Жекшемби, 16 Июнь, 2019 - 21:13
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Женевада кыргыздардын катышуусу менен Эл аралык Эмгек уюмунун 108-мааракеси өтүп жатат

Кечээ, 10-июнда, Женева шаарында, Эл аралык Эмгек уюмунун 108-мааракелик жыйыны башталды. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Женевадагы Туруктуу Өкүлчүлүгү билдирет. 21-июнга чейин улана турган ири иш – чарага, Кыргыз Республикасынан келген делегация […]

Текебаев: Азыркы тергөөчүлөр мыйзамды түшүнбөйт

«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Аида Салянованын камакка алынышы боюнча өз оюн билдирди. Анда Текебаев “Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын, башкы прокурорду кылмыш жообуна тартууга парламент […]

Бийлик Атамбаевге каршы көрсөтмө алыш үчүн бейкүнөө адамдарды камап жатабы?

Артур Медетбеков, генерал-майор: – Бүгүнкү күндө Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинен чоң саясат издебеш керек. Балким камакта жаткан күбөлөр Атамбаев өзү айткандай ага каршы көрсөтмө берип, Атамбаевдин өзү да […]

Райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн 40 жетекчисине сөгүш жарыяланды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул жылдын I кварталдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, анда райондук агрардык өнүктурүү бөлүмдөрүнүн бардык 40 жетекчисине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аталган министрликтин […]

Абдрахманов Атамбаев менен соттошууга даяр

Эл ичинде “КСДП партиясын бийликтин кубаттоосу менен тартып алды” деген мурдагы Чүй облусунун губернатору Сагынбек Абдрахманов КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр экенин дале болсо айтып келет. Артында түрткүнчөгү бар […]

Атамбаевдин жеке таарыныч менен өткөргөн митингине кыскача сүртүм…

Өткөн ишемби, 8-июнь күнү экс-президент башында турган «Форум» тараптагылар «Унчукпай турба! Үн кат!» аттуу тынчтык митинг өткөрүштү. Митингдин аталышына күлкүң келет. Туура, демократия бар өлкөдө ар бир жаран өз пикирин […]

WSJ: Ким Чен Ындын өлтүрүлгөн агасы ЦРУга маалымат берип келген болушу мүмкүн

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Малайзияда өлтүрүлгөн аталаш агасы Ким Чен Нам АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) маалыматтарды берип келген болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити […]

Балыкчыда оодарылган батуттан балдар жабыркап, бири реанимацияда

Балыкчы шаарында 9-июнда катуу шамалдан улам балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кетти. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын бештеги эжесинин буту сынганы кабарланууда. Ооруканага жалпысынан бул күнү […]

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн камакка алынат

9-июнда Ооганстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөнүн футбол федерациясынын мурдагы президенти Керамуудин Каримди камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Ал улуттук кыз-келиндер курамасынын оюнчуларына ыдык көрсөткөн деп айыпталууда. Ушул эле күнү […]

Зайырбек Ажыматов, акын: “Коррупцияга каршы митинг уюштуруп, өзүңөр менен өзүңөр күрөшмөк белеңер..?”

—Коррупцияга каршы митингдерди, кыймылдарды, демилгелерди МЫНА, БИЗ – жаңы конуштарда 15-20 жылдап алачыктай үйүн эптеп бүтүрө албай, ак мээнет менен тапканы курсагынан ашпай, этегин тартса башына, башын тартса этегине жетпеген […]

Кыргызстанда активисттер депутаттардын санын азайтууга кол топтоп жатышат

Кыргызстандык активисттер Жогорку Кеңештеги депутаттардын санын 120дан 35ке азайтууну талап кылып, онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhаngе.оrg платформасында жүргүзүлүүдө. Кол топтоо боюнча Алена Хоменко аттуу жаран демилге көтөрүп, ал парламенттеги […]

Анжиян: президенттин сапары алдында «үй берилген» тургундар бийликтин басымына кабылууда

Президент Шавкат Мирзиёевдин Анжиян облусуна жасаган сапарынын алдында «үй берилди» делген тургундар жергиликтүү бийликтин басымына кабылууда. Алардын бири 35 жаштагы тигүүчү Хуршида Тилляева Анжиян бийлиги тарабынан үй камагына алынгандыгын анын […]

Видео – Аида Салянованын жактоочулары маалымат жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган экс-генпрокурор Аида Салянованын жактоочулары маалымат жыйын өткөрүштү. Ага адвокат Рабига Сыдыкова менен коомдук жактоочу Асия Сасыкбаева катышып, бул […]

Видео – Равшан Жээнбеков менен Аида Салянованын Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайым айтышы

2013-жылы КР Жогорку Кеңешинин отурумунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча депутат Равшан Жээнбеков менен ошол кездеги генпрокурор Аида Салянова кайым айтыша кетишкен. Жылдардын өтүшү менен депутат Равшан Жээнбековдун […]

Идрис Кадыркулов, УКМКнын мурдагы төрагасы: “Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү дестабилизациялык фактор”

Өткөн аптанын аягында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» деген шылтоо менен митинг өткөрүп, азыркы бийликти өзүнүн «шизофреник» стилинде болушунча шыбады. Ошондогу айткан бир кызык жагдайга токтоло кетели. […]

Алматыда «автожүрүшкө» чыккан 100гө жакын адам кармалды

Алматыда 11-июнга караган түнү автоунаалар менен жүрүшкө чыккан жүзгө жакын адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты. Маалыматка караганда, дүйшөмбү кечинде Алматынын Сайран автобекетине жакын жерге төкмө акын Ринат Заитовдун […]

Элдар Аттокуров: ” Батукаевди бошотууга тиешеси бар укук-коргоочулар, чиновниктер экс-ажолугуна карабай өз деңгээлине жараша жазасын алыш керек!”

Өлкөнүн Баш мыйзамын 100 жолу өзгөрткөнүбуз менен менде эле болсун, калганын билбейм деген дүйнөкорлук психологиябызды өзгөртө албай келебиз! Балээнин барын Ак-Үй менен Көк-Үй эмес, Акаев баштаган экс-ажолордун үй-бүлөлүк, достук кландары […]

Ашхабадда инсулин толук өлчөмдө сатыла баштады

Түркмөнстандын мамлекеттик дарыканаларында инсулин сатуу толугу менен калыбына келтирилди. “Эркин Европанын” түркмөн кызматынын кабарчысы Ашхабадда инсулинди бир нече дарыкана сата баштаганын кабарлады.“Бүгүн таанышым майып карындашына инсулин сатып алды. Маселе жок. […]

ИИМ: Милиция ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бүгүн, 2019-жылдын 11-июнь күнү, “Кабар” маалыматтык агенттикте “ШКУнун саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу” темасында пресс-конференция өттү. Аталган пресс-конференцияга катышышты: Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Алмаз Орозалиев, Кыргыз Республикасынын […]

ЕККУ Казакстанда жарандардын «негизги укуктары» бузулганын билдирди

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары 10-июнда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти. – Кечээ (9-июнда) көчөлөрдө демонстрациянын катышуучулары, анын […]

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Атамбаев ылгабай сүйлөй берген “талантын” жоготпоптур”

—Каныбек агай, Атамбаевдин митингдеги сүйлөгөн сөзүнөн эмнени байкадыңыз? —Экс-президент катуу сүйлөдү. Расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө болгон көз карашын, жеке таарынычын өзгөчө эмоция менен билдирди. Атайын даярданып келгени көрүнүп турат. Анын үстүнө […]

Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жаткан, Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев реанимациядан чыга элек. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча […]

Өзбекстан Жакынкы Чыгыштан 3000дей жаранын кайтаруу ниетинде

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Усмонхон Алимов Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймактарда үч миңдей өзбекстандык бар экенин билдирди. Муфтий жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда алар мекенине кайтарыла турганын айтты. «Биздин […]

АШАнын аша чаап жатышы, анын психикалык саламаттыгы тууралуу күмөн ойлорду жаратат…

Акыркы убакта бир аз тынчтана түшкөн «Арашандагы» айтылуу «мультимиллионер» байкебиз «караңгы үйдө каман күркүрөйт» болуп кайрадан жандана түштү. Баамдап, байкаган адамга АШАнын «айкырыгынын күчөшү» баш кесер Азиз Батукаевдин боштондугуна байланыштуу […]

Душанбеде белгилүү тажик адвокатын түрмөдөн бошотууга каршы чыгышууда

Европа Биримдигинин Миссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн алдында каршылык акцияларынын өтүшү боюнча билдирүү таратты. 10-июнда ондогон кишилер белгилүү тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёровду түрмөдөн чыгарбоону талап кылышкан. […]

Алматыда бүгүн да адамдар кармалды

Бүгүн Алматыдагы Астана аянтында полиция кайрадан жарандарды кармап кетти. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун казак кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери 20га жакын адамды аянтта жөн гана сейилдеп жүргөндүктөрүн айтканына […]

Казакстанда аткезчилик үчүн кармалган кыргыз жарандарынын туугандары президентке кайрылышты

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты. Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, […]

ИИМ: ШКУ саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат

ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Кыргыз  Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп,  аталган иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 1000 жакын кызматкер тартылат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы […]

Кайрылуу: Адвокаттарбы же алдамчыларбы?

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Айнур Абдылдаевага. Массалык маалымат каражаттарына. Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ленин айыл аймагынын К. Жоробеков көчөсүндөгү […]

Тажикстан өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча БУУда баяндама жасайт

Тажикстандын өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча кезектеги сессиясында өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы тууралуу баяндама жасоого даярданып жатат. БУУ комитетинин сессиясы 1-июлда Женева шаарында башталат. Анда тажик өкмөтү […]

Ашхабаддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш аскерге чакырылууда

Ашхабадда 18 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш түрдө аскерге кызмат өтөөгө чакырылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, айрым аскердик комиссариат өкүлдөрү жазгы чакыруу өнөктүгү аяктаганга чейин […]

Подмосковьеде 11 жаштагы кыздын өзбекстандык мигранттан боюна бүтүп калган

Подмосковьеде 47 жаштагы өзбек жараны 4-класстын окуучусу менен бир нече жолу жыныстык катнашка барып, кыздын боюна бүтүп калган. Бул тууралуу «Комсомольская правда» гезити жазды. Басылманын маалыматына караганда, учурда 11 жаштагы […]

Атайбек Бөдөшов, КРнын Эл артисти: “Мораль, коом дегредацияга учурады. Кайда баратабыз?”

Адам баласы жаралгандан бери канча кылымдар алмашып, канча замандар өттү. Кимдердин аты калды? Кимдер эл оозунда сыймык менен айтылып келет? Негизинен чыгармачыл өнөр ээлеринин ысымдары. Алардын элибизге калтырган нарктуу сөздөрү, ыр-күүлөрү, […]

КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бош кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы […]

Өзбекстан Башкы прокуратурасы Каримовага түрмөдө кысым көрсөтүлүп жатканын четке какты

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага түрмөдө психологиялык басым көрсөтүлүп, медициналык жардам берилбей жатат деген маалыматтарды четке какты. Көзөмөл орган тараткан маалыматта «Анын ден соолугу жайында, керек […]

Некролог – Кыргызстандын эл артисти Нуртай Борбиев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Кыргыздын улуттук маданияты менен искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нуртай Борбиев 2019-жылдын 8-июнунда 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралу […]

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө 20-июнга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-июнга чейин баш калаанын негизги көчөлөрүндө митинг жана нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, каалоочулар мындай иш-чараларды Максим Горький атындагы гүлбакта […]

Некролог – Залкар драматург Мырзабек Тойбаев дүйнөдөн кайтты

Улуттук адабият менен маданият орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 8-июнунда 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, залкар драматург Мырзабек Тойбаев дүйнөдөн кайтты. Бул […]

Мирзиёевдин уулу, күйөө балдары жана небереси Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышты

Өзбекстан президентинин 10 жаштагы уулу Алишер Мирзиёев, эки күйөө баласы – Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров жана небереси Миромон Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын эмири Мухаммед бин Рашид аль-Мактум шейхтин […]

Фото – «Ташкент-Рыбачье» туристтик поезди каттай баштады

Мындан ары «Ташкент-Рыбачье» туристтик поезди Өзбек темир жолунун поезд курамы менен жумасына бир жолу каттайт. Бул тууралуу ГП «НК «Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматы билдирди. 7-июнь жума күнү аталган поезд […]

Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды

Шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султанда 500дөй киши полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев билдирди. Журналисттер үчүн өткөн брифингде Кожаев каршылык акцияларын «радикалдуу мүнөздөгү […]

Видео – Нурлан Шакиев, экс-Маданият министри: “Атамбаев кыса турган жерин кысып олтуруш керек!”

Бүгүн, 8-июнда экс-президент Алмаз Атамбаев өткөргөн коррупцияга каршы митингге мурунку Маданият министри Нурлан Шакиевдин өз комментарийин берди.    

Видео – Жаш саясатчы Мирбек Айтикеев Атамбаевдин митингинде жаштарды коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды

Бүгүн, 8-июнда экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Форум” ишканасынын алдында коррупцияга айыпталып камалып жаткан Сапар Исаков, Кубаныч Кулматов, Албек Ибраимов, Дамир Мусакеев жана башкалардын туугандарынын, тарапкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы […]

Финансылык чалгын кызматы: Айеркен Саймайити Кыргызстандан миллиондорду жеке ишкер катары товарларды жана кыймылсыз мүлк алуу үчүн которгон

 ФЧМК маалыматтары боюнча, Кытайдын жараны Кыргызстандан жеке ишкер катары миллиондорду чыгарып кеткен. Кыргызстандын финансылык чалгындообоюнча Мамлекеттик кызматы Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетүү жөнүндө алдын ала жыйынтыктарды чыгарды. Эскерте кетсек, […]

Турсунбек Акун: “Атамбаев бүгүн Батукаевге эч тиешеси жок Президент Жээнбековду “андан акча алган” деп айыптады, бул жалаасы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек”

Алмаз Атамбаевдин бүгүн 8-июнда өзү уюштурган коррупцияга каршы митингинде сүйлөгөнү боюнча комментарийлер: Атамбаев митингдин катышуучуларынын алдында сүйлөп баягы ойлонулбаган, башкалардын аброюна, ар-намысына шек келтирип басынткан сөздөрүн улантып Кыргызстандын элине такталбаган, негизи […]

Алмаз Атамбаев: “КТР баш болуп ММКлар Атамбаевдин бийлигин жамандашат, Жээнбековду апакай кылып макташат”

“КТР баш болуп баары эле Атамбаевдин бийлигин жамандашат, Сооронбай Жээнбековду апакай кылып макташат… ал кезде Жээнбековдор да менин жанымда жүрүп, мамлекеттеги экинчи адамдар болушкан” – деп билдирди бүгүн, 8-июнда Алмаз […]

Кыргыз деп күйүп-бышкан эрендерибиздин балдары кыргыз мектепте окуйбу?

Улутту улут катары сактап турган негизги өзөгү бул – анын эне тили. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону менен кыргыз тили өгөй тил сыяктуу кейиштүү абалда келе жатканы жашыруун эмес. Эне тил […]

Миргүл Урматбекова, Сузак районунун тургуну: “Күйөөмдүн ур-токмогунан майыпка айландым”

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Урматбекова Миргүл гематома оорусуна чалдыгып, баш сөөгү сынып 2-топтогу майыпка айланган. Толук сакая албай, 2-операциясына каражаты жок. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө тилемчилик кылып элден жардам сурап […]

Видео – Алмаз Атамбаев: “Булар Раимди же Икрамга окшотуп, камашат же өлтүрүшөт”

“Кубаныч Кулматов бажы башчысы болгондо бажы төлөмдөрү бир күндө он эсеге көбөйгөн. Ошондо Кулматов Сапар экөөбүзгө жыл аягына чейин элдин казынгасына 200 млн доллар түшөт деп айткан эле”, – деп […]

Абдраимовдун кызматтан кетишин айрым депутаттар да талап кылышууда

Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгынан соң айрым депутаттар анын жумуш ордун тапшырып кетишин талап кылышууда. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары Элвира Сурабалдиева, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко Абдраимовдун айымдарга […]