Ишемби, 4 Июль, 2020 - 23:57
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Экономика боюнча экс-министр Арзыбек Кожошев да УКМКга сурак берди

Экономика боюнча экс-министр Арзыбек Кожошевди да УКМК 29-майда Бишкек ТЭЦиндеги модернизация боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында суракка алган. Бул тууралу ал өзү Tazabek агенттигине билдирген. Анын айтуусу боюнча УКМКнын тергөөчүлөрү […]

Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор: «Атамбаев да түрмөгө отурушу керек. Оңбой калат го…»

– Эмилбек мырза, айтылуу Туйгунаалы Абдраимовдун бийлик тарабынан Чүй дубанынын башчылыгына дайындалышы менен коомчулукта губернаторлук институттун баркы көтөрүлгөнү айтылууда. Бийлик облус башчылыгына базардан карьерасын түптөгөндөрдү эмес, ушул эле Абдраимов, болбосо […]

Дамир Сагынбаев: “Эгер Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен болсо, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн да айып тагылат”

Парламент депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматы Шадиевдин өлкө сыртына чыкпаганын […]

Жыргалбек Турускулов: Коррупция болгондо эле баса калбай, алдын ала иштерин жүргүзөлү

-Жыргалбек Күрүчбекович, ӨКМ вертолетторду өз баасынан кымбатка сатып алмакчы болуп жатканын айттыңыз. Бул каяктан алынган маалымат? – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы ЖМКларга министрлик эки вертолет сатып алмакчы экендиги, алардын ар […]

Күнөөсүн далилдебей туруп, Текебаевди камаган соттор чыныгы коррупционерлерди камай албай жатышат

Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча, 1 миллион доллар Кыргызстанга эки бөлүк менен келген. Биринчиси 300 миң, экинчиси 700 миң доллар. Маевский тергөөдө (1-том 106-бетте, 5-том 53-59-беттерде), кийин сотто «2010-жылы июль айынын […]

Украина президенти журналист Бабченко өлтүрүлбөгөнүн билген

Украинанын президенти Петр Порошенко орусиялык журналист Аркадий Бабченконун өлүмү атайын кызматтын операциясынын алкагында жасалган иш болгонун билгендигин айтты. «Бул тууралуу менден башка администрацияда эч ким билген эмес. Мен мындан башкача […]

ИМ Бельгиядагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

Бельгиянын Льеж шаарындагы кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу террорчулардын интернеттеги иштерине байкоо жүргүзгөн SITE ресурсу билдирди. 29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10-30да Льеж […]

Сапар Исаков камалса, бир топ сырлардын бетачарына күбө болобуз

Кыргыздарга Кудайдын боору ооруп, ТЭЦти жарып бергенден бери коррупциялык элементтердин баштан ашып кеткенине күбө болдук. Акыры Сапар Исаковго кылмыш иши козголду… Удаалаш эле «Датка-Кемин», тарых музейи, Чолпон-Атадагы стадион сыяктуу чоң […]

Зарылбек Рысалиев: Менден Батукаевдин кешигин сурашчу болду

– Зарылбек мырза, Батукаев маселесин Жогорку Кеңеште кайра көтөрүүңүзгө эмне себеп болду? – Феликс Куловдун «Жаңы Ордо» гезитинин 27-апрелдеги жана 25-майдагы сандарына берген интервьюсун карасаңар. Батукаевдин тегерегиндеги суроолорго жооп берип, […]

МУКК: «Кыргыз-Почтасы» мамишканасы менен МАИчилер жең ичинен сүйлөшүп алып, төгүлгөн айыппулдарды өздөрүнө ыйгарып алып турушкан

Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан Базар-Коргон райондук жол кыймылын камсыз кылуу (ЖККК) бөлүмүнүн жана «Кыргыз-Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгрып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен […]

Бахадыр Сулейманов: Музейди түрктөр жасаса, биздикилер жей албай калышмак

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы улуттук тарых музейин оңдоого оозду ачырган каражаттар сарпталып, бюджеттен бөлүнгөн өтө чоң сумма максатсыз пайдаланылганын иликтеп чыкты. ТЭЦ боюнча чуулгандуу коррупциянын учугу табыла электе, эски […]

Чүй ОИИБ начальниги Сарчаевдин садага чабылышы күтүлүүдө

Данияр Абдыкаровдун «шестеркасы» катары айтылып жүргөн Чүй ОИИБнин начальниги Нурлан Сарчаевдин духу түшүп, кызматтан кете турган күнү жакындап калдыбы? Себеби, буга чейин өздүк курам ичиндеги ишбилги кызматкерлерди негизсиз кодулап, жогору […]

Журналист Аркадий Бабченко тирүү, кол салуу атайын операция болгон

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону, ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан дээрлик бир күндөн кийин айтылды. Анын алкагында журналистти мерт кылууга даярданган деп шектелген киши кармалды. Буюртма […]

Чүйдөгү түрмөдө үч киши оозун тикти

Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына караганда, камактагылар колония жетекчилигинин аларды айып камерасына камоо тууралуу чечимине каршылык билдирип жатышат. – Үч […]

Өзбекстанда футбол калыстарына көрсөтүлгөн кысым боюнча иликтөө башталды

Өзбекстан футбол ассоциациясы жана Профессионалдык футбол лигасы 22-26-майда «Коканд — 1912», «Бухара», «Кызылкум» командаларынын ортосундагы беттеш маалында болгон окуяларды иликтей баштады. Иликтөөгө “Азаттыктын” өзбек кызматынын “Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына […]

Украин премьери: журналист Бабченконун өлүмүнө Орусиянын тиешеси бар

Украина премьер-министри Владимир Гройсман орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчилик Орусияда экенин билдирди. Анын пикиринде, Москва журналистти «чынчылдыгы жана принципиалдуулугу» үчүн кечирген жок. “Ал дүйнөгө Орусиянын агрессиясы тууралуу […]

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Ихлас” компаниясы эски аэропорттун 5 гектар жерин да ээлеп алып үйлөрдү салган, муну да текшериш керек”

“Силер “Ихлас” курулуш компаниясы Чынгыз Айтматов проспектисиндеги 2,8 гектар жерди мыйзамсыз алып алгандыгы боюнча кылмыш иши козголгонун айттыңар, андан башка да “Ихлас” компаниясы Бишкектин эски аэропортунун аймагындагы автоунаалар токтоочу 5 […]

Түндүк Кипрде белгисиз адамдар кыргыз жигитин мыкаачылык менен өлтүрүп коюшту

Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеп, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөн. Маалыматта: Кыргыз жигитке 7-8 жолу бычак сайылганы, учурда анын абалы оор, комада жатканы […]

Рыскелди Момбеков: “Премьер-министрге айтып койгула, кылмыш иши козголгон Бердалиевди кантип Бажы башчысынын орун басары кылып дайындады?”

“Өткүрбек Асилбекович, сиз 2017-жыл үчүн отчет берип жатасыз, бирок ал кезде сиз генпрокурор болуп иштеген эмессиз. Мен сизге 2018-жылдын иштери боюнча эле суроо берейинчи. Быйыл 28-мартта бажынын жетекчилеринин бири Шамил […]

Генпрокурор: “Алай өрөөнүндөгү Кытай газ түтүгү өткөн жерди мурунку бийлик кытайларга берип койгон деген маалымат текшерилип жатат”

“Белгилүү эксперт Базарбай Мамбетовдун Алай өрөөнүндөгү Кытай газ түтүгү өткөн жерди мурунку бийлик мамлекеттин кызыкчылыгын эске албай туруп, кытайларга берип койгон деген макаласы коомчулукта чоң резонанс жаратып, көп талкууга түштү. Генпрокуратура […]

Чолпон-Ата ат майданынан 154 миллион сом уурдалганбы?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы менен Эсеп палатасы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн курулган ипподромго сарпталган каражаттын чоо-жайын текшерип жатат. УКМКнын маалыматында: Курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген […]

Аскарбек Шадиевдин кайда экени боюнча Генпрокурор да, УКМКнын төрагасы да жооп бере албай коюшту

“Аскарбек Шадиев азыр кайда? Кыргызстандабы же башка жактабы? Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши эмне болду?” – деп сурады бүгүн, 30-майда парламентте депутат Рыскелди Момбеков генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдон. “Шадиев УКМКнын маалыматы […]

Кыргызстандын алтынын кымырган казак миллиардери 55 миллион сом төлөдү

Кыргызстандагы “Бозумчак” кенин иштеткен казакстандык “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясынын директору, миллиардер Ильяс Тулекеев үй камагына чыкты. Ага “салыкты жаап-жашырган”, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салык төлөөдөн качып, 2015-жылы 9760 тоннадан […]

Ыссык-Көл фондундагы жоголгон акчага ким жооптуу?

Жакында эле Ыссык Көл фондундагы топтолгон каражаттар кимдир бирөөлөрдүн сол чөнтөгүнө солонуп, эсеби чыкпай жаткандыгы боюнча маалымат тарады. Эске салсак, “Кумтөр” алтын кен долбоорун иштеткен “Центерра” компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык […]

Генпрокурор: Россия менен Казакстанда 222 кыргыз жараны наркотик менен кармалып, абакта жатышат

“Биздин акыркы тактоолор боюнча Россия менен Казакстанда 222 кыргыз жараны наркотик менен кармалып, абакта жатышат, биз азыр аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу жолдорун издеп жатабыз”, – деп билдирди бүгүн, 30-майда парламентте, […]

Тарых музейине сарпталган каражат аша чапкандык эмеспи?

Улуттук тарых музейин оңдоо эки жыл мурда башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзгөн. Бирок музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң, кыргыз өкмөтү маданий […]

Кенжебек Бокоев: “Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы боюнча кылмыш иши жоопкерлерди калкалоо үчүн атайын создуктурулуп жатат”

“Мындан 4 жыл мурун депутаттык комиссия түзүлүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциядагы мыйзам бузууларды аныктап, Генпрокуратурага өткөрүп берген. Ошол кылмыш иши эмнеге токтоп калды?”, – деп […]

УКМК Албек Ибраимовго кылмыш ишин козгоду, “Дастан” заводуна ири көлөмдөгү зыян келтирген

28-майда УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы КР кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралу мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалыматтар боюнча 2012-жылдын январь […]

Генпрокурор: “Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун 424 мүчөсү бар, Бокушевдики – 50, Батукаевдики – 49”

“Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда 424 мүчөсү бар, Бокушевдин тобунда 50 мүчө жана Батукаевдин тобунда 49 мүчөсү бар. Алардан башка да эч кимдин тобуна […]

Генпрокуратура Каржы полициясынын тергөөчүсүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоду

КР Генералдык прокуратурасы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Каржы полициясы) Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 322-билип туруп, күнөөсүз адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. […]

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти

Аркадий Бабченко. Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти. Бул тууралуу Киев полициясына шилтеме кылып «Свобода» радиосунун украин кызматы жазды. Украин ИИМинин расмий маалыматына караганда, крымдык татарлардын ATR деген телеканалында алып баруучу […]

Түркмөнстанда туздуу бороондун кесепеттери жоюлууда

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда жергиликтүү дыйкандар менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери өткөн дем алыш күндөрү аймакты каптаган туздуу бороондун кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 29-майда дыйкандар менен бюджетте […]

Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына кысым көрсөткөн деп айыпталууда

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзёевдин кудасынын баласы футбол боюнча өлкө Суперлигасынын акыркы эки турунда калыстар менен машыктыруучуларга кысым көрсөткөн. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып жазды. Маалыматка караганда, […]

Сапар Исаков: Мага кылмыш ишин козгоо – чектен чыгуу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция боюнча айып таккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ага козголгон кылмыш ишин «таптакыр чектен чыгуу« деп баалады. Ал алты сааттан ашык сурак берип чыккан […]

УКМК бүгүн Сапар Исаковду 6 саат суракка алып, аягында коррупциялык кылмыш боюнча айып такты

Бүгүн, 29-майда КР Улуттук коопсуздук кызматы экс-премьер Сапар Исаковду саат 14.00.гө суракка чакырып, дээрлик 6 саат бою суракка алды, сурактын аягында Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык кылмыш боюнча айып […]

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Бажычылардын кабинеттерине, Жогорку Кеңешке кимдер тыңшоочу аппараттарды тымызын орнотуп, тыңшап жатышат?”

“Апрель айында Баткен жана Ош облустук бажынын башчыларынын кабинеттеринен тымызын орнотулган тыңшоочу аппараттар табылган. Мамлекеттик кызматкерлерди ким мыйзамсыз, тымызын тыңшаган? Эмне үчүн бул факты иликтенип, кылмыш иши козголгон жок?”, – […]

Бүгүн Сапар Исаковду дагы суракка чакырышты, социалдык тармактарда аны бүгүн УКМК камакка алышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда

Бүгүн, 29-майда УКМК экс-премьер Сапар Исаковду саат 14.00.гө кайрадан суракка чакырды. Бул тууралу ал өзү журналисттерге билдирди. Бул анын төртүнчү жолу суракка барышы. УКМК Сапар Исаковду Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу уурдап-тоноолор […]

Видео – Университеттин окутуучусу 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Каржы полициясына Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура институтунун (КГУСТА) студенткасы А.А арыз менен кайрылып, университеттин К.А. аттуу кафедра башчысы андан дипломду ийгиликтүү коргоп алуу үчүн 1500 […]

Эмил Шүкүров, эколог: “Мэр 9000 сомдон Германиядан алып келдик деген көчөттөрдү Бишкектен эле, мэрдин инисинен сатып алышкан…”

“Мен аныгын билбейм, бирок мага келип түшкөн бир маалыматты депутаттар текшерсе жакшы болот эле, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Германиядан 9000 сомдон сатып келдик деп тиктирип жаткан көчөттөрдү Бишкекке жакын […]

Каржы полициясы «КазМинералзБозымчак» компаниясынын гендиректору Иляс Тулекеевди эмнеге кармаган?

КР Каржы полициясы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Бозымчак” алтын кенин казып жаткан Казакстандык миллиардер Владимир Кимдин «КазМинералзБозымчак» ЖЧКсы 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан 9760 тонна алтын концентратын ташып чыгып кеткенин, бирок салыкчылар мыйзам боюнча […]

Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго: “Коррупция же уурдоолорго байланыштуу резонанстуу иштерди аягына чыгаргыла, күнөөлүүлөргө катуу чараларды көрүш керек”

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет. УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана […]

Видео – 166 млн сом уурдады деп шектелип жаткан “Түндүк” бажысынын экс-башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү

25-май күнү КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) “Түндүк” бажысынын экс-начальниги Нурбек Айбашевди кармап, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизген. 27-май күнү Нурбек Айбашевге […]

Таласка кыз ала качып баратып, колго түшкөн 29 жаштагы жигит кызды бычактап өлтүрүп, өз өмүрүнө да кол салды

Кечээ, 27-майдын кечинде Таластык 29 жаштагы жигит Б.Д. Бишкекте туугандарыныкында андан жашырынып жүргөн 20 жаштагы Жалал-Абаддык кыз Т.Б.ны кармап алып, достору менен машинага күчтөп салып, Таласка алып качып жөнөшөт. Кыздын […]

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: “”Кумтөр” боюнча Сапар Исаковдун 2017-жылы түзгөн келишими кылмыштуу келишим, президент менен парламент аны токтоосуз жокко чыгарыш керек!”

2017-жылы 11-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” алтын кени боюнча Канадалык “Центерра голд…” компаниясы менен жаңы стратегиялык келишим түздү. Бирок ал келишимдин текстин өкмөт эмне үчүн элге жарыялаган жок? Балким алар […]

Улуттук коопсуздук кызматы 9090 сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды

КР МУКК 2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304-беренесинин 2-бөлүгү жана […]

Кашкар мырза ИИМди ириткен “крысалардан” эртерээк арылса болмок

Тогуз-Тородо элдин массалык түрдө тополоңго чыгышы, Кыргызстандагы инвестициялык климатты өлтүргөнү, ОИИБнин шалаакылыгынан улам тартипсиздик орун алганы кандай? Албетте, бул окуялар ошол учурдагы Жалал-абад ОИИБнин мурдагы башчысы Акылбек Мамасейитовдун алдын ала […]

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер: “АША Кытай тарапка 30-40 миллион долларга узундугу 200 чакырымды, туурасы 10 чакырымды түзгөн бүтүндөй Алай өрөөнүн берип койду”

«Силер менин газ түтүгүнүн 4-бутагы жөнүндө жазып келатканымды окубай келесиңер. Ал боюнча биздин өлкөгө 75 миллион доллар төлөнөт деген бир да документке бекитилген эмес. Силер айткандай, ал каражат газдын транзити […]

Кубанычбек Кулматов эмнеге камалган жок?

КРнын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго Улуттук коопсуздук комитети тарабынан, Келечек жаңы конушуна салынган мектеп боюнча кылмыш иши козголуп, бирок камакка алынган жок. Эмнеге? Коррупцияга каршы күрөш тандалма жол […]

ОПГ менен байланышы бар Капар Батыркановго ким кызмат берди?

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Чынгыз Жумагулов, каймана аты “Дөө” менен байланышы бар делип иштен айдалган Чүй милициясынын мурдагы башчысы Капар Батырканов учурда кайрадан жооптуу кызматка дайындалды. ИИМге караштуу Транспорт […]

Улуттук коопсуздук комитети Көчмөндөр оюнунун алкагында курулган ат майданды салууда эбегейсиз чоң суммадагы уурдап-тоноолорду аныктады

Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Ыссык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Долоноту айылында өткөрүлгөн экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда […]