Шейшемби, 25 Февраль, 2020 - 11:05
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Казакстанда эмчек рагы менен ооругандар бекер текшерүүдөн өтүштү

Эмчек рагы оорусунун жайылышына каршы күрөшүүнүн алкагында 23-октябрда Казакстандын бардык онкологиялык бейтапканалары ачык эшик күнүн өткөрүштү. Аялдар менен кыздар үчүн текшерүү жана кеңеш берүү кызматтары бекер көрсөтүлдү. Алматыдагы Онкология жана […]

Видео – Француз полициясы Кале лагерин тазалай баштады

Франциянын бийлиги Кале портундагы мигранттардын лагерин тазалоо операциясын баштады. Лагерде Ооганстандан, Сириядан, Эритреядан жана Сомалиден барган качкын (6,5 миңден 10 миңге чейин), анын ичинде 1300 кароосуз бала жашайт. Бийликтин божомолунда […]

Видео – XXI кылымдагы жаш араб саякатчысы Кыргызстан тууралу 5 видеотасма жарыялады

Дүйнөнү кыдырып саякаттап жүргөн Египеттик араб жигит Мухамед Элбанги (Mohamed Elbangy) быйыл жайында Кыргызстанга келген. Өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн коён жатагына чейин түрө кыдырып, зыярат кылган Элбанги эми биринин артынан […]

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алат

Астана кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү 26-октябрда алышы ыктымал. Бул тууралуу Ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орунбасары Амангелди Исаев билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан тийиштүү талаптарды аткаруу боюнча бүт […]

Иракта алкоголдун бардык түрүнө толугу менен тыюу салынды

Ирактын парламенти өлкөдө алкогол алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салды. Себеп катары спирт ичимдиктерине шариат мыйзамдары жол бербей тургандыгы айтылууда. Мыйзам бузгандарга 8 миңден 20 миң долларга чейин айып […]

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери арасында алыш күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ички иштер минстрлигинин демилгеси менен милициянын туңгуч генерал-майору Э.Алиевдин жаркын элесине арналган алыш күрөшү боюнча ички иштер органдарынын арасында мелдеш 21-22-октябрь күндөрү  Жалал-Абад шаарында болду. Бул мелдешке ИИМнин баардык дубандагы башкармалыгынан жана ИИМдин Борбордук аппараты, Э.Алиев атындагы Академиясы, […]

Мирзиёев сот-укуктук системаны реформалап баштады

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев айрым кылмыштар үчүн түрмөгө кесүүчү жазаларды жокко чыгарган жарлыкка кол койду. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 21-октябрда соттук-укуктук системаны реформалоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин […]

Сот приставдары кызматын уюштуруу жана аны ишке ашырууну талкулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги, облустук жана шаардык башкармалыктар менен биргеликте “Сот приставдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы талаптарды жүзөгө ашыруу боюнча талкуулоо жүргүзүштү. Иш чаранын алкагында Сот […]

Энесай кыргыз каганаты. Ажо жана Ынал. Ажэ жана Ажы.

Тамга-Таштагы аска сүрөттөрүнөн. Кара-Тоо. Баткен району, Баткен облусу. 16.04.2016. Азыркы кыргыз адабиятында “Энесай кыргыздарынын мамлекет башчысы “ажо” деп аталган” деген пикир арбын кезигет. Чын эле ушундайбы? Чыгыш таануучу Рысбек Алимов […]

Түштөгү шал болуу же албарсты басканда…

Сиз түн бир оокумда ойгонуп, таптакыр кыймылдай албаган абалга кабылдыңыз беле? Бөлмө караңгы, бирок үйдө бирөө жүргөндөй сезилип, үстүңүздөн бирөө басып алган оордукту көтөрө албай жаткан болосуз. Коркосуз, сүйлөйүн десеңиз […]

Фото – Памирде сүйүү жок

Аманатты артып, Памирге аттандым Алгачкы жолу Памир кыргыздары жөнүндө мындан эки жыл мурун угуп калдым. Экинчи мамлекеттик экспедициялык топ гуманитардык жардамды жеткирип келгенден кийин «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун берүүсүн көрүп, […]

Кеңешбек Усенов: Күз-кыш мезгилинде депрессияга кабылуу күч алат

Депрессияга  баткан  эркектер аракеч, кыздар жүдөө болуп кетет экен. Андан кантип арылса болот? Бул  туурасында  Бишкекшаардык психология борборунун директору Кеңешбек  Усенов айтып берет. Депрессия деген эмне? Депрессия – кыргызча айтканда […]

Катуу илдетти жеңип, 70 жашында англисче үйрөнгөн Осмонбек ата

71 жаштагы Осмонбек Насыранбеков карылыкка моюн сунбаган күүлүү-күчтүү карыя. Убагында Кыргызстанда биринчи жолу үзүлгөн колду тиккен хирургдардын катарында болгон. Азыр спорт менен тынбай машыгып, бир жарым жылдан бери англис тилин […]

БГУнун эмгек жамаатынын 85%ы колдоо көрсөтүп, ректорлук кызматына Абдылда Мусаев шайланды

Акыркы мезгилде бир катар университеттерде ректорду шайлоо болуп өттү. Өткөндө да ар кандай оюндар коштолуп, жамаат топ-топко бөлүнүп, окуу жайдын ичи ызы-чуу, бири-бирин караламай коштогон ыплас оюндар менен өттү. Тилекке […]

Жайсаңчыларды жайлообу, же…

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбековго, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш.Жээнбековго Коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн Кайрылуусу Биз, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, 2016-жылдын 6-октябрында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында “Улуу “Манас” эпосубуздун бүгүнкү тагдыры” деп аталган […]

6 миллион калкы бар Кыргызстанда койдун саны да 6 миллионго жетиптир

Статистика боюнча 6 миллион калкы бар Кыргызстанда койдун башы дагы алты миллионго жетиптир. Ашык эмес, кем эмес. Бул тууралуу КРнын айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев ЖКда айтып, буга […]

КУУда бири жаңы дайындалса, бири камактан чыкты

-Өткөн аптада Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ректорунун биринчи орун басары проректор Эрмек Усекеев жумуштан алынып, анын ордуна буга чейин Юридикалык колледждин жетекчиси болуп иштеген Урмат Аманалиев дайындалды. Чынында Эрмек Усекеевдин […]

Миллер келди, бир конушту сүйүнттү

Орустардын “Газпром” компаниясынын президенти Алексей Миллер келип, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан Бишкектин Арча-Бешик конушуна курулуп жаткан спорттук комплексти ачып кетти. Аталган спорттук жай, компаниянын Кыргызстандагы төртүнчү спорттук имараты катары курулуп, […]

Улуттук энергохолдингдин башкы мүдүрү Айбек Калиевге оңтойсуз суроо?: Бишкекти аралап көрдүңүз беле?!

Кымбаттуу Айбек Рыспекович! Акыркы жылдары Сиздин кадамдарыңызды карап отуруп, деги Сиздин негизги максатыңыз, аракетиңиз Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы  үчүн эмес эле, башыңызга “минип алган” чет элдик каржылык миссионерлердин чөнтөгү үчүн болуп […]

“Кыргыз Темир жолу” ишканасынын башчысы Алмаз Ногойбаевге оңтойсуз суроо?: Митинг менен маселе чечейин дейсизби?

Урматтуу Алмаз мырза! “Кыргыз темир жолу” ишканасына таандык жерде жайгашып, ишканага тоокко жем чачкандай өтө эле аз, билинип-билинбес ижара акы төлөп келген “Дыйкан” базарынын чыныгы кожоюндары сиз жана мурдагы шефиңиз […]

Аскер сотунун «жаназасы» окулабы?

ЖКда болгону 14 судьядан туруп, жылына 50дөй аскер кылмыш иштерин карап, бюджеттен 23 млн. сом каражатты пайдаланган Аскер сотун жоюу сунушталып, аны Жогорку сот туура деп таап турган чагы. Бюджетти […]

Түбөлүктүү наристенин образына айланган Жеңишкан эне

Адабият таануу илиминин чыгарманын жазылыш таржымакалын иликтеген ары кызыктуу, ары түйшүктүү тармагы бар. Анда адабий чыгарманын жазылыш тарыхы, кол жазмалары, стили, айтор, толгон-токой маселелердин ашташкан жери каралат. Чыгармачылыктын психологиясы менен […]

Пианист жеке концертин үч жолу кайра көмүлгөн баптист аялдын элесине арнады

Пианист Азамат Сыдыков АКШда өткөн концертин сөөгү бир нече күн бою жерге берилбеген алабукалык баптист аялдын элесине арнады. Бул тууралуу пианист өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Ала-Букада жергиликтүү элдин каршылыгы […]

Кыргызстан жана Казакстан мыйзамсыз миграция менен чогуу күрөшөт

Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз миграция менен бирге күрөшүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу келишим эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында түзүлдү. Ага кыргыз тараптан ИИМдин орун басары Курсан Асанов, ал эми Казакстандан ички […]

Орусия ТИМи сайты хакердик чабуулга кабылганын тастыктады

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайты хакердик чабуулга кабылганы расмий түрдө тастыкталды. ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргендей, учурда министрликтин адистерди бул операциянын артында кимдер турганын иликтеп жатышат. 21-октябрда CNN телеканалы The […]

БУУ Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн көбөйүшүнө кабатыр

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанда апийим өндүрүүнүн көлөмү эки эсеге өсүшү мүмкүн деп кооптонууда. Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү. Улуттар уюмунун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык […]

Орусиялык 201-аскер база тажик таксистке компенсация төлөп берген жок

Орусиянын 201-аскер базасынын кызматкери Дмитрий Толстой тарабынан бычак менен жараланып, сабалган жаш тажик таксист Тохир Султонов моралдык жана материалдык компенсация ала алган жок. Тажикстандагы 201-орусиялык аскер базасынын жетекчилиги жабырлануучунун көптөгөн […]

Эмилбек Каптагаев: “УКМКнын ар бир башкармалыгында бирден Россиянын ФСБсынын кызматкери “куратор” болуп олтурушат”

Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана коопсуздугу тууралу кыргыз жарандарынын социалдык түйүндөрдөгү талкуусунан бир шиңгил сунуш кылабыз. Эдил Байсалов: КР Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков эч нерсени жашырбай, ачык эле […]

Маманов сөзүн артка алды

Гезитибиздин өткөн санында экс-депутат Рустам Маманов интервью берип, «Алтынбек Сулайманов шопурум болсо болгондур…» деген мааниде сөз айткан. Бул маалымат чыккандан кийин интернет айдыңында, соцтүйүндөрдө ар кандай талкуулар жаралды. Натыйжада, биз […]

Юрий Лонгонун табышмактуу өлүмү

Россиянын атак-даңктуу экстрасенстеринин бири Юрий Лонгону орус эли гана эмес башка элдер да жакшы таанучу. Ал өзүн “белый маг” деп атап, өтө популярдуу болчу. Миңдеген адамдарга жардам берген Юрий Лонго […]

Гейлер

Акыркы күндөрү батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана каржылоосу менен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана фонддор аркылуу гейлерди жана гомосексуалдарды пропагандалоо күч алды. Кыргыздын каада-салтына, маданиятына, үй-бүлө күтүү баалуулуктарына, ишенген динине жана бийик […]

Шайлоо 2016

БШК билдиргендей шайлоонун үгүт иштерине старт берилбей туруп, кээ жерлерде шайлоого карата үгүт иштери башталып кетти. БШК: Азыр БШК тарабынан аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо иштери жүрүп жатат. Кандидаттардын […]

Интернетти “Кыргызтелеком” ишканасы кымбаттатып жатабы?

Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында интернеттин кымбаттап, ылдамдыгынын жайлап кеткендигине байланыштуу маселе каралды. Депутат Жанар Акаев кээ бир өлкөлөрдө интернет акысыз болуп жатса, Кыргызстанда кымбат бойдон калып жатканын айтып, маселени чукул […]

“Нефтичилер” митингге чыгышты

21-ноябрь күнү Кочкор-Ата шааарындагы «Кыргызнефтегаз» ишканасынын жалпы кызматкерлери митинге чыгышты. Чогулгандар 2010-жылдан тартып иштеп келе жаткан жетекчи  Жеңиш Жумашовдун кызматтан кетирүү аракеттерге каршы экендиктерин билдиришти. Мындан сырткары бир топ көйгөйлүү […]

Быйыл Орусиядан 30дан ашык бронетранспортер алып келинди

Быйыл Кыргызстанга жардам иретинде Орусиядан 30дан ашык бронетранспортер алып келинди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов билдирди. Анын айтуусунда, эл аралык кызматташуунун алкагында аскердик техникаларды […]

ЕККУ Өзбекстанда «жарандык уюмдардын» интернет-порталын түзүүгө көмөктөшөт

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоорлорун координациялоо боюнча Ташкенттеги кеңсе 19-октябрда Өзбекстандагы «жарандык уюмдардын» веб-порталын түзүүгө тендер жарыялады. «ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору өз ичине мыйзамдарды жакшыртуу; окуу курстарын, семинарларды, конференцияларды […]

Чехияда орусиялык пропагандага каршы күрөшүү кызматы түзүлдү

Чехиянын Ички иштер министрлиги коомдук пикирге таасир берүүчү Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн келген пропагандага каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүм түздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги мекеме башчысы Милан Хованцка шилтеме кылып […]

Мародерлуктун бетин ачканга комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин кечээ болуп өткөн жыйынында чубактын кунундай чубалган улутташтыруу маселесине токтолушуп, акыры комиссия түзмөй болушту. Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын депутаты Шыкмаматов комиссия түзбөсөк, ар кандай маалымат булактарынан чыккан […]

“Мошенник” инвестор же террорчуларга тымызын которулган тыйын

Көптөгөн соттук иштери бар “Ак-Кеме” мейманканасын Кыргыз Өкмөтү акыркы чечимге жетпей туруп (дагы деле соттук териштирүүлөргө чекит коюла элек) сатыкка чыгарды. Борбор калаанын престиждүү районунда жайгашкан “Ак-Кеме” мейманканасы, анын 2 […]

Күлүйпа Жумабекова, элдик дарыгер: “Чычаңы сынгандар баспай калышы мүмкүн”

Көп дартка даба тапкан  Күлүйпа Жумабекова менен бу жолу  этибар албай жүргөн  чычаңдын сынып калышы жана  остеохандроздун  айынан адамдар  инсульт, инфарктка кабылышы тууралуу баарлаштык. – Күлүйпа эже, бүгүн илимий медицина […]

“Кыргызнефтегазда” кайрадан нааразычылык башталууда

  Азыр коомчулукта “Кыргызнефтегаздын” жетекчилигинине “Республика – Ата Журт” партиясынан ЖКда депутат болуп отурган Нургазы Нышанов келгени жатат” деген кеп желдей тарады. Жадагалса коллективдин алдына барып, “колдоп бергиле” дегендей амалдарын […]

Индира Исманкулова, экстрасенс: “Кара дуба” окулган сүрөттү мүрзөгө алпарып көмүп атат”

Астрология, нумерология, хиромантия илимин семичкедей чагып, таро жана ленорман картасынын жардамы менен бейтапка төлгө ачкан Индира Исманкулова айым бу жолу көпчүлүктүн суроосу боюнча сүрөт темасын улады. Андагы камтылган оң жана […]

Жыл башынан бери Тажикстанда 160 ишкана жабылды

2016-жылдын тогуз айында Тажикстандын Хатлон облусунун аймагындагы 160 кичи жана ири ишкана ишин токтотту. Алардын жабылышынын башкы себептери катары экономикалык каатчылыктын кесепеттери, кардарлардын аздыгы жана сырьёнун жоктугу айтылууда. Расмий маалыматтарга […]

Түркмөнстан экинчи спутнигин учурууга белсенүүдө

Түркмөнстан менен Кытай космикалык изилдөөлөр тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү түркмөн ММКлары жазышты. Ушул күндөрү Түркмөнстандын делегациясы Сычуань провинциясындагы Ченду шаарында ачылган Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн […]

Эл аралык уюмдар казакстандыктарды жарандык активисттерди колдоого үндөдү

Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун өнөктөшү казак коомчулугун жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга тагылган айыптарды тез арада алуу өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылууга үндөдү. Алар 24-апрелде Атырауда өткөн жер […]

БУУ Алепподо бомбалоо токтогонун ырастады

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын Алеппо провинциясында ок атуулар токтогонун ырастады. БУУнун Башкы ассемблеясынын бейшембидеги бейформал жыйынында ал шаардын чыгышында бомбалоону токтотуу боюнча Орусиянын чечимин кубаттаган. Баш катчынын […]

НАТО Орусия менен бирге Украинадагы абалды талкуулоого даяр

Түндүкатлантикалык альянс НАТО — Орусия жолугушуусунда Донбасстагы абалды талкуулоого даяр. Бул тууралуу маалымат жыйында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Анын айтымында, альянстын өкүлдөрү Орусия менен Минск келишимдерин жана шаршембиде […]

Бойго жете элек эже-сиңди бир күндө турмушка чыкты

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө берди. Динди бекем тутунган үй-бүлөнүн кыздарын турмушка эрте узаткан факт боюнча акимчилик, райондук милиция жана социалдык […]

Жалал-Абаддагы балдардын музыкалык мектеби 60 жылдыгын белгилейт

Жалал-Абад шаарындагы Михаил Иванович Глинка атындагы балдардын музыкалык мектеби ноябрь айында өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралу аталган музыкалык мектептин директору Кымбат Бердалиева билдирди. Анын айтымында, учурда музыкалык мектепте […]

Чек араны тактоо башталат

Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Шавкат Мирзияев Өзбекстан менен Кыргызстандын солгундап кеткен мамилесин жандандырууга аракет көрүүдө. Өткөндө Кыргызстандын жоон топ мамлекеттик делегациясын чакырып, жылуу мамилесин […]