Ишемби, 7 Декабрь, 2019 - 0:43
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Видео – Бишкекте бүгүн Өмүрбек Текебаевдин соту уланды

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун соту уланды. Видео Искен Афиджановдуку

Лондон: мечиттин жанындагы кол салууга шектүү адам кармалды

Лондондун Финсбери-Парк аймагындагы мечиттин алдында унаасы менен адамдарды тебелетип кеткен адам терроризм жана адам өлтүрүү беренелери боюнча айыпталып камакка алынды. Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме кылып BBC билдирүүдө. Укук коргоо […]

Ананьеводогу жарылуудан эки адам мерт болду

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин […]

Казакстанда «аткезчи» мамлекетке 170 миллион теңге зыян келтирген

23-июнда Казакстандын Уральск шаардык сотунда жейрен мүйүздөрүн сатууга айыпталып жаткан Нургали Байкатовдун иши боюнча сот отуруму башталат. 50 жаштагы Байкатов өткөн жылы апрелде Уральсктын темир жол бекетинде кармалган. Батыш Казакстан […]

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы аткаминери камалды

Тажикстанда ири коррупциялык кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин дагы бир мурдагы кызматкери кармалды. Маалыматка караганда, агенттиктин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Косим […]

Түп районунан 11 кг. ашык баңги заты алынды

КР ИИМдин Ыссык-Көл жана Нарын областтары боюнча Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, КР ИИМдин Ыссык-Көл облусу боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чыгыш бажысынын контрабандага каршы күрөшүү […]

Тажикстанда ири жол кырсыгынан жети киши мерт болду

18-июнь күнү кечинде Дүйшөмбү-Куляб унаа жолундагы кырсыктан жети киши каза болду. Маалыматка караганда, болжол менен эки унаа бетме-бет кагылышып, андагы адамдарды бирөөсү дагы аман калган эмес. Восе райондук ооруканасынын дарыгери […]

Иран Сириянын чыгышындагы жоочуларга ракетадан сокку урду

Иран Ислам революциясын коргоо корпусу Сирия аймагына ракетадан сокку урду. Орто аралыктагы баллистикалык ракета Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зор шаарындагы исламисттерге каршы багытталган. Иран аскерлеринин маалыматы боюнча базада 7-июндагы терактка тиешеси бар […]

Лондондо унаа жөө адамдарды тебелеп, бир киши каза болду

Лондондун түндүгүндө фургон унаасы жөө адамдарды тебелеп, жыйынтыгында бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жаракат алышты. Учурда полиция тарабынан теракт версиясы каралууда. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Финсбёри-парк аймагындагы […]

CNN: Магнитский иликтеген акчалар Сириядан чыкты

CNN телеканалынын журналисттери Сергей Магнитскийдин ишине байланыштуу документтер алардын колуна тийгенин жарыялашууда. Магнитский кылмыштуу каржылык схеманын бетин ачкандан кийин 2009-жылы Москвадагы түрмөдө өлгөн. CNN Орусиядан башкарылган жана орус бийликтери менен […]

Казакстанда EXPO-2017 көргөзмөсүнө жасалма билеттердин сатылышы иликтенүүдө

Астанада EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнө жасалма билеттер сатылган деген маалыматты иликтөө иштери башталды. Улуттук почта операторунун басма сөз катчысы Сауле Мукашева күмөндүү билеттер Шымкент шаарында табылганын билдирди. — Бул чыныгы […]

ИИМ: Кылмыш иликтөө багытында бир жума ичинде 456 кылмыштын бети ачылды

Ички иштер органдары тарабынан ар бир түшкөн маалыматка жана кылмыш болуп жаткан жагдайларга ыкчам аракеттенүү камсыздалган. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт. Өткөн жумада 12-18-июнь ичинде ИИМдин ыкчам […]

Бажы башчыларына ири суммадагы урдоолор боюнча кылмыш иши ачылды

КР Генералдык прокуратурасы үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде КР Бажы кызматынын айрым жетекчилерине ири суммадагы уурдап-тоноолор боюнча кылмыш ишин ачкандыгын биздин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарыбыз билдирди. Азыр ошол кылмышка тиешеси бар […]

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы мыйзамсыз куралдарды, ок-дарылары менен алуу фактысын ачты

КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы мыйзамсыз ок атуучу куралдарды ок-дарылары менен сактоо жана алуу фактысын ачыктады. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт. Ыкчам-тергөө иш- чараларын […]

Кичине ченеп жебейсиңерби? Кара-Балта – Бишкек жолунун ар бир чакырымын оңдоого 2 миллион доллар сарпталат имиш

Транспорт жана коммуникация министрлиги Кара-Балта – Бишкек жолунун 52,2 км. чакырымын оңдоо үчүн 120 миллион 800 миң доллар жумшалаарын билдирди. Жол куруу иштерине байланыштуу үч миңден ашык дарак кыйылып, 4 […]

Орусия «ИМ» тобунун лидерин өлтүргөнүн кабарлоодо

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аба күчтөрүнүн соккусунан «Ислам мамлекети» тобунун лидери өлтүрүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Абу-Бакр аль-Багдади майдын аягында Ракканын түштүгүндөгү аба соккуларынын жыйынтыгында мерт болгон. Бул «Ислам мамлекетинин» […]

Орусияда авариядан өлгөн 6 жаштагы баланын мас экени аныкталган

Тергөө комитетинин Москва облустук башкармалыгы Железнодорожный шаарындагы 6 жаштагы баланын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөдө. Экспертиза унаа коюп кеткен бала абдан мас болгонун аныктаган. Маалыматка караганда, алты жаштагы баланын канынан […]

Тажикстанда кылмышкерлер тобу соттолду

Бобожонгафуров районунда талоончу топтун мүчөлөрү ар кыл мөөнөткө түрмөгө кесилишти. Беш кишиден турган топ чак түштө беткап кийип алып, жергиликтүү тургандарды карактап, май куйуучу станцияларга кол салып келишкен. Райондук сот […]

Ноокенде адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишинин бети ачылды

Жалал-Абад областынын ИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери Ноокен районунда 2014-жылдын башында болгон оор кылмыш ишинин бети ачышты. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт. 2016-жылдын башында милицияга 2014-жылы 1- январда […]

Түркмөнстанда террордук чабуул ыктымалдыгынан улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн

Түркмөнстанда акыркы айлардагы коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү өлкө аймагында террордук чабуулдар болушу мүмкүн деген чалгындоо маалыматтарына байланыштуу. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү өз булагы кабарлаган. Анын билдиргенине караганда, […]

Видео – Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде бир киши каза болду

Казакстандын Караганда облусундагы Жезказган шаарынан 50 чакырым алыстыкка кезектеги жолу Орусиянын «Союз-2.1а» ракета ташуучусунун бөлүктөрү кулап түштү. Ал орбитага «Прогресс МС-06» деп аталган транспорттук кемени жеткирүү үчүн «Байкоңур» космодромунан учурулган. […]

Лондондогу өрттүн курмандыктары 12ге жетти

Лондондогу өрттөн курман болгондордун саны 12ге жетти. Шаар бийлиги курмндыктардын саны өсүшү мүмкүн деп кооптонууда. Ооруканага жаткырылган 70 кишинин 20дайынын абалы өтө оор. Кечээ Лондондун батышындагы Кенсингтон аймагында 24 кабаттуу […]

Тажикстанда Башкы прокуратура кызматкери коррупция шеги менен камалды

Тажикстандын укук коргоо органдары Башкы прокуратуранын  жогорку даражадагы кызматкери Хуршед Жабборзоданы кармады. Маалыматтарга караганда, ал эки апта мурун Улуттук коопсуздук комитети менен коррупцияга каршы мекемеси тарабынан камалган. Хуршед Жабборзода Башкы […]

Казакстанда диний кастыкты козутууга айыпталган аял беш жылга соттолду

Алматыда сот Капшагай шаарынын тургуну, 34 жаштагы Жанна Умированы диний кастыкты козутуу жана терроризмди пропагандалоого айыптап беш жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү угузууга айыпталуучуну жактаган мамлекеттик адвокат катышкан жок. Жанна Умирова […]

Казакстанда судьяны өлтүрүп кетишти, шектүү адам кармалды

Казакстандын Кокшетау шаарында Акмоло облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Жанна Бердыгулованы өлтүрүп кетишти. Полициянын маалыматына караганда, 46 жаштагы Бердыгулованын денеси муунтуу белгилери менен шейшемби таңында  өз үйүндө […]

Лондондо 27 кабаттуу үй өрттөнүүдө, 30 адам жабыркаганы кабарланууда

Лондондун батыш бөлүгүндө көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Имараттын урап кетүү тобокелдиги жогору экени айтылууда. Лондондун өрт коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, өрт имаратты дээрлик […]

Дүйшөмбүдө аттракциондон 10 киши жабыркады

Мамлекеттик герб сейил багындагы аттракциондогу кырсык учурунда 10 киши жабыр тартып, ар кыл деңгээлдеги жаракат алды. Колу-буту сынгандар ооруканага жеткирилди. Шаардык прокуратуранын өкүлү Исмоили Сомони бул факт боюнча тергөө жүрүп […]

Өзбекстан: Мугалимдер студенттин өлүмүнөн улам кысымдар болуп жатканына даттанышууда

3-майда курдаштары тарабынан сабалып, 1-июнда каза болгон Ташкенттеги медициналык колледждин 18 жаштагы студенти Жасур Ибрагимовдун мугалимдери жетекчилик тарабынан кысым көрсөтүүлөр болуп жатканына даттанышты. Айтымдарында, алар дем алышсыз жана эмгек өргүүсүз […]

Казакстанда «сексуалдык ыдык көргөн» аял 7 миллион теңге талап кылууда

Казакстандын Костанай облусунун жашоочусу Анна Белоусова жумушунда «сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылгандыгы үчүн» компенсация катары өлкөнүн Каржы министрлигинен жети миллион теңге (22 миң доллардан ашык) талап кылып Астананын райондук сотуна кайрылды. […]

Бозгундагы тажик полковнигинин уулу жалданмачылыкка айыпталууда

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жетекчилеринин бири Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмуроддун иши сотко жөнөтүлдү. Тажикстандын укук коргоо органдарындагы булактын маалыматы боюнча […]

Бир банка баңгизаты менен Бишкектин тургуну кармалды

Бишкекте баңгизатын сактап катып жүргөн 53 жаштагы жаран колго түштү. Анын үйүндө баңгизаты бар экендиги тууралуу милицияга кабар келип түшөөрү менен милициялар аталган жарандын үйүн тинтүүгө алганда, жуунчу ваннанын алдына […]

Бишкекте өспүрүм төрт жашар кызды сүзө качты

Бишкекте төрт жашар кызды коюп кеткен өспүрүм бала кармалды. Ал 10-июнда төмөнкү Ала-Арча районунда төрт жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын басма […]

Москвадагы кыргыз аңгини милиция кызматкери аялча кийинип кармады

Москванын түндүк тарабындагы Мытищи шаарында аялдарга асылып, аларды караңгы токойго сүйрөп барып зордуктап, кумардан канып жүргөн кыргыз жараны кылтакка илинген. Ал буга чейин бир нече орус аялды зордуктаганы айтылат. Ал […]

ИИМ: Кылмыш иликтөө багытында бир жума ичинде 419 кылмыштын бети ачылган

Ички иштер органдары тарабынан ар бир түшкөн маалыматка жана кылмыш болуп жаткан жагдайларга ыкчам аракеттенүү камсыздалган. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт. Өткөн жумада 5-11-июнь ичинде ИИМдин ыкчам […]

Орусиядагы антикоррупциялык митингдерде 1400 киши кармалды

Орусиянын бир нече шаарларында саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары коррупцияга каршы жапырт митингге чыгышты. Поиция уруксат берилген жана берилбеген акциялардын катышуучуларын кармоодо. Акыркы маалыматтарга караганда, полиция Москвада 731, Санкт-Петербургдан 500дөй, Орусиянын […]

Казакстанда ири айнек заводдун ээси рэкетчиликке шектелүүдө

12-июнь күнү полиция “Казстройстекло” заводунда тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты заводдун директорунун орун басары Людмила Шепелева ырастады. Ал өндүрүш токтобогону менен кеңседе иш жүрбөй калганын, күч түзүм кызматкерлери компьютерлерди, документтерди алып […]

Тажикстанда майыптарды алдап кетишкен кишилер соттолушту

Дүйшөмбүдө сот өзүлөрүн кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери катары тааныштырып, 35 майыптын ишенимине кирип жүз миңдеген сомони өөнөп алган кишилерди эркинен ажыратты. Соттун чечими менен Саёхат Созибназарова, Махмудджон Носиров жана Билолиддин Мудинов […]

Өзбекстанда мурдагы акимдин небереси чоң атасынын үйүн тоноого шектелүүдө

Самарканд облусунун Нарпай районунунун мурдагы акими, маркум Акбар Жамиловдун үйүнө небереси каракчылык уюштурганы кабарланууда. Окуя 11-майда болгон. Бирок каракчылык акимдин небересинин жардамы менен ишке ашканы эми гана ачыкка чыгууда. “Бул […]

Журналист Улугбек Бабакулов Кыргызстандан чыгып кетти

Журналист Улугбек Бабакулов жеке коопсуздугуна байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткенин 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал өзүнө кылмыш иши козголордон бир күн мурун өлкөдөн кеткенин белгилейт. Бирок кай жакта экенин ачык айткан […]

Видео – “Депутатский корпус” аттуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери Мурат Токмади камакка алынды

КТК телеканалынын маалыматына караганда “КазСтройСтекло” заводунун негиздөөчүсүн опузалоо жана кылмыш иштерин уюштуруу боюнча айыпташууда. КТК каналынын Токмадини кармоо тууралуу тарткан сюжети: Видеодо байкалгандай, Муратхан Токмади мындай нерсени күткөн эмес, ошондуктан […]

Бишкекте өз өлкөсүндө кылган күнөөлөрү үчүн изделип жүргөн тажик жарандары кармалды

Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына, Баткен областынын ИИБнын кесиптештерине оор кылмыш кылгандыгы үчүн шектелген Таджикистан Республикасынын жарандары Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөндөрдү кармоо туралуу Тажикистан ИИМи кайрылган. […]

Жалал-Абадда салмагы 4 кг болгон банги каражат – афган түспөлүндөгү опиум табылды

Жалал – Абад областынын ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмү, КР УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин бирдиктүү ыкчым-изилдөө иш-чарасынын жыйынтыгында оор банги каражатты мыйзамсыз сактоо фактысы ачыкка […]

Караколдо массалык мушташ болду

Каракол шаарында спортчулардын катышуусунда массалык мушташ болду. Маалым болгондой, алардын арасында олимпиадалык резерв боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн облусттук спорт мектебинин азыркы жана мурунку тарбиялануучулары жана машыктыруучулар бар. Айрым маалыматтар боюнча, […]

Алматыда кылмыштуу топко каршы ири операция өтүүдө

Алматыда күч түзүм кызматкерлери “кылмыштуу топко каршы” операция жүргүзүүдө. “Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, тинтүүлөр өлкөдөгү ири заводдордун биринде жүргөн. Анын кожоюну кылмыштуу топту башкарууга айыпталууда. Бүгүн, 12-июнда өтүп жаткан операцияны […]

16 жаштагы бала мас абалында адам өлтүрдү

7-июнь күнү эртең мененки саат жетилер чамасында, Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндөгү “Жылдызча” деген аталыштагы бала бакчада ашпозчу болуп иштеген 63 жаштагы аялды “Ниссан” үлгүсүндөгү машине айдаган 16 жаштагы бала машинесин […]

“Улуу Кыргызстан” партиясынын лидери Максат Касенов камакка алынды

“Улуу Кыргызстан” деген партияны элибиз өтө билбесе да, аздыр-көптүр билип калды. Бул партияларга киргендер жана ага төрага болуп жүргөндөр өздөрүн бир топ эле ыймандуу катары көрсөтүшүп, динге ыктап келишкени маалым. […]

Карганбек Самаковдун соту 27-июнда болот

Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча 6-июнда соттук отурум болуп, соттук процесс 27-июнга жылды. Отурумдун башында катчы чакырылган тараптар тууралуу маалымат берди. Сотко Абай Таштанбеков келген […]

Сирияда Ракканын дагы бир району ИМ жоочуларынан бошотулду

АКШ колдоо көрсөтүп жаткан Күрт-араб коалициясынын куралчан отряддары Ракканын чыгышындагы райондордун бирин “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан бошотуп, өз карамагына алды. Бир нече күн мурда башталган Раккадагы операция үч тараптан […]

Алматы облусунда үч адам дааратканага түшүп кетип каза болду

Казакстанда бир үй-бүлөдөн үч адам дааратканага түшүп кетип мерт болду. «Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, окуя 6-июнда Алматы облусуна караштуу Карасай районундагы Кыргауылды айылында болгон. Бейрасмий маалыматтар боюнча, 10 жаштагы кыз […]