Жума, 10 Июль, 2020 - 15:06
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

Видео – Акылбек Жапаров: “Армения акыркы 2 жылда бюджетинин киреше бөлүгүн $1 млрд көбөйттү, биз болсо артка, 2017-жылдын бюджетине кайтып келдик”

“Эмне үчүн биз милицияга акчаны көбүрөөк бөлсөк да ДТП азайбайт? Же ооруканаларга акча берип жатабыз, мына 636 ИВЛ аппаратынын ордуна 400 эле аппарат иштейт экен. Эмне үчүн 236 аппарат иштебейт […]

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 15 тонна өрүк кармалды

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районунда “Х.Д.Э.” аттуу Кыргыз Республикасынын […]

УКМК ККК: «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматынын материалдары боюнча «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын бир катар жоопту кызмат адамдары тарабынан жасалган коррупция жана ири көлөмдө […]

Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын төрагасы: “2019-жылы Улуттук банк 2 млрд 526 млн киреше тапты, бирок ал киреше өкмөткө которула элек”

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитет жыйыны өтүүдө. “2019-жылдагы Улуттук банктын кирешеси өкмөткө которулуп берилдиби?”, – деп депутат Руслан Казакбаев суроо узатты. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун […]

Видео – Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Биз алтын кен-байлыктарыбызды арзан баадагы буюмдарга же түстүү мончокторго саткан африкалык мамлекет эмеспиз”

“Акыркы 25 жылда чет элдик компаниялар алар менен түзүлгөн келишимдерде кен чыккан жерде алтын иштетүүчү заводдорду куруу милдети так көрсөтүлгөнүнө карабай,  күнү-түнү элдин, мамлекеттин кен-байлыктарын эч көзөмөлсүз руда түрүндө ташып […]

Эмне үчүн премьер Игорь Чудиновдун 2009-жылдагы тоо-кен тармагын талкалаган токтомун 2010-жылдан кийинки жаңы бийликтин премьерлери Атамбаев, Сариевдер өзгөрткөн эмес?

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралында 41-буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 7-пунктунда Жерүйдүн баланстагы алтын запасы 80 тонна болгон. 2016-жылы 88 тоннага өскөн. Эми ошол өскөн 8 тонна алтындын дүйнөлүк рыноктогу азыркы […]

Видео – Бахадыр Сулейманов: “Жол салууга консультация берди деп бир компанияга $2 млн төлөпсүңөр, бирок ишиңер алга жылбайт, анда эмнеге консультация алдыңар эле?”

Кечээ, 12 – июндагы Жогорку Кеңештин “Ата – Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында Маданият айылынан Жалал – Абад шаарына чейинки автомобиль жолунун 67 чакырым тилкесинин курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу […]

Түркмөнстан 2019-жылы Орусияга 300 миллион долларга газ сатты

Орусия 2019-жылы 300 миллион долларга түркмөн газын импорттоду. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги Орусиянын Ашхабаддагы элчиси Александр Блохинге шилтеме берүү менен билдирди. 2019-жылы июлда Түркмөнстан газ жеткирүү боюнча Орусия менен беш […]

Кыргызстанда АКШ доллары бир суткада 30 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда АКШ доллары бир суткада 30 тыйынга кымбаттады. Биздин сом менен 75 сомго жетти. Бүгүн, 12-июнда доллар 74-74,2 сомдон сатып алып, кайра 74,9-75 сомдон сатышууда. Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери туруктуу […]

Айбек Бусурманкулов: “Жерүй” алтын кени боюнча Кыргызстан менен инвестордун ортосундагы Башкы келишим түзүлгөн эмес!

2015-жылы Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда $5 млрд алтыны бар Жерүй алтын кенин Бабанов ээрчитип келген Россиялык чечен бизнесмендерине $100 млн акчага, Кыргызстанга алтындан 1% үлүш калтырбай сатып, […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы жашылча-жемиш өстүрүүчү фермердик чарбанын ишмердиги менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районундагы фермердик чарбага барды. Чарбанын жетекчиси Акбарали Холбеков жумуш менен 26 адам камсыз болуп, чарбанын аянты 2.1 гектарды түзөөрүн маалымдады. Ар түрдүү […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы экспортко багытталган жана түшүм жыйноо мезгилинде миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай алган ири мөмө-жемиш багын көрүп чыкты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Араван районунун Найман айылындагы экспортко багытталган жана түшүм жыйноо мезгилинде миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай алган ири мөмө-жемиш багын көрүп чыкты. Жергиликтүү […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районундагы ирригация түйүндөрүн жакшыртуу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө […]

Видео – Кожобек Рыспаев: “Өлкөгө жыл сайын 600 миң даанадан ашык эски дөңгөлөктөр кирип сатылууда, бирок казынага 1 тыйын төлөшпөйт”

Депутат Кожобек Рыспаев бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эки маселени көтөрдү. Биринчиси өлкөдө сатылып жаткан эски дөңгөлөктөр. Экинчиси англис жана кытай тилинде жазылып жаткан жарнактар. “Бизде эски дөңгөлөктөр сатылып […]

Коронавирустан жапа чеккен «Ишкердик субъекттерди каржылоо» Программасы бекитилди

«Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасы бекитилди. Тиешелүү токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган. «Ишкердик субъекттерди […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ошто электробустарды чыгара турган автокуруу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай турган жана  электробустарды чыгара турган  «Кыргыз Унаа Курулуш» заводуна барды. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы […]

Республикалык штаб: Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл

Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчет берип, эң актуалдуу […]

Видео – Айдоочу: “Абу-Сахийдин” жүгү шыр эле өтүп жатат

Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда. Булак: […]

Видео – Нарындыктар менен Кочкорлуктар Кумбел жайлоосун талашып, чыр чыкты

Кечээ, 5-июндан бери Нарын облусунун Нарын районунун тургундары жол тосуп, Кочкор районунун чабандарын эзелтен бери пайдаланып келе жаткан Кумбел жайлоосуна өткөрбөй жатышат. Административдик бөлүнүү боюнча Кумбел жайлоосу Нарын районуна карап, […]

УКМК: “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилери тендерлерден 15% “откат” алып турушкан, 4 чиновник камакка алынды

КР Коопсуздук Кеңешинин мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана демонстрациялоого багытталган чечимдерин ишке ашыруунун алкагында, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузган […]

Депутат Токтошев ЕАЭБдеги Кыргызстандын укуктарын кайра карап чыгууну сунуш кылды

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө болгону менен анын экономикалык таасири билинбей жатат. Мындай пикирин 5-июнда өтүп жаткан парламенттик талкууда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы, депутат Эмил Токтошев билдирди: «Андыктан, […]

Видео – Каныбек Иманалиев: “Экономиканын жылдык өсүшүн 8%дан жогору кылыш үчүн 5 жылга жакын убакыт талап кылынат”

“Экономиканын жылдык өсүшүн 8%дан жогору кылыш үчүн 5 жылга жакын убакыт талап кылынат” – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Каныбек Иманалиев бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угууда. ” Ал […]

Бир эле кылмышы менен мамлекеттик бюджеттен 166 млн сом уурдаган «Түндүк» темир жол бажысынын экc-башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды

«Түндүк» темир жол бажысынын экc-башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечимди 3-июнда борбор калаанын Октябрь райондук соту чыгарган.  Эске салсак, Нурбек […]

Өкмөт мамлекеттик кирешени көбөйтүш үчүн майнинг тармагына салык салууну сунуштайт

Өкмөт мамлекеттик кирешени көбөйтүш үчүн майнинг тармагына салык салууну сунуштайт. Бул тууралуу 3-июнда парламент жыйында Экономика министрлигинин өкүлдөрү билдирди. Майнингдин мааниси, атайын түзүлгөн майнер программасы аркылуу (майнер) өз ара байланышкан […]

Видео – Эл керегине жараган “Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал”

Алыскы Ат-Башы районунда тоонун көк кашка суусун аймактын бир нече айылдарына тартып, 6000 гектар жерди суугарган “Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал” бар. 1998-жылы катардагы бизнесмен Камчыбек Жолдошбаевге Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн, […]

Жогорку Кеңеште жаңгак плантациялары тууралу мыйзам долбоору сынга алынды

Парламенттин депутаттары айыл жашоочуларына жаңгак өстүрүү чарбасын өз алдынча өнүктүрүүнү сунуш кылышууда. Жогорку Кеңеште жаңгак өндүрүү чарбасы боюнча мыйзамдарды оңдоп-түзөө талкууга алынууда. Такталгандай, дыйкандар жаңгак өстүрүүдө Улуттук илимдер академия тарабынан […]

Видео – Аалы Карашев: “Улуттук банк $2,5 млрд резерв кармап, улуттук акчабыз – сомдун курсун түшүрбөй келе жатканы – бул чоң искусство”

Депутат Аалы Карашев акыркы 3 жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү канча экенин сурады. Бүл тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы […]

Кыргыз Республикасында бажылык башкарууга маалыматтык системаны киргизүү пландалууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн бажылык башкаруусуна ASYCUDA маалыматтык системасын киргизүүнү пландап жатат. Программалык продуктуну киргизүүнүн тажрыйбалык кадамдары 2020-2022-жылдар аралыгында Өкмөттүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине караштуу Салыктык жана бажы жол-жоболорун […]

Өкмөт: Казак бизнесмени Ерлан Оспанов менен премьер-министр Абылгазиев эмес, вице-премьер Эркин Асрандиев жолуккан

2020-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен […]

Айрым товарларды Кыргызстандын аймагына ташуу үчүн нөлдүк коюм жыл аягына чейин узартылды

Айрым товардык позицияларды Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташуу үчүн бажы алымдарысыз ташуу үчүн нөлдүк коюму 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Чечим 2020-жылы 1-январда түзүлгөн укуктук мамилелерге […]

Ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөө токтотулду

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлкеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ишкердик субъекттерине карата банкроттук процессин демилгелөөнү 2021-жылдын 1-январына чейин токтотту. […]

Видео – Төрөбай Зулпукаров: “Коронавируска байланыштуу азыр бюджеттин киреше бөлүгү 32 млрд сомго азайды, дефицит 27 млрд болчу”

“Өкмөттө мыйзамдарды демилгөлөөдө бирдиктүү саясат жок. Бир министрлик демилгелеген мыйзамга экинчиси каршылык көрсөтөт. Азыр коронавируска байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгү 32 миллиардга азайды, ошондой эле бүгүн бюджетибиз 27 миллиард сомго дефицит […]

Видео – Асылбек Жээнбеков: Эркин экономикалык аймактардагы чет элдик ишканалар продукция өндүрбөсө, жумуш орундарын түзбөсө, салык төлөбөсө кубалап айдап чыгыш керек”

“Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактар боюнча мыйзам өзгөрүүгө муктаж. Чет элдик компаниялар менен эркин экономикалык аймак убагында келишим түзүп жатканда мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон келишим түзүлгөндө азыркыдай абал түзүлбөйт эле. Мамлекеттин кызыкчылыгы […]

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева: Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады

«Кыргызстан тышкы карыздарды төлөө маселесин чечүү боюнча алгачкы кадамдарын жасады», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын каржы министри Бактыгүл Жеенбаева  кечээ болуп өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку […]

Видео – Канат Исаев: “Дордойдо” 1 контейнер жылына казынага 120 миң сом төлөйт, ал эми 346 гектар аянт бөлүнгөн “Бишкек” эркин экономикалык аймак болгону 60 миң сом төлөйт экен”

“Бишкек” эркин экономикалык аймагы кызматкерлеринин саны негизсиз көбөйтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында “Бишкек” эркин экономикалык аймак тууралуу маселе каралып жатканда айтты. “Бишкек” эркин экономикалык аймак 300 миллион сомдон […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл

Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ушундай сунуш менен бүгүн, 28-майда, учурдагы түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө […]

Радио жыштыктарды сатуудагы ызы-чуулар ​​жөнүндө эмнелер белгилүү?

Өткөн аптада Кыргызстанда дагы бир жаңжал тутанды. Жогорку Кеңештин депутаттары радио жыштыктарды сатылышына кызыгышты. Бир нече күн мурун бир нече укук коргоо органдары Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК […]

Видео – Жанар Акаев: “Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек”

Турак-жай кодексинен көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга тыюу салган норманы алып салыш керек. Бул тууралуу, бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекет экспортко багытталган айыл чарба ишканаларына колдон келишинче көмөк көрсөтүүнү улантат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Москва районундагы чанактуу дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген «Дан Агропродукт» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкананын […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков: Өлкөнүн фармацевтикалык өнөржайынын жакшы потенциалы бар, аны андан ары өркүндөтүү керек

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында фармацевтикалык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мамлекет башчысы Сокулук районундагы башка дары-дармектер жана […]

Ташкент “Өзбекстан аба жолдорун” чет өлкөлүк башкарууга берүүнү пландоодо

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жарандык авиация рыногуна жаңы авиакомпанияларды тартуу жана “Uzbekistan Airways” ачык акционердик коомун чет өлкөлүк башкарууга берүү маселесин талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. Жыйында карантиндик чектөөлөргө байланыштуу жергиликтүү […]

Кыргызстанда доллардын курсу 2 айга чукул убакыттын ичинде 10 сомдон ашык төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы төмөндөдү. Бүгүн, 26-майга карата Улуттук банк доллардын курсун 73 сом 64 тыйын деп аныктады. Ал эми жеке менчик банктарда бир доллар 73 сом 80 тыйындан […]

Түркия-Кыргызстан багытында Казакстанды айланып өткөн жаңы жүк ташуучу каттам ачылды

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда темир жол жана автоунаа жолу менен жүк ташуучу жаңы каттам ачылды. Ал Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Түркия багытында болуп, Казакстанды айланып өтөт. Бул тууралуу Соода палатасынын өкүлү, «USB Transit» фирмасынын […]