Бейшемби, 20 Июнь, 2019 - 17:19
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: РЕДАКЦИЯНЫН ТАНДООСУ

Монголиянын Жогорку Хуралынын депутаттары канадалык Centerra Gold компаниясына Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксат бербей койду

2016-жылдын башында канадалык “Centerra Gold Mongoia”  алтын кен иштетүүчү компаниясы Монголиянын өкмөтү Гацуурт алтын кенин иштетүүгө уруксаат берүүдөн баш тартса аларды эл аралык арбитраждык сотко берерин билдирген. Бул тууралу Mongolnov […]

Качкынбек Булатов: Атамбаевдин “кемчонтой” бийлигин сындап камалган Талгарбековду абактан чыгарганга мезгил келди

Буга чейинки айрым жагдайларды эске алсак, Бекболот Талгарбековду «колхоз-совхоздорду менчиктештиргенсиң, чыккынчы» деп ага карата акылы тайкы, алысты көрбөгөн, глобалдык экономиканын келечегин түшүнбөгөндөр менен айрым саясатчылар күнөө коюп келишкен. Азыр деле […]

Генерал Өмүрбек Суваналиев экс-президент Атамбаев эл алдында кечирим сурамайынча элдешпестигин билдирди

Чындыкты сүйгөн, карапайым элдин катмары генерал Өмүрбек Суваналиевдин баскан жолун, туруктуулугун баалашат. Кайсы гана система болбосун, каарманыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келген. Ал эми соңку сегиз жылдан бери кызматка […]

УКМК: Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда, анын $150 миң алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар

КСДП партиясы тарабынан таратылган И.Илмияновго карата кат алышуу жана билдирүүлөрүнө байланыштуу КР УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт. Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү […]

КСДП бет тырмалыгын кайра баштады: Илмиянов алган $150 миң параны да ТЭЦтеги коррупциядай Жээнбековго оодара салууга аракеттенүүдө

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “Икрамжан Илмиянов алды” деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады. Бул тууралу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” долбоору билдирет. Атайын кызматтан келген, “24-октябрда […]

Икрамжан Илмияновдун кадры, Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров эми шефинин кылмыштарынын бетин ачабы?

«Жарандарыбыздын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар болуп саналат. Биздин милдет — мындай абалды толугу менен өзгөртүү. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу […]

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын кезексиз съездин өткөрүп, Атамбаевди партиянын катарынан чыгаруу демилгесин колдоду

Бүгүн, 24-октябрда КР Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жакында эле Каракол шаарында өткөн партиялык конференциясынын катышуучаларын парламенттеги өз кабинетинде кабыл алды. Бул тууралу КСДПчы экс-депутат, […]

Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү?

Узарбек Жылкыбаев 2016-жылы КР Жогорку Кеңешине КСДПдан депутат болуп келгенге чейин саясый чөйрөдө аты белгисиз эле. Анан эле парламентте депутат болуп калгандан тартып “бул кайдан чыкты?” деген суроо жаралып, “Камчы […]

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Миллиондогон сомдук айып пул салуу – бул диверсия

Бишкек, 18-октябрь 2018-жыл. Cөз эркиндигин коргоо комитети – кимге болбосун эки миллион сомдук айып пул салууну расмий бийликке каршы жасалган атайын диверсия деп эсептейт. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун эки […]

Ахмат Келдибеков президент Жээнбековду кантип “подставить” этип жатат?

12-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун эки судьясы Азизов менен Абакировдор экс-спикер Ахмат Келдибековдун “Азия ньюс” гезитине берген доо-арызын канааттандырып, 2 млн сомго доого жыгып беришти. Бул окуянын таңгалычтуу […]

“Шоопурдун” шоопур досу: “Икрамжан Илмияновдун алдына баш ийип баргандан кийин “Шакини” адам ордуна деле көрбөй калдым…”

Икрамжан Илмиянов бир кезде Алмаз Атамбаевдин шоопуру болуп жүргөн чакта албетте өз кесиптештеринен дос күткөн. Ошондой шоопур досторунун бири Икрамжан Илмиянов президент Атамбаевдин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган […]

Атамбаев мультимиллионер болуп жыргап, Исаков, Кулматов, Ибраимовдор абакта күн көрбөй куурап…

Камалгандын өзүнүн шору, эркиндиктеги табакташтары аны түшүнбөй тургандыгы айдан ачык кеп. Мына, Атамбаевдин айынан камалып жатышкан Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор көргөн күндү эч ким көрбөсүн. Исаковдун аялы адвокаттардын […]

Ахмат Келдибеков алгачкы бизнесин Ош базарында шыпыргы сатып баштаган

Кыргыз коомчулугу чиновниктердин байлыгынын саны ачылып калса эле “айлыкка иштеген  чиновник мунун баарын каяктан тапкан? Демек уурдаган” деп жарга такай баштайт. Экс-депутат Ахмат Келдибековдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө расмий эле […]

Бабанов Кулматовдун кейпин кийип, кыргыз жарандыгынан ажыратылабы?

Экс-бажы башчы Кубанычбек Кулматов 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бүтүндөй бажы системасындагы схемаларды Атамбаевге буруп берип, анын сүймөнчүк баласына айланган. Ошондуктан Атамбаев парламенттин депутаттары “Кулматов Россиянын жараны болгондуктан Кыргызстандын мамлекеттик кызматында […]

Коррупцияга каршы күрөш ачкан президент менен жолугушууга мурун коррупцияга айыпталып камалган премьерлер менен спикерлер чакырылбаш керек

Кечээ, 9-октябрда КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу учурунда жакынкы аралыкта Кыргызстандын мурунку премьер-министрлери жана КР Жогорку Кеңешинин мурунку спикерлери менен жолугушууну пландап жатканын билдирди. Бул […]

Чүй облусу бүгүн 3 боз үй тигип, 3 боз жылкы союп, губернатор Туйгуналы Абдраимовдун 60 жылдыгын тойлоодо

Бүгүн, 7-октябрь күнү Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов 60 жашка толду. Мындай чоң датаны Чүй облусунун күжүрмөн эмгекчилери, айыл өкмөттөрү менен акимдери бүгүн “Ысык-Ата” курортунун жака белиндеги Карагайлуу-Булак айылында 3 […]

“Мыйзамдагы ууру” жана “шнырь”

Өткөн дем алыш күнү экс-депутат Ахмат Келдибеков уулун үйлөп, чоң той берди, бирок ал тойго “динозавр” саясатчылардан, көмүскө бизнестин өкүлдөрүнөн тартып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да катышып, чынында тойго окшобой […]

Бажыдагы коррупциялык схемалардын генийи, “Кошелек” каймана аты бар Мурат Малабаев коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибековдун тоюнун сыйлуу коногу болду

Коррупцияга айыпталган Ахматбек Келдибековдун уулунун үйлөнүү тоюнун дагы бир сыйлуу коногу – Кыргызстандагы бажынын коррупциялык схемаларынын гений ойлоп табуучусу Мурат Малабаев болду. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, тойдо чынында эле […]

Коррупцияга айыпталган Ахмат Келдибеков менен Раим Матраимов “Орион” мейманканасына кайсы төбөлдү туулган күнү менен куттуктап барышты?

Коррупциялык кылмыштар менен айыпталып атагы чыккан Ахмат Келдибеков 28-сентябрь күнү уулун үйлөп той берип, “Ала-Тоо” ресторанында атактуу “Раим-миллионду” уул-келинине өкүл-ата жарыялап, аны да элге жаманатты кылып, эртеси, 29-сентябрда жаңы тууганы […]

“Шеф Джимми” деген каймана аты бар КР Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков кызматтан кетүү тууралу арыз жазып бергени айтылууда

КР Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Ак үйгө өз кызмат ордунан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазып бергенин бүгүн, 2-октябрда биздин булактар кабарлады. Алмаз Оңолбеков май айынан бери бул […]

Генпрокуратура, УКМК, Каржы полициясы президентке Кыргызстандагы 100 коррупционердин жашыруун тизмесин түзүп берген, анын ичинде Раим Матраимовдун ысымы жок

Президенттин суранычы менен КР Коопсуздук кеңешинин координациясы алдында Генпрокуратура, УКМК, Каржы полициясы биргелешип, президентке Кыргызстандагы 100 коррупционердин жашыруун тизмесин түзүп беришкен. Алардын ичинде мурун коррупциялык иштерге шектелип кылмыш иши козголгондор […]

Жаш оппозиционер Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Бүгүн, 2-октябрда жаш оппозиционер, “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мавлян Аскарбеков […]

Адил Турдукулов: “Эгер чекист Токон Мамытов Акыйкатчы болуп шайланса анда …Камчы Көлбаевди Бизнес-омбудсмен кылып шайлап алышыбыз керек”

Бүгүн, 26-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы КР Акыйкатчы кызматына чекист-генерал Токон Мамытовду 79 көпчүлүк добуш менен Акыйкатчы кылып шайлады. Бул биздин парламенттин сапаттык составы. Бул составдын дээрлик 80 пайызын […]

Атамбаевдин «Кыргызавтомаштагы» көз боёмочулуктары же бул заводдун акцияларын кайсыл акчага сатып алган?

Экс-президент А. Атамбаевдин акча, байлык дегенде эт-бетинен жыгылчу сапаты бар экенин аны билгендер көп эле айтып келишет. Туңгуч ажо А. Акаев да анын Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 млн рублди өзүмдүк […]

Президент Жээнбеков экс-президент Алмаз Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү тууралу указын жокко чыгарышы керек

Бүгүн, 13-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Кыргызстанды карызга батырып, экономикасын очойткон атасы Алмаз Атамбаевге адатынча жагалданып, былтыр ноябрда чыккан указдын негизинде Кыргыз Эл […]

Генерал Суваналиевдин күч органдарынын бирине келүүсү мезгил талабы

ДКОнун өтүшү менен уюштуруу иштериндеги кемчиликтер Коопкеңеште каралып атканы, тиешелүү жетекчилер жазаланып, кызматтарынан кете турганы кабарланды. (Кырчын жайлоосунан Тамчыдагы аэропортко Эрдогандын жубайы жете албай, жолдогу унаа тыгынына кабылып, бир жарым […]

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Атамбаевдин Жээнбековду сындаганга моралдык укугу жок, өзү мактап-жактап бийликке алып келип алып эми кайсы бети менен сындайт?”

-Алмаз Атамбаевдин азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрү орундуу элеби? – Бийликти эл сындаса да ушул Атамбаев сындабай эле койсо болмок. Анткени бул бийликти Атамбаев өзү мактап-жактап, колдоп алып келбеди беле? Эми […]

БШК убакытты созбостон Аскар Шадиевдин депутаттык мандатын алсын

Түрмөгө отура турганын кимдир бирөөлөр кулагына жакшылап шыбырап коюп, натыйжада Кыргызстандан чыга качкан «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскар Шадиевди мандатынан ажыратыш керек. Козголгон кылмыш ишине ылайык келсе эле камала турганын […]

Аскар Акаев, экс-президент: “Мага президент Сооронбай Жээнбековдун мурунку президенттен айрымаланып, саясаттагы жана экономикадагы популизмден баш тартканы, элди жаратман эмгекке багыттаганы жагып жатат”

Элет.media басылмасына интервью берген экс-президент Аскар Акаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүптүр: -2017-жылдагы президенттик шайлоолордо Кыргызстан кайрадан демократиялык традицияларга кайтып келе баштаганы көңүл кубантат. Шайлоо чыныгы […]

Андрей Бельянинов досторун камап койгон кыргыз бийлигине акаарат келтирүүдө

Алматыда 6-сентябрь күнү өткөн Евразиялык маалымат каражаттарынын Конгрессинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов эмне үчүн ал жетектеген банк Кыргызстанда солгун иштеп жаткандыгы боюнча журналисттердин суроосуна төмөнкүдөй жооп узаткан: “Кыргызстан тараптан […]

Аскар Шадиевдин депутаттык мандаты алынбаганы Жээнбековдорго сөз тийгизүүдө

Кылмыш иши козголору менен ооруп, ооруканага жата калган Аскар Шадиев түн жамынып, Алмаз Атамбаевге жана “Шоопурга” тымызын жолугуп жүргөнү кийин билинди. Билермандардын айтымында “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууда уурдалган 200 млн […]

Сариев: Атамбаев азыр Текебаевдин ордун ээлеш керек

«Экс-президент Алмаз Атамбаевдин III дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылса да барбай койгону – бул анын ички психологиялык проблемасы. Анын үстүнө Алмаз Шаршенович саясый пландан алганда азыр артында колдогон күчтөрү жок, сенек […]

“Де-Факто”: Асылбек Жээнбеков неге “серый кардиналга” айланган жок?

Өткөн жылы Кыргызстандын эли чоң сыноону башынан кечирди. Башкача айтканда 6 жылдык тагдырын өздөрү аныктады. «Шайлоонун шайтан оюндары» баардык талапкерлер тууралуу мурда кийин элге белгисиз болгон фактыларды эл алдына «жалаяктай […]

Сагынбек Абдрахманов, экс-губернатор: “Алмаз Атамбаев Кыргызстанды дүйнөдөгү 10 эң кедей, жакыр Африканын мамлекеттеринин катарына киргизди”

Учурда бул инсан саясый чөйрөдө көпчүлүктүн көөнүнөн орун алып, экс-президент Атамбаевди КСДПдан кууп чыгуу боюнча калайманды салып, чуу жаратып жаткан маалы. Айрымдар үчүн «ичкен кудугуна түкүргөндөй» образды жаратып жаткан бул […]

Саясаттан бизнес жасоонун устаты Болот Шер бозгундагы Бабановду жазга чакырып жатыптыр

Кыргызстанда саясаттан бизнес жасоонун устаты Болот Шер бозгунда жүргөн Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга кайтып келүүгө үндөп жатыптыр. “Эч коркпой эле кайтып келгин, каржы ресурстарың менен адам ресурстарын бириктирип мобилизация кылсак, жазында […]

Элге батпай калган Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов Ысык-Көлдүн кайсы жеринде жашынып, эс алып жатышат…

Атамбаевдин режими учурунда потенциалдары жетишпесе да бири УКМКнын төрагасы, экинчиси президенттик аппараттын жетекчиси болуп кызмат өтөгөн Абдил Сегизбаев менен Алмаз Усенов деген эки эргул жайкы сезондо Ысык-Көлдөгү пансионаттардан пансионат тандап […]

Туйгуналы Абдраимов: «Аслан Сартбаев, сен эмне эле «биз Чүйлүктөр” дейсиң, сен Чүйлүк эмессиң, сен келгинсин! Кытайлар эч качан Чүйдү жердеген эмес”

Биздин сайттын кожоюну Бегалы Наргозуевдин маегин сунуш кылабыз. -Бегалы Молдогозуевич, “Азия ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев эмне эле сизге ээнооздонуп, асылып калды? -Аслан тууралу кайсы бир гезиттерге сын материал чыкса, […]

Азиз Турсунбаев, ЖК депутаты: “Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбеков мен сыйлаган адамдар, алардын дарегине жаман сөз айтпагам “

“Кечээ, 16-августта “Азия ньюс” гезити “Азиз Турсунбаев Бегалы менен Равшандын мойнун кайрыйм” деп айтты деп жазып чыгыптыр. Мен андай сөздү айтпагам”,- деп билдирди бүгүн, 17-августта ЖК депутаты Азиз Турсунбаев. “Мага […]

“Аслан Сартбаев ичке бирди жегенден кийин өзөрүп, деми чыкпай, купкуу болуп олтуруп калды”

Аслан Сартбаев деген жазмакер жигитти жөнү жок сабашкандар мыйзам алдында жооп бериши керек. “Калп жазасың, ушак жазасың” деп эле сабап, күч көрсөтүү туура эмес да. Мисалы, азыр бизге Ички иштер […]

Атамбаевдин уулдары Сейтек менен Сейитбек Атамбаевдерге кылмыш иши козголобу?

Алдыңкы планда сол жакта Сейтек Атамбаев, ал эми оң жакта Сейитбек Атамбаев. Атамбаев бийлик башында турганда Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Эрнис Карыбековдор оппозициянын башында болуп, андагы ажонун уулдары Сейтек […]

Саакашвилинин логикасы боюнча Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы эки резидентин камаш керекпи?

Грузияда алгылыктуу реформаларды жасап, эл оозуна алынып, дүйнөгө аты чыккан, эки жолу президент болуп шайланган Михаил Саакашвили азыр кайын журту – Нидерландда бозгунда жүрөт. Ал “Рустави-2” телеканалына интервью берип: «Менин […]

Оомат Таластыктардан Чүйгө оодубу…

Атамбаев заманынын аяктап бараткан чагында АША Бабановду Кыргызстандан кубалап жиберип, анан сооротуучу приз катары парламенттин спикери кызматын таластык Дастан Жумабековго, вице-премьер кызматын Даир Кеникеевге бергенде “оо, таластыктарга оомат келди!” деп […]

Азамат Арапбаев “Шоопурдан” кутулганына түлөө бердиби?

Атамбаев доорунда,  “Шоопур” деген каймана аты бар Икрамжан Илмиянов анын оң колу болуп, жерге батпай турганда депутат Азамат Арапбаев “Кайра-кайра эле, тиги-муну шылтоолоп, чоң акча сурап, жанды кашайтып бүтүштү, бере […]

Абылгазиев “Кыргызстан” авиакомпаниясын банкрот кылган Жолдош Бектургановду эми “Манас” аэропортун банкрот кылганы алып барабы?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Манас” эл аралык аэропортунун президенти, абактагы Албек Ибраимов менен экс-президент Алмаз Атамбаевдин кадры Эмил Чукуевди кызматтан кетирип, анын ордуна “Кыргызстан” авиакомпаниясын толук банкрот кылган Жолдош Бектурганов деген […]

Михаил Саакашвили: “Менин түбүмө жеткен эң башкы катачылыгым – өз учурунда Россиянын Грузиядагы резиденттери Буржанадзе менен Иванишвилини каматпаганым”

«Менин түбүмө жеткен эң башкы каталарымдын бири – өз учурунда Россиянын Грузиядагы резиденттери болгон Нино Бурджанадзе менен Бидзина Иванишвилини кылмыш жоопкерчилигине тарттырбаганым болду”, – деп билдирди Грузиянын бозгундагы экс-президенти Михаил […]

Таластын жаш “бөлтүрүктөрү” бийликке жулунуп жатышат

Таластан көп мыкты саясатчылар чыккан. Бир кезде коммунисттердин алмашкыс лидери Турдакун Усубалиевди да “таластык группировка” жыга чабууга аз эле калганда билинип калып, куугунтукка кабылышкан. Өткөн жылы Таластын жаш “бөлтүрүгү” Өмүрбек […]

Коррупционерлердин атын атагыла деген Президентке жана прокурорлорго кулак кагыш: Нурлан Сулайманов “Бублик” кафесинде олтурат

2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөт кармасак эле камайбыз деп Бакиевдик режимдин коррупционерлери катары 100 чиновникке расмий издөө жарыялаган. Алардын бири Бакиевдик бийликтин Транспорт министри Нурлан Сулайманов эле. Ал кезде […]

КР Президентинин аппарат жетекчилигине Болот Отунбаев даярдалып жатат

КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматы  өлкөдөгү эң маанилүү кызматтардын бири. “Вазир жакшы хан жакшы”  дегендей эгер президенттин аппарат жетекчиси бардык жагынан такшалган  уюштургуч , билимдүү, саясый оюндардын мыйзамдарын жакшы билген, […]

Россиянын “Коммерсантъ” гезити: “УКМКнын абагындагы Атамбаевдин досторунун бири кытай кредитинен өөнөп калган $5 млн акчасын казынага өткөрүп бергенге даяр экен”

Экс-президент Атамбаевдин соратниктери биринин артынан бири камалып жатышат. УКМКнын тергөө абагына экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” АККнын директору Айбек Калиев сыяктуу […]

Атамбаев Ардак грамота берген кытайлык жаранды Жээнбеков каматып салды

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 19-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Бишкек ТЭЦин модернизациялаган кытайлык ТВЕА компаниясынын бир өкүлү камакка алынганын билдирген. Биз ал маалыматты Кyrgyztoday.кg сайтына […]