Жума, 28 Февраль, 2020 - 22:34
KYRGYZTODAY.KG Кыргызстан бүгүн

Рубрика боюнча архив: САЯСАТ

АКШга иш сапары менен барган кыргыз депутаттары Момбеков менен Маматалиев өздөрүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүшүп, элдин сынына кабылышты

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эки күн мурун Инстаграмдагы баракчасына АКШдагы иш сапарында тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. “АКШдагы иш сапар алкагында азыркы визалык чектөөлөр боюнча маселени Улуттук Демократиялык Институт жетекчилерине жана […]

Фото – “Бир Бол” саясий партиясы Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти

Бүгүн, 28-февралда “Бир Бол” саясий партиясынын Ош аймактык конференциясы болду. Анын жүрүшүндө 2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган Ош шаардык кеңешине болгон шайлоого “Бир Бол” саясий партиясынан катыша турган талапкерлердин тизмеси бекитилди. […]

Видео – Спикер Дастан Жумабеков менен депутат Абдывахап Нурбаевдин кайым айтышы

Жогорку Кеңеште 27-февралда Коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралу мыйзамды талкуулоо учурунда депутат Абдывахап Нурбаев менен спикер Дастан Жумабеков кайым айтыша кетишти: Абыдывахап Нурбаев: Дастанбек Артисбекович, ушул мыйзамдын Конституциялык түзүлүш боюнча […]

Бүгүнкү системаны өзү түзгөн Текебаевдин сын айтканга моралдык укугу барбы?

Абактан чыккан саясатчы Өмурбек Текебаев өткөн жумада «Ата Мекен» партиясынын кезектеги съездин өткөрдү. Анда партиясынын келечек максаттары тууралуу кеңири божураптыр. Аны менен бирге бүгүнкү бийликке, анан өкмөткө болушунча кашынып, коңшу […]

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Абылгазиев жана Бабанов күнөөлүү”

-Табылды агай, бул жолу жазда болот деп жаткан саясий тирешке анализ кылып көрбөйлүбү? Жаз келери менен саясат оргуштап кайнап, митингдер болот деген сөздөр чай ичкен жерден айтыла баштабадыбы. Митинг жолун […]

Кытайдын жетекчиси ким жана ал аны кандай башкарып жатат?

Жакында Кытайдын Коммунисттик партиясы өлкөнүн председатели катары менен эки мөөнөттөн ашык бул кызматты ээлей албайт деген формулировканы конституциясынан алып салды. Мындан ары Асман алдындагы өлкөнүн кандай башчысы болбосун каалашынча башкара […]

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Саясатта тымызын аракеттер жүрө берет”

— Табылды мырза, айтсаңыз, өткөн жумада Ат-Башыга логистикалык борбор куруу проблемасы өтө күч болуп, акыры карапайым элдин күчүнө премьер-министр М. Абылгазиев жана башка демилгечилер туруштук бере албай калды. Сиз бул аракеттерден эмнелерди […]

“Жерүй” боюнча кылгылыктын баарын Өмүрбек Бабанов кылганбы?

«Жерүй» алтын кени боюнча сөз болсо эле Жогорку Кеңештеги «бабановчу» таластык депутаттар Кенжебек Бокоев менен Мирлан Жээнчороев оозуна талкан сугунуп алгансып эле тымпыйып олтуруп калышат. Алардын үн катпай олтурганынын жөнү […]

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Эл үчүн күйбөгөн, денеге кереги жок “чимкирик” парламент өлкөнү туңгуюкка алып келди”

– Дастан Исмаилович, өткөндө президенттин мамлекет туңгуюкка келди деген сөзүн талкууладык эле. Бул сапар ошол туңгуюк кандай болуп келгенин, андан чыгуунун жолу тууралуу кеп козгойлу. Нечен миң окумуштуу, илимпоз, илим […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты. Россия Президенти […]

Видео – Сооронбай Жээнбеков: “Россия – биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз”

«Россия- биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Москва шаарында Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту. Тараптар жалпы күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты. Россия Президенти […]

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстан […]

Элчи Ибрагим Жунусов ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолукту

Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун түрк маданиятынын Эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы […]

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Сооронбай Шарипович мурунку президенттерден айырмаланып, таза шайлоо өткөрүп берет”

– Турсунбек мырза, президент Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө бир да партияга кирбесин, эч бир партияга жан тартпасын, баарына бирдей мамиле кыларын айтты. Сооронбай Шариповичтин мындай билдирүүсүнө кандай дейсиз? – Ишенсек […]

Өкмөттөрдү “талкалап кетиргич” Текебаевдин абалы чатак!

Үй камагынан толук чыкпаган, сот тарабынан актала элек, Өмүрбек Текебаев Өкмөттүн ишин, Кыргызстандын экономикалык абалын сындаганды адатка айландырып алды. Чындыгында Текебаев өзү экономиканы билбейт, ага чындап кызыккан адам эмес. Ал […]

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти […]

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Шайлоо босого баллын жогору кылсак, мажбурлап нике кыйгандай болобуз”

– Исхак Абсаматович, шайлоо босогосу боюнча көз карашыңыз кандай? – Мен беш пайызды сунуштап жатам. Өткөн шайлоодо 7 пайыз болгондо эки миллионго жакын шайлоочу келген. Анын ичинен бир жарым миллион […]

Фото – Премьер-министр Эл аралык финансылык корпорациянын аймактык вице-президенти менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясынын Латын Америка жана Кариб, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз […]

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Москва шаарына учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын […]

Фото – Лондондогу кыргыз элчилигинин иш-чарасына премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли катышты

25-февралда айтылуу “Роял” Географикалык Коомунда “Кыргызстан Туризм Роудшоу” аттуу британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган иш-чараны Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчилиги жана Туризм департаменти биргеликте уюштурду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы […]

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусунда 27-февралда Москвада өтөт

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда […]

Депутат президент сындаган судьяларга сөгүш гана берилгенине нааразы болду

“Коом сот тармагында адилеттүүлүктүн орноп баштагынын сезе элек” – деди депутат Жанар Акаев бүгүн, 26-февралда ЖКнын кезектеги жыйында. Депутат Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент сындаган судьяларга сөгүш гана берилгенине нааразы болду. […]

Депутат бир үйгө миңдеген адамдарды каттоого тургузгандарды таап, катуу жазалаш керектигин айтты

“Жергиликтүү кеңештердеги шайлоо алдында бир үйгө 1000ден ашык адамды каттап жатышат. Бул мыйзамдуубу?” – деп сурады депутат Карамат Орозова бүгүн, 26-февралда Конституциялык палатанын судьясына талапкерлер болгон судьялардан “Бул албетте мыйзамсыз. […]

Жогорку Кеңеште Конституциялык палатага судьялар шайланды

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Конституциялык палатынын судьясы кызматына үч талапкер каралды. Талапкерлер: – Касымалиев Мукамбет Шадыканович; -Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна; -Жумабаев Латип Пазылович; Жогорку Кеңештин депутаттары үч талапкерди жактырды. […]

Видео – Конституциялык палатынын судьялыгына талапкерлер канча айлык аларын айтышты

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Конституциялык палатынын судьясы кызматына үч талапкер каралып жатат. Баяндаманы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев жасады. Ал президент Мукамбет Касымалиевди, Мээргүл Бобукееваны […]

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» экинчи форумуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу […]

Текебаев өкмөттү катуу сындады. Партиянын лидерине анын мурда кетирген каталарын эске салышты

23-февралда “Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык конференциясы болуп өттү. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү катуу сындады. Ал Кыргызстандын экономикасынын басаңдаганын, инвестиция өлкөгө келбей калганын айтып, мунун барына өкмөттү күнөөлөдү. […]

Кыргыз-грузин кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Кечээ, 24-февралда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Грузиянын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан) Элчиси Зураб Абашидзени кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар эки тараптуу […]

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014- жылдагы протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши […]

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын отурумунун жүрүшүндө Баткен облусунун Баткен шаарында кеңири пикир алмашуу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын […]

Руслан Казакбаев, ЖКнын депутаты: “Биздеги алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек”

Алтын камтылган аралашманы четке чыгарып жаткан «Vertex Gold Company» компаниясы 2016-жылы 79 млн сом, 2017-жылы 149 млн сом, 2018-жылы 107 млн сом, 2019-жылы 284 млн сом салык төлөгөн, салыктын өсүшүн […]

Видео – Бектур Асанов “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларын катуу сындады

Коомдук ишмер Бектур Асанов бийлик тарабынан түзүлдү делген “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларын катуу сынга алды. Ал  Азимбек Бекназаровдун  “Мен – кыргызмын” аттуу китебинин бет ачарына катышып, төмөндөгүдөй сөз сүйлөгөн. “Биримдик” […]

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты

Минск шаарында (Беларусь  Республикасы) өтүп жаткан Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-белорус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас эки тараптуу кызматташтык маселелерин […]

Фото – Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жыйынын өткөрдү

Баткен облусундагы Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо дана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз […]

Видео – Таабалды Тиллаев, ЖКнын депутаты: “Тажик генералынын билдирүүсүнө баа берилиши керек”

“Тажикстандын Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувоновдун сөзүнө баа берилиши керек” – деп билдирди депутат Таабалды Тиллаев 20-февралда, ЖКнын кезектеги жыйынында. “Ал генералдын сөзү жөн жерден айтылган […]

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз”

«Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы […]

Сагынбек Абдрахманов, КСДП партиясынын төрагасы: “Өмүрбек Текебаев туура айтты, колдойм…”

– Сагынбек Уметалиевич, жакында “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Президенттин карманган идеясы, таянган, колдогон партиясы болуш керек. Президентти колдогон партия тартынбастан, ачык эле “биз президентти, анын саясатын колдойбуз” деп ачык-айкын […]

Видео – Депутат өкмөттүн мүчөлөрүнө: “Жер таратып, бюджетти толтура албайсыңар”

“Жер берүү менен акча чогултуп, бюджетти тотура албайсыңар” – деди депутат Максат Сабиров, бүгүн, 20-февралда ЖКнын кезектеги жыйынында. “Мына вице-премьер-министрлер алмашып келди. Бирок, өкмөт позицияңарды өзгөртпөсөңөр болбойт. Себеби, “Кумтөр” алтын […]

Сооронбай Жээнбеков: “7 пайыз — бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол”

“Азыркы учурда пайыздык чек тууралуу талкууларга чекит коюла элек” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында. Президенттин айтымында аталган маселе тууралуу анын оюн билүү […]

Видео – Сооронбай Жээнбеков: “Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо — баарынан бийик”

«Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо — баарынан бийик», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Жогорку […]

Видео – Парламентте жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Бүгүн, 20-февраль күнү Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган эки вице-премьер-министр жана өзгөчө кырдаалдар министри ант беришти. Парламенттин бүгүнкү отурумуна президент Сооронбай Жээнбеков катышып, алардын антын кабыл алды. Эркин Асрандиев жана Акрам […]

Бишкекте Венгриянын элчилиги расмий ачылды

Кечээ, 19-февралда Бишкек шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жана Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун катышуусу менен Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул […]

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин жыйынында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет. […]

Фото – ЖКнын төрагасы Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин төрагасы менен жолукту

Бүгүн, 19-февралда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында аталган мамлекеттин Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаш жана эки өлкөнүн […]

Венгрия менен Кыргызстандын ТИМ башчылары жолугушуп, 2020-2021-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду

Бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун Кыргыз Республикасына расмий сапары болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бир күндүк сапардын жүрүшүндө Венгриянын тышкы саясий ведомствосунун […]

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун […]

Видео – Аалы Карашев: “Жол жана транспорт министрлиги 300 миллон сомго 8 автоматташтырылган пункт курду, а мамлекетке түшүргөн пайдасы 10 миллион сом”

Бүгүн, 19-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына, Бузуулар жөнүндөгү” кодексине жана “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Жыйында депутат Аалы Карашев: “Кыргызстанда […]

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул негизинен мурдагылардын каталарынын кесепети: коррупция жана улуттук кызыкчылыктарга кыянаттык кылуу”

Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук […]