Жекшемби, 16 Июнь, 2019 - 21:24
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: Шоу-бизнес

Видео -Абдыманап Төрөбеков, КР эмгек сиңирген артисти: “Рыспай Абдыкадыровдун ырларын укканда радионун жанынан чыга албай калчумун”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен”, “Бир келип кетчи, Ош жакка”, “5- “б” класста” сыяктуу элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ондогон мукам […]

Фото – Гүлзат Мамытбек болочок күйөөсүнүн сүрөтүн жарыялады

Мотивациялык тренер жана видеоблогер Гүлзат Мамытбек болочок жолдошунун сүрөтүн жарыялады. Ал Хуан Буэндиа аттуу АКШлык кинорежиссер. 35 жашта, Эквадордо туулган. Анын атасы испан, апасы эквадорлук. Ошондой эле, ал Гүлзат Мамытбек […]

Видео – Закирбек Дүйшөнбек уулу: “Сынакка барып адашып кеткеним эсимден кетпейт…”

Кыргыздын кылымдарды карыткан өнөрүн өркүндөтүп, комузун колго алып, сөзгө салып, калың журтка таанылган чыгармачыл адамдар кыргыз элинде аз эмес. Алардын ичинен суурулуп чыгып, көпчүлүктүн көңүлүнө бата алгандар тандалуу гана. Дал […]

Видео – Санжар Мыкыев: “Чыпалак батыр бизге тескерисинче ыраазы болгон”

Шоумен Санжар Мыкыев “Салам Кыргызстан” долбооруна кантип аралашып калгандыгы, эмне себептен келечеги кенен IT технология тармагынын ордуна шоу чөйрөнү тандаганы тууралуу жана көпчүлүктүн көңүл чордонуна түшкөн Чыпалак батыр менен болгон […]

Видео – Гүлзат Мамытбек: “Турмушка чыгам. Тандаган жолдошум испан тектүү, Америкада өсүп чоңойгон, кинорежиссер”

“Кыргыздын деми” Гүлзат Мамытбек жакында турмушка чыгат. Бул тууралуу ал кечээ, 6-декабрда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында,  болочок жары кинорежиссер. Ал испан тектүү, Америкада өскөн адам. Жакында турмуш курганы […]

Айгерим Абдразакова, ырчы: “Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов өтпөй калганына ичим аябай ачышты”

«Энекем менин байлыгым», «Асыл кымбат ата-эне», «Таене», «Атама», «Кыргыз жигиттери» ж.б. ырларды катыра ырдаган ырчы айым Айгерим Абдразакова менен маек курдук. Кошумча жумушу да көп окшойт. Кыздарды сулуулап, каш-кирпигин жасап, […]

Видео – “Кыргыз деми” Гүлзат Мамытбек 33 соболго жооп берди

“Кыргыздын деми”, ырчы, мотивациялык оратор, “High Time” чет тилдер мектебинин жана “Mиллионер BALL” долбоорунун негиздөөчүсү жана алып баруучусу, ажарлуу апа жана чыныгы патриот Гүлзат Мамытбек бизде конокто. Бул маектен көрөрман […]

Видео – Замир Арыкбаев чыгармачылыгы жөнүндө…

“Чыгармачылыктын жолунда белгилүү болом деп ойлогон деле эмесмин”  – дейт Замир Арыкбаев. Ырчы болууга бала кезинен эле кызыгуусу арткан, кийин жөн гана ырчы-аткаруучу болуп чектелбестен, репертуарындагы ырларынын сөзү, обонун да […]

Видео – Замир Арыкбаев: “Шоктугумдун айынан таяк жегем…”

Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, көптөгөн жагымдуу ырлардын автору, кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, жубайынын сүйүктүү жолдошу, балдарынын мээримдүү атасы жана жөн гана өлкөбүздүн патриот жараны […]

Видео – Бактияр Токторовдун “Буй – буйу” орусча… өзбекче жаңырды

Легендарлуу “Биз” тобунун солисти Бактияр Токторовдун “Буй-буй” деген популярдуу ырын Орусиянын “Сборная союза” эстрадалык тобу  “Я однолюб” деген аталышта ырдап чыкты. Ал эми ырдын сөзү жана обону Виталий Циницынга таандык […]

Санжар Мыкыев: “КВНчилердин атактуулугуна кызыгып жүрүп эле шоу-бизнеске аралашып кеткем”…

Санжар Мыкыев мектепте жакшы окуп, көптөгөн сынактарга катышып, информатика боюнча олимпиадаларда  алдынкы орундарды ээлеп келген. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайда окуган кезинде дагы өзүнүн мыкты билим деңгээлин көрсөтө алган. Каарманыбыздын […]

Видео – “Баатыр болом” деп, эшектен жыгылса да ыйлабаган Санжар Мыкыев

Шоу-бизнестин  белгилүү өкүлү: алып баруучу, тамашачы, продюсер, актер, сценарист, тамада, полиглот жана жөн гана мыкты жигит Санжар Мыкыев бизде конокто. “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, биздин каармандын  балалык  кези да айтылуу […]

Видео – Аскат Мусабеков: “Өнөрүн өз баласындай бооруна калкалай алган адам гана өнөргө чыйыр сала алат”

Ырчы, аткаруучу Аскат Мусабеков өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди. Ал репертуарындагы ырларды кантип тандап, ишмердүүлүгүндөгү жаңы саамалыктары жана пландары менен бөлүштү. Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдары, тоскоолдуктары, учурдагы шоу-бизнеске болгон көз карашы […]

Видео – Аскат Мусабеков: “Жашоодо атамды кумир тутам”

Кыргыздын чыгаан таланттарынын бири,  көпчүлүктүн жүрөгүнөн жан эргиткен ырлары менен түнөк тапкан ырчы Аскат Мусабеков бизде конокто. Чыгармачылык – татаал, оор, чырмалышкан жол эмеспи. Бул жолдо өзүнүн ордун таап, кыйынчылыктарга […]

19 жаштагы орусиялык Халимат Айбазова “дүйнө сулуусу” болду

1-3-декабрь күндөрү Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн “Мисс мировая красавица – 2018” конкурсунун таажысын Ростов-на-Дону шаарынын сулуусу Халимат Айбазова тагынды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Ошондой эле, конкурска 20 […]

Шахрезада Аскарова, КРнын эмгек сиңирген артисти:”Сыйлыктан кийин ырчы экенимди билдим”

Көптөгөн улуу-кичүү муундун жүрөгүнөн орун тапкан Шахрезада Аскарованы ким билбесин? Кубулжуган үнү менен далайларды тамшандырган талант дагы деле ташыркабай келет. Кечээ жакында гана сыйлыгын алып, терисине батпай кубанып турган ырчы […]

Динара Тилекеева: Элдин сүйүүсү менен жашап келе жатам…

Эл сүйгөн, көптөр суранып ырдаткан ырчы Динара Тилекееваны кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык. -Динара Тилекеева деген мыкты ырчы болушуңузга кимдердин салымы бар? -Менин ырчы болушума, ырчы болуп калыптанышыма көп […]

Миллиарддаган көрүүчүсү бар “Мисс Мира-2018” конкурсунда Димаш Кудайберген ырдайт

8-декабрда Кытайдын Хайнань деген аралында өтө турган “Мисс Мира-2018” конкурсунда казак ырчысы Димаш Кудайберген ырдайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. “8-декабрда “Мисс Мира-2018” конкурсунда көрүшкөнгө чейин!”, – […]

Видео – Теле алып баруучу Назира Айтбекова: “Кичинекейимде түнт, коркок, энемдин колтугунан чыкпаган жапайы кыз элем”

Бүгүн, 23-ноябрда теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Kyrgyztoday.kg маалымат порталына кызыктуу маек куруп берди. Ал бала чагынан тарта университетте өткөргөн студенттик күндөрүнүн кызыктуу учурлары, ушул тапта эмне менен алек […]

Видео – Куудул Жамбыл Камчиев мушкер Конор Макгрегорду туурап чыкты

21-ноябрда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Рустам Чотонов кыргыздын белгилүү куудулу Жамбыл Камчиевдин UFCнин ирландиялык жеңил салмактагы мушкери Конор Макгрегорду туураган видеосун жарыялады. Анда куудул Жамбыл Камчиев жылаңачтанып алып Макгрегордун кылыгын […]

Дилкумар Жолдошева, ырчы: Түгөлбай Казаковдун “Насыйкат” деген ыры элге көбүрөөк таанытты

Дилкумар Жолдошева Сузак районундагы Багыш айылында 1979-жылы 6-майда төрөлгөн. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктаган. Окуучулук мезгилинде Октябрь айылындагы музыкалык мектептен белгилүү комузчу Токтомат Осмоналиевдин колунда 5 жылкомуздан билим алган. ЖАГУнун чет […]

“Мисс Кыргызстан -2018” таажысын Элмара Буранбаева тагынды

14-ноябрда Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында “Мисс Кыргызстан – 2018” расмий сулуулук сынагы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык “Miss World” сынагынын уюштуруучулары жана КР Маданият, маалымат […]

“Өзбекконцерт” сакалчан ырчыга лицензия бербей жатат

Ырчы жана композитор Санжар Жавбердиев өзбек басылмаларына маек куруп, “Өзбекконцерт” мамлекеттик мекемеси лицензия үчүн сакалын алууну талап кылып жатканын билдирди: – Лицензия алуу үчүн эки ай мурун керектүү кагаздарды таштап […]

Жылдыз Жолдошбаева: Кээде чаалыкканда жалгыздыкты да жактырам

Коомчулукка көгүлтүр экрандын жүзү болуп таанылган, учурда Жогорку Кеңештин «Парламент» берүүсүнүн алпаруучусу Жылдыз Ж0лдошбаева менен кесиби, жашоо турмуш тууралуу маек курдук. Жаркылдаган чырайлуу кызыбыздын теледе эмгектенгенине 8-9 жылдын жүзү болуптур. Чыгармачылык […]

Азамат Шаршенов, кинорежиссер: Үч күн катары менен кастингге келип бериңиздер?…

Азамат иним «Аят», «Аят-2», «Аят-3» кинотасмаларынын режиссер-коюучусу жана башкы каармандын ролун аткарган. Кыска метраждуу «Билерик», «Идеальная девушка» жана даректүү «Ысык-Көл бешбармагы», «Жырткычтын изи менен», «Жашоо керемет» тасмаларын тартып, кино сүйүүчүлөрдүн […]

Видео – “Илияздын ыры” Казакстанда кайрадан жаңырды

Казакстандагы популярдуу “Made in KZ” эстрадалык тобу кыргыздагы айтылуу “Илияздын ыры” чыгармасын домбранын коштоосунда аткарып чыкты. Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде жаратылган “Илияздын ырын” казакстандык топ ырдап чыгары […]

Өзбек ырчысы «уяттуу» клиби үчүн лицензиясынан ажыратылды

«Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси 13-ноябрдан тарта ырчы Шахло Ахмедованын чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салды. Буга ырчынын «уяттуу» клиби себеп болгон. Мекеменин басма сөз кызматы ырчынын «Жаз жамгыры» деп аталган ырына […]

Ырчы Дима Билан Орусиянын “Эмгек сиңирген артисти” наамын алды

Орусиянын президенти Владимир Путин ырчы Дима Биланды маданиятка кошкон салымы үчүн “Эмгек сиңирген артисти” наамын ыйгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Starhit сайты жазып чыкты. Маалымат боюнча президенттин буйругу расмий сайтка жарыяланып, […]

Видео – Өзбекстанда ырчы Шахло Ахмедованы клибиндеги ачык желкеси үчүн лицензиясынан ажыратты

Өзбекстанда “Узбекконцерт” мамлекеттик мекемеси ырчы Шахло Ахмедованы лицензиясынан ажыратты. Бул тууралуу Upl.uz сайты жазып чыкты. Сынчылардын кезектеги жыйынында ырчынын “Летние дожди” аттуу ыры сынга алынган. Видео расмий түрдө жарыялана элек. Бирок, […]

Ырынан чыры көп сулуулар сынагы

Борбор калаада кат каты менен сулуулар сынактары өтүп келе жаткандыгынан кабарыңыздар бар. Бирок айырмасы уюштуруучулары ар ким болгондугунда. Арасынан Рыскүл Намазбекова деген уюштуруучу жыл сайын өткөргөн сынагы чуу менен коштолуп, […]

Таалай Тойчиев, обончу, аткаруучу: Жарымы күлкү, жарымы ыр концертиме чакырам

Айылдын баткагын кечип чоңоюп, эс-тарткан күндөн тартып чыгармачылыкка сүңгүп кирген таланттардын бири катары Таалай Тойчиевдин ысымын атасак болот. Маданият жаатында өз ордун таап, арыгын чаап келе жатат. Бир нече ыры […]

Жаңылай Исакова, актриса: Биринчи кезекте жакшы адам болсом анан жакшы актриса болсом…

Кыргыз маданиятында жаркыраган жаңы жылдыздардын пайда болуп келе жатышы албетте биздин театр маданиятынын өнүгүп бара жаткандыгын айгинелейт. Дегеним, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, бийчи Жаңылай Исакова жыл […]

Бактыбек Нурмат уулу, актер: Өз өлкөмдөн эч кайда кетпейм

Кыргыз актерлорунун ичинде бир эле учурда театрда, кинодо, кайра каскадёрлук кызматты аркалагандар көп. Анткени каржы жаатында бир мекеме толугу менен камсыздай албагандыктан актёрлорубуз эки үч жерде иштөөгө мажбур болуп жатышат. […]

Ырчы Нурлан Насип Instagramда миллион катталуучу топтогон Кыргызстандагы үчүнчү адам болду

Эстрада ырчысы Нурлан Насиптин Instagram тармагындагы аккаунтуна бир миллион адам катталды. Муну менен ал өздүк баракчасына миллион катталуучу топтогон Кыргызстандагы үчүнчү адам болду. Бул тууралуу ал өздүк баракчасына жазып чыкты. […]

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылышында ырдаган ырчыларга канча каражат жумшалганы белгилүү болду

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылышында ырдаган дүйнөлүк жана жергиликтүү ырчылар үчүн жалпы 9 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалымат боюнча мекемеде […]

Самара Каримова: “Мага бут тоскондорго капа эмесмин”

Ырчы Самара Каримова Оштогу мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчиси болуп дайындалган соң 1 күн өтпөй министр Жаманкулов тарабынан анын жетекчилик кызматка дайындалгандыгы тууралуу буйрук жокко чыгарылган. Ырчы айым кызмат ордунан бошотулгандан […]

14-ноябрь күнү “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт

Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында 14-ноябрь күнү 18:00дө “Мисс Кыргызстан 2018” официалдуу сулуулук сынагы өтөт. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл-аралык «Miss World» сынагынын уюштуруучулары жана КРнын Маданият, маалымат жана […]

Анара Жолдошова, актриса: Кыз Сайкалдын образын жараткым келет

– Анара, маегибизди салттуу суроодон баштагым келип турат: эмне үчүн актрисалык кесипти тандап алгансыз? – Актрисалык бала чагыман эле менин кыялым болчу. Ошол кыялымды орундатканга аракет кылып, атайын Б.Бейшеналиева атындагы […]

Чырмаш Төрөбеков, КР эмгек сиңирген артисти: Компьютердик ырчылар алыс узабайт

Кандай гана ырдоо жанры болбосун мыкты ырдап кете алган Чырмаш Төрөбековдун талантына баракелде дейсиң. Өзгөчө анча-мынча ырчылар ырдай албай турган операда обон созсо жан дуйнөң кадимкидей эс алат. Башка ырчылардай […]

Назгүл Каарова, дизайнер: Европа мода дүйнөсүнө кыргыз кийимдерин тартууладым

Акыркы мезгилдерде кыргыздын нукура колоритиндеги улуттук кийимдер түрлөп чыгууда. Бирок ошол кийимдердин арасынан өзгөчөлөнүп, автордук ээн, мөөрү бар коллекциялар аз эле. Сапаты, дизайны жана оригиналдуулугу менен «КЕШТЕ» мода үйүнөн чыккан […]

Ташиевдин уулу Таймурас модель Эркайымды тандады

Эркайым Абдуллаева, модель: Таанышкандан тартып эле Таймурастын жөнөкөйлүгүн жактырдым «Миллиондук мелдеш-2» тасмасында башкы каармандын образын жараткан, кыргыз эстрада ырчыларынын бир нече клиптерине тартылган модель, актриса, таланттуу, чырайлуу кызыбыз Эркайым Абдуллаева […]

“Гуф” деген каймана аты менен таанымал орусиялык рэп аткаруучу Алексей Долматов Москва шаарында сабалды

Кечээ, 27-октябрга караган түнү “Гуф” деген каймана аты менен таанымал болгон орусиялык рэп аткаруучу Алексей Долматов Москва шаарында сабалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты. Жазылган маалымат боюнча, ырчыны Москва шаарындагы түңкү клубдардын […]

Видео – Эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү сахнадан эс-учун жоготуп жыгылган

25-октябрда, Мьянмада Miss Grand international сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Парагвайлык Клара Соса ал дүйнөлүк сынактын жеңүүчүсү деп жарыялангандан кийин эс-учун жоготуп, жыгылып калган. Бул тууралуу дүйнөлүк  ММКлар маалымдоодо. You Tube тармагына […]

Видео – Казакстандын КВН командасы өзүнүн көк бөрүчүлөрү менен Гүлзат Мамытбекти тамашалашты

Казакстандын КВН оюнчулары III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары убагында болгон  жагдайды тамашага салышты. Эске салсак, анда Көк бөрү боюнча жарым финалдык беттеште Казакстан күтүлбөгөн жерден Өзбекстанга утулуп калган. Шайырлар жана тапкычтар […]

Фото – Рэпер клипке тартылуу учурунда учактан кулап көз жумду

Канадалык рэп ырчы Жон Жеймс Макмюррей клипке тартылып жатып каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Клиптин сценарийи боюнча рэпер учактын канатында турмак. Клипти тартуу иштери башталганда Жон Жеймс Макмюррей учак […]

Айнура Тургунбаева, куудул: Эл катары эле маршруткада тыгылып жүрөм

—Айнура айым, жакында эле 50 жашыңызды белгилединиз. Өзүңүз ойлогондой эле болдубу? —Кудайдын кулагы сүйүнсүн, абдан жакшы өттү. Өзүм катташып жүргөн дос, бир туугандардын курчоосунда белгилеп алдым. Белектерди алдым, алардын ичинде […]

21-кылымдын сулуулук иконасы Ким Кардашьян 38 жашка толду

Дүйнөнүн эң сулуу айымдарынын бири, сулуулук индустриясында өзүнүн империясын курган, эң көп төлөнүүчү модель, 3 баланын апасы,  “Контурингдин Ханышасы ” аталган Ким Кардашьян 21-октябрда 38 жашка толду. Кимдин атасы Роберт […]

Азамат Аспеков: “Мен Кыргызстанда № 1-тамадамын”

-Азамат, өз кесибиң боюнча юрист экенсиң, кантип тамада болуп калдың? Дегеним, тамада болуу үчүн да чыгармачылык шык, талант, эл алдында сүйлөө, элди өзүңө тарта билүү, ынандыруу сапаттары болушу керек – […]

Видео – Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кыргыз ырчыларынын клибинTwitter баракчасына жарыялады

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өзүнүн Twitter баракчасына кыргыз ырчыларынын индус тилинде ырдаган ырын жүктөдү. Анын айтымында, “Vaishnav Jan To” ырынын клиби Ала-Тоо аянтында, Ала-Арча паркында, Ысык-Көлдө жана Махатма Гандинин Бишкектеги […]

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлдү

Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков “Азия Оскары” наамына көрсөтүлгөнүн “Кыргыз фильм” расмий сайтына жарыялады. Белгилей кетсек, Азия-Тынч океан (Asia Pacific Screen Awards, APSA) киноакадемиясынын сыйлыгынын “Эркектин мыкты ролу” наамына 5 […]