Шаршемби, 16 Октябрь, 2019 - 13:47
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Видео – «Интерфакс»: Петербургдагы терактты жанкечти жасаган

Санкт-Петербургдагы жардырууну жанкечти жасаган. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып билдирди. «Шектүүнүн тек-жайы аныкталды. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал ортоазиялык 23 жаштагы адам болгон», — деп билдирди […]

Орусия «Сомон Эйрдин» учууларына кайрадан чектөө киргизди

Орусия кайрадан Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбү жана Худжант шаарларынан Орусияга каттамдарды аткаруусуна чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти. Орусиянын […]

Алматыда Мухтар Аблязовдун иши боюнча сот башталды

Алматыда банктын акчасын уурдаган жана мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып жаткан БТА банктын мурдагы топ-менеджерлеринин иши боюнча негизги соттук териштирүүлөр башталды. 3-апрелде өткөн сот отурумуна бозгунда жүргөн банктын мурдагы башчысы Мухтар […]

Ошто «Жебхат ан-Нусра» уюмунун мүчөсү деп шектелген жаран кармалды

Ошто Сирияга барып, тыюу салынган топтун катарына кошулуп келген жаран кармалды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-апрелде билдиргендей, 25 жаштагы жергиликтүү тургунду калаа милициясынын 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери колго […]

МУКК: “Телефондук” террорист аныкталды жана кармалды

  2017-жылдын 1-апрелинде саат 11:40 чамасында Бишкек шаарынын  ИИБ «102» нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бир адамдан коңгуроо келип түшкөн. Ал  Бишкек шаарынын «Салам Алик» коңушундагы жеке үйлөрдүн биринде жардыруучу түзүлүш коюлган […]

Казак журналисти Жанболат Мамай 1-майга чейин камакта калтырылды

Алматыда сот БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун ишине байланыштуу айыпталып 10-февралдан бери камакта жаткан журналист Жанболат Мамайды дагы бир ай абакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу сөз эркиндигин […]

Жапаров №47 абактын ооруканасына жаткырылды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, 2-апрелде саат 5:00дө Садыр Жапаров кармалып турган №1 тергөө абагына дарыгерлер чакырылган. Алар Жапаровдун мойнунда жана колунда кесилген жаракат бар экенин аныктап, №47 […]

Видео – Садыр Жапаров оор абалда жеткирилген N47-абактын алдына тарапкерлери чогулуп жатышат

Бүгүн, 2-апрелдин таңында N1-абакта кармалып жаткан оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровго кол салуу болуп, мойнундагы жана колундагы вена кан тамырлары кесилип, оор абалда N47-абактагы ооруканага жеткирилген жана операция жасалган. Азыр оорукананын […]

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун венасын кесип салышкан

Бүгүн, 2-апрелдин таңында Бишкектеги N1-СИЗОдо жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун вена кан тамырын кесип салышканынан “тез жардам” ооруканага алып кеткени жубайы аркылуу белгилүү болду. Садыр Жапаров бүгүнкү бийликти Кумтөр алтын кенин […]

АКШ эми Сирия президентинин отставкасына кызыкдар эмес

Сирия маселесинде Дональд Трамптын администрациясы үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетирүү эмес, өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү боюнча Вашингтон менен кызматташууга даяр өнөктөштөрдүү табуу маанилүү. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү […]

Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев баштаган бул кызматтын бир катар адамдарына кылмыш ишин козгоду. Тергөөдө анык болгондой, 2013-жылы Мамкаттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын […]

Казакстанда KazSat-2 байланыш спутнигин башкара албай калышты

Казакстан бийлиги KazSat-2 спутнигинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты. «Казинформ» расмий агенттигинин билдирүүсү боюнча, Өлкөнүн Коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр-жай министрлигинин кызматкерлери спутникти 31-мартта, Астана […]

Тажикстан: «Европа «террористтик» уюмдун мүчөсүн кармагандын ордуна, ага башкалка берди»

Тажикстан Башкы прокуратурасынын өкүлү Шохин Талбакзода өлкөдө «террористтик» жана «экстремисттик» деп таанылган «Группа 24» жана «Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы» ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан дагы деле «кара тизмеге» киргизе электигине […]

Өзбекстан жараны газга болгон карызынан улам өзүн өзү өрттөдү

30-мартта Өзбекстандын Наманган облусунун 47 жаштагы тургуну үстүнө бензин куюп, өзүнө өрт койду. Ал денесинин 100 пайызы күйүп ооруканага жеткирилген, бирок кечке жакын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Коңшуларынын айтымдарында, […]

Түштүк Кореяда коррупция иши боюнча мурдагы президент камалды

Сеул соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдагы мамлекет башчы жемкорлукка байланыштуу жаңжалдан улам марттын ортосунда кызматтан кеткен. Прокуратура Пак Кын Хени пара алуу үчүн […]

Фабула пресс: “Оку да, үшкүр!”

УУРУ КАРМАЛДЫ – 30-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран кайрылып, Ош базары тараптагы Б. Бейшеналиева жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Кылым” деген кафесине түнкү саат […]

Порошенко ок атууну токтотууну буюрду

Украина президенти Петр Порошенко Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигине 1-апрелден тарта Донбасста ок атууну токтотууну буюрду. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады. Порошенконун айтымында, ок атпоо режимин орнотуу демилгеси Украинага […]

Анкара Сирия түндүгүндөгү аскерий операциясы аяктаганын билдирди

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аскердик операциясынын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Ошол эле маалда ал жакынкы убактарда Сирияда жаңы операциялардын башталуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. «Мындан ары ИМ […]

Сотто Ёровду коргогон адвокат Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди

Камактагы адвокат Бузурмехр Ёровдун мурдагы жактоочусу Муаззама Кодирова бийликтин басымы жана коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, башкалка сурап Германияга кайрылганын билдирди. Ал үч ай мурда дайынсыз жоголуп, бүгүнкү […]

Гараждан табылган курал-жарактар кимге тиешелүү?

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги машине токтотуучу жайлардан (гараж) курал-жарак жана жардыруучу заттар табылган. Алардын ичинде «Калашников» автоматтары, «Сайга» прицелдүү винтовкалар жана ар […]

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага кулак кагыш

Мындан туура жети жыл мурун 2010-жылдын 17-январында Балыкчы шаарынын тургуну Айбар Жаликовду эшигинин алдынан белгисиз кылмышкерлер эки жолу атып кетишкен. Жабырлануучу оор жарадар болуп ооруканага жатып, Кудайдын барманы менен эки […]

Жанкечтинин Багдаддагы кол салуусунан 15 киши мерт кетти

Жанкечтинин Ирак борборундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеги чабуулунан мерт кеткендердин саны 15 кишине жетти. Дагы 45 адам түрдүү жаракаттарды алышты. Бийликтин маалыматына караганда, кол салган адам күйүүчү май куюлган жүк унаасын жардырып […]

Тажикстанда адамдарды ИМ тобуна азгырууга шектелген жаран кыйноого кабылганын билдирди

Тажикстанда адамдарды «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катарына азгырууга шектелип кармалган жарандын көрсөтмө берүүгө мажбурлангандыгы тууралуу арызы каралууда. Адвокаттардын билдиришинче, 29 жаштагы Жовидон Хакимов кармалгандан кийин аны суракка алган полиция кызматкерлери […]

Тажикстанда жоокердин өлүмү боюнча лейтенант соттолду

Дүйшөмбү гарнизонунун Аскердик оту катардагы жоокер Жахонгир Курбоновдун өлүмү үчүн чек ара аскерлигинин офицери Ёрибек Саидовду 9 жылга эркинен ажыратты. Офицер «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. […]

Казакстандын Тараз шаарында антитеррористтик машыгуулар өттү

Тараз шаарынын полициясы антитеррористтик машыгуулар өтүп жатканын билдирип, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Полициянын билдирүүсүндө «Наурыз Антитеррор» аталышындагы антитеррордук машыгуулар терроризмге каршы күрөшүү боюнча облустук ыкчам штабдын жана анын бөлүмдөрүнүн […]

Германияда Талибандын командири делген ооган жараны кармалды

Германияда америкалык жана ооган аскерлерин өлтүргөн деген шек менен 30 жаштагы ооган жараны кармалды. Федералдык прокуратуранын 28-марттагы билдирүүсүн ылайык, Абдулла П аттуу жаран террордук уюмга мүчө болгон жана адам өлтүргөн […]

Ошто милициянын подполковниги кызганычтан улам өлтүрүлгөн

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма саз кызматы милициянын подлолковниги Таирбек Уларовдун адам колдуу болуп өлтүрүлушү тууралуу иликтөөнүн жүрүшү боюнча кошумча төмөнкүлөрдү билдирет: Мурда маалымдагандай, бул кылмышка шектүү катары төрт адам […]

Тажик алюминий компаниясы менен орусиялык РУСАЛдын сотуна чекит коюлду

Көп жылдан бери соттошуп келе жаткан орусиялык РУСАЛ компаниясы менен тажикстандык ТАЛКО алюминий компаниясы элдешти. Тажик өкмөтүндөгү өз булак кабарлагандай, тараптар орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык “Hyatt Regency” мейманканасы менен […]

Өзбекстан бала бакчаларында педагогикалык билими жоктор иштен айдалууда

Өзбекстанда март айынан тарта бардык бала бакчаларда текшерүү жүрүп, педагогикалык билими жок кызматкерлер жумуштан бошотулууда. Айрым маалыматтар боюнча мындан ары жогорку  билими барлар гана ишке алынат. Мектепке чейинки билим берүү […]

УКМК мародерчулук боюнча экс-депутат Райкан Төлөгөновду кармады

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, атайын кызматтын Тергөө башкармалыгы 16-марттан тарта 2010-жылдын апрель окуясындагы талап-тоноо, мародерчулук боюнча козголгон кылмыш ишти иликтеп жатат. “Кылмыш […]

Орусияда «Азаттыктын» орус кызматынын журналисттерине кол салуу болду

Орусиянын Краснодар крайында «Азаттык» радиосунун орус кызматынын кабарчылары Сергей Хазов-Кассиа менен Андрей Костяновго кол салуу болду. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчалары аркылуу билдиришти. Шейшемби эртең менен Кропоткин шаарына фермерлердин нааразылык […]

Тумандан улам Уфа-Хожент каттамын аткарган учак Кулябга конду

«Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын Уфадан Хожентке учкан учагы коюу тумандан улам Куляб шаарынын аэропортуна конууга аргасыз болду. Хожент эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Уфа-Хожент каттамын аткарып жаткан «Аэробус 320» учагы түнкү […]

Ысык-Көлдө 13 жаштагы өгөй кызын зордуктаган адам 15 жылга соттолду

2017-жылдын 14-февралында Ысык-Көл областтык сотунда 1968-жылы Ысык-Көл областынын Түп районунда туулган, билими орто, никеси жок, эч жерде иштебеген, мурда соттолбогон М. Бекташовдун жазык иши каралды. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма […]

Белгилүү тележурналист Ислам Каримовдун көңүлдөшү болгонун четке кагууда

Кезинде Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун басма сөз катчысы болуп иштеген совет доорундагы белгилүү өзбек тележурналисти Лола Хатамова мамлекет башчы менен болгон сүйүү мамилелери тууралуу айтылган ушактардан улам коомчулуктан четтегенин […]

Фабула пресс: “Оку да, үшкүр!”

ЭКИ ТАЖИК КЫРГЫЗ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАДЫ -Москвада 30 жаштагы келинди зордуктаган эки тажик жигити колго түштү. Алардын бири 29да болсо, бири 25 жашта. Эки тажик экөө тең эшик шыпырып иштечү экен. […]

УКМК Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузду. Ал Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) алкагында козголгон иш боюнча үй камагына алынды. Тергөөнүн маалыматында 2011-жылы […]

Канттагы Су-25СМ учактары Тажикстандагы аскердик машыгууларга катышат

27-марттан 30-мартка чейин Тажикстанда Орусия менен Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен антитеррористтик машыгуулары өтөт. Ага катышуу үчүн Канттагы орусиялык авиабазанын Су-25СМ учактары Тажикстанга жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Борбордук аскердик […]

АКШнын колдоосундагы аскерлер Сириядагы стратегиялык авиабазаны ээлешти

АКШнын колдоосундагы күрт-араб альянсынын билдиришинче, анын аскерлери «Ислам мамлекетинин» жоочуларын Сириянын түндүгүндөгү стртегиялык авиабазадан сүрүп чыгарышты. “Сириянын демократиялык күчтөрү» Табка аскерий аэропортун толугу менен көзөмөлдөп турат. Андагы коопсуздукту толугу менен […]

Түштүк Кореянын прокуратурасы экс-президентти камакка алууга ордер сурады

Түштүк Кореянын прокурорлору өлкөнүн мурдагы президенти Пак Кын Хени камакка алууга ордер сурап, ал пара алуу үчүн «кызмат абалын жана президент деген макамын ашкере пайдаланганын» жана мамлекеттик иштер боюнча жашыруун […]

Казакстан футболчуларынын учагы Ереванга авариялык түрдө конду

Футбол боюнча Казакстан курамасынын учагы Ереван аэропортунан учуп, бирок көп өтпөй кайра аргасыздан конду. Бул тууралуу казак командасынын медиаофицери, спорттук блоггер Ербол Каиров Twitter’гe жазды. Маалыматка караганда, Казакстан курамасынын учагынын […]

Ашхабад полициясы көчөдө жүргөн түгөйлөрдүн документтерин текшерүүдө

Ашхабадда көчөдө жүргөн кыз-жигиттердин документтери текшерилип, туугандык байланышы жок болсо полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө. Борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин Максат аттуу студенти бир айдан […]

Самаркандда 17 дарыгер мыйзамсыз аборт жасоого катышкан деп айыпталууда

Самаркандда кылмыштуу аборт жасоо жана бойдон алдырылган түйүлдүктөрдү өрттөө иши боюнча тергөө башталды. Облустук прокуратурадан билдиришкендей, бул иштин алкагында шаардагы №2 төрөт үйүнүн 17 дарыгери кармалды. Маалыматка караганда, кылмыштуу аборттор […]

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды.

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Д. Эрлан 1985-жылы Талас облусунун Ленинполь районунун Ключевка айылында туулган, […]

Видео – Минскте дагы ондон ашык активист кармалды

Минскте ишембиде Эркиндик күнүнө карата өткөн жүрүш маалында кармалгандарды бошотууну талап кылган уруксатсыз акциянын ондон ашык катышуучусу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди. Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды […]

Садыр Жапаровдун 64 тарапташы эки жана беш суткага камалды

Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган 64 кишини эки суткадан беш суткага чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. 12 киши айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Эки митингчиге эскертүү берилип, […]

Лондондогу теракттын курмандыктарынын саны төрт адамга жетти

Лондондогу кол салуунун курмандыктарынын саны төрт адамга жетти. Жаракат алган 30дан ашык кишинин бирөөсү көз жумду. Кол салган адам полиция тарабынан ошол жерде эле атылып өлтүрүлгөн. Анын Лондондун чет жагында […]

ММКлар Мамдуманын экс-депутатын өлтүргөн делген адамдын аты-жөнүн жарыялашты

Украинанын “Обозреватель” басылмасы Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Денис Вороненковду өлтүргөн делген адамдын сүрөтүн жана аты-жөнүн жарыялады. Басылманын маалыматы боюнча, экс-депутатка Павел Паршов деген адам кол салган. Азырынча бул маалымат расмий […]

Казакстанда жарандык активист Руслан Жанпеисов камалды

Шымкентте жол полициясынын кызматкерлери эреже бузган учурларды видеого тартып, аларды интернетке жарыялап келгендиги менен белгилүү жарандык активист Руслан Жанпеисовго карата кылмыш иши козголду. Ал адамдардан «опузалап акча талап кылган» деп […]

Чеченстанда аскер бөлүгүнө кол салуудан 6 жоокер каза болду

Чеченстанда жумага караган түнү аскер бөлүгүнө кол салуу болуп, алты жоокер каза болду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине Орусиянын Улуттук гвардиясынан кабарлашты. Мурдараак ТАСС агенттигинин булагы куралдуу адамдардан турган топ Улуттук […]

Түркияда сойкукана түйүнүн уюштурган өзбекстандык аял кармалды

Түркия полициясынын Стамбул жана Кожаэли шаарларындагы рейдинин жүрүшүндө Өзбекстандан барган аялдарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган 19 киши кармалып, 21 аял сексуалдык кулчулуктан куткарылды. Бул рейддер менен кармоолор Ататүрк аэропортунда Ташкентке […]