Дүйшөмбү, 14 Октябрь, 2019 - 7:37
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Криминалдык хроника жана окуялар

Индияда Махатма Гандинин күлү сакталган урна уурдалды

Индиянын көз карандысыз кыймылынын лидери Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү өлкөнүн борбордук штатындагы мемориалдан уурдалды. Вандалдар саясатчынын сүрөтүнө «саткын» деп жазып кетишкен. The Wire басылмасы кабарлагандай, окуя 2-сентябрда анын 150 жылдык […]

Казакстан: тергөө абагында ачкачылык жарыялаган сегиз адамдын экөө тамак иче баштады

Казакстанда «терроризмге үгүттөө» жана «диний кастыкты козутуу» айыбы менен соттолуп, өкүмгө нааразылык катары 30-сентябрда ачкачылык жарыялаган сегиз адамдын экөө тамак иче баштады. Бул тууралуу соттолгондордун туугандары билдиришти. Алардын айтымында, Азамат […]

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

Өзбекстандын Наманган шаарындагы «Легендалар өрөөнү» паркында жаңы орнотулган аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 30-сентябрда болгон. Парк кызматкерлеринин бири Эля Холикова аттуу кыз жакында эле […]

Мал уурдалган деп шектелген киши милиция кур менен уруп, башына желим баштык кийгизгенин айтып, кайра танды. Неге?

Мал уурдалган деп шектелип жаткан киши милиция кызматкерлери ага карата күч колдонуп, кыйнап, сабагынын айтып чыкты. Бирок, кийин бул сөзүнөн баш тартып, укук сактоо органдарынын өкүлдөрү акталган. Бул тууралуу окуя […]

Автобуска сүйрөлүп каза болгон окуучунун сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 4-октябрда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын ГЭС-2 жаңы конушунда 2008-жылы туулган окуучунун сөөгү жерге берилди. Эскерте кетсек, кечээ, 3-октябрда автобустун эшигине буту кыпчылып калган окуучуну айдоочу байкабай бир топ […]

Жалал-Абаддагы РЭСтин юристи пара алып жаткан жеринен кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда,  Жалал-Абад облусунда РЭСтин юристи пара алып жаткан жеринен кармалган. Алардын айтымында, аларга Базар-Коргон районунун Т.Н. аттуу тургуну […]

Сузакта эки кабат сарай, 340 түк чөп өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Тобой айылында 2 кабат сарай өрттөнүп кеткени тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, кырсык Тобой айылындагы Саркаров көчөсүндө болгон, анын кесепетинен эки […]

Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев СИЗОдон № 27 түрмөгө которулду

Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеев абактагы жазасын өтөө үчүн СИЗО-1ден Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине  которулду. Бул тууралуу ЖАМК билдирди. Алардын айтымында, Бишкек шаардык […]

Автобустун эшигине буту кыпчылып калган окуучуну сүйрөп кеткен айдоочу камакка алынды

Кечээ, 3-октябрда автобустун эшигине буту кыпчылып калып, дөңгөлөктүн алдында калып каза болгон окуучуну байкабай сүйрөп кеткен 18-автобустун айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу […]

Наманганда өзүнүн 1 жашар уулун сууга чөктүрүп өлтүргөн киши 18 жылга соттолду

Наманганда алимиент төлөөдөн баш тарткан киши бир жашар уулун Түндүк Фергана каналына чөктүрүп өлтүргөн. Кылмышкер 18 жылга эркинен ажыратылды. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өз […]

Сокулукта автобус 5-класстын окуучусун тебелеп кетип каза болду

Сокулук районун Күн-Туу айылында 5-класстын окуучусу эл ташыган №18 автобуска тебеленип каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Кырсык […]

2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Абдыкалык Рустамовдун соту болуп, камакта калды

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы Арслан Ибраевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 3-октябрда, Биринчи май райондук сотунда каралды. Рустамовдун мөөнөтү30-ноябрга чейин […]

Достук айылында эки бала сабалып, анын бири арыз менен милицияга кайрылса, арызын албай койгон

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Достук айылынын эки тургуну ур-токмок жеп, мээлери чайпалып, 28-сентябрда Чүй облусунун ооруканасынын травматология бөлүмүнө түшүшкөнү айтылганы менен алардын аты-жөнү ачык айтылган эмес. Таяк жегендердин бири, Достук […]

Казак дипломатынын 4 жаштагы кызын ит (питбуль) талап, ал кансырап ооруканага жеткирилди

Бул тууралуу «CBS New York» басылмасы билдирди. Алардын айтымында, бул окуя Нью-Йорктун Норт Ривердейл районунда Бронкса аймагында болгон. Нью-Йорк шаарында Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн төрт жаштагы кызына питбуль породасындагы ит  кол салган. […]

Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу иш кайра жанданды

Кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу 2013-жылы токтотулган кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу журналисттин иниси Шохрух Саипов кабарлады. Иштин жанданганы тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл […]

Орусияда өлтүрүлгөн беш жаштагы тажик кыздын үй-бүлөсү үчүн жаңы адвокат жалданды

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Серпухов шаарында өлтүрүлгөн беш жаштагы Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн жаңы адвокат жалдады. — Хувайданын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Орусиянын мыйзамдарын өтө жакшы билген Шавкат Умаров […]

Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек жараткан Камалов камактан чыкса…

2015-жылы Рашод Камалов аттуу жаран Сирияга адамдарды даярдоо жана диний экстремисттик аракеттери менен Ош облустук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Эми 4 жыл өтпөй жатып, мындай “кооптуу” делген адамдын […]

Ферганада түнкүсүн селектордук жыйынга бараткан төрт мугалим жол кырсыгынан каза болду

Фергана облусунун Дангара районундагы төрт мектептин директорлорунун орун басарлары жол кырсыгына кабылып, каза болушту. Алар түнкү селектордук жыйынга катышуу үчүн облус борборуна баратышкан. Маалыматтарга ылайык, окуя 30-сентябрга караган түнү болгон. […]

Мээрбек Мискембаев, КСДПчы экс-депутат: “Камала элек мен жана Атамбаевдин үйүндө эки эле ити калды”

Алмазбек Атамбаевдин “элиталарынын” бири – Мээрбек Мискенбаев кечээ, 2-октябрда ИИМдин тергөө кызматына Кой-Таш окуясы боюнча суракка чакырылган.  Ал 9 саат сурак берип чыкканына нааразы болгонун бүгүн журналисттерге билдирди. Кечээ болсо […]

Аялы уктап жатканда балта менен чапкылап өлтүргөн адам кармалып, камалды

Сокулук районунун Биринчи май айылында таш боордук менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 30-сентябрда РИИБге адам өлүмү тууралуу маалымат […]

4 күн, 4 түн кар түшкөн Кептеш жайытында жалгыз калган аял аман-эсен айылына келди

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн билдирүүсүнө караганда, Нарындагы Соң-Көл жайлоосунун Кептеш жайытында Г.А. аттуу 47 жаштагы аял 4 күн, 4 түн жалгыз жашаган. Алардын айтымында, кечээ, 1-октябрда аларга жайлоодо жалгыз […]

Кой-Таштагы окуяда башына таш тийген Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштады

Кой-Таштагы окуяда башына таш тийип, оор жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштаган. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик […]

Чемпион мушкер Болот Атакулов Кузбасстагы кафедеги мушташтан каза таап, Кыргызстанга сөөгүн алып келүү үчүн акча чогултулууда…

Орусиянын Ленинск-Кузнецк шаарында кафе-барга кирген 32 жаштагы жаран кыргызстандык 25 жаштагы бокс боюнча машыктыруучуну сабап койгон. Жаш жигит ооруканага оор абалда жеткирилип, эсине келгени менен, бүгүн, 2-октябрда жүрөгү токтоп калып, […]

Аялы күйөөсүн үбөлүк, идиш-аяк менен ургулаганда, жинденген эркек ага бычак сайып, өлтүрдү

Чүй облусунда күйөөсү аялын өлтүрүп, 12,5 жылга эркинен ажыратылган Соттун чечими Жогорку Соттун сайтына жарыяланды. Алардын жарыясына таянсак, тергөө органдары Илья аттуу (аттары өзгөрлтүлдү) эркек мас абалында аялы Иннаны курсакка […]

Ташкентте пластикалык хирургия клиникасында өлгөн келинди экспертизасыз жерге беришкен

24-августта Ташкенттеги пластикалык хирургия жасаган Mont Blanc клиникасында 20 жаштагы кош бойлуу келин каза болгон. Самарканддык Гүлшан Шарифова дем алуусу кыйындаганына байланыштуу мурдунун ичиндеги этти алдыруу үчүн Mont Blanc клиникасына […]

Атамбаевдин “элитасынын” бири Мээрбек Мискенбаев УКМКга суракка чакырылды

Бүгүн, 2-октябрда Алмазбек Атамбаевдин оң колу, ишенимдүү “баласы” КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Мискенбаев Кой-Таштагы […]

Кыргызстанга мунайзат жеткирип берем деп 22 млн сом алып, качып кеткен шылуун кармалды

Орусия жараны Кыргызстанга мунайзат жеткирип берем деп 22 млн сом алып, качып кеткен. Ал Москвадан кармалып, камакка алынганы тууралуу бүгүн (2-октябрда) ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, шылуундук үчүн […]

Албек Ибраимов 5 млн. долларды кантип кымырган?

Мурдагы президент Атамбаевдин мурдагы кампачысы, андан кийин Бишкектин мэри болгон кадимки Албек Ибраимовдун алкымы айылдаш агасы бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кармап турганда, араандай эле ачылган тура. Буга дейре ага […]

УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык издөөгө алынды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык, анын ичинде Интерпол багыты боюнча издөөгө алынды. ИИМ билдиргендей, Табалдиевге карата Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү […]

Атамбаевдин жансакчысы “кызыл” камерада канча киши менен отурганы айтылды

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин баш коргоо чарасы каралмак. Ал белгисиз бир себептерден улам, 3-октябрга жылганы айтылганы менен убактысы айтылган жок. Бул менен катар бүгүн […]

Адам өлтүрүү, зордуктоо менен соттолуп, качып кеткен Өзбекстан жараны Кадамжайдан кармалды

Өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, качып, издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Аббосов Сайдуллахон Кадамжайдан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Алардын маалыматына караганда, Аббосов Сайдуллахон Өзбекстанда адам өлтүрүү, […]

Казакстанда Telegram аркылуу маңзат сатып жүргөн адам соттолду

30-сентябрда Казакстандын Караганды шаарында ири өлчөмдө маңзат сактоо жана сатуу айыбы менен 22 жаштагы жергиликтүү тургун алты жылга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучу мындан тышкары жабырлануучулар фондуна 50 миң […]

ИИМ: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндөгү (Коррупция) белгилер боюнча А. Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин […]

Түрк депутатынын үйүндө өлгөн өзбекстандык кыз сойкулукка айыпталууда

Түркия прокуратурасы Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын депутаты, отставкадагы генерал Ширин Үналдын үйүндө октон алган жаратынан улам мерт болгон өзбекстандык Надира Кадырованын ишин териштире баштады. Бул тууралуу Cumhuriyet басылмасы билдирди. Иликтөөнүн […]

Короонун тосмосунан шыкаалаган коңшусун канистра менен башка чапкан адам соттолду

Ушундай кызык кабар КР Жогорку Соттун сайтына жарыяланды. Сергей аттуу киши тааныш аял Иринага барып, дубалдан шыкаалаган коңшусу Денисти көрүп калып, канистра менен ур-токмокко алган. Анын кылыгы тентектик беренеси менен […]

Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча Курсан Асанов күбө катары сотко чакырылып, көрсөтмө берди

Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кезектеги сот отуруму болууда. Сотко бүгүн ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов күбө катары чакырылып, көрсөтмө берди. Ал […]

УКМК: Бишкек шаардык мэриясынын кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

КР УКМК ККК жер мыйзамын сактоо максатында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылууга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан […]

2014-жылы “Манас” аэропортунан чыгарылып кеткен 5 млн доллар боюнча Финпол иш козгоду

2014-жылы “Эл аралык Манас аэропорту” Ачык акционердик коомунан чыгарылып кеткен 5 млн АКШ доллары фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу  ЭККМК […]

Орок айылындагы жаңжалды чыгаргандар аныкталды

Кечээ Сокулук районундагы Орок айылында жаштар арасында чыр чыгып, мушташка айланып, ок атышуу болгон. Ал окуя боюнча факты катталып, уруш эмнеден чыкканынын чоо-жайын милиция билдирген. Бүгүн мушташты ким чыгарганы аныкталып, ага […]

Сокулуктагы тергөөчүлөрдүн көтөрүлүшү жана башка жакка которулушу

Сокулуктун облустук ичик иштер бөлүмүндөгү тергөөчүлөр жаңы башчысы Нурдан Орунтаевге каршы чыгышты. Алар бу киши менен иштөө мүмкүн эместигин айтып, он чакты тергөөчүлөр Ички иштер министрине жана Чүй облусунун Мамлекеттик […]

Ферганада соттолуучунун өлүмүнө шектелип тергөө абактын жетекчиси кармалды

Фергана облусунун Өзбекстан районунда тергөө абагынын жетекчиси менен бир кызматкери «бейбаштыкка» айыпталып кармалган жарандын өлүмүнө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу облустук прокуратура өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, абак кызматкерлери «Адам өлтүрүү» […]

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык кыз түрмөдөн табылды

Иллюстрациялык сүрөт Орусиядан дайынсыз жоголгон кыргызстандык 21 жаштагы кыз Орёл шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан (СИЗОдон) табылганы тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак, жоголгон кыз Баткен […]

Каныбек Исаков, билим берүү министри: “Министрликке келген адамды маданияттуу кабыл алып, адамгерчиликтүү мамиле кылгыла!”

Жаңы эле Билим жана илим берүү министри болгон Каныбек Исаков кол алдындагы кызматкерлерине талаптарды катуу коюуда. Ал өткөргөн жыйында мындан ары аталган министрликке келген ар бир жаранды маданияттуу кабыл алып, […]

Орок айылында атылган октун жана мушташтын келип чыгышынын чоо-жайы айтылды

Бүгүн эртең менен Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында чыр чыгып, ок атылып, бир адам жабыркаганы маалым болгону менен себеби айтылган эмес. Себеби эми айтылды. Бул тууралуу облустук милициянын […]

Шадиев кызы аркылуу камактагы мүлкүн чыгаруу аракетин көрүүдө

Бишкек шаардык сотунда Аскар Шадиевдин кызы Саадат Шадиеванын мүлк боюнча иши каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими жокко чыгарылып, Шадиеванын мүлкү камакта калды. Эске сала кетсек, 19-июлда Биринчи май райондук […]

Нарында жер титиреп, силкинүү 3 баллга жеткен

Нарында жер титиреп, силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткени тууралуу Улуттук илимдер академиясы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, жер титирөөнүн очогу Эпкин менен Чаек айылы жайгашкан тилкеде болгон. Баш-Кууганды, Эпкин, Байзак, Таш-Дөбө, […]

Орокто кайрадан ок атылып, бир киши жарадар болду

Бишкектин четиндеги Орок айылында жергиликтүү тургундар чырдашып, ок чыгарганга чейин барышты. Бир киши жарадар болгонун күч органдары расмий билдирди. Бул факт Ленин райондук Бишкектеги ички иштер бөлүмүнүн журналына катталган. Ал […]

Москвада саясий туткундарды колдогон митингге катышкан кишилердин саны 25 миңге жетти

Москва шаарынын Сахаров проспектинде саясий туткундарды бошотууну талап кылган митинг өттү.  “Белый счетчик” ыктыярчылар тобу ага 25 миңдей киши келгенин кабарласа, полициянын маалыматы боюнча 20 миңдей адам чогулган. Акция эки […]

Ооганстандагы шайлоо оңой болгон жок, ок атышуу менен коштолду…

“Талибан” кыймылы бийликтен кулагандан кийин, Ооганстанда президенттик шайлоо 4-жолу 28-сентябрда болуп өттү. Ага 15 талапкер ат салышты. Негизги атаандаштык учурдагы президент Ашраф Гани менен премьер-министр Абдулла Абдулланын ортосунда болду. Экөө […]

Он үч жана жети жаштагы бир тууган балдар дааратканага түшүп кетип, каза болушту

Иллюстрациялык сүрөт. 28-сентябрда Чүй облусундагы Военно-Антоновка айылындагы бир тууган өспүрүм балдар даараткананын чуңкуруна түшүп кетип каза болгондугу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бул окуя Сокулук […]