Жекшемби, 23 Февраль, 2020 - 9:39
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ЭКОНОМИКА

“Акылдуу” эсептегичтердин акылсыз иштери

«Улуттук энергетикалык хол­динг» компаниясынын өкүлдөрү акылдуу эсептегичтерди коюу менен электр тогун уурдоо 11 пайызга төмөндөдү деп мактанып жатканы менен, электр тогун эсептегичтердин туура эмес иштеп жаткандыгын айтып, жарандар нааразы болушкан. […]

Улуттук банкта уят барбы?

Өзгөчө ыкмалары бар укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров коомчулук мындан 2-3 ай мурун катуу талкууга алып, бирок жыйынтык чыкпагандан улам унутулуп бараткан маселени кайрадан эске салды. Ал үчүн ага рахмат айтышыбыз […]

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл

Республика боюнча токойлордун мыйзамсыз кыйылышына бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2016-жылды […]

Алмаз Атамбаев: “2010-жылы Казакстан бизге 1,5 ай блокада жасаганда бизде адам курмандыктары да болгон”

Euronews: Мырза Атамбаев,  Сиздин өлкө Евразиялык экономикалык бирикменин мүчөсү болду. Сиз бул бирикме баарынан мурда Россиянын кызыкчылыгын көздөйт деп эсептебейсизби? Акырында Лукашенко айткандай Беларусия сыяктуу Кыргызстан да ара жолдо калбайбы? […]

Алмаз Атамбаев: “Мен президент болгондон кийин бажы төлөмдөрүн жыйноону 3 эсеге көбөйттүк, Америка же башка бизди сындаган мамлекеттер ушундай иштей алабы?”

Алмаз Атамбаев 16-февралда Белгиядагы сапарынын алкагында Euronews маалымат агенттигине маек берген: Euronews: Кыргызстанда чечилбеген көп көйгөйлөр бар, мисалы, коррупция. Эл аралык Transparency International уюму жылдык Коррупция индексин жарыялады. Анда Кыргызстан […]

Түркиялык ишкерлер Жалал-Абадда иш алып барууга кызыкдар

Өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Түркиянын Анталия шаарында жайгашкан Merkez anadolu kimya компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эки тараптуу кызматташуу жаатында өткөн жолугушууга Түркиянын […]

Өзбекстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө бекер жөжө берилүүдө

Жизак облусунун Зафарабад райондук администрациясы аз камсыз үй-бүлөлөргө 20дан жөжө берүүдө. Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, алар демөөрчүлөрдүн акчасына сатылып алынган. Элдин үй канаттууларын көбөйтүүгө болгон кызыгуусун арттырып, аларды материалдык жактан колдоо […]

Улукбек Кочкоров, экс-депутат: “Электр тармагынан жылына 40 миллион долларга чейин акча уурдалат”

— Тилекке каршы айлык акы жогорулабай, эл барган сайын жакырланып кетип жатат. Эгерде биз чет өлкөдө баа мынча экен деп алардын алган айлык маянасын карабай туруп, тарифи мынча экен деп салыштырып […]

Шадыбек Бакыбеков, коомдук ишмер: “Токтогул ГЭСинде 14 млрд суу бар болсо эмне үчүн электр энергиясы арзандабайт?”

— Энергетика маселеси элдин көйгөйүнө айланган чоң маселе болду. Кыш суук болуп, көмүрдүн баасы дагы көтөрүлүп жатат. Баткен областында көмүрдүн килограммы 7 сомго чейин көтөрүлдү. Жалпы элдин турмушу күндөн күнгө оор […]

Аскер Сакыбаева, журналист: “Кайра эле бийликтин башын жутуп кете бериши мүмкүн”

-— Негизи энергетикадагы көйгөй 25 жылдан бери чечилбей келе жатат. Үстү-үстүнө үйүлүп маселе көбөйүүдө. Энергетика маселеси кыргыз бийлигинин туруктуулугун ченей турган дагы барометр болуп калды. Ушул энергетиканын баасынын өйдө ылдый болушу, […]

Чыныбай менен Дастандын “Арак долбоору” артка тебилди

Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жалпы олтурумунда депутаттар Дастан Бекешов, Чыныбай Турсунбеков, Азиз Турсунбаевдер демилгечи болгон “КРнын салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору четке кагылды. Ал мыйзам долбоорунун […]

Бакыт Төрөбаев: Премьер-министрге үч суроом бар

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-февралда парламенттик жыйында өкмөткө бир катар суроо койду. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында биз ЕАЭбге кирүүнүн жыйынтыктарын жана экономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү боюнча маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын […]

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “Учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын турат”

Электр жарыгы кымбаттайт экен, эл чырак менен жашайбы? Акылдуулар ар дайым элдин эсебинен жашап келгени ырас. Таңгөрүнүкү эми замандын “акылдуу эсептегичтери” дагы карапайым калктын канын кактабай соро башташыптыр. Кайда барба […]

Украинада электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө башташы мүмкүн

Украина энергетикалык тармагына өзгөчө абал киргизилгендигин билдирди. Буга байланыштуу өкмөт өлкөдөгү электр колдонуу көлөмүн кескин азайтуу максатында электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү чараларын көрүп башташы мүмкүн. Чечим өкмөттүн 15-февралдагы жыйынында […]

Өзбекстандагы алгачкы жеке банктын негиздөөчүсү эркиндикке чыкты

Өзбекстандагы алгачкы жеке банк — «Рустамбанктын» мурдагы ээси, 69 жаштагы Рустам Усманов 19 жыл абакта отургандан кийин эркиндикке чыкты. Ишкер 1998-жылдын октябрында экономикалык кылмыштарга айыпталып 14 жылга соттолгон. 2012-жылы бийлик […]

Жалал-Абадда айыл чарбасынын адистери менен фермерлеринин семинар-кеңешмеси өттү

Бүгүн, 15-февралда өкүлчүлүктүн аппаратынын чоң жыйындар залында КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан областтын айыл чарбасынын адистери, фермерлери менен дыйкандары үчүн атайын семинар-кеңешме болуп өттү. Семинар-кеңешменин ишин өкүлдүн биринчи […]

Тажикстанда инвесторлор салыктардын жогору экенине нааразы болушууда

Тажикстандагы ондогон ири жана чакан компаниялар  текшерүүлөрдүн көптүгүнө жана салыктын жогору экенине даттанып, Европа биримдигинин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылышты. «Бизге болжол менен 35 европалык компаниялар менен уюмдар кайрылышты. Алар каржы инспекцияларынын […]

Дүйнөлүк банк: Тажикстанда жаштардын 40% жумушсуз

Дүйнөлүк банк Тажикстанда жаштардын 40% жана аялдардын 27% жумушсуз экенин жарыялады. 14-февралда жарык көргөн иликтөөгө ылайык, жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси эмгек рыногундагы талапка жооп бербейт. Тажикстанда калктын саны өсүүдө […]

Айыл чарба министрлиги : Жазгы талаа иштерине насыя берүүгө 7 млрд сом каралып, мал чарбачылыкка жана өсүмдүк өстүрүүгө – 10%, экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө –6% менен насыя берилет

«Жазгы талаа иштерине карата насыя берүүгө быйыл 7 млрд сом каралган. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 3 багыт боюнча үч жылдык мөөнөткө (36 ай): мал чарбачылык тармагы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн – […]

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Өндүрүш өнүкмөйүнчө – өлкө өнүкпөйт”

Улугбек Ормонов мырза кыргыз өндүрүш тармагы, өзүнүн жеке жашоосу тууралуу буларды айтты.  –Улугбек мырза, канча жыл “Дастан” заводунда иштеп, кыргыз өнөр жайына эмгек сиӊирген ишмер катары айтсаӊыз, азыркы биздин өнөр […]

Видео – Тажикстан килемсиз калды

Жакында Тажикстан бийлиги ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өлкөгө килем алып кирүүдөгү бажы алымдарын жогорулаткан. Бирок мындай чаралардан улам өлкөдөгү соода жайларда килемдер кыйла азайып кетти. Буга чейин Дүйшөмбү базарларында Ирандан, […]

2010-жылы Максим Бакиевдин жанында туруп электр тарифтерин кымбаттаткан Айбек Калиев бүгүн Атамбаевдин жанында туруп кымбаттатып жатат

Январь айына карата карапайым калктын электр энергиясына болгон төлөм баалары эки эсеге дейре көтөрүлүп, ашыкча жазылып келгени кандай? Бийликтин калктын жонунан кайыш тилүүгө бол­гон мындай кас саясатына ачууланган миңдеген бишкектик […]

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты: «Электр энергиянын баасын көтөрүп жиберүү жакшылыкка алып келбейт»

— Мирлан Ысакбекович, электр энергиясынын тарифтери боюнча баш аламандыкты улам жыйында көтөрүп жатасыз. Кандай баш аламандыктарды байкап жатасыз? — Жогорку Кеңеш тарифти аныктоо боюнча саясатты өкмөткө мыйзам менен өткөрүп бергенбиз. Ошондон кийин […]

Түркмөнстанда шайлоо алдында экономикалык каатчылык байкалууда

Түркмөнстанда президенттик так үчүн 9 талапкер жарышка түшүүдө, бирок мамлекеттик телеканалдар учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кампаниясын кеңири чагылдырып жатышат. Бул тууралуу Eruasianet.org сайты жазды. Өлкө башчынын талапкерлигин президенттен белек алган […]

Алмазбек Ногойбаев кызматтан алына турган болуп жатат

Кирешелүү ишканалардын сап башында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы турат. Бул жерге жетекчи болуп барсам дегендердин эки көзү төрт. Кызылдай эле акча жыттанган жер. “Дыйкан” базарынан эле миллиондогон акчалар агылып […]

Соңку 25 жылда биринчи жолу Ташкент-Дүйшөмбү аба каттамы ишке ашты

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 10-февралда Эл аралык Дүйшөмбү аэропортунан Ташкентке учуп барды. Эки өлкө ортосундагы аба байланыш чейрек кылым мурун токтогон. Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча жүргүнчүлөрдү каттоо жергиликтүү убакыт боюнча […]

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы 10-февралда жанданат

Жума күнү “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын лайнери Дүйшөмбүдөн Ташкентке алгач ирет учуп барат. Эки өлкө ортосундагы аба каттамы 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон. Ташкент-Дүйшөмбү багыты боюнча чейрек кылымдан берки биринчи каттам үчүн […]

Бажыдагы миллиондор

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алды. Кытайдын расмий органдары 2015-жылы Кыргызстанга экспорттолгон товар 4 млрд 280 миллион доллардан ашканын көрсөткөн. Ушул эле жылы Кыргызстан Кытайдан […]

GM Uzbekistan автозаводу Орусияда автоунаа курашы мүмкүн

Орусия базарынан кеткен америкалык General Motors компаниясы GM Uzbekistan туунду ишканасынын жардамы менен кайра ишмердүүлүгүн жүргүзүп башташы мүмкүн экенин орусиялык ММКлар кабарлоодо. Айрым маалыматтар боюнча GM Uzbekistan Черкесктеги Derways заводу […]

Финансы министрлиги Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча иштерди каржылоону улантат

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоо жана оңдоо боюнча жумушчулардын айлык акыларын төлөөнү жакынкы күндөрү каржылай баштайт. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Каржылоо Кыргыз Республикасынын Транспорт […]

Путин «Түрк агымынын» курулушу тууралуу макулдашууну ратификациялады

Орусия президенти Владимир Путин «Түрк агымы» газ куурун куруу боюнча макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу 7-февралда Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти. Орусия менен Түркия ортосунда кеминде 30 жылга түзүлгөн келишимде 1100 […]

Түркмөн банктары картадан акча чыгарууда жаңы чектөөлөрдү киргизди

Түркмөнстан банктары өлкө ичинде жана тышында пластик карталардан накталай акча алууга чектөө киргизип, тейлөө наркын жогорулатты. 6-февралда киргизилген жаңы тартипке ылайык, бир суткада картадан 250 доллардан ашык акча чыгарууга болбойт. […]

Кассалык-көзөмөл машиналарын ишкерлерге бекер таратуу аркылуу экономика чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды азайтуу сунушталды

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Мамлекеттик салык кызматы баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин онлайн режиминде маалыматтарды берүү усулу менен кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) колдонуу […]

Депутат Кожобек Рыспаев: ««Акылдуу электрэсептегичтерди» киргизген кызмат адамдарын жоопко тартыш керек»

«Акылдуу электрэсептегичтерди» колдонууга киргизген кызмат адамдарын жоопко тартыш керек. Анын колдонулушуна нааразы болгон жарандар улам арбып барат. Алар «акылдуу эсептегичтердин» туура эмес эсептегенине жана инспекторлордун аны сатып алууга мажбурлап жатканына […]

Бүгүн өкмөттө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча жумушчу жыйын өттү

Бүгүн, 7-февралда, КР Өкмөтүндө Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган программанын маанилүүлүгүн белгилеп, […]

Өткөн жылы казак теңгеси бекемделди

Өткөн жылы Казакстандын улуттук валютасы алты пайызга бекемделди. Бирок жалпысынан алганда 2014-жылдан 2016-жылдын декабрына чейин төмөндөө 21 пайызды түзгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, 2016-жылы теңге […]

Кудайы сураганды өнөр кылган Кыргызстан өнүгөбү?

Каржы министрлиги 2016-жылдын жыйынтыгы ме­нен республикалык бюджет 20,9 миллиард сом тартыштык менен аткарылганын билдирди. Бюджеттин жалпы кирешеси 115 млрд. 771 млн. 339,3 миң сом болсо, чыгашасы – 136 млрд. 697 […]

Видео – Балыкчы-Корумду жолун куруучу 621 киши 3 айдан бери айлык алалышпайт

Темир Сариев баштап кеткен Балыкчы-Корумду жолун куруп жатышкан 621 жумушчу акчанын жоктугунан 3 айдан бери айлык алалышпайт. Көрсө жол курулуш иштери каржы булактары жок эле башталып кеткен экен. Өз убагында […]

Сарымсак сугат тармагы толук бүткөрүлсө, Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча 2000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт

Бүгүн, 7-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «2016–жылдын 5–сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо […]

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Экономикадагы кыйынчылыктар дагы алдыда”

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы уюштурган “Жай олтуруп баарлашуу” долбооруна бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров менен Экмат Байбакпаев жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков катышты. Алар ЕАЭБ […]

Түркмөнстанда шайлоо алдында азык-түлүк бааларын көзөмөлдөө күчөдү

Түркмөнстанда салык кызматынын өкүлдөрү соода борборлорун кыдырып, азык-түлүктөрдү өкмөт бекиткен – арзан баада сатууга мажбурлап жүрүшкөнүн соодагерлер билдиришүүдө. Бир нече жылдан бери Ашхабад базарларында “кош баа” өкүм сүрүп келет. Азык-түлүктөрдүн […]

2016-жылы Кыргызстандын карызы 300 млн долларга өскөн

2016-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 105,44 млн АКШ долларын же 284 млрд 220,13 млн сомду түздү. Мындай маалыматтарды өлкөнүн Каржы министрлиги келтирди. 2015-жылдын аягына карата мамлекеттик карыз […]

ВСП+ жеңилдетилген макамынын артыкчылыктарынан улам ата мекендик өндүрүшчүлөр 2016-жылдын 11 айында Европа биримдигине кирген өлкөлөргө 68 млн доллардык товар экспорттоду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйында талкууланган Европа союзунун Кыргыз Республикасына берген ВСП+ макамынын ээфективдүүлүгү тууралуу көтөрүлгөн маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Кыргыз Республикасынын расмий статистикасына ылайык, 2016-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча […]

Туризмди өнүктүрүү үчүн армян премьеринин үй-бүлөсү 500 миң доллар бөлөт

Өкмөт чоңдугу боюнча Армениянын экинчи шаары эсептелген Гюмриде туризмди өнүктүрүүнү пландоодо. Өлкөнүн премьер-министри Карен Карапетяндын айтымында, шаарда атайын фонд түзүлөт. Ишкерлерди фондго акча которууга шыктандыруу үчүн өкмөт башчы анын үй-бүлөсү […]

Нарында электр баасына нааразылар митингге чыкты

Нарында электрдин баасына байланыштуу акция өтүүдө. “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, ушу тапта облустук акимчиликтин алдында 50 чакты адам чогулуп турат. Алар электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну талап кылууда. Жаратылыш шартына […]

Талас облусу 2016-жылы дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода байланышын түзүп, экспорттун көлөмүн 1 млрд. 222 млн. сомго жеткирди

Бүгүн Талас шаарынын А. Огомбаев атындагы музыкалык мектептин чоң концерттик залында облустун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгына  арналган   чоң салтанаттуу жыйын болду. Ага облустагы шаар- райондордун жетекчилери,    айылдык, шаардык кеңештердин жаңы […]

Өзбекстан пахта теримде балдар эмгегин пайдалануудан баш тартты

Эл аралык эмгек уюму өз байкоолоруна таянып, Өзбекстан пахта теримде балдар эмгегинен баш тартканын билдирди. Уюм баяндамасында айыл чарба жана билим берүү тармагында мониторинг жүргүзгөн маалда мурагыдай өспүрүмдөр оор ишке […]

Пекинге жаңы жолдун не кереги бар?

Кытай Европага Казакстан менен Россияны айланып өтө турган темир жол маршрутун салууну көздөөдө. Негизги транзиттик держава ролунда чыгып жүргөн бул өлкөлөр күтүүсүздөн транспорттук курулуш коридорунан сыртта калып отурат. Пекин Европага […]

Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү азайды

Былтыр он бир айда Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 16,7 % кыскарган. Бул тууралуу  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште биримдикке мүчө болгондон кийинки жагдайга түшүндүрмө берип жатып айтты. Маалыматка […]

Видео – Депутаттар СДПКчы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн ишине нааразы

Бүгүн, 2-февралда КР Жогорку Кеңешинде өкмөтүк саат болуп, өкмөт депутаттардын алдында Кыргызстандын ЕАЭБге кошулгандан кийинки абалы боюнча отчет берди. Депутаттар өкмөттүн иштей албай жатканын фактылар жана цифралар далилдешип, СДПКчы премьер-министр […]