Ишемби, 18 Январь, 2020 - 18:58
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Аудио – Адвокат Бактыбек Жумашев “балаңызмын” деп чалган алдамчыны милициянын колуна кантип салып берди?

Бишкекте адвокат Бактыбек Жумашевди “балаңызмын” деп алдап, 200$ алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу адвокат өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бүгүн, 18-январь күнү жазып чыккан. Анын айтымында, белгисиз номер менен бир жигит чалып, […]

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга шектелип камалган төртөөнүн экөө үй камагына бошотулду

Баткен районунун Көк-Таш айылынын камактагы төрт тургунунун экөө үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди. Алардын маалыматка караганда, кечээ, 17-январда Кадамжай райондук соту […]

Кыргызстанга мыйзамсыз алкоголдук продукцияны алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кечээ, 17-январь күнү “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда чек арачылар Кыргызстандын аймагына ташылып келе жаткан мыйзамсыз жүктү кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Алардын маалыматы боюнча, “Ак-Тилек” […]

Видео – Бишкекте “Lexus” менен “Toyota” сүзүштү

Бишкектин Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 470 жана Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын видеосун Инстаграмдагы oppa_kg баракчасы кечээ, 17-январь күнү жарыялаган. Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы 14-январь күнү […]

“Казак” каймана ат менен таанымал, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, “Казак” деген каймана ат менен таанымал Умар Маратов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди. Алардын билдирүүсүнө […]

Видео – Азимбек Бекназаров: “Аскар Акаевге каршы козголгон 5 кылмыш иши бар, ал болсо Москвада тайраңдап 75 жылдык тоюн өткөрүүдө, аны эмнеге бийлик суракка албайт?”

“Биз Курултайчылар быйыл 8-апрелге чейин 7 облустта регионалдык курултайларды өткөрүп жатабыз, ар бир облуска жооптуулар аныкталды, ал жактан делегаттар шайланып келет. Эгер Мадумаров иним Кыргызстанга ушунча эле күйсөң Баткен облусун […]

Видео – Абаз Мамбетакунов, адвокат: “Менин коргоомдогу Максат Жапаров 4 миң сом үчүн менен камакта отурат, миллион жегендер сыртта жүрөт”

Бүгүн, 17-январда, саат 14:00до Бишкектеги Ленин райондук сотунда  “4 миң сом жана электрошокер уурдады” деген айып менен шектелип кармалган 19 жаштагы Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Сот отуруму айтылган […]

Видео – Светлана Акмолдоева: “Балам жалган жалаа менен кармалып, албаган 4 миң сом үчүн эки айдан бери камакта жатат”

Бүгүн, 17-январда, саат 14:00до Бишкектеги Ленин райондук сотунда  “4 миң сом жана электрошокер уурдады” деген айып менен шектелип кармалган 19 жаштагы Максат Жапаровдун баш коргоо чарасы каралмак. Сот отуруму айтылган […]

 Өспүрүм 15 жашар кызды зордуктаганы боюнча шектелүүдө

Токмок шаарында 17 жаштагы мектеп окуучусу 15 жаштагы кызды зордуктаганы боюнча шектелип жатканын 17-январда Чүй облусунун ШИИБисинин басма сөз кызматы билдирди. 13-январда Токмок ИИБисине жергиликтүү тургун айым кайрылган. Ал 2019-жылдын […]

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жол кырсыгынан каза болгон 4 кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн жардам берет

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Актөбө районунда болгон жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык 4 жарандын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн жардам көрсөтөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди. Алардын […]

Видео – ИИМ: “Үй-бүлөлүк зомбулукка эркектер да кабылат – күйөөсүнө кол көтөргөн же кайната-кайненесин үйүнөн кууп чыккан аялдар да бар”

Бүгүн, 17-январда ИИМ 2019-жылы катталган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары тууралуу журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Улан Рысбековдун айтымында, 2019-жылдын ичинде 6 миң 145 үй-бүлөлүк зомбулук, анын ичинен […]

Кытайдан келген унаадан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5100 кг жумушчу колкап табылган

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5100 кг жумушчу колкап кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди. Алардын айтымында, “Нарын” бажысынын кызматкерлери тарабынан […]

Дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы кыз Москвадагы СИЗОдон табылган

Дайынсыз жоголуп кеткен 21 жаштагы кыз Москвадагы СИЗОдон табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 2019-жылдын декабрь айында Россияда жайгашкан КРнын ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн ишеним байланыш […]

Беловодскинин тургундарынын буюмдарын белгисиз бирөөлөр уурдап келет

Милицияга Беловодск айылынынын бир нече тургуну уурулук күч алганы боюнча кайрылган.  Бул тууралуу 17-январда Чүй облусунун ИИБиси билдирди. Жапа чеккендер кылмышкерлерге чара көрүүнү талап кылышкан. Автоунаалардын салондорунан акчалар, документтер, телефондор, […]

Москвада Кыргызстандын жараны Абдырахман Абжалиев жоголду

Туугандары менен жакындары Абдырахман Ысламович Абжалиевди табышып коюуну суранып,  бардык кыргызстандыктарга кайрылып олтурушат. 47 жаштагы Абдырахман үй-бүлөсү менен Москвада жашап, иштейт экен. Жаңы жыл майрамдарында туугандары Кыргызстанга кетип, кайра барышканда, […]

Максим Бакиевдин, Алексей Елисеевдин жана Сергей Кимдин камакка алынган объектилеринин тагдыры эмне болду?

Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик фонддун сайтында Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ор.- ЦАРИИ) экс-директору М.Бакиевдин, анын мурдагы орун басары А.Елисеевдин жана “КыргызКредитБанк” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы С.Кимдин конфискацияланган […]

Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектелген эки жаран кармалды

Чүй облусунун эки тургуну мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-январь күнү билдирди. Алардын айтымында, Ысык-Ата райондук ИИББсине 59 жаштагы Д.Э. аттуу жергиликтүү тургун […]

Жогорку сот өмүр бою кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карамай болду

Бул тууралуу 17-январда анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирди. Анын айтымында Базар-Коргон райондук соту бардык документтерди Жогорку сотко жөнөткөн. Азимжан Аскаров аны өмүр бою кескен Чүй облустук сотунун өкүмүнө макул эмес. […]

“Экс-сот Элвира Жаркеева психикалык ооруканага жатышы керек”

Бишкектин Свердлов райондук экс-соту Элвира Жаркеева Психикалык ден-соолуктун республикалык борборуна жатууга муктаж. Бул тууралуу 17-январда жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди. Анын айтымында мурдагы сот УКМКнын СИЗОсуна камалганча эле аталган борбордо дарыланып […]

Бишкекте эротикалык чат аркылуу эркектерди тейлеген беш кыз, 10 жигит кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын кызматкерлери Бишкектен эки вебкам-студияны аныкташкан. Бул тууралуу 16-январда аталган кызматтан билдиришти. Бир үйдө компьютерлер жана 10 оператор жигиттер табылган. Башка даректе виртуалдык интим-тейлөө менен […]

Видео – Мирлан Бакиров, вице-спикер: “”Азаттык” такталбаган, анык эмес маалыматтарды алып чыгып, коомчулукту дүрбөтпөй, баш-аламан иштер болуп жаткан тоо-кен тармагына иликтөө жүргүзсө”

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров алтын концентранттары камтылган кум-шагылдарды сыртка мыйзамсыз ташуу көйгөйү дале уланып жаткандыгына жакында эле Солтон-Сарыдан кармалган мындай кум-шагылды мисалга тартып, бул багытта кабыл […]

4 жылдан бери дайынсыз жоголгон Жаныбек Атамкулов изделип жатат

4 жылдан бери дайынсыз жоголгон 1977-жылы туулган Атамкулов Жаныбек Ооганович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, Жаныбек Ооганович 2016-жылдын май айында […]

Казакстанда Кыргызстандын 4 жараны жол кырсыгынан каза болду

Кыргызстандын 4 жараны Казакстандын Актөбө облусунда болгон жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда REGNUM маалымат агенттиги жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, жол кырсыгы бүгүн, 16-январда Самара-Шымкент жолунда катталган. […]

Оштун мурдагы мэри Аймамат Кадырбаевдин инисин сабаган эки бала кармалды

Ош шаарындагы аэропорттун кызматкерин сабоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди. Алардын айтымында, жабырлануучу Улан Раимбековду сабоого шектелип кечээ, 15-январда Ош шаарында […]

Солтон-Сары алтын кенинин 18 кызматкери алтын уурдап жүргөндүгү үчүн иштен четтетилди

Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди. “Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. “Кыргызалтын” ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. […]

4-кабаттан секирген жаш кыздын абалы оор

Бишкекте 4-кабаттан секирген 19 жаштагы кыздын абалы оор. Бул тууралуу Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору бүгүн, 16-январда билдирди. Врачтардын айтымында, кыздын баш мээси чайкалган, көк боору жарылып кеткен. Ага […]

Видео – Депутат Наталья Никитенко: “Ошто 16 жаштагы кызды зордуктаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үйүнө коё беришти”

15-январда парламент жыйынында депутат Наталья Никитенко Кыргызстанда криминал билгенин кылып калганына нааразы болду. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча өкмөт иш планын иштеп чыгууну сунуш кылды. “Силерди кыймылдатыш үчүн дагы канча кылмыш жасалышы […]

13 жашар окуучу кыз 10 жашар баладан боюна бүтүп калган

Мындай окуя Красноярск (Кызыл-Жар) крайында болгонун “Комсомольская правда” гезити бүгүн, 16-январда жазып чыкты, кыз 7-класста, бала – 4-класста окуйт экен. Кыздын кош бойлуу болгонуна 7 жума болгон. Кыздын ата-энеси курсактагы […]

Денесинин 50 пайызы күйүп калган адам каза болду

Ошто денесинен күйүк алган адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди. Алардын айтымында, аталган окуя “денесинен күйүк алып каза болгон” деген негизде каттоого алынган. […]

Санк-Петербургда кыргызстандык таксистти тоногондор кармалды

Бул тууралуу 16-январда Кыргызстандык ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Такталып жаткандай, 5-январда Орусиянын Санк-Петербург шаарынан болжол менен 23:30дар чамасында белгисиз төрт киши таксиге буйрутма кылышат. Автоунаага олтургандан кийин алар айдоочуга […]

Ноокатта уюшулган мал уурулардын тобу кармалды. Алар жылкыларды жайыттан мылтык менен атып, союп, этин алып кетип жүрүшкөн

Ноокат районунда уюшулган мал уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январь күнү билдирди. Кармалгандар тарабынар Ноокат районунун аймагынан 30 баш жылкы 56 баш бодо мал […]

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 79 жаштагы карыя жабыркады

Бүгүн, 16-январда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. “Өрт болжол менен түнкү саат 01:02де №5 кичи районундагы №7 үйдүн подъездинин эшиги күйгөн. […]

Беш кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген кыз аман калды

Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген кыз аман калды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди. Алардын айтымында, окуя кечээ, 15-январда, саат 19:00 чамасында Бишкектеги Жибек […]

Футбол талаасына чуркап чыккан күйөрмандын иши сотко өткөрүлүп бериле турган болду

Кыргызстан менен Мьянманын футболчуларынын беттешинде футбол талаасына чуркап чыккан күйөрмандын административдик иши сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди. Алардын маалыматына караганда, 30 […]

Белоруста мугалимди мууздаган эки бир тууган атууга кетти

Могилев облустук соту райборбордун тургундары – 21 жаштагы Илья менен 19 жаштагы Станислав Костевдерге мугалим болуп иштеген Наталья Кострицаны өлтүргөндөрү үчүн өлүм жазасы өкүм кылынды. Бул чуулагандуу кылмыш ишин өлкө […]

Чүйдө коштомо документтери жок 36 тоннага жакын бензин ташып келе жаткан унаа кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (мындан ары – ЭККМК) Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция […]

Алмазбек Атамбаевге уулу, жубайы менен жолукканга уруксат берилди

Мурдагы президент улуу баласы Сейитбек Атамбаев менен жолугуша алды. Бул тууралуу А.Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 16-январда билдирди. Анын айтымында, абактагы экс-президент ошондой эле жубайы Раиса жана кенже уулу Кадыр менен […]

Россиядагы жол кырсыгынан Кыргызстандын 8 жараны жабыркады

Россиянын Самара облусундагы жол кырсыгынан 8 кыргызстандык жарадар болду. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыгышты. Маалыматтар боюнча, жол кырсыгы 14-январда Бузулук районунда Самара – Оренбург жолунун 181-километринде болгон. «Mercedes-Benz Sprinter» […]

Видео – Адахан Мадумаров: “Мамат Айбалаев чек ара, жер үчүн күрөшкөн жок, ал кызын Улуттук банкка, уулун Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна мамлекеттик кызматка дайындатты”

“Чек ара талашын жер алмашуу жолу менен чечүү деген бул СССРден бери келаткан сөз, бул аргасыздын сөзү. Учурунда мүмкүнчүлүк келип турганда арамзаланбастан дал ушудан башташ керек эле. Башка эч жол […]

Орусиянын Сибиринде кыргыз жараны 200 гр баңгизат үчүн 20 жылга кесилгени турат

Сургут шаарынын прокурору Кыргызстандын 28-жаштагы жаранына акыркы айыпты койду. Бул тууралуу 14-январда Югранын Ханты-Мансийск автоном аймагынын прокуратурасынын сайтына жарыяланды. “Тергөө учурунда кыргызстандык 2019-жылдын ноябрында аныкталбай калган кишилерден синтетикалык баңгизат алып, […]

Кыргызстанга жасалма паспорт менен киргенге аракет кылган Түркиянын жараны колго түштү

Кечээ, 13-январь күнү Кыргызстандын аймагына жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн, 14-январь күнү билдирди. Маалыматтар боюнча, Казакстандан келген […]

16 жылдан бери кредитин төлөбөй, качып жүргөн кыргызстандык Москвадан кармалды

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Москвада мамлекеттен кредит алып, аны төлөбөй 16 жылдан бери жашырынып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-январь күнү билдирди. Маалыматтар боюнча, […]

Видео – Бекболот Талгарбеков: “Жерүй” алтын кенинин сатылышы боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, жоопко тартылыш керек!”

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте “Жерүй” алтын кенинин сатылышы боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда. Экс-вице-премьер Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик режим убагында корупцияны ачык айтып чыкканы […]

Видео – Дастан Сарыгулов: “Жерүй алтын кенинин кыянатчылык менен сатылышы боюнча Атамбаев менен Темир Сариевди жоопко тартыш керек!”

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте орусиялык чечендерге ит бекер сатылып кеткен “Жерүй” алтын кени боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: «Жерүй […]

Болот Темировду сабоого шектелген Жалал-Абаддын 4 тургуну кармалды

Бүгүн, 14-январь күнү «Factcheck.kg» сайтынын башкы редактору Болот Темировду сабоого шектелген төрт жигит кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаардык ИИБнин кызматкерлери 1993-жылкы Д.Б., 1992-жылы туулган Ж.Э., […]

Видео – Сагымбек Абдрахманов, КСДПнын төрагасы: “Депутаттар Бокоев, Мирлан Жээнчороев Жерүй алтыны кени боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек!”

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Россиялык чечендерге ит бекер сатылып кеткен Таластагы Жер үй алтын кени боюнча тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, кен боюнча адистер катышууда. Сөз алган КСДПнын […]

Таластагы Жерүй кени боюнча жыйынга Бокоев, Казакбаев, Жээнчороевдин качып келбей койгонунун себеби анын артында Бабанов турат

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү  саясатчылар, коомдук ишмерлер катышууда. Бул иш-чараны уюштуруучулардын бири Айбек Мырза Базарбай […]

Видео – Алматыда сойкукананын ээлери кыздарды уурдап, сексуалдык күң кылышкан

Кыздардын бири ал үйдөн качып чыгып, полицияга кайрылып, өзүнүн окуясын журналисттерге айтып берди. Аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишип, сойкулук кылууга мажбурлап, мезгил-мезгили менен катуу сабап келишкен. Болжолдуу сойкукананы полиция кызматкерлери […]

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн делегациялары жолугат

Бүгүн, 14-январда, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу болот.  Бул тууралуу вице-пермьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, жолугушууда коопсуздук, […]

Бишкек-Ош унаа жолунда машина оодарылып кетип, бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда машина оодарылып кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтмында, Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө тилкеси) “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү […]