Шейшемби, 17 Сентябрь, 2019 - 9:06
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ММК ДАЙДЖЕСТ

Азиз Батыров, ырчы: “Жакында үйлөнөм, устатым Роза Аманованы өкүл апа шайладык…”

Кыргыз менен өзбек элинин ортосундагы данакер, улуту өзбек, дили, тили, дүйнөсү кыргыз Азиз Батыров аттуу колунан комузу түшпөгөн мукам үндүү ырчы бар. Азиз жакынкы күндөрү жеке концертин берем деп буту-бутуна […]

Мандемдүү болсоң өсөсүң…

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси болуп Каныбек Абдрахманов дайындалды. Бирок анын жетекчи болуп келиши менен маалымат булактарында анын тескери кылык-жоруктарын тизмектеген маалыматтар козу карындай жайнады. Көрсө […]

Башкага иштеген мыйзам Жапаровго иштебейби?

Абактан баш коргоо чарасы өзгөрүп үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев азыркы бийликке ода айтуу менен алек. Чү дегенде эле “Тарыхый кадамдарды мен эмес, Мадумаров эмес, Сооронбай Жээнбеков жасап жатат” – […]

Мелис Мырзакматов Жогорку сотко кайрылат

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жактоочулары Жогорку сотко кайрылуу даярдап жатышат. Бул тууралуу депутат Искендер Гаипкулов жар салды. Ал бул туурасында: “Мырзакматовдун Кыргызстанга келүүсүн мыйзам чегинде чечиш керек. Азыркы […]

Тагдыр: Жалгыз уулум кайтыш болуп калды. Неберемди келиним бергиси жок…

“Кайын журтум улуу аял аласың дей берип жолдошумду иренжитип салышкан” Турмушка кеч чыктым. Атам дайыма карьераны биринчи орунга кой дей берчү. Жогорку окууну аяктап ишке кирдим. Ишимди биринчи орунга коюп […]

Искендер Шаршеев, экономикалык эксперт: “Ишкерлер бизнестерин башка мамлекетке алып кете башташты”

-Искендер мырза, сизди Кыргызстандагы экономикалык абал канааттандырабы? – Мурункусунан кичине жакшыраак. Айтайын дегеним, акыркы жылдары ички дүң продукциянын өсүүсү байкала баштады. Мурун 7 миллиард болсо, бул жылда 8 миллиардга чейин […]

Деңгээлиң кандай депутат?

Ушул жылдын 23-сентябрында кыргыз тил мыйзамынын кабыл алынганына туптуура 30 жыл толот. Отуз жыл деп ооз көптүрүп мактана айтканыбыз менен эне тилибиз өз мекенинде өгөйлөнүп жатканы жашыруун эмес. Анткен менен […]

Өз көмөчүнө күл тарткан заман…

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламент 2,5 миллиард сомдук карызы бар ишканалардын салыгын кечирүү жагын карап жатканын жазып, бул компаниялар жалаң чоңдорго, депутаттарга жана жакын туугандарына тиешелүү экенин билдирди. Мындай […]

“Жер байлыгы – эл байлыгы” же бизге кен казуу тармагында айкындуулук керек

Кыргызстанда тоо кен-байлыктары арбын экенин, өзгөчө алтын кору мол экенин билебиз. Жарыяланган маалыматтар боюнча өлкөдө 2,5 миңден ашуун алтын кен бар. Эң ири алтын кендеринин сап башында “Кумтөр” турат, кору […]

Калиевге “алдамчылык” айыбы кошулду…

“Коррупция” беренеси менен Бишкек ЖЭБинин модернизациясына байланыштуу кылмыш иши козголуп, сот тарабынан күнөөлүү деп табылган экс-министр Айбек Калиевге жаңы айып тагылды. Ага кытайлык ТВЕА компаниясына тиешелүү жол тандабас унааны алардын […]

Текебаев жыландын башын чыгарды

“Ата Мекен” партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев: “Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий жашоого аралашам. Мен реалдуу саясий күчтөр менен, анын ичинде бийлик менен да […]

“Икрамжан Илмиянов үйүнө барып-келип жүрөт”

Учурда УКМКнын абагында отурган, Атамбаевдин тушунда президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп “серый кардинал” атыккан айтылуу шоопур Икрам Илмиянов убактылуу кармоочу жайдан каалаган кезинде чыгып, үйүнө ээн-эркин барып-келип жүргөнүн […]

“Респубика – Ата-Журт” фракциясында интрига ачылды

Качкында жүргөн Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши менен Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын ичинде интрига күч алды. Бабановдун камчысын чапкан депутаттар, Бабановду мыш кылып Руслан Казакбаевден фракция лидерлигин тартып […]

Бажалар бүтүп, кезек балдызга жеттиби?

«Эргене» коомдук фондунун жетекчиси, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин балдызы Таалайгүл Сабырбекова Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованы сотко берди. Таалайгүл Сабырбекова жалган маалымат тараткандыгы үчүн депутаттан миллион сом жана расмий түрдө […]

Министр жаңы болду, ката жазуу эми токтойбу?

Билим берүү жана илим министрлигине ОшМУнун ректору дайындалды. Аны айга-күнгө теңеп мактагандар азыртадан эле чыга баштады. Биз билгенден Каныбек Исаков КСДП партиясынын мүчөсү, Ош шаардык кеңешинде депутат болуп келген, Ош […]

Бишкекте коомдук транспортторго электрондук карталар чыгарылды

Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Тагыраагы, алгач пилоттук режимде 10 автобус жана 10 троллейбус электрондук төлөм системи аркылуу иштейт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын […]

Энергетиктер кышка даяр

Энергетикалык компаниялардын жетекчилери күзгү жана кышкы сезонго даяр экенин билдирди. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Исланбек Сарсеитов Бишкектин кышкы отунуна 1 млн 140 тонна көмүр керектелерин, анын 700 тоннага жакынын жергиликтүү […]

Токтогулда топтолгон суу көлөмү аз экенине карабастан электр энергиясын өчүрүү боюнча кооптонууга негиз жок

Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында 17-18 млрд куб суу топтолгондугу аныкталды. Бирок бул көрсөткүч жылдагыга салыштырмалуу кыйла аз. Ошентсе да быйылкы кышта электр энергиясын өчүрүүлөр болбой тургандыгын Улуттук энергохолдинг компаниясынын […]

“Кумтөр” долбооруна кошумча бир гектар жер берилген эмес

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер “Кумтөр” долбооруна кен казыш үчүн берилип кеткен” деген маалыматты четке какты. Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын […]

Министр катары иш жасай албаган Космосбек Чолпонбаев сын-пикирдин үстүндө

Бизнестин битин сыгып канын жалаган, айрыкча дары-дармек тармагында бизнестин кыныгын алып алган Космосбек Чолпонбаев министрликке келгенден бери элдин саламаттыгын эмес, өзүнүн бизнесин кеңейтүү менен алек. Саламаттыкты сактоо тармагынын тагдырына мышык […]

Кош бол, кош стандарттуулук!

Экс-президент статусун аныктаган мыйзам ушул жазда кабыл алынган. Анын талаптарына ылайык, өтө кежир Алмазбек Атамбаев деле эч “кыңк” этпей, СДПК лидерлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал эми “өткөөл учурдагы […]

Түркияда жашаган Барпы “басмачынын” уулу менен маек

Учурда Түркия мамлекетинин дээрлик баардык шаарларында кыргыздарды кездештирүүгө болот. Көпчүлүгү эмгек мигранттары же студенттер. Ал эми Түркияда кокусунан кездешип калган айтылуу Барпы басмачынын уулу Абдулмажит атанын тагдыры такыр башкача. Абдулмежит […]

Кумтөрдө дагы эле көз боемолоо…

Кумтөр боюнча жаңы келишимди алып өтүүгө өкмөт жана президент (көмүскөдөн) абдан аракеттенип жатат. Жаңы келишим болсо Сапар Исаков кандай келишсе, дээрлик ошол бойдон. Чалгынга каражат көбөйтүлдү дешет. Жүз миллиондогон доллар […]

Адилет иликтөө жүргүзүүнү камсыздап беришиңизди суранабыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго “Кара-Суу ынтымагы” коомдук бирикмесинин  аксакалдар тобунун Кайрылуусу Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович, өзүңүз жакшы билгендей, Кара-Суу району өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык, территориалдык-демографиялык, маданий-агартуучулук жагынан өзгөчө мааниге ээ аймак […]

Руслан Казакпаев эмненин башын кылайтты?

Өткөн апталарда россиялык кайсы бир маалымат булактарына Кыргызстан жөнүндө бирин-экин терс маалымат чыкты. “Кыргызстандан инвесторлор акчаларын сыртка алып чыгып кетип жатат, кыргыздар Москвадан массалык түрдө үй ала башташты, өлкөдөн качып […]

Билим министрлигиндеги “мите курттар” же Тажикстандагы этникалык кыргыздарга берилген орундарды ким сатып жиберген?

Мамлекеттердин чегаралары аныкталган учурдагы тарыхый шарттын жагдайына жараша Кыргызстандын аймагынан сыртта калып, бүгүнкү күндө бөлөк өлкөлөрдө күн кечирип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекет тарабынан ар кандай багыттагы жардамдар көрсөтүлүп келет. […]

Равшан Жээнбеков: “Өмүрбек Бабановду күчтүү саясатчы деп айтпайм”

– Равшан мырза, кыргыз саясатында кызык абал жаралды. Оппозиция дээрлик жок болуп турат. Бийликтин дагы абалы жакшы эмес. Оппозиция менен бийлик тууралуу кандай тыянак чыгарып жатасыз? – Мен бүгүнкү саясий […]

Расул Умбеталиев, эксперт: “Бишкек ЖЭБдеги көмүр коррупциясы боюнча Атамбаевдин командасы камалса, азыркы айрым жетекчилер ошол схемага олтуруп жатышат”

– Расул мырза, сиз Бишкек ЖЭБге Казакстандан көмүр сатып алуу боюнча тендердин мүчөсү экенсиз. Тендердик комиссия казактардын ТОО “КонтактУглеПром” деген компаниясын жеңүүчү деп тапты. Комиссиянын ичинен жалгыз сиз бул чечимге […]

Кашкардын “эрдиктери” жана Курсанды куугунтуктоосунун себептери…

Кашкар Жунушалиев милициядагы эски кадрлардан. Атамбаев аны 2016-жылы Ички иштер министрлигине көтөрүп, бирок көп узабай министрликти жансакчысы Улан Исраиловго белектеп жиберген. Жунушалиев 2018-жылы Абылгазиевдин өкмөтү менен кайрадан Ички иштер министрлигине […]

Садыр Жапаров жөнөкөй саясий туткун эмес

Садыр адилеттүүлүк үчүн, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн, ошонусу үчүн түрмөгө камалып, кыйноого алынган, азапка салынган инсан. Орустарда мындай акыйкат үчүн күрөшүп, кыйноого алынгандарды “мученик” деп коет. Садыр Жапаров “мученик”. […]

Аравандын чек арасындагы жаңжалга жер алмашуу себеп болдубу?

Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүнун Керкидан суу сактагычынын аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасына Өзбекстандын жоокерлери тосмо орното баштаган учурда жергиликтүү кыргыз жарандары нааразычылык билдирип, муну мыйзамсыз деп митингге чыгышкан. Окуя […]

Азимбек Бекназаров, саясий ишмер: “Азыркы күндө, Атамбаев миллиардер болсо, парламентке келген партиянын лидерлери миллионер болушту”

– Азимбек Анаркулович, ушул жуманын алтынчы күнү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен президент Жээнбеков жолугат экен деген сөздөр айтылууда. Бул жолугушуунун себебин эмнеден көрөсүз? Жолугушуу идеясы ким тараптан болуп жатат… – […]

Министрлик болгондон мигранттын түйшүгү түгөлдөнөбү?

Кыргызстандын миллиондогон жарандары чет элде иштеп жүрүшөт. Ошондуктан миграция кызматын министрликке айлантуу керек. Мындай ойду Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов айтып чыкты. “Азыр Тышкы иштер министрлиги бул кызматты өз карамагына […]

Министр Чодуевдин “эрке-талтаң” кызматкери, “зам министр” рангындагы бөлүм башчы Анаркүл Беккулуева кызматтан кетти…

Өкмөт башчысы өлкөдөгү резонанстуу иштин бирин, тагыраагы, «көңүлдөшүн» Кытайда шапар тептирүүгө далалаттанган Чодуевдин кылыгын көз жаздымга калтырганга аракеттенүүдө. Министрге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара көргөн жок. Бийликтин […]

Каныбек Исаков реформатор министр боло алат…

Каныбек Исаков биздин республикабыздагы билим берүү тармагында көп жылдардан бери иштеген, ак эмгегинен барк тапкан мыкты жетекчи, күчтүү ректор болгону талашсыз. Ал белдүү окумуштуу, көп жылдык бай тажрыйбасы бар, уюштургуч […]

Феликс Кулов: “Атамбаевдин бункерде олтуруп алганы, анын деңгээлин көрсөттү”

-Феликс Шаршенбаевич, 7-8-август күндөрү Атамбаевдин үйүндө болгон окуяларга профессионал катары баа берсеңиз. Сиз Коопсуздук кызматты башкарып, атайын операция кандай жүрө турганын жакшы билесиз. Кой-Ташта 7-август күнү өткөн УКМКнын атайын операциясынын […]

Икрамдын “куйругу” Исакуловдун кыңыр иштери чыгабы?

Мамлекеттик мүлк боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловдун артынан нааразы болгон жетекчилер, кызматкерлер көбөйө баштаганы, жакында президентке кайрылыша турганынан кабар алдык. (Эгерде нааразы тараптардын ооздорун басып койбосо). Бул эргул өкмөттүн Баткен […]

Жамин Акималиев, коомдук ишмер: “Министр Чодуевдин баштаган иштери, багыты жакшы нукта баратат”

Суусамыр өрөөнүндө 8-9-сентябрда тынымсыз жааган жамгырдан кийин кар жаап, эгин талааларын басып калды. Өрөөндө жалпысынан 5 миң гектарга жакын аянт кар алдында калды. Бул баягы эле карапайым калктын башына тушкөн […]

КСДПдан кимдер чыгарылды?

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын катарынан чыгарылды. “Бирөөдөн өч алалы же бирөөгө жамандык кылалы, чыгаралы (!) деген ой жок болчу. Биз партиянын […]

Кундуз Жолдубаева: “Биз кандай кысым болбосун, баарына туруштук беребиз, эч качан сынбайбыз!”

Экс-президент камалгандан кийин коомчулуктун байкоосу күч алды. “Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгөт?” дегендей санааркоолор жанданып. Мына ушундан улам аркы жээктин маанайын билүү иретинде КСДПнын төрага орун басары Кундуз […]

Бакыт Матмусаев “чалмакейди чалуу” менен кызматтык секирик жасай береби?

“Шектүү” Бакыт Матмусаев аз күн мурда ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынан темир жол милициясынын жетекчилигине которулуп кетти. Буга чейин жогору жактагылар анын ишмердигине ичтери чыкпай, эки анжы болуп атканын эшиткенбиз. Эске салсак, […]

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бир мандаттуу шайлоо эрежесин талап кылып, митинг өткөрбөсөк болбой калды!”

-Турат ага, Орусиянын шайлоосундагы бир мандаттуулук тууралуу айтып чыктыңыз? – Москванын шаардык кеңешиндеги (Гордума) шайлоосунда 45 депутаты, мажоритардык 1 мандаттуу эрежеде шайланды. Кыскасы, Орусияда мындан ары партиянын атынан шайланыш, бийлик […]

Темирлан Султанбеков, КСДП мүчөсү: “Башкы прокуратуранын, УКМК жана ИИМдин мыйзамсыз аракеттери толуп кетти…”

– Темирлан, КСДПнын Атамбаевчи тарабы башкы прокурор, УКМК, ИИМ башчыларынын отставкасын талап кылып жатасыңар. Кандай негиздерди карманып ушундай талаптар менен чыктыңар? – Баарыңыздар билесиздер, Алмазбек Шаршенович мыйзамсыз камалды. Экс-президент катары […]

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Текебаев – кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү саясатчы”

– Рыскелди мырза, Кумтөр боюнча жаңы келишим тууралуу өкмөттүн маалыматын уктуңуздар. 16 миң гектар жердин берилишин Абылгазиев кандай түшүндүрдү? – Кумтөр менен болгон жаңы келишим кандай келишим экени ачыкка чыгып […]

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Атамбаевди колго түшүрүү операциясында Курсан Асанов өзүнө бөлүнгөн постту таштап, министрдин башын аттап кетиптир”

– Турсунбек мырза, Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүүгө аракет кылган күндөр Кыргызстандын тарыхында кандай окуялардын катарына кирип калат? – 7-8-августтагы болгон окуя Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу окуялардын бири катары айтсак болот. Анткени, […]

Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министри: “Мен чечкиндүү аракеттерге барам. Иштин кызыкчылыгын дайыма алдыга коём”

Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министринин кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Аны парламентке вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду бул кызматка премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев көрсөткөн. Каныбек Исаков […]

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Бечара киши особнякта жашабайт”

– Дастан Далабаевич, “чиновниктер аялдарына ишенбей, турак жайын ата-энелерине каттатат” деген сөзүңүз учкул сөзгө айланып кетти. Сизде ошондой фактылар барбы? – Бизде ушундай мыйзам долбоору сунушталган. Аянты чоң үйлөрү бар […]

ИИМ жетекчилигине эң татыктуу кадр – Жеңиш Жоробеков!

Ооба, ИИМ жетекчилигине татыктуулардын сап башында полковник Жоробеков турат. Айныксыз чындык! Себеби, Жеңиш мырза 25 жылдан бери аталган системада кайнап келатат. Ал Түркиядан милициянын жогорку академиясын бүтүп келгенден кийин участковыйдан […]

Текебаев жол баштайт, акыл үйрөтөт, алдууларды адаштырат…

Өмүрбек Текебаев бийлик менен кызматташууга даяр экенин айтты, бул билдирүүнү ар ким акылына жараша чечмелешсе керек. Бирок саясат сымаптай өзгөрүлмө экенин эскерте кетмекчибиз. Жогорку сот Текебаевдин соттолгондугун алып салгандан кийин […]

Райым Матраимовго каршы Ширин Айтматованы  “курал” катары пайдаланган Каныбек Жороев

“Елгезит” деген сайтты иштетип аткан Каныбек Жороев убагында Бакиевдердин “балтасын” ченебей чаап, акыры төңкөрүштөн кийин кылган иштери үчүн түрмөгө жатып чыккан. Айрымдар Жороевди уюштургуч, саясатка анализ жасоо жагынан мактап калышат. […]