылмасынын башкы редактору Григорий Шведов Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудовго арызданып, Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Бул тууралуу РБК билдирүүдө. 4-январда Даудов Инстаграм баракчасына Шведовду опузалаган билдирүү жазып, «Кавказ […]

Москвада полиция Өзбекстандын жаранына баласын кайтарып берди

Москвада полиция Өзбекстандын жараны Нилуфар Мамасаидовага бир жаштагы баласын кайтарып берди. Укук коргоо органдары документтеринин жок экендигине байланыштуу 26-декабрда апасын камап, наристени өздөрү алып калышкан болчу. Адвокат жана укук коргоочу […]

Асад Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Сириянын президенти Башар Асад эгер оппозиция өкүлдөрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашса, өз өкмөтү бардык маселелерди талкуулоого даярдыгын билдирди. Асад мындай оюн француз журналисттери менен болгон маегинде айткан. Ал өкмөттүк […]