Жекшемби, 31 Май, 2020 - 7:36
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: КООМ

Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт

“Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болду. Ошондой эле, каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев азырынча капиталдык салымдар боюнча […]

Фото – «Таза Коом» долбоорунун максаты жана милдети, ошондой эле санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча ыкчам штабдын иши тууралуу пресс-конференция өтүп жатат

Бүгүн, 15-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн маалымат борборунда «Таза Коом»долбоорунун максаты жана милдети, ошондой эле санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча ыкчам штабдын иши тууралуу» темасында маалымат жыйыны өттү. Бул туурасында КР […]

Алина Пирматова сулуулар сынагына катышуу үчүн учуп кетти

Буга чейин 20 жаштагы Алина Пирматова Кыргызстандын атынан «Miss Asia World 2017» сынагына катышаары тууралуу маалымдаганбыз. Учурда суйкайган сулуу Алина Ливанда 5-майдан 22-майга чейин улана турган иш-чарада катышып жүрөт. Сынактын талабы […]

Жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Осмонкул көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылды. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Жабуу иштери 2017-2018-жылдарга карата жылуулук […]

Кырсыкка ким жооп берет?

21-апрелде, Бишкектеги №74 мектептин жанында, т.а. Чапаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде жашыл чырактан өтүп бараткан эки окуучуну катуу келе жаткан «Мерседес» унаасы коюп кеткени жалпы коомчулукка чагылгандай тез тарады. Видеосу социалдык түйүндөрдөн […]

Аксы районунда “өзгөчө кырдаалдар” режими кирип ӨКМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартип жумушун аткарууда

2017-жылдын 11-12-май күндөрү күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 жерден ашып кетүү […]

Элден чогулган каражат кайда жумшалат?

Кыргызстандагы уюлдук компаниялары 9-майдагы Жеңиш майрамын утурлай ар бир абоненттин тынчын алып: «Баланча номур менен баланча дарекке СМС жиберсең согуш ардагерлерине 20 сом которсоңуз болот» – деген билдирүүлөрүн улам кайталап, […]

Ипотека элди сыздатууда

Бактыбек Шамкеев деген кыйын чыкмабыз жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай […]

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрсө болобу? Же шаар мэриясы бул багытта кандай аракеттерди көрүп жатат?

 Асма жол – башталышы элеби? Сырттан келүүчү туристтер биздин шаарга келип, эмнени көрүшөт? Сырттан келүүчү туристтерди кызыктыруучу кайсы объект бар? Париждеги Эйфель мунарасы же Нью-Йорктогу Эркиндик статуясына окшогон, Стамбулдагы үлкөн […]

ОшМЮИнин жамааты жардам колун сунду

Күтүүсүздөн жүз берген табигый кырсыктан жапа чеккен Өзгөн жана Чоң-Алай райондоундагы мекендештерибиздин кайгы-капасын тең бөлүшкөн Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты да жардам колун сунду. Бул туурасында аталган окуу жайдын басма […]

Камчыбек Ташиев, «Ата-Журт» мекенчил партиясынын лидери: «Кырсык болгон жерде мамлекет башчысы эмес, жөнөкөй акимдин орун басары болбогондон кийин карапайым эл кимге таянат?»

— Камчыбек Кыдыршаевич, Өзгөн дөгү Аюу-Сай айылында көчкү түшөөрү менен барып көрүп келипсиздер. Өкмөт тарабынан кандай жардамдар болуптур? — Туура, биз көчкү түшөөрү менен Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Сай айылына барып келдик. […]

Видео – Астанада Назарбаевдин сүрөтү чапталган үй түрттүрүлдү

Астанада үйүнүн дубалына өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөттөрүн чаптап алган Несипкүл Уябаеванын тамы түрттүрүлдү. Маалыматтарга караганда, жергиликтүү бийлик үйдүн жашоочуларын көчүп кетүүгө көндүргөн. Астана акимчилигинин алдындагы «Шаардык кыймылсыз мүлк» ишканасынын […]

Тажик студенттери Сауд Арабияга окууга бара албай жатышат

Сауд Арабиянын светтик окуу жайдарында билим алууга квота берилген 50 тажик студенти окууларына бара албай жатышат. Окуу жылынын аяктап калганына карабастан маселенин качан чечилери дагы деле белгисиз бойдон калууда. Студенттердин […]

Көңүл сыртында калган  Аюу-Сай айылы…

Өзгөн районунун  “Зергер” айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Сай  айылындагы кырсык  бүткүл Кыргызстанды солк эттирди.  Бул апааттан 24 адам бир көз ирмемде  жердин астында калганы абдан өкүнүчтүү нерсе. Журналисттердин, ӨКМдин берген маалыматынан  […]

ОшМЮИда Ош областтык спартакиада жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде уюштурулган билим, илим кызматкерлеринин  Ош областтык спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады. Мында  шаар, райондордон келген жогорку  жана орто окуу жайлардын, орто […]

Жогорку соттун А. Абеков, А. Мурзалиев жана К. Аман уулуна карата токтому

2017-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы ачык сот отурумунда прокурордун Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү, […]

Жалал-Абад шаарынын жаштары шаарды өнүктүрүү багыттарын иштеп чыгышат

 Жалал-Абад шаарындагы жаштар уюмдары, жаш активисттер өздөрүн өнүктүрүү аркылуу шаарды өнүктүрүүгө салым кошуунун стратегиясын иштеп чыгууга киришишти. Жаштардын бул аракетин шаар мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча кеңеш уюштурууда. Бул […]

Ноокен районунда 29 окуучу ууланып, ооруканага түштү

12-май күнү Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата  айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө өздөрүн жаман сезишип, райондун борбору Масы айылындагы Шамшы Сүйөркулөв атындагы аймактык […]

Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди

Сооронбай Жээнбеков 13-майда, Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча иштерге старт берди. Ал энергетиктерди, жалпы кыргызстандыктарды өлкө турмушундагы бул маанилүү окуя менен куттуктады. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Токтогул ГЭСин толук […]

Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери бир күндүк айлык маянасын жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга которот

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бир күндүк айлык маяналарын жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга берет. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Айлык маяналар Ош облусунун Өзгөндөгү жер көчкүдөн […]

Таласта Дайыр Кенекеев республикалык мелдеште биринчи орунду алып келген “Ынтымак” көкбөрүчүлөр командасына сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев республикалык мелдеште биринчи орунду алып келген “Ынтымак” көкбөрүчүлөр командасына  сыйлыктарды тапшырды.Бул туурасында Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев […]

Премьер-министр Санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселелси боюнча республика аймактарында ыкчам штаб уюштурууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-майда, санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы санариптик телерадиоберүүгө өтүү өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу экенин дагы бир ирет белгилеп, […]

Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстерин колдонуу боюнча семинардын экинчи күнү өтүүдө

Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик жана Административдик-процесстик кодекстерин колдонуу боюнча семинардын экинчи күнү башталып, анын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык, административдик жана экономикалык […]

Журналист Үпөл Анаркулованын Бийликке карата жасаган кайрылуусу

Журналист Үпөл Анаркулова Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова менен болгон конфликт боюнча Президент Атамбаев баш болгон бир катар бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Ал аны Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн […]

Карапайым эл Өкмөттөн жардам сурабаганы үчүн күнөөлүбү?

Доолбоордун ишке ашканы жакшы дечи, бирок карапайым элдин жашоосуна таасирин тийгизбесе, анда андай иш-чаранын кимге кереги бар? Дегеле мындай жаңыланууга болгон кадамдар жарандардын көйгөйүн чечпесе, тескерисинче аларга кошумча кайгы жаратса, […]

Графика сүрөтчүсү Үмит Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу эки темада жеке көргөзмөсү өтөт

2017-жылдын 16-майында саат  14:00дө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде графика сүрөтчүсү Үмит Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу эки темада жеке көргөзмөсү өтөт. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм […]

Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылына 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жаңы көпүрө курууда

Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Ачык асмандын аңкыган абасынан дем алып нечендеген мыктылар айыл жергесинен ааламга таанылган. Анын сыңарындай мектепти аяктагандан соң 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар куру барбай […]

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын фондунан Аюу айылындагы жер көчкү алдында калып каза тапкандардын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына жеке Төрагалык фондунан акчалай жардам көрсөттү.  Бул туурасында Жогорку […]

Жалал-Абадда Эл аралык мээрман күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы Медициналык колледжде Эл аралык мээрман күнү белгиленип, 3 кабаттуу окутуу базасынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык Маалымат борборунан билдиришти. Аталган окуу жайынын мугалимдер жана студенттер жамааты эл аралык […]

Ош шаарынын мэриясы жана «Youth of Osh» коомдук бирикмеси шаарлар форумунда онлайн кайрылуу картасын тартуулашты

2017-жылдын 12 май күндөрү Ош шаарынын мэриясы жана “Youth of Osh” коомдук бирикмеси Кыргызстандын шаарлар форуму алкагында Ош шаарынын тургундарынын кайрылууларын, даттанууларын жана сунуштарын кабыл алууга багытталган онлайн кайрылуу картасын […]

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, шаардагы Эл аралык экономика жана ишкердик университетинде жыл сайынкы Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, ага бир жарым миң мектеп окуучусу келип катышты. Анда мектептердин бүтүрүүчү класстарында […]

Астанада полиция Назарбаевдин сүрөтү чапталган үйдү бузууга келди

Астанада сот аткаруучулар үйүн коргоо үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн дубалга илип алган Несипкүл Уябаеванын тамын бузууга келишти. Анын коңшусу Гүлжазира Маданованын айтымында, полициячылар үйдүн эшигин лом менен бузуп киришкен. […]

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Мамлекеттик түзүлүшүбүздү мыйзамдуу жол менен кыйроо кырдаалына жеткиздик”

Глобализацияны кыргыздар дүйнөлөшүү деп жакшы которуп алдык. Чын эле баары билинбей дүйнөлөшүп баратат. Тил, илимий техникалык өсүш, маданият, экономикалык алака, акча бирдиги. Экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттер чакан мамлкеттерди кысып жок […]

Жогорку сотто Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча семинар өтүүдө

Бүгүн, 2017-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык процесстик кодексин колдонуу боюнча семинар өтүүдө. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу […]

ОшМЮИда областтык спартакиада болуп жатат

ОшМЮИнин басма сөз катчысынын маалыматына таянсак, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде билим, илим кызматкерлеринин областтык спартакиадасы башталды. Спорттук иш чаранын ачылышы өзгөчө салтанат менен  коштолду. Райондордогу, шаарлардагы  билим берүү, […]

Тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен жакын арада мародерлор камакка алынат

Жакында коомчулукка чуулгандуу иштин бетин ачкан кылмыштуу факты ачыкка чыгат экен. Угушубузга караганда, ИИМдин кайсыл бир тергөөчүсү 2010-жылдагы мародерлукка тиешелүү материалдарды жок кылгандыгы боюнча фактылар ачыкка чыгат. Ал тергөөчүгө ошол […]

Сузак районунда эки мектептин окуучулары бир мектепте билим алып  жатышат

Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Шамшы Базарбаев атындагы орто мектептин имаратынын эскилигинен жана авариялык абалга кептелип калгандыктан ӨКМнин адистери ал жерде балдарды окутууга болбойт деген бүтүм чыгарган. Учурда аталган […]

Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин сулуусу тандалды

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жылда өтүүчү “Мисс ЖАГУ-2017” деп аталуучу кыздар арасындагы сынак болуп, анда экономика жана юридикалык факультетинин 4-курсунун  студенти Алина Бөрүбаева баш байгени жеңип алды. Бул […]

Алматыда сот диний үгүттөөчүнү беш жылга эркинен ажыратты

Алматыда райондук сот 33 жаштагы жергиликтүү тургун Денис Коржавинди диний кастыкты козутуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Коржавин Казакстанда тыюу салынга “Үч негиз” аттуу китептин арабчадан орусчага […]

Жер титирөөдөн кийин тажикстандык кыргыздар жер которду

Лахш (Жерге-Тал) районунда эки аптадан бери жер титирөө уланып жатат. Буга байланыштуу Алга жамаатында жашаган үч үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келишти. Көчүп келгендердин Тажикстандагы үйлөрү жараксыз абалга келген. Лахштын жашоочулары акыркы […]

Түркмөнстанда абакка отуруп чыккандарды Азия оюндары өтө турган жерлерден оолак тутушууда

Азия-2017 оюндарын утурлай Түркмөнстанда полиция мурда соттолуп чыккандарды Олимпиада шаарчасынын жана портоколдук көчөлөрдүн жанында  жүрбөөнү эскертти. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын билдиришинче, Ашхабадда түрмөгө отуруп чыккандар полицияга чакыртылууда. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери […]

Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстанда жатак-үй тибиндеги бардык социалдык мекемелер 2017-жылдын 15-майына чейин санариптик телерадиоберүүгө кошулуу боюнча атайын жабдуу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасында санариптик […]

Зер базарынын 80%ы көмүскө иштейт

Кыргызстанда сатылып жаткан зер буюмдардын дээрлик 80%ы өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген же колго жасалган. Каржы министрлиги мындай мыйзам бузуулар менен күрөшүү үчүн 5-10 миң сомдук айыппул салуу чарасы […]

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы раритет, коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 12-майында улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылган күнүнө карата күмүш коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул туурасында КРУБнын басма сөз кызматы маалымдады. Эл аралвк рынокто Кыргызстандын […]

Кыргызстандын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдиришине караганда, 2017-жылдын 15-майынан тартып Кыргыз Респуликасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү үчүн санариптик телерадиоберүүгө туташтырууга жардам көрсөтүү жана үзгүлтүккө учуроолорду жоюу […]

Муратбек Мукашев жаш муундарга өрнөк болчу кадам жасады

Экс-депутат, парламенттин мурдагы спикери, чыгаан банкир Муратбек Мукашев өткөн аптада атасы Мукаш аксакалдын, энеси Турдукан энебиздин мааракелик даталарын белгилеп, кичи мекенине эскерүү кечесин өткөрүп, куран окутту. Тектүү жердин кулуну болгон […]

Өзбекстанда Каримовдун мыкты сүрөтү үчүн сынак жарыяланды

Өзбекстан Сүрөт академиясы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун эң мыкты сүрөтүнө сынак жарыялады. Академиянын сайтындагы маалыматтарга караганда, сынакка адискөй сүрөтчүлөр, графика менен иштегендер катыша алышат, чыгарманын көлөмүнө чектөө жок. Сынак […]

Аксыда жер көчкү түшүү коркунучу бар деп табылган Топок участкасында жайгашкан 15 турак үйдүн тургундары көчүрүлдү

Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагында 2017-жылдын 9-май түнү саат 05:00 чамасында Өлөң-Булак айылынын Топок участкасында көлөмү болжол менен 4800м3 болгон жер көчкүсү түшкөн. Көчкү түшкөн жерден жакынкы турак үйгө чейинки […]

Ардагерлерге 15 миң сом берип мактансак, Казакстанда 1500 доллардан төлөндү

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата мекендик согуштун 640 ардагери жашайт. Алардын ар бирине 9-май Жеңиш майрамына карата бир жолу берилүүчү 15 миң сомдук жөлөк пул республикалык бюджеттен берилип, бул сумманы […]

Өзгөндүн Курбу-Таш айылындагы жер көчкү 45 турак жайды жана 3 соц.объектини басып калды

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жүргөн жер көчкү, акырындык менен жылып олтуруп, 2017-жылдын 10-майга карата 45 турак-жайды, социалдык объектилерден 1 ФАП, 1 Мечити […]