Шейшемби, 17 Сентябрь, 2019 - 8:57
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: ММК ДАЙДЖЕСТ

Кашкар Жунушалиевдин башына кара булут айланганда

Кой-Таш операциясынын шалаакылык иретинде жүргүзүлгөнү, андан сырткары коомдук коопсуздук абалдын ойдогудай болбой жатышы, милиция кызматкерлери барган сайын кылмышкерлер менен “жытташып” баратканы, реформанын кечеңдегени, айтор, толгон-токой алешемдиктердин негизинде Кашкар Жунушалиевдин ИИМ […]

Бабанов дух алып, “камалбайм” деп коркпой калыптыр

Үстүнөн сегиз кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабанов башында көздөрү алаңдап, коркуп аткан болсо, учурда кайдан-жайдан дух алганы, “мени камай албайт” деп баатырга айланып баратканында эмне сыр бар? Биринчиден, Кремль дем […]

Орозбек Опумбаев мырза, сиз мойнуңуздагы оор жоопкерчиликти сезип атасызбы?

– Орозбек мырза, сиз беш вариантты президентке сунуштап, ошонун бирөөсү менен Кой-Таш операциясын жүргүзгөнүңүз жемишин бердиби? Эки тараптагы жоготууларды кандай негизде таразалап, жыйынтык чыгарса болот? А айтылбаган калган төрт вариант […]

Оштун мэри Сарыбашев тилинен жаңылып, президент Жээнбековду ыңгайсыз абалга калтырды

«Эки жылдан бери президентибиз саясат менен алектенип калды. Үй-бүлөңдө уруш болсо береке кирбей калат…» деп Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев «балп» эттиргени ар кандай жоромолдорду кызытты. Ал ойлонбой сүйлөп, президент […]

Көңдөй челекти элестеткен Ширин Айтматова

Жарашса-жарашпаса да Ширин Айтматова соңку кездерде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана коррупцияга каршы күрөшүүнү оозанып, спектакль коюп аткандай эле кубулат. Анан калса, абройлуу адамдарга асылып, сындап, өзүн пиар кылганды адатка айландырып бараткандай. […]

Оор кылмышты калкалаган милициялардын “крышасы” вице-премьер-министр Жеңиш Разаков беле?

Биз ушунчалык жоопкерчиликсиз заманда жашап жатканыбызды дагы бир ирет фактылар менен далилдейли. 28-августта Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда мыкаачылар оор кылмыш ишине кириптер болушкан. Кыргызстан дүңгүрөдү. Таңгалычтуусу, айбан сымал зөөкүрлөрдү жашырып-жапкан […]

Атамбаев түрмөдөн төңкөрүш кылуу планын түзүп атабы?

Алгач УКМКнын камагына түшкөндө Алмазбек Атамбаев стресске учурап, бирок тез эле өзүнө келип, баш-аягын жыйган соң бийликти кантип кетирүүнүн амалына киришкени каңкууланды. Учурда түрдүү пландардын үстүнөн иштеп атканы, каражат маселесин […]

Курсан Асановго жаңы кылмыш иштери козголобу?

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Курсан Асановдун өтмүшү да «казылып« атканы каңкууланууда. Ага карата 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийинки өзбектердин мал-мүлктөрүнүн таланышы да иликтенгени эмнени билдирет? Маселен, Иномжан Абдрасуловдун Алайдагы 200дөй жылкысынын […]

Аманкулов коррупцияга баткан агенттикти тазалайбы?

Мирослав Аманкулов Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Ал бул тармакты жакшы билген, тажрыйбасы мол кадрлардын бири экени көпчүлүккө маалым. 1983-жылы Украина мамлекетинин Айыл чарба академиясын, […]

Элдик курултайдын Кой-Таштагы окуялар боюнча коомдук комиссиясын “Ак Калпактын” лидери Улукбек Маматаев жетектейт

Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги жыл аягына чейинки иш-чараларын аныктады. Жума башында Кыргызстандагы Улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин Аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өтүп 2019-жылды аягына чейинки жасалчу иштер аныкталды. Ага ылайык: […]

Япондун акчасын жеп алган Эмилканова 5 жылга шарттуу кесилген

Жапониянын Кыргызстандагы жараны Матсуда Шинжи президент Сооронбай Жээнбековго үчүнчү ирет арыз менен кайрылып олтурат. Бул тууралуу жапон жаранынын мыйзамдуу өкүлү Жамиля Казиева билдирди. Матсуда кайрымдуулукка берген акчаны Элнура Эмилканова жеп […]

Эбептен себеп издеген “АШАчыларды” ким тыят?

Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы […]

Турдакун Усубалиевдин уулу каза болду

Кыргызстанды 25 жылга жакын башкарган Турдакун Усубалиевдин уулу Эсенгул Усубалиев 71 жашында оорудан улам каза тапты. Анын сөөгү Кочкордун Теңдик айылына 10-сентябрь күнү коюлду. Туугандары анын сөөгүн Бишкекке коюуну көздөгөнү […]

Опулдаган Опумбаев качан кызматтан алынат?

Атамбаевди ийгиликсиз кармап, иштин баарын иритип-чиритип жиберген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев эмдигиче төрдү бошото элек. Мамлекеттин аброюн түшүргөн Кой-Таш операциясынан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Атамбаев баш болгон жоопко […]

Текебаев эми бийлик менен да, шайтан менен да кызматташат. Бирок…

Жакында эле «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөн чыккан лидери Өмүрбек Текебаев ЖМКлардын бирине берген маегинде, алдыда турган иштери, максаттары боюнча айтты: “Юридикалык жана саясий жактан реабилитация болгондон кийин мен өлкөдөгү саясий […]

100 миң доллар пара алган кылмышкер Арпачиев үйүндө?!

Жаңы кодекс деген чыгып, эми камактагы айтылуу коррупционерлердин баары биринин артынан экинчиси үй камагына чыгып жатат. Бул жазаны шылдыңдагандык болот, дили бул таза элге урулган сокку болот! Тигине, Генпрокуратуранын эң […]

Бабанов Сариевди сатып алганбы?

Амбициясына чек жок, элин эмес, өзүн жана мансапты, байлыкты жакшы көргөн саясатчылардын көбү популисттик кадамдарды, өзүнө кошомат кылгандарды абдан жакшы көрөт. Анан калса, эксперт, саясат таануучу деген сайда саны жок […]

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулушту. Эмнеге?

Кечээ 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин мамлекетти башкарышкан Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Бишкектин ресторандарынын биринде чогулушуп, чайлашканы маалым болду. Бул маалыматты ЖМКлардын бирине ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаков тастыктаган. […]

Мирзохалим Каримов, журналист: “Аш-тойдо акча жыйнаган адатты токтотуу керек”

Баш калаанын кайсыл булуң-бурчуна барбаңыз, кафелер, ресторан, тойканалар каалгасын кенен ачып койгонуна көзүңүз түшөт. Мурдагылары келгенсип, жаңылары да үстү-үстүнө курулуп жатат. Алар чыгашага учурайм, банкрот болом деп коркпойт. Анткени элдин […]

Надира Нарматова, ЖКнын экс-вице-спикери: “Кудайга да пара берип коюшканбы?”

– “Өлкөдө адабият менен маданияттан да саясат көп сүйлөнсө, ал өлкө эң артта калган өлкө болуп эсептелет”,- деп, бир акылман айткан экен. Анын сыңарындай, учурда өлкөбүздө 7 жашардан, 100 жашка […]

Президентке каршы эч нерсе таппай, карындашын бутага алыштыбы?

Жашырганда эмне, учурдагы президентти эл көзүнө мокочо көрсөтүү үчүн баарына даяр болгон саясий күчтөр бар экендиги талашсыз. Алар буга чейин калпты чындай урдурушуп, каралоо кампанияларын жүргүзүшүп, президенттин ишмердигине шек келтирүү […]

Олжобай Шакир, журналист: “Абылгазиев эл ишенимин актап кетсе, мен ал кишиге лично өзүм… ысык самсы алып берем”

– Мени сөккөндөр сөксүн, андан асман жерге кулабайт! Тек жеке оюмду ачык билдирип, кимдин ким экенин ажыраткым келет… Эмесе мындай кеп: эл эс калчабайт кээде. Наалыйт, нааразы болот. 28 жылда […]

Ак терек, көк терек, Текебаев кимге керек?

Текебаев соодалашууга астыртан жол ачкандай болду. Ал реалдуу саясий күчтөр менен да, бийлик менен да кызматташууга даярдыгын билдирди. Мунусу менен “мага “куда” түшө берсеңер болот” дегенсиди. Аны менен катар өкмөттүн […]

Контейнер мектеп Кайыповдун карьерасын жогорулатты

Бир кызматтан кете албай жатып экинчи кызматка Нарындын мурдагы губернатору илешти. Аманбай Кайыпов Нарындагы Кеңеш айылына контейнер мектеп курулган ызы-чуудан улам кызматынан алынгандай болгон. Коомчулук ошентип түшүнгөн болчу, эртеңки муундун […]

Каныбек Исаков билим берүү тармагын кризистен чыгара алабы?

Мурдагы билим берүү жана илим министри Г. Кудайбердиева кызматтан алынып, анын ордуна ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги талкууланып атканда парламент депутаттары “эки иштен бир иш” – деп, бул тармактын көйгөйлөрүн […]

Ширин Айтматова: “Атамбаевдин өзгөрүп кеткенине таң калдым”

Экс-депутат Ширин Айтматова «Элгезит» сайтына Атамбаев тууралуу кандай ойдо экенин айтып берди. Ал бийликтен түшкөндөн кийин мурдагы президенттин өзгөргөнүнө таң калганын билдирген. Дача-СУ, же дагы башка өлкө кабылган оор күндөрдө, […]

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция Кытайдан башталган

9-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишин кароо уланды. Сотто мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күбө катары көрсөтмө берди. Ал өзүнүн орун басары Аскар […]

Атамбаевдин батирлери кайтарылат

Ишкер Жалил Атамбаевдин туугандары 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалдан кийин компенсация катары төрт батир алган. Ош мэриясы кыймылсыз мүлктү кайтарып алганы турат, анткени алар мыйзамсыз берилген. Муниципалдык мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы […]

Шадиевди туурагысы келип, шерменде болду…

Бишкек мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка карагаңда, Баткен облусунда жашырынып […]

Ниймат Арапов, Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы: “Курсан Асанов өз “кылыгы” менен милициянын абийирине өтө жаман көө сүрттү”

Үстүбүздөгү жылдын 7-8 август күндөрү өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй чоң окуя болду. Бул бир гана Кыргызстан эмес Борбор Азия мамлекеттеринин арасындагы олуттуу маселе десек жаӊылышпайбыз. Анткени, өлкөнүн мурдагы президенти камакка алынды. […]

Ашыркул Асанов, ИИМдин Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы: “Курсан Асановдун Кой-Таштагы иш аракети жана тергөөгө тоскоолдук кылганы туура эмес иш”

Милицияны деги эле мамлекетибиздин күч тармактарын сыноодон өткөргөн ушул Кой- Таш окуяларында биздин азаматтар өздөрүн татыктуу алып жүрүп, мыйзам чегинде аракет кыла алды деп ойлойбуз. Элдин арасында жүрүп, Атамбаевди колдоочуларга […]

Улуттук көчмөндөр оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Республикалык көчмендөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик”, – деп белгилеген эле 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай […]

Өлкө 16,2 млрд. сомдук карыздан кутулду, бирок Кытайга тутулду

Кыргызстандын сырткы карыздарынын эң эле көбү Кытай мамлекетине экени белгилүү. Аларга 1 млрд. 700 млн доллар карызыбыз бар. Мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 455.86 миллион долларга жетет. Кыргызстан сегиз айдын […]

217 миң сомго салынган даараткана

Ушул тапта социалдык желелерде 217 миң сомго бүткөрүлгөн кадимки эле ажааткана тууралуу кызуу талкуулар жүрүп жатат. Маалыматка караганда Ысык-Көл областынын Түп районундагы өсүмдүктөр лабораториясын капиталдык ремонттон өткөрүшкөнү белгилүү болуп, лабораториянын жетекчиси […]

Сабырбек Жумабеков, академик: “Канчалаган адамдарга жардам берип, айыктырып жүрөм бирок атамды айыктыра албай калгам”

Жашоодо өксүгөн нерсеңиз барбы? – Жашоомдо бир өкүнүчүм бар. Ал мен врач болуп туруп, ооруп турган атамды айыктыра албай калганым. Атам мындан он эки жыл мурда катуу оорудан каза болуп […]

Кыргызстан экспорту 890 млн сомду түздү

Акыркы маалыматтарга караганда ата мекендик продукциянын экспорту 890 миллион сомду түзүп, 4,2 пайызга көбөйгөнү белгилүү болду. Маалыматка ылайык, импорттун көлөмү 2,5 миллиард сомду түзүп, 11.6 пайызга азайган. Экономиканын бардык тармактары […]

Аткарылбаган буйрук же мектептердеги акча чогултууну кантип токтотсо болот?

Сулайман Рысбаев, балдар жазуучусу, педагог: – Мунун көп себептери бар деп ойлойм. Мамлекет мектепти бүтүндөй толук каржылай албайт. 1. Ремонт, күн сайын тазалык, ички жабдуулар, кабинет түзүү, техникалык каражаттар менен камсыздоо, […]

Аппетити арстан, алкымы чоң паракор

Каракол шаарындагы архитектурада иштеген чиновник жер тилкесин документтештирип берүү үчүн парага автонунаа алган. Каржы кызматынан билдиришкендей Б.М. аттуу аял аларга кайрылып, Каракол шаардык архитектурасынын бөлүм башчысына чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун […]

Телмирип турган Текебаев, эртеңкисинен эмнени күтөт?

29-августта Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Тагыраагы үй […]

Акыркы 10 жылда Кытайга болгон карыз дээрлик 200 эсе өскөн

2000-жылдарга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттен ири суммадагы карыз алган эмес. Акыркы маалыматтар боюнча (2019-жылдын май айынын аягына карата), Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карыз 1 миллиард 711,6 миллион долларды түздү. Бул […]

Каныбектердин “камалоосуна” калган министрлик

Коомчулуктун чоң чуусун жаратып, кеткенге чейин кемчиликтен башканы укпаган Билим жана илим министри Гулмира Кудайбердиеванын орду бошогон соң, ал орун үчүн ар кимдин талапкерлиги көрсөтүлүп, акыры ОшМУнун ректору болуп олтурган […]

Абакты Абдылдаев дагы “аттайбы”?

Бүтпөгөн ЖЭБдин “чырлуу” иши боюнча мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы суракка чакыртылды. Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланган. Бул тууралуу камактагы Сапар […]

Чиркешович чычаладыбы же Чыныбай чын айттыбы?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекен” партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугуп, айткан сөзүнө теригип жооп кайтарды. Ал абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен […]

Кайыповду кайсыл теке сүзүп, кайта кызматка келип калды?

Солтон-Сары кениндеги ызы-чууга контейнер мектеп чуусу кошулуп, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов кызматтан оодарып түштү эле. Кайыпов кызматын жыйыштырып кетип жатканда, мыкты иштедиң деп кош-кош тебетей кийгизишип, кошоматчылар көлдөлөң төшөлүштү. Кайыповду […]

Карасуулуктар деле контейнерде окуп жатыптыр

Ош облусунун, Кара-Суу районунун Миялы айылында мектеп салуу пландалып жатат. Бул тууралуу акимдин орун басары Мехринса Жороева билдирди. Азыр айылда мектеп жок болгондуктан балдар контейнерде билим алышууда деп кошумчалады акимдин […]

Строкова чириген бай дейби?

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда бир кездеги мугалим, ЖКнын социалдык комитетинин мүчөсү, саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан, КСДПнын депутаты Евгения Строкованын миллиондогон долларды айландырган компаниянын жетекчиси экен […]

Өмүрбек Текебаев: “Баш прокурордун атасы акталып отурса, неге Мелис Мырзакматов акталбайт?”

Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайра каралышы керек. Бул тууралуу айылдаштары менен жолугушуп жаткан Өмүрбек Текебаев билдирди. Кыргызстанда саясий куугунтуктун курмандыктары өтө көп. Тилекке каршы, биз алардын баарынын аты-жөнүн билбейбиз. […]

Нарис Калчаев, активист: “Бийлик өзүм билемдик кылып элдин каарына калбасын”

– Нарис, “Кумтөрдөгү” мыйзамсыздыкты айтып элдин таламын талашканыңыз үчүн камалып да чыктыңыз. Элдин кызыкчылыгы эске алынбаган келишимдер күчүнө кире турганы боюнча коңгуроо кагып жүрдүңүз эле. Бийликтин 2009-жылдагы концессиялык келишимди күчүнө […]

Асылмайлар, алка-жакадан алмайлар башталды

Кызыктар эми башталат дегендердин чечекейи чеч болуп турат. Анткени кепти эпке келтиргендердин ооматы келет мындайда. Шайлоодон көбүрөөк упай алчумун деген лөктөр өзүнүн омоктуу атаандаштарын жаманатты кылууга жанталбас кылышаары эбактан эле […]

Индира Кабылбаева, ырчы: “Аябай жашыкмын. Катуу сөз уксам ыйлап жиберем…”

Качан көрсөң колунан комузун түшүрбөй, көөнөрбөс ырларды көңүлгө жага тургандай аткарып элдин алкышын алып жүргөн ырчылардын катарында Индира Кабылбаева да бар. Жакында эле жаңы чыгармасына клип тартып, аны көрүүчүлөрдүн сынына […]